Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 22:32

Мамлекет менен диндин диалогу жанданды


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет менен диндин ортосундагы мамиле жана диний саясат "Исламдагы мамлекеттүүлүк жана мекенчилдик" деген жыйында талкууга алынды.

Анда салттуу ислам шариятында жаштар жана аялдар арасындагы светтик жана диний билим берүүнүн маселелери тууралуу сөз болду.

Түркиядан келген теология илимдеринин доктору Мустафа Эрдем ханафий мазхабындагы мамлекеттин мыйзамдарына баш ийүүнүн жана аларды аткаруунун шарттары тууралуу кеп салды.

Туура эмес чечмеленген түшүнүктөр

"Исламдагы мамлекеттүүлүк жана мекенчилдик" деген аталыштагы Бишкекте өткөн төгөрөк үстөл жыйынында ханафий мазхабындагы мамлекеттүүлүк түшүнүгү жана дин туткан жарандардын мамлекеттеги укуктары, милдеттери тууралуу талкуу жүрдү. Дин туткан жарандардын мамлекет мыйзамына баш ийүү менен, ошол эле кезде алардын шарият эрежелерин сактоо шарттары боюнча пикир алмашуу болду.

Маметбек Мырзабаев.
Маметбек Мырзабаев.

Бул иш-чараны уюштурган Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев түшүнүктөрдү туура эмес кабыл алган учурлар бар экенин, мамлекет менен диндин өз ара натыйжалуу өнөктөштүгү гана мамилени жөнгө саларын айтты:

- Дин менен мамлекеттин байланышы кандай болушу керек? Динди тутунган жарандар менен мамлекеттин ортосундагы мамиле эмнеге негизделиши шарт? Мына ушул суроолордун айланасында талкуу болду. Динди кармануу мамлекет менен болгон мамилеге оң таасирин тийгизиши керек экени тууралуу бир пикирде болдук. Ошол эле кезде "светтик мамлекет" деген түшүнүк боюнча дин адамдары менен мамлекеттик кызматкерлердин эки ача көз карашы бар экени белгилүү болду. Айрым мамлекеттик кызматкерлер "светтик мамлекетте дин коомдук жашоодон алыс болуп, бөлүнгөн" дегендей пикирлер бар экен. Бул чоң жаңылыштык. "Светтик мамлекетте дин мамлекеттик башкаруудан ажыратылган" деген түшүнүк бар. Бирок коомдук жашоодон эмес.

Кош билим берүүнүн өзгөчөлүгү

Ошондой эле салттуу исламдын негизинде светтик жана диний билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча маселе көтөрүлдү. Анда Түркиянын, Малайзиянын мисалында светтик мамлекетте медреселер менен диний окуу жайларда диний билимди заманбап билим менен кошо окутуу тажрыйбасы боюнча сөз болду. Мында окуу программасы мамлекеттин Билим берүү министрлиги менен кошо иштелип чыгып, болочок дин кызматкерлерине исламий билимден сырткары заманбап окуу предметтерин окутуу усулдары киргизилгени белгиленди. 2014-жылы кабыл алынган дин саясаты боюнча концепцияга ылайык, Кыргызстанда да диний билим берүү менен кошо предметтик сабактарды окутуу жагы каралган болчу.

"Кыргызстандын жаштары жана айымдары" коомдук бирикмесинин төрайымы Назира Абдыкаимова балага диний билим менен кошо анын ар тараптуу сабатын ачуунун маанисине мындайча токтолду:

- Билимсиздик - бул караңгылыкка алып баруучу жол. Ошон үчүн аялдарга жана жаштарга билим берүү – негизги маселе. Билим алуу боюнча көптөгөн хадистерде жана аяттарда айтылган. Ошондуктан балдарын мектепке жибербей, диний билим берүү менен гана чектөө бул туура эмес. Балага диний тарбия, диний билим менен биргеликте эле аларды заманбап билимдерге окутуу негизги милдет болушу шарт. Себеби караңгылык билимсиздиктен келип чыгат. Караңгылык бул - адашууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан билим алууга үндөө бул - биздин негизги милдетибиз.

"Импорттолгон" агымдар

Ханафий мазхабы салттуу исламдын өзөгүн түзө турганы жана анда диний радикалдык, экстремисттик көз караштар болушу мүмкүн эмес экени айтылды. Бирок Түркиядан келген теология илиминин доктору Мустафа Эрдем соңку мезгилде сөз жүзүндө ханафий мазхабын бетине карманып, бирок иш жүзүндө бурмаланган исламий көз карашты жайылткан дин агымдары көбөйүп жатканын айтты.

Доктор Мустафа Эрдем Кыргызстанда ошондой агымдар түрдүү радикалдык көз караштарды таңуулап, жайылтып жатканын мисал келтирди:

- Менин жеке байкоомо караганда, Кыргызстанда түпкүлүгү чет жактарга барып такалган көптөгөн диний агымдар жана топтор пайда болду. Алар көптөн бери өз көз караштарын жайылтып, иш алып барууда. Кыргызстан оор социалдык-экономикалык абалдан улам сырттан келчү колдоого муктаж болушу мүмкүн. Бирок ал сырттан келип алып, ошондой көз караштарды жайылткан топторго же агымдарга муктаж болбошу керек. Эгерде кандайдыр бир жаңы нерселерге кызыгып, окуп үйрөнгүңөр келсе, анда өзүңөрдүн эле жергиликтүү тарыхый-археологиялык жана диний баалуулуктарды изилдесеңер болот. Сиздер ата-бабаларыңар карманган ислам жолун кармансаңар жаңылбайсыңар. Анткени исламий илимдин башында турган улуу аалымдардын көпчүлүгү Орто Азиядан чыккан.

Ошол эле кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин терроризмге каршы күрөшүү борборунун директорунун орун басары Канжарбек Бакаев буга чейин парламентте маалымат берип жатып, Кыргызстанда диний экстремисттик көз карашты жайылтуу үчүн сырттан келген миссионерлер кармалганын билдирген болчу. Канжарбек Бакаев диний радикалдык агымдардын жана диний экстремисттик топтордун ишмердиги ооздукталганын айткан болчу:

- Жылдын башынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин 157 адамдын террористтик уюмдар менен байланышы бар экени аныкталган. Алардын арасынан 34 жарандын аракетине бөгөт коюлду. 121 адам экстремисттик уюмдар менен байланышы бар экени аныкталган. Алардын ичинен 43 адам соттолгон. 36 адам терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалып, өлкөдөн депортацияланды.

Булан институтунун баяндамасы боюнча Кыргызстанда ислам багытындагы 112 медресе жана диний окуу жайлары катталган. Мындан сырткары каттоодон өтпөгөн медреселер жана окуу борборлору дагы бар экени айтылып, мына ошолордо салттуу исламдан алыс, радикалдык диний окуулар окутулушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG