Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:05

Коомубузда кийинки жылдары диний насаатчылар жамырап кетти. Алгач бул ишти мечиттеги молдолор алып барышса, учурда дааватчылар, бир аз динге башын салгандар көчө-көйдө, гезит-журнал, китеп, теле-радиоберүүлөр, Интернет сыяктуу жолдор менен ишке ашырууда.

Албетте, дин тууралу коомчулук ар түрдүү, такталган маалыматтарга карк болуп жатат. Бирок аны менен кошо белгилүү даражада зыян да алып келип жатат десем жаңылышпайм. Мунун эң башкы жана жападан жалгыз себеби - билимсиздик (түркөйлүк). Бул оюмду чечмелеп берүүгө аракеттенейин.

Шашылыш жетилген аалымдар. Адатта ар бир кесиптин, иштин өз адиси болот, ошолор гана тиешелүү темада сөз сүйлөп, чечим чыгарууга акылуу. Бул укуктук, адептик жана логикалык жактан да эң туура. Мисалга алсак, ислам тарыхындагы доорлордо диний маселелер тууралуу казы гана чечим чыгарчу. Анткени ошол учурда укуктук (фикхий) маселелерди эң жакшы билген адам гана казы болуп шайланган. Азыр карасак, диний маселелер тууралуу талашпаган киши калбады. Ал тургай диний адистердин өздөрүнө сөз жетпей калды. Болгону эки-үч аят, хадис уга калып же медреседе жарым жылча окуй калып эле исламдын атынан сүйлөп чыккандар көбөйүп кетти. Шашылыш жетилген аалымдар ушулар дейт элем.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Жетиштүү деңгээлде окубастан, өзүн өнүктүрбөстөн туруп эле диндин атынан сүйлөө - динге кыянаттык. Анткени билими, түшүнүгү жетишпегендиктен туура эмес нерсени айтып алуу коркунучу көп. Демек, бардык багытта болгондой эле диний билими толук болбогон адамдардын бул боюнча өкүм чыгарышы, так кесе ойлорду айтышы - күнөө. Анткени туура эмес нерсени айтуу менен башка адамды туура эмес жолго багыттап жатпайбы! Математикалык маселелер тууралуу биологдун, биологиялык темада тарыхчынын, тарых темасында болсо физиктин өкүм чыгаруусу ката болгондой эле диний адис болбой туруп өкүм чыгара сүйлөө ошончолук ката! Айталык, кээде ооруп калганда дарыгерлердин ичинен да эң устазын тандоого, эң сапаттуу дары-дармектерди колдонууга аракеттенебиз го! Же ооруканада ашпоз болуп иштеген эжекебиз: "Мен он жылдан бери дарыгерлер менен иштешип, билип калдым, кел, мен эле операция кылып коёюн!" - десе кимибиз макул болобуз!? Так ушундай эле диний маселелерде да ал иштин накта адиси менен кеңешмейинче, китептерден окумайынча, андан кийин өз алдынча ой жүгүртмөйүнчө бардыгын накта акыйкаттай кабылдоо натуура болот эмеспи.

"Таксырлык" мөөрү. Ким-бирөө мусулмандык парзын аткарыш үчүн мечитке барып намаз окуп, исламдык адеп-ахлак менен жашай баштаганда кээ бир адамдардын ага көз карашы өзгөрүп калат. Алардын көзүндө ал адам кудайга жакын, таптакыр жаза баспаган, кудум эле периштеге айлана баштагандай сезилип калат. Анан да "Таблиг жамаатынын" даават иш-чарасына бир чыгып келсе эле ал адам динди терең билип келгендей туюлат, ал адамдын дин жөнүндө айтканынын баары акыйкаттай сезиле берет. Бул сыяктуу адамдар башкалардын көзүндө "таксырлык" мөөр бастырып келгендей көрүнүп калат. Ал эми чынында ал адамдын башкалардан дээрлик айырмасы жок. Дааватка чыгышы, сакал коюшу, кийинүү стилинин өзгөрүшү, мечитке каттап калышы - булардын эч бири ал адамдын диний билими жетилип калганынан кабар бербейт. Илгери аалымдарыбыз диний маселени талкуулаганда тиешелүү тармактын эң сапаттуу жазылган эмгектерине таянып, шилтеме жасоо менен талкуу жүргүзүшкөн. Азыр эки адам диний маселе боюнча талаша кетишсе, Куранга эмес, "таксырлардын", молдолордун айткандарына шилтеме жасачу болушту. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда диний талкууларда далил катары эң мыкты эмгектер сөз кылынса, учурда далил катары: “Тигил молдо мынтип айтты го?..” дегенден ашпай калды.

Ажылык "флеш картасы". Каталардан дагы бири - ажыга барып келген адам тууралуу адашкан ойлорубуз. Диний маселелерде ажыга баргандардын айткан-кылгандарын айныгыс далил катары кабылдоо жана колдонуу туура эмес. Ажыга барып келүү - намаз окуу, орозо тутуу сыяктуу "ислам шарттарынын бирин аткарды" деген эле маани. Адатта ажыга барып келсе эле "диний билими жетиштүү болуп келди" дегендей түшүнүк бар. Айтыңыздарчы, бир жолу ажыга барып келүү менен эле (даават үчүн да ушуну мисал келтирсе болот), тактап айтканда, 20 күндөй убакта жогорку диний билимге ээ болуп алуу мүмкүн болсо, анда диний университет, медреселердин эмне кереги бар? Мынча кыска убакта жогорку диний билимге ээ болуп алуунун бир гана жолу бар - "ажылык флеш-карта" деп аталган чипти мээге орнотуп келүү. Бирок буга азырынча технология жетише элек. Айтайын дегеним: ажылар - Меккеге тек гана ибадат кылып кеткен адамдар.

Буга байланыштуу азирети пайгамбардын төмөндөгү хадиси ойлондурбай койбойт: "Аллага жана акырет күнүнө ишенген адам сүйлөсө - пайдалуу нерсе сүйлөсүн же болбосо сүйлөбөсүн." Пайгамбарыбыздын бул хадисин жөнөкөй жоромолдосок, "билсең - сүйлө, билбесең - сүйлөбө, билсең - Интернет баракчаң аркылуу чечим чыгар, билбесең - оюңду айтуу менен чектел да, чечимди таңуулаба" деген маани жатат. Чындыкты айтыш үчүн чындыкка жетүү шарт, ал эми чындыкка жетиш үчүн ошол тармактын адиси болуу зарыл деген жыйынтык келип чыгат.

Кыргызстандагы айт намаз. 2017-жыл.
Кыргызстандагы айт намаз. 2017-жыл.

Демек, диний аалым болом деген адам бул чөйрөгө ондогон жылдарын арнап, терең билим алышы зарыл. Жөн гана күнүмдүк жашоосуна керек даражада диний маалыматка ээ болууну каалаган адам алгач китеп окууга, ойлонууга, акыл калчоого, анан эң акырында бирөөлөргө кеңеш айтууга батынганы оң. Куранда эң алгачкы "Оку!" деген аят түшүрүлгөндүгү, ой жүгүртүүгө, акыл калчоого, тадаббур кылууга (бир нерсенин акыбетин/аркасында жаткан маанисин кошо ойлонуу) үндөп жаткандыгы - бул изденүүнүн татаал жолунда кандай принципти кармануу керектигин акылдуу адам өзү аңдап алат.

Дарактын жалбырагын эмес, тамырын сугаралы

Жетиштүү диний билимге ээ болбостон туруп диний маселелерге кийлигишүүнүн, өкүм (фатва) берүүнүн, диндин атынан сүйлөөнүн ката экенин айттык. Албетте, Курандын принцибине ылайыктуу биз -мусулмандар бири-бирибизди жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарып турушубуз абзел. Ошол себептүү мен бул жерде өз оюмду жазам, анын туура же ката экендигин окурман өзү териштип алат.

Адам коомдо жашаган соң белгилүү коомдук эрежелерге баш ийүүгө мажбур. Бул эрежелер коомдогу тең салмакты, адилеттикти сактоого арналат. Бул эрежелердин элге өтүмдүүлүгүн сактоонун бир катар жолдору бар. Алардын бири - диний жол. Ошол максатта молдолор, казылар, муфтийлер жана таанымал адистер диний насааттарды (маселе) айтышат. Бул чынында жакшы нерсе, анткени сөзү өтүмдүү адамдардын жакшылыкка үндөгөнү таасирдүүрөөк болот. Бирок жаңылыштыкка да орун берилген учурлар сейрек эмес. Менин оюмча, диний насаат айтуучу адамдардын көпчүлүгү коомдогу кырдаалды так, туура изилдеп, ошого жараша аны дарылоо, сакайтуу ишине киришкен жок. Ондогон, жүздөгөн жылдар бою айтылып келаткан даяр диний насааттарды кайталоо менен гана алек сыяктуу. Тынымсыз өзгөрүлүп жаткан замандын, коомчулуктун талабына жооп бере турган формулаларды суна албагандыктан, диний насааттардын таасири калбай баратат. Мечитке бара баштаган, бирок адептик көрсөткүчүндө эч кандай өнүгүү болбогон адамдардын көбөйүп кетип жатканы сизди да ойлондуруп жаткандыр?

Исламдын эң негизги ибадаты - намаз. Узак жылдар бою намаз окуу парз экендиги, эгер окубаса өтө чоң күнөөгө батаары ар түрдүү жыйындарда айтылып келе жатат. Айрым аша чапкан молдокелер намаз окубаган адамдын тозокто кантип жазаланышынын сценарийин да түзүп алышкан; отко күйүшү, ирип-чириши, кызыган казанга сүйрөлүп келип түшүшү, жылан-чаяндарга жем болушу ж.б.у.с. Алар бул ойлорунун көпчүлүгүн хадистерге таяндырышы мүмкүн, а бирок ошол хадистердин сахихтиги (ал хадистин бизге чейин өзгөрүүлөргө учурабай келгендиги) тууралуу, дегеле ал хадисти өкүм билдирген толук хадис катары кабыл алуунун шарттары тууралуу акыл калчап көрдү бекен? Дегеле бул сыяктуу маалыматтар Курандын принциптерине канчалык туура келип-келбегени кызыктырды бекен? Куранда сүрөттөлгөн тозок оту чынында коркунучтуу. Бирок Куранды бир бүтүн карай турган болсок, тозок жалпы күнөөкөрлөргө карата айтылган.

Бул сыяктуу коркутуу, насааттар менен адамды намазга баштатса болот. А бирок мусулмандыкты кабыл алуу маанилүүбү же мусулман болуп жашап өтүү маанилүүбү? Тактап айтканда, намазга баштоо башкы максат эмес, ошол намазды рухуна сиңдирип жашоо – башкы максат. Бүгүн бул жагынан микрофонду эч кимге бергиси келбегендер маселенин ушул маңызын карап чыкса деген ой. Алгылыктуу натыйжа чыкпай жатса - демек, бир жерде ката кетирилип жатат. Муну дароо эле адамдын напсиси бузулгандык, дүнүйөкордукка берилип кеткендик, жүрөктөрдүн дат басышы деп тантыроонун кереги жок.

Негизи кыргыз элинин каада-салттарын, түшүнүктөрүн, нукура жашоо стилин карап көргөн адам анын исламдын негиздерине үндөш экенин байкайт. Демек, улуттук маданиятта өсүп жетилген адам өзүнө сунулган диний милдеттерди аткара албай жатса - балким, ошол диний парздардын маңызын, аларды жеткирүүнүн жолдорун кайра карап чыгыш керек. Муну айтканым: "диний маалыматтар түп нускасы бойдон бизге жетип жатабы же белгилүү өзгөртүүлөргө учураган болушу мүмкүнбү" деген маселени тактоо. Эгер түп нуска бойдон жетсе - ал ибадат өзүн өзү актайт, андан коркпош керек. А бирок орто жолдо белгилүү түшүнүктөрдүн, маданияттардын же адамдардын жеке көз караштары менен аралашып кеткен болсо, "акыйкат дин" деп адамга кыстай бериш – исламга кыянаттык, адамдарга зордук-зомбулук гана!

Кыргызстандагы мечиттердин бири.
Кыргызстандагы мечиттердин бири.

Чынында бул маселеде, менимче, ката кетирилип жатат. Ал - усулдук ката. Анткени молдолор, жана, тилекке каршы, бул багытта кыйла илими бар адамдар деле көчөдө бараткан адамды мечитке сүйрөй калып, намазга жыга калуунун дартында болуп калды. Менимче, Адамга алгач Алланы таанытуу керек. "Алла деген ким, Адам деген ким, Адам менен Алланын ортосунда кандай байланыш бар? Алла эмне үчүн бизден ибадат кылуубузду талап кылат? Ибадат кылуунун маани-маңызы эмнеде?" деген сыяктуу суроолорго түшүнүктүү деңгээлде жооп бериш керек. Ошондо гана адам эң туура жолдо мусулманчылык менен таанышкан болот жана намазын эч кандай коркутүү-кыстоосуз эле окуй баштайт. Мына ушундай адамдын намазы анын өмүрүнө өз таасирин берет, ыйманы күчтүү болот. Курандагы намаздын парз кылынышы хижраттан бир жарым жыл мурда болгон. Тактап айтканда, азирети Мухаммед 610-жылы пайгамбарлыгын жарыялаган, ал эми хижрат 622-жылы башталган. Демек, намаз 620-жылдары парз кылынган. Тактап айтканда, исламдын алгачкы он жарым жылында намаз бүгүнкүдөй парз абалда эмес эле. Көрүнүп тургандай, алгач сахабалар диндин эң негизги принциптерин бышыктоо менен алектенген. Демек, пайгамбар дагы Алланын буйругу менен алгач сахабаларды намаз окууга эмес, намаз окууну эңсей турган абалга алып келүүгө аракеттенген.

Жакында Москвада иштеп жаткан жердештерибизге насаат айтуу максатында өлкөбүздөн тийиштүү адамдар барып келишти. Коомчулуктун орчундуу диний-адептик маселелерине токтолушту. Бул, албетте, пайдалуу нерсе. Зына кылуунун канчалык ыплас иш, Алланын алдында чоң күнөө экендигин түрдүү мисалдар менен баяндап беришти. Бирок зына кылууну токтотуу үчүн эң акыркы кылына турган иш эң башта кылынды жана андан башка эч кандай чара көрүлбөдү. Анткени адамдын ыплас ишке баруусунун бир топ себептери бар, маселе биз ойлогончолук жөнөкөй эмес. Тактап айтканда, ал жердеги жарандарыбыз зынанын ыплас иш экендигинен кабары болбогондуктан зына кылып жүргөн жок. Сыртта жүргөн жердештерибиздин бир бөлүгү алгач үй-бүлөсүнөн толук тарбия алган эмес, мектепте жакшы окуп, сапаттуу жашоого умтулуу, стимул, карьера куруу деген ой-пикирлер менен алектенген эмес. Экономикалык кризистен улам бөтөн жерде жүрүшөт, өз үй-бүлөсүнөн, элинен, жеринен алыста узак жашап, кусалыктан, сагынычтан улам дайыма стрессте. Бөтөн жерден таяныч издешет, жагымсыз абалдан чыгуу амалын издешет. Ошондо баары чогулуп, андай жолду адатта динден табышат. Жаман жашоосу үчүн, балким, ошол жүргөн өлкөнү күнөөлөгөн учурлар болот. Анан арасынан, тилекке каршы, динди терең эмес, үстүрт биле калып, биротоло таанып бүтө элек Кудай үчүн жанынан кечүүгө даяр болгондор чыгып жатпайбы!

Демек, маселени өзөгүнөн колго алуу керек деп ойлойм. Кудайдан диндин патентин алып алгандай даяр шаблондорду жаттап, чакылдай бербестен, керек болсо ошол диний иш-чараларга, программаларга психолог, педагог, социологдорду алып келип, маселени кабыргадан коюш керек. Мектептеги билим берүүнү жөнгө салыш керек, балдарга кечке молдокенин оозун карап отурууну эмес, китеп окууну, ойлонууну, талдоону да үйрөтүш керек. Диний маселелерде да балдарга балык кармап берүүнүн ордуна кайырмак менен балык кармоонун жолун үйрөтүш керек. Ошондо гана адам шайкеш болуп жетишет, билим менен динди тең салмакта кармайт, кыскасы, инсан катары калыптана баштайт.

Жогоруда айтылгандай, эң аягында жасалышы керек болгон ишти эң башында кылып, андан башка эч чара көрбөй коюуну жаз айларында оорууга чалдыгып, жалбырагы саргая баштаган даракка окшоштурам. Жазында жапжашыл болушу керек болгон дарактын жалбырактары эмнеден саргаят? Ал дарактын тамырын курт жеген, суусуз калган, аба ырайынын терс таасирлери, минералдык азыктын жетишсиздиги сыяктуу бир топ себептер болушу мүмкүн. Ошол себептүү ооруга чалдыгып, жалбырактары саргая баштаган болсо, дарактын жалбырактарына дары-дармек чачуу кандай гана күлкүлүү?!. Ошондуктан келиңиздер, Кудай берген акылды колдонуп, туура кадамдарды таштайлы. Автоунаа бузулса - устага, дарак оорууга чалдыкса – багбан-биологго, ал эми диний маңыздагы маселелер болсо теологдорго берели.

Диний түшүнүктөрдүн өтө маанилүү экендиги өзгөчө акыркы жылдары болуп жаткан окуялардан көрүнүп калды. Ар бир кишинин аң-сезиминин туура калыптанышында диндин ролу зор мааниге ээ. Демек, так билбеген нерселерди таңуулап, адамдардын бүтүндөй жашоосун талкалап алуудан оолак бололу. Келиңиздер, азирети пайгамбардын «Же пайдалуу нерсе сүйлө же унчукпа» деген хадисине, Платондун «Билип туруп унчукпай коюу канчалык күнөө болсо, билбей туруп сүйлөө да ошончолук күнөө» деген сөзүн жадыбыздан чыгарбайлы.

Элмурат Кочкор уулу, Түркиядагы Эржийес университетинин докторанты

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG