Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Коронавирус - «Алланын аскери» эмес


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Абдышүкүр Нарматовдун мечиттеги сукбаттарынан бирин толук көрүп чыктым. Коронавирусту Алланын аскери катары сыпаттаптыр.

Буга чейинки кээ бир салттуу аалымдарыбыз деп аталып жүргөн ажыкелерибизди эби менен сынга алып келатам. Бул көз карашым кээ бир окурманга жакса, кээ бирлерине такыр эле жакпай, «дин душманы» деген сын-пикирге да кабылып келем.

Адатта өлкөбүздөгү диний ишмердиктин чоң жаңылыштыктарынан бири катары логиканын, илимдин талаптары менен эсептешпестен «тиги аалым ушинтип жазган, хадисте ушинтип өтөт, Алла Куранда ушинткен» деп жеке, илимий чындыкка төп келбеген, туура такталбаган ой айткандарды сындагам. Аалымды, пайгамбарды жана Кудайды эмблема катары колдонуп оозу-мурду кыйшайбастан айтып чыга бергенин жазып келгем. Азыр деле ошондой пикирдемин. Ажыкелерди дагы бир жолу илимге, логикага жана элди жөндөн-жөн дүрбөлөңгө салбоого чакырам. Өзгөчө төмөндөгү окуяга токтолуу менен эмне дегим келип жатканы мындан да тагыраак түшүнүктүү болот деп ойлойм. Ушундайча миңдеген мекендешимди негизсиз сарсанаадан куткарам деп үмүт кылам.

Коронавирусту Куранга шылтоо туура эмес

Абдышүкүр Нарматовдун мечиттеги сукбаттарынан бирин толук көрүп чыктым. Коронавирусту Алланын аскери катары сыпаттаптыр. АКШ, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн бул вирус менен күрөшүү максатында сарптаган акчалай, медициналык иш-чараларын тоготпогондой мааниде сындап өтүптүр. Ажыкенин оюнда кутулуунун жолу - ага каршы илимий, медициналык алдын алуу эмес, Алла менен «жакшы мамиледе» болууда экен. Сукбатында мисал келтирген Маида сүрөөсүнүн 17-аятына ылайык, ажыкенин жоромолу боюнча, вирусту Алла жаратыптыр. Аман калуунун эки жолу катары, тилекке каршы Куранга шилтеме кылып, сүннөт менен жашоо жана «истигфар» айтуу (Кудайдан кечирим суроо) зарыл экенин белгилеп өтүптүр.

Кыскасы ажыкенин ою боюнча биз, пенделер, күнөөкөр болгонубуз үчүн коронавирус аркылуу Алла бизге азап жөнөтүп жаткан болушу мүмкүн экен. Коронавирустан коркпой, Алладан корксок бардык маселебиз чечилип жыргап калмак экенбиз. Муну да Курандын учурдагы абалга деги эле байланышы болбогон аятына, негизсиз жоромолдору аркылуу алып барып байлап койду. Айткандары ого бетер ынандыруучу болушу үчүн муну бир тактика катары колдонуу илдети артта калган мусулман өлкөлөрүнө кеңири таралган. Аяттардын арабчасын окуп, андан соң котормосуна токтолушу мечиттеги жамааттын дээрлик баарында (арабча билбегендиги үчүн) «Алладан корксок коронавирустан кутулат экенбиз, ажыке бүт эле Кудайдын сөзүн айтты» деген түшүнүк калтырды.

Бул аябай маанилүү фактор. Кылымдар бою дин адамдары аяттын, хадистин арабчасын окуп, андан соң котормосун айтуу аркылуу жеке жоромолун Кудайдын жана пайгамбардын сөзү сыяктуу кабыл алынышына жетишти. Тилекке каршы, кадимки калк орусча же англисче сүйлөгөн кишини адатта интеллектуал деп эсептеп алгандай эле, арабча кошуп сүйлөсө эле аалым деп эсептеп алышы мүмкүн.

Тексиз насаат - чексиз кайгы

Эми ажыке жактаган ар бир маани/түшүнүк тууралуу, акыйкат үчүн биз да өз оюбузду бөлүшө кетели.

1. Ажыкебиз аят менен хадистин арабчасын сөөмөйүн кезеп, Кудайдын толук ыйгарым укуктуу өкүлү сыяктуу жогорку тон менен окуу менен чектелбептир. Ажыкенин насаатында арабча сүйлөмдөрдүн азайып кетиши иштин сыйкырын качырат окшойт. Болбой кеткен жеринде «...тахафууна мин корона» (силер коронадан коркуп жатасыңар) деп аят же хадис же аалымдын сөзү болбогон эле сөздү да батына албай арабча айтып, андан соң котормосун айтып өтүптүр. Тилекке каршы арабча атап өткөнү бир топ кишиде «коронавирус тууралуу диний аят же хадистерде деле сөз бар экен да. Демек чындап эле ажыкенин айткандары туура экен» деген тайкы, негизсиз, чындыкка жанашпаган, бирок ажыкенин жасалма зоболосуна көмөкчү түшүнүк жаралып калышына себеп болду. Жөн эле сөздү арабчалап туруп андан соң котормосун айтуунун натыйжасында эл максатына жетпесе да ажыке жана ажыкеге окшоп ойлонгондор максатына жетти окшойт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2. Коронавирустан кутулуунун жолу катары атап өткөн биринчи чарасы - сүннөт менен жашоо экен. Ал жерде сүннөттүн максаты тазалык экендигин айтыптыр. Бул жери туура, тазалык аркылуу көп жамандыктан арылса болот. Бирок бул жаңылык эмес, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү адистерден бир топ кайрылуулар жарыяланды. Кыскасы эч ким биле албай башы катып олтурган жерде ажыке дартка даба таба калган жок. Сүннөт деп диний маңыз кийирүүгө да муктаждык жок.

3. Вирустан арылуунун экинчи чарасы катары «истигфар» айтууну сунуш кылыптыр. Анткени бул вирус Алланын аскери болгондуктан, муну адамдарга эскертүү катары жөнөткөндүктөн, андан коргонуу үчүн Аллага жалынып-жалбарыш керек экен. Бул таптакыр туура эмес.

Бир адамдын Кудай тууралуу түшүнүгү анын диний көз карашынын калыптанышында эң негизги роль ойной турганын мурдагы блогдорумдун биринде жазган элем. Ислам сыпаттаган Кудай пенделерине жакшылыктан башка эч нерсе тартуулабайт. Эгерде бул вирусту Кудай жаратса, анын чексиз мээримдүү деген сыпаты кайда калды? Вирусту Кудай жаратып пенделерин жазалаганын жактоо Курандагы Кудай таанымына толук каршы келет. Муну айтуу Курандагы ондогон, балким жүздөгөн аятты жокко чыгарууга барабар.

Аныгында Кудай-Тааланын адилеттүүлүк системасы акырет менен натыйжаланат. Жөнөкөй тил менен айтканда жакшы адамга да, жаман адамга да толук эркиндик берген, бардык эсеп-кысаптын акыркы чекитин акыретте коёт (Зилзала сүрөөсү, 7-8-аяттар). Кудай жогорудан карап, жакпай кеткен жерде апаат, кырсык, азап, вирус жөнөтүп турары ислам теологиясына төп келбейт. Мындай Кудай түшүнүгү балким фантастикалуу фильмдерге жакшы сценарийдин негизи болуп бериши мүмкүн, бирок Курандагы Кудай түшүнүгүнө жакын жолой албайт.

4. Мен ажыкелерибизди реалдуулуктан алыс нерселерди элге айта беришкени үчүн сындаган элем. Бул окуяда да ушул нерсе кайталанганы көрүнүп турат. Вирустун жайылышынын эч кандай дин, шарият, Кудай менен байланышы жок. Чындап эле «истигфар» айтуу менен вирустан коргонуу мүмкүн болсо, өлкөбүзгө вирус умрадан келген мусулман бир туугандарыбыз аркылуу келбеши керек эле да? Буга ажыкебиз эмне дейт болду экен, эми?

Бул кадимки медицина алектене турган кубулуш. Мындан кутулуунун жол-жобосун ойлонбой сүйлөгөн, жоопкерчилик албаган ажыкелерден эмес, туура эмес маалымат берсе жоопко тартылууга макул болгон, жоопкерчилик алган дарыгерлерден үйрөнүү туура болот. Муну «мусулмандарга, Кудайдан кечирим сураганга жукпайт, күнөөкөргө жугат» деген сыяктуу жоромолдоп элди сарсанаага салуу - күнөө. Башында бул дарт Кытайдан чыкканда муну алар мусулман болбогондугу үчүн Алланын жиберген бир азабы, катары баалап келген мусулман «эрлер» азыр кайда болду экен? Эмне дээр экен?

5. Аман калуунун жолу катары державалардын кадамдарын керексиз жана пайдасыз деп эсептеген ажыке Кытайдын Ухандагы карантинге алынган адамдарды дээрлик дарылап бүткөнүн уккан эмес го. Майрамдоо иретинде ал жердеги медкызматкерлер беткаптарын чечкенинен шашылыш курулган оорукана расмий түрдө жабылганынан кабары жок окшойт. Кудай анын бетин ары кылсын дейли, бирок бул илдет ажыкенин өзүнө деле жугуп калышы толук мүмкүн, бул табигый көрүнүш. Ошол кезде алгач дегеле ичи чыкпаган АКШ, Кытай сыяктуу жетишкен өлкөлөрдүн өндүрүмү болгон дары-дармектен, медициналык жабдуудан жана билимден пайдаланат болду бекен? Же Алладан коркуп, ыстыкпар айтып сакайып кетүүгө бел байлайт болду бекен?

Ажыкелерге насаат

Келиңиздер, урматтуу диндин атынан сүйлөгөн бурадарлар, өзүбүз ишенбеген, ынанбаган нерсени элге жайбайлы. Аалымдар, классикалык китептер да жаңылыштык кетирерин, туура чечмеленбесе Курандын аяты да, хадистер да адамдарга зыян алып келиши мүмкүн экенин аңдайлы. «Тиги ажыке күчтүүбү же мунусубу?» деген деңгээлсиз, тайыз, керексиз салыштыруулардан таасирленип, эл көрсүн үчүн жарышпайлы. Сиздер коомдо актуалдуу болгон бардык жаңылыкты Куран же хадис менен байланыштырганга милдеттүү эмессиздер жана сиздердин деңгээлиңиздер муну менен өлчөнбөйт. Өзүбүздү көчөдө тебиштирилген короздун деңгээлине түшүрбөйлү.

Ажыкелер чындап коронавирустан адамдарыбыздын жабыркашын каалабаса, элге күйсө, муфтият аркылуу умра сапарын эртерээк токтоп тура алышканда бул алардын коомго кошкон өтө чоң салымы болмок экен. Болор иш болду, эми мындан ары эмне кылышыбызды ойлонуу зарыл.

Мындан ары илдеттин оңой жайылышын алдын алуу максатында мечиттерде жана өзгөчө жабык жерлерде диний ишмердүүлүккө чектөө киргизүүгө көмөк көрсөтүү зарыл. Мындай алдын алууну динге каршы кадам катары баалабай, шарияттын талабы катары түшүнүүдө жана түшүндүрүүдө ажыкелерге олуттуу вазыйпа түшүп олтурат. Анткени Кудай үчүн адамдын жанынан кымбат, маанилүү эч нерсе жок. Так ошол себептен улам бүгүн бул ооруунун алдын алыш үчүн керектүү кадамдарды таштоо (диний багытта эле эмес бардык жаатта) - бул акылдын талабы болгондой эле исламдын да талабы!

Адистер ашыкча тынчызданууга негиз жок экенин байма-бай айтып келе жатышат. Демек көп кыжалат болуунун кажети жок, анын алдын алууда биз колдон келген аракетибизди кылсак болгону. Адамдын организми күчтүү болуп жаралган. Илимпоздордун да көмөгү менен бул дартты да аман-эсен жеңип өтөрүбүзгө толук ишенем.

Эң маанилүүсү - аз. пайгамбардын «Же пайдалуу нерсе сүйлө же унчукпа» деген хадисин жетекчиликке алып, билбеген темада билерман болгондон баш тартып, элдин араң турган маанайын ого бетер чөктүрбөгөнгө аракет кылалы.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG