Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:27

Өндүрүш доорлорунун тогошуусу


Иллюстрациялык сүрөт.

4.0 өндүрүш доору (төртүнчү өндүрүш ыңкылабы) аябай жакындап калгандыгы маалым. Ал киберфизикалык системаларды өндүрүш процессине жапырт киргизүү жана адамдын муктаждыктарын ошол аркылуу тейлөө менен мүнөздөлөт.

Эгерде бул доор башталып кетсе, 4.0 өндүрүш модели учурдагы санариптик өндүрүш моделинен (3.0) өндүрүштү жана коопсуздукту эселеп арттыруу, убакыт жана энергияны үнөмдөө жагынан бир топ артыкчылыктарга ээ болот.

Тактап айтканда, бул модел заманбап автоматташтыруу системасынын, дата алмашуу жана өндүрүш технологиясынын мүмкүнчүлүктөрүнөн куралат. Бул «акылдуу өндүрүш» системасынын жаралышын шарттайт.

Учурда өнүккөн өлкөлөр баш болуп бул доордун башталышынын адамзатка тигизчү оң жана терс таасирлери, келечеги тууралуу талкуу жүргүзүп жатышат. Анткени бул доордун башталышы бир жагынан адамзатка пайдалуудай көрүнгүнү менен, экинчи жагынан оор этикалык, социалдык, экономикалык түйшүк да алып келиши толук мүмкүн. Тактап айтканда акылдуу өндүрүштүн жанданышы бир топ ишкердин өндүрүштөгү функциясын компьютерлер колго алат деген мааниге келет. Келип чыккан жумушсуздуктан улам пайда болгон жумушсуз катмар кантип оокат кылат? Учурдагы шарттарда деле өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосундагы опол тоодой материалык теңсиздик 4.0 өндүрүш доорунда кандай деңгээлге жетет? Бул жана буга окшогон көйгөйлөр дүйнө коомчулугунун тынчын ала баштады.

Өлкөбүздө бул маселеден улам көп деле кам санаганга кажет жок. Анткени дүйнө коомчулугу жумушсуз калып, жашоо шарттын оорлоп кетишине сарсана болуп жатат. Бул абал ансыз деле бизге жат эмес да. Биздин эл баатыр, эр жүрөк келет. 4.0 эмес 5.0 доору келсе да айырмасы жок. Мен ушул маселеге кыжалат болгондорго таң калам. Эй, көп болсо адамдар жумушсуз калып, жашоо шартың оорлоп өз өлкөңдө жашай албай каласың да? Анын эмнеси бар экен, башка өлкөгө барып кара жумуш таап, иштеп, акча таап той-топурга коротуп, жыргап-куунап жашай берсе деле болот да?..

Албетте, бул айткандарым күйүттөн чыккан азил-тамаша деңизчи. Мындай сахнаны көрүп туруп унчукпай коюу кыйын экен.

Анкарадан бир мисал

Билишимче Анкарада 8 өндүрүш аймагы бар. Алардын бири болгон «Иведик уюшулган өндүрүш аймагы» тууралуу эки ооз кеп салайын. Бул аймак мындан 33 жыл мурун эч кандай материалдык колдоосуз эле, 38 корпоративдин биригүүсү менен түзүлгөн. Ал учурда болгону 420 чакан өндүрүш пункту гана болгон. 2011-жылы жарыяланган эң соңку статистикалык маалыматка ылайык өндүрүш аймагы мындан тогуз жыл мурда 7 миң өндүрүш пунктуна, 100 миңден ашуун жумушчу ордуна ээлик кылган даражага жеткен. Аймактын жылдык кирешесинин 5 миллиард АКШ долларына жеткенин да кошумчалай кетүү абзел.

Мен бул аймакты жөө аралап көргөм. 200-300 чарчы метр жерге чакан мекемелер тийиштүү жабдууларын коюп алып иштешет. Мисалга лампочка, боёк, үй тиричилигине керектүү эмерек, кээ бир курулуш шаймандарын (ачкыч, кол араба, балка, теше ж.б.) өндүргөн ишканалар бар. Албетте, кээ бир чоң фирмалар да чоң өндүрүш жүргүзүп иш алып барып калган. Карап көрүп көп деле татаал эмес экенин байкаса болот. Бир жагынан көзүң күйсө, экинчи жагынан «Эмне, ушул биздин колубуздан келбейт беле?» деген үмүт аралашкан ой келет экен.

Бишкектеги тойканалардын жарымындай жерди ээлеген өндүрүш пункттарында деле жарытарлык иш кылса болорун көрүп ичиң ачышат экен. Ошол чакан жерде деле бүтүндөй Түркияга, ал тургай бир канча чет өлкөгө атын чыгарып, өндүрүшкө салым кошуп (тойканалардагыдай жеп-жутуп жок кылбай), сыймыктанып акча тапса болорун көрдүм.

Муну менен эмнени айтмакчымын? Анкарадагы бул өндүрүш аймагы 2.0 (электр энергиясынын күчү менен жасалган өндүрүш) жана 3.0 (санариптешкен өндүрүш) модели менен иштеп жатат. Бул моделди биздин өлкөгө куруу, иш алып баруу кыйынга турбайт. Балким 4.0 өндүрүш дооруна али даяр эместирбиз. Бирок 2.0 жана 3.0 өндүрүш моделине пайдубалыбыз ылайыктуу боло алат. Эң кызыгы, күнүмдүк турмушка керектүү, өндүрүлүшү өтө жөнөкөй нерселердин бир тобун деле сырттан сатып алып жатпайбызбы? Биздин акчабыз ошентип татыбаган жерге эле сыртка чыгып кетип жатат.

Үмүт

Мен билгенден бир канча ай мурда Кыргызстандан премьер-министринин биринчи орун басары жетектеген делегация иш сапары менен Түркияга келип, айтылуу өндүрүш аймагынын моделин өлкөбүзгө куруу тууралуу сүйлөшүп кетти. Биз кошулган Бажы биримдиги пайда кылган 180 миллион керектөөчүсү бар базарды эске алганда, бул борбордун курулуп, иштеп кетиши көпчүлүккө куйрук жедирет го, чамамда.

Жаңы жылга жаңы тилектер менен кирдик. Баарыбыз бири-бирибизге оозго көндүм болуп калган, «жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун» деген сыяктуу каалоо-тилектерден жаадырдык окшойт. Бир теолог катары, пенде Кудайдан тилегендерине өзү аракет кылганда гана жетерин айтып канча кишини ынандыра аларымды билбейм. Бирок аныгында Кудай пендесине ырыскысын кайра эле пенденин эмгеги аркылуу берери анык.

Андыктан бири-бирибизге жакшы каалоо-тилек айтуу менен чектелбестен, чындыгында биздин жашообузга жыргалчылык алып келе турган өнүгүү болушуна ак эмгек менен себепкер бололу. Келиңиздер, бул жылы ушундай конкреттүү иш-чаралардын жүзөгө ашырылышында керектүү кадамдардын ташталышын сылык түрдө өкмөткө биз да эстетип туралы. Анткени эң майлуу орундарда олтурган кишилер да ошол карапайым калктын төлөгөн салыгынын эсебинен ошол жерде олтургандыгын унутпашы керек.

Элмурат Кочкор уулу

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Азаттык Фейсбукта

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG