Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:31

Эстүү элита эгемендикке доо кетирбейт


Ак калпак күнүнө арналган иш-чара. Бишкек. 4-март, 2013-жыл.

Четте жүрүп дүйнөдө болуп жаткан жаңы өзгөрүүлөрдү көрүп, биздин өлкөнүн өзгөчө саясий абалын карап туруп жан кейибей, кеп кылбай коюу кыйын экен.

Революциялык эмес, эволюциялык жол өнүктүрөт

Түркияда окуп жүрүп жайкы каникулда бир аз кара жумуш жасап, аз болсо да акча таап алган адатыбыз бар эле. Адатта өндүрүш аймактарында, курулуш жаатында эркектерге иш табуу оңой болчу. Кыйратып акча бербесе да курсак тойгузуп, студенттик жашоого тыгынчык болчу. Кийинчерээк ал иштерге да жетпей калдык. Көрсө, Сириядан качып келгендер көбөйүптүр.

Жумушчу күчү арзандаганы иш берүүчүлөргө кудай берди. Кантсе да жашоо үчүн күрөш, оор шарттарда арзыбаган баага деле кыңк этпей иштеп жүрдүк. Иш таппай жүргөндөр андан көп.

Мен өзүм пицца жасаган жерде иштедим, аптасына үч күн чыкмай. Ошол жерден Мухаммед аттуу сириялык жигит менен таанышып калдым. Ал согушка чейин мекенинде сүт азыктарын чыгарган фирманын ээси болуптур, кол астында 30-40 киши иштечү экен. Азыр болсо үй-бүлөсүн жалгыз багып калыптыр. Дээрлик 11 саат бою тикеден тик турсак да күнүмдүк акыбыз 700 сомго тете болчу. Бул акча Түркиянын шартын эске алганда жарытпаган өлчөм.

Мухаммед бир күнү тумоолоп калгансыды... Өзүнө келген соң сурасам, байкуш түн ичинде наабайканада да иштеп жүргөн экен.

Балким маданий өзгөчөлүгүнөн уламдыр, бирок жалпылап алганда Сириянын качкындарын Түркиянын эли анча жактырган жок.

Албетте, алардын да мусулман экенин, учурда жардамга муктаж экенин эске алып болушкандар арбын. Ошол эле сириялыктардын улуттук, маданий өзгөчөлүгүн, жашоо стилин жерип, түрк өкмөтүнүн кадамын жаңылыш эсептегендер да жок эмес. Айрымдары качкындарды кээде ачык эле жемелеп, кагып-силккенин да көрүп жүрөбүз.

Балдарына нан таап келиш үчүн көчөгө чыккан ата ушундай мамилеге кабылганда көздөн жаш тегеренбей койбойт экен.

Түркияга жеткен сириялык качкын. 11-август, 2015-жыл.
Түркияга жеткен сириялык качкын. 11-август, 2015-жыл.

Үйгө азык-түлүк алып жүргөн дүкөндө ирактык жаран иштечү. Кичипейил, анан да көп окуган адамдай көрүнгөнүнөн кызыгып тааныштым. Биринчи кесиби англис тил мугалими, кийинки кесиби боюнча компьютер инженери экен. Өз өлкөсүндө төрт күндүк жумушунан алган маянасы тиричилигине жетмек тургай ашчу экен. Өткөн күндөрүн эстеп, көзүнө жаш алган жигит качкын болгондон кийин өп-чап маянага иштөөгө аргасыз болуптур.

Түркияда качкындарды, алардын абалын көргөн сайын бир кызыктай болом.

Буга чейин жашоого нааразы болуп, наалый берген адатымды таштадым. Туура, мамлекетибиз азырынча кедей, жарандарына жетиштүү кам көрө албай келет.

Бирок эң башкысы "Мекеним - Кыргызстан!" - деп айта турган, дүйнө тааныган, улут аралык байланыштары ойдогудай өлкөбүз бар.

Чет жакада жүрүп, дүйнөдө болуп жаткан жаңы өзгөрүүлөрдү, биздин өлкөнүн өзгөчө саясий абалын карап туруп кейибей, кеп кылбай коюу кыйын. Көрсө Ирак, Сирия сыяктуу экономикалык, аскердик абалы бир топ жакшы, жашоо-шарты канааттандырарлык өлкөнүн деле кыйрап калышы оңой эле нерсе тура. Бир күнү баары иретке келип, өлкөдө тынчтык орносо кайрылып барууну самаган, кейишке батып үшкүргөн адамдарды көп көрдүм.

Саны бизден көп болсо да мамлекет түптөй албай жүргөндөр канча дейсиз...

Ушундан улам кудай кыргызды сүйүп, эркиндик, мамлекеттүүлүк белек кылганбы деген ой келет.

Стамбулдагы кыргыз мигранттары.
Стамбулдагы кыргыз мигранттары.

Быйыл эгемендик алганыбызга 28 жыл болуптур. 28 жыл мурда бир мааниде түз эле кудайдын белегиндей болуп мамлекетибиз түптөлүп, өз алдынча өлкө болуп калдык.

Бирок «колдо бар алтындын баркы жок» дегендей ушул жылдар аралыгында мамлекеттүүлүгүбүздү сыйлап деле кыйратпадык окшойт. Мунун эң негизги себеби катары эки фактор тууралуу кыскача сөз кылуу туура болчудай.

Экономикалык себеп

Бир өлкөдөгү экономиканын абалы көп нерсеге таасирин тийгизери анык. Маслоу (Абрахам Маслоу - америкалык белгилүү психолог) муктаждыктар түздөн-түз экономикалык абал менен байланыштуу экенин далилдей алган. Алсак, бул пирамида боюнча адам үчүн эң негизги муктаждык катары тамак-аш, суу, күн сыяктуу физикалык муктаждыктар айтылган. Андан кийинки орунда коркунучтан, зыяндан оолак болуу өңдүү коопсуздук муктаждыктары саналат. Бул да толугу менен экономикалык абалга байланыштуу. Тактап айтканда, бир адам өзүн коопсуз сезиши үчүн жетиштүү аскердик, медициналык жана укуктук камсыздоого ээ мамлекетте жашоого тийиш. Андан кийинки кезекте кандайдыр бир топко тиешелүү болуу, сүйүү деген сезимдерге муктаж болот экен.

Кыскасы экономикалык абалды жөнгө салып, элдин курсагы тоё турган, жетиштүү коопсуз шарттарды түзүп бермейин, адамдардан мамлекеттүүлүктү урматтаган аң-сезимге ээ болууну, аны сүйүп, күйүүнү талап кылуу анча натыйжа берчүдөй эмес.

Андыктан бир канча саясий гигант өз ара келише албай калган учурда, дароо бир топ элди топтой коюп, адамдык аң-сезими өспөй калган каракчылар сыяктуу кыйкырып, колуна таш ала калып мамлекеттин келечегин чечип калган сахнаны көргүбүз келбесе - алгачкы кадам катары экономикалык абалды оңдоого көңүл бөлүү зарыл. Антпесе Маслоунун пирамидасында көрсөтүлгөндөй, курсагы ач адамдан аң-сезимдүү кадамды күтүү туура болбойт.

Мамлекет билимдүү, аң-сезимдүү жарандарынын салымы, эмгеги менен өсүп-өнүгөт, күчтөнөт. Бирок алгач ошол билимдүү жана аң-сезимдүү катмардын жаралышы үчүн мамлекет шарт түзүүгө тийиш. Ал үчүн эң башкысы экономикалык күч керек.

Саясий элита

Биздин мамлекеттүүлүктү, демократиялык түзүлүшүбүздү сынга калтырган дагы бир маанилүү фактор саясий элитанын алсыздыгы деп ойлойм. Учурда маалымат заманында жашап жатабыз. Бир саясий фигуранын кылган катасы оңой эле жайылып кетип жатат.

Тилекке каршы, кээде кетирилген катаны көрүп туруп, орто мектепти бүтпөй туруп мамлекеттик жогорку кызматтагы кээ бир кишилерди сындаган жарандарыбыздын сын-пикирин орундуу деп айтканга мажбур болуп калган учурлар тез-тез кездешип калды.

Кыскасы, бул эки чоң илдетти жок кылмайынча күчтүү мамлекет тууралуу сөз кылуу кыйын. Анткени биз эки жолу башыбыздан оор заманды өткөрдүк. Элдин курсагы ач, иштеп жан багайын десе жумуш орду жок, жетиштүү шарт түзүлгөн эмес. Мындай жерде билим деңгээлинин да өспөй калышы турган нерсе. Натыйжада мамлекеттүүлүк, келечек, туура же туура эмес саясий позиция деген түшүнүктөргө аң-сезими жете бербеген бир топ кишиге бир аз тыйын-тыпыр карматып туруп эле ызы-чуу чыгара берүү көнүмүш адатка айланып баратат.

Мындай көрүнүштөр мамлекетке өтө чоң залакасын тийгизип жатканын балким карапайым калк билбесе керек. Анткени анын али курсагы тойгон эмес. Бирок мындай кадамдар мамлекеттин келечегин караңгыга кептей турган коркунучтарды алып келерин саясий элита сезип, мындайга жол бербеши керек. Бир канча миң оомо, ээрчиме адамдардын тобуна мамлекеттин тагдырын салып берүү - тарых алдында кечирилгис күнөө. Бүгүн биз баркын жакшылап биле албай жаткан мамлекетти куруш үчүн, бизге аманат кылып өткөрүп бериш үчүн канча эр-азаматтарыбыздын ташы талкан болду, канчаларынын башы кетти?

Бул мамлекет бир канча саясий «элита» жыргап жашасын, кызыкчылыктары төп келген учурда кошулуп жесин, кызыкчылыктары бузулганда болсо бөлүп жесин. Такыр эле болбой баратса булчуңу бууранын санындай, бирок мээси жок топко акча себелеп барып бийликти басып алсын деп түзүлбөсө керек эле. Ошол мыктыларыбыздын түбөлүк уйкуга кеткен учурунда да сөөгүн сыздатып, балким «арман ай» дедирткен саясий фигураларга наалат болсун. Бул жаман саясий ишмерлер ким экенин билбейм, бирок ошолор үчүн өткөн 28 жыл ичинде алгылыктуу жол таба албадык!.. Кыргызстандык бүткүл элдин наалаты, Кудайдын каары, маркум айдыңдарыбыздын кусуру мына ошол өзүн билген начар, пас, бетпак кишилерге тийсин! Бул кишилердин бүгүн муюп уктап, жыргап жашаганга кабат-кабат үйлөрү, дачалары, мейманканалары болушу мүмкүн, бирок өлгөндө жата турган жери жок экенин эске алып коюшсун!

Узун кептин кыскасы, Кудайдан белек катары топ этип колубузга түшүп калган эгемендиктин баркын билели! Бир күн келип (Кудай анын бетин ары кылсын) жогорудагы жарандарга окшоп, журтубуздан качып чыгып, көрүнгөн жерде көрүнгөн адамдарга жалтаңдап, алардын көзүн карап күн кечирип калбайлы. Ансыз деле аз эле айырмабыз калды - нан таап жеш үчүн жүз миңдеген жаштарыбыз тентип жүрөт. Эгемендигибиздин 28-жылын белгилеп жатып, шатырата кол чаап, өзүбүз да ишене албаган жалган кептер менен бири-бирибизди куттуктаганды, анан артынан дароо «аккан арыктан суу агат» болуп эски начар кылыктарыбызга кайтканды коюп, экономикалык жана саясий аң-сезимдин деңгээлин жогорулатууга жамы журт жапа тырмак жарышалы!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттык» радиосунун көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

XS
SM
MD
LG