Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:47

Кедей кыргыздын байларына Абийирден кат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бир канча акчалуунун акчасы мыйзамдуу-мыйзамсыз экенин талашкан талкуулар такыр эле күн тартибинен түшпөй койду. Менимче бул туура, түшпөшү керек.

Башкача айтканда бир нече кишинин акысы, ырыскысы түрдүү жолдор менен башкаларынын чөнтөгүнө ооп кетүү коркунучуна бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып каршы туруу - адамзаттын түбөлүк ыйык парзы деп эсептейм.

«Адам - адамдын карышкыры» демекчи, мындай жырткычтыктын тарыхы адамзаттын тарыхына барып такалат. Демек бул көрүнүш - адамзаттын убактылуу эмес, түбөлүк көйгөйү болгон чыгар. Так ошондуктан бул туурасында эки ооз сөз айтып коюуну туура көрдүм.

Университетте жаңы эле окуй баштаганда китептен окуган элем. «Мамлекет ар бир адамдын башына аны аңдып, күзөтүп жүрүүчү бирден милиция кызматкерин коё албайт. Андыктан адамдын көкүрөгүнө, көөдөнүнө, көңүлүнө тартип сакчысын жайгаштыруу эң туура болот» деген сөз эсимде. Канчалык маанилүү нерсе окуганымды азыр мурункудан да жакшы түшүнүп турам. Муну биз абийир деп коёбуз. «Абийир» дегенде адамдын ичиндеги акыйкатты айтып турган, эч бир күч анын үнүн башкара албаган күчтү, нерсени, адамдык касиетти айтып жатабыз.

Бул улуу касиеттин канчалык маанилүү экенин кыргыздын «Көздүн сокуру көрөт, көөдөндүн сокуру көрбөйт», «Көздөн көңүл көрөгөч», «Көзү сокурга жолуксаң жолук, бирок көкүрөгү сокурга жолукпа» деген макалдары таамай айтып тургандай.

Шарият - бул Кудайдын мыйзамынын адамдар тарабынан жоромолдонгон версиясы болуп саналат.

Ал эми исламда бул касиетке өтө чоң маани берилген. Муну азирети пайгамбардын «бир ишти кыларда ал ишке канчалык фатва (уруксат) берилсе да жүрөгүңө, дээриңдин тереңиндеги үнгө кулак сал. Ошол сага туура менен катаны тагыраак айтат» деген маанидеги насаатынан байкасак болот.

Кээ бир учурда канчалык шарият уруксат берген менен адамдын көңүлүнө жакпаган жагдайлар болот. Мына ошондо шариятка эмес, адам өзүнүн ичиндеги үнгө кулак салууга тийиш. Анткени шарият - бул Кудайдын мыйзамынын адамдар тарабынан жоромолдонгон версиясы болуп саналат. Демек ката кетиши мүмкүн деген чоң нерсе турат. Бир мисал келтире турган болсок, нике же үй-бүлө курумунун артына бекинип, өзүнөн 20-30 жаш айырмасы бар, жаңыдан бойго жеткен кызга үйлөнгөн чалдарды айта кетсек болот. «Шарияттагы никенин шарттары орундалып атат, демек боло берет» деп өзүн-өзү алдоонун эч кереги жок. Кыргызда бекеринен «Тең арып, тең карыгыла» деген сөз чыкпаса керек. Башка маданиятта балким мунун аты кадимки нике же үй-бүлө боло бериши мүмкүн. Бирок түрк тектүү элдердин абийирине мындай нерсени кабыл алдырыш өтө кыйын. Демек, туу чокудагы белгилөөчү критерий - адамдын адамдык сапаты!

Учурда кээ бир акчалуулардын мыйзамдуу жол менен байып-байыбаганы кызуу талкууда. Бир тарапта өзүн алдыдагы ашын тарттырып жибергендей сезген бийлик, экинчи тарапта эки колу жакасынан түшпөй актанганга аракеттенген акчалуулар турат. Эки тарап тең ортодогу акчанын мыйзам чегинде алынып-алынбаганын тактоо аракетинде. Бул жол менен маселенин толук чечилиши кыйын.

Бул жерде «мыйзам» ачкычтын ролун аткарган терминге айланып олтурат. Туура, мыйзам ыйык жана кол тийгис. Бирок мыйзамды адамдар жазганын, анын кемчилиги болушу ыктымал экенин унутпаш керек. Учурда айыпталган тарап укуктун алдында таза болуп чыгып кетиштин гана айласын кылып калды. Тактап айтканда таза болуштун эмес, таза болуп көрүнүштүн гана дартында болуп калды. А бирок ал акчанын мыйзамга туура келип-келбегенин суракка алганчалык, абийирге туура келип-келбегенин суракка алгандар болду бекен?!

Ушундай өлкөдө жашап туруп, миллион же миллиарддаган акчаны капчыкка түшүрүп калуу Жогорку соттун элегинен өткөнү менен абийир сотунун элегинен өтөбү?

Жакыр бир өлкө... Бул өлкөдө экономикалык кризистен улам эң маанилүү кесип болгон мугалимдин айлык маянасы анын бир жумалык минималдуу жашоосун камсыз кыла албайт. Медициналык кризистен улам такыр жарыбаган маянага, таптакыр жараксыз шарттарда дарыгерлер, мээрбан эжелер эмгектенет. Кудайдан бир эле жолу белек кылып берилген өмүрү коркунучка кептелгенде айыгып, кайрадан жашоосун уланткысы келген, үмүткө толгон көздөр ыйык жанын дарыгерге аманат кылат. Байкуштун ичинде эзилип бүткөн сезимдери тууралуу ойлонуп көрүүнү окурмандын өзүнө эле коюп берейин. Мамлекеттик мекемеде иштеп нан менен сууга акча жеткире албай турганын аңдап, саясий элитанын тайыздыгын, эрксиздигин көрүп, колунан иш келген, Кыргызстандын келечегин кура турган далай жаштары талаалап кеткен. Ички дүң өнүмдүн көлөмү, тышкы карыз тууралуу кеп кылуудан эмитен эле жүрөк зырылдап калды.

Ушундай өлкөдө жашап туруп, миллион же миллиарддаган акчаны капчыкка түшүрүп калуу Жогорку соттун элегинен өткөнү менен абийир сотунун элегинен өтөбү? Мындай адамдар кечинде көөдөндөгү чыркыраган үн менен эсептешип, туура кылганына аны ынандырып уктай алышат бекен? Мотурайган, пакиза, күнөөсүз балдарын же неберелерин көргөндө: «Буларга адал тамак жедирип жатамбы?» деп өзүнө-өзү суроо берет болду бекен? Жокчулуктан, жакырчылыктан көз жашы кургабаган, кедейликтин айынан ар күнү жаңы жоготууга кабылып жашап жаткан жарандарды кымбат темир тулпар менен аралап өтүп, калың катмар жанына жолой албаган ресторанга киргенде тамагынан кантип өтөт болду экен? Кыскасын айтканда кылган иштери канчалык мыйзамга туура келген күндө да анын калыс, туура болбой калганын сезип, моралдык ыңгайсыздык сезип, бети кызарат болду бекен? Адам өзүнүн ак же кара экендигин аныктоодо өзүнүн абийирдик соту менен эсептеше ала турганчалык таза, пакиза болду бекен?

Заманбап укуктук системанын көп чекиттеринен, боштуктарынан пайдаланып башкаларын какшатуу – каракчылыктын жеткен чеги. Анткени жөнөкөй каракчы жок эле дегенде каракчы экенин мойнуна алат. Ал эми мыйзамды жамынган каракчы уурулук да кылат, карапайым калкты талап-тонойт жана бул кылгандарынан улам кайрадан алардан алкыш алганга да жетишет, жок эле дегенде ошону күтөт.

Заманбап укуктук системанын көп чекиттеринен, боштуктарынан пайдаланып башкаларын какшатуу – каракчылыктын жеткен чеги.

Кыргызстанда ушуга окшогон акча маселеси, абактан жазасын өтөбөй чыгуу же такыр эле кирбей коюу, күнөөсүз кишилердин камалып кетиши, мамлекеттик милдетин так аткарбоо, кызмат ордунан пайдалануу, уурдоо, заманбап жолдор менен талап-тоноо жана башка ушуга окшогон элдин кыжырын кайнаткан көрүнүштөргө жеткиликтүү, элдин абийиринин моокумун кандыра турган чара көрүлбөсө - мамлекет аябай оор жоготууларга дуушар болуп калчудай турат. Анткени чыңалуусу күчөгөн улуттук абийир менен эмес, адатта куулардын ишине жарап кеткен «мыйзамдагы принциптер» менен гана эсептешүү мындан ары элдин купулуна толбой калды.

Бүгүн кедей өлкөдө байыган акчалуулар байлыгынын мыйзамга туура келгенин, демек адал экенин айтып жатышса - анда сөздүн бүткөн жери ушул! Ишенип элдин тизгинин карматкан адамдарыбыз «байлыкты мага Кудай берген» деп жатса, ишенип «мамлекетибизди оңдойт» деп шайлаган адамдарыбыз «кыргызды мына көрөсүңөр, Кудай колдойт» деп жатса, сөздүн бүткөн жери ушул! Кыргызды эле эмес, бүтүндөй адамзатты ансыз деле Кудай колдойт. Бул жаңылык эмес! Эл бул аткаминерлерибизди шайлаарда Кудайдан кабар айтып келе турган кабарчы болуп беришин эмес, татыктуу, алгылыктуу, конкреттүү кадамдары менен элдин жашоо шартын оңдой турган жол башчы болуп беришин эңсеп добуш берсе керек эле?

Байлыкты Кудай бергенин билген киши, ал байлыктын алгач адал жол менен келиши керек экенин да билиши керек. Байлыкты Кудай бергенин билген киши ал мүлкүндө кедей-кембагалдын акысы бар экендигин да билиши керек (Зарият сүрөөсү, 19-аят). Байлыкты Кудай бергенин билген киши, акчасынын мыйзамдуу жолдон келгенин эле эмес, ошол эле учурда адал жол менен да келгенин далилдей алышы керек. Байлыкты Кудай бергенин билген киши, мыйзамдын көзүнөн эптеп бир нерсе кылып качуунун мүмкүн экенин, а бирок Кудайдын алдында кылган ар бир кенедей эмес, кыпындай нерсесине жооп берээрин (Зилзала сүрөөсү 8-аят) билиши керек. Байлыкты Кудай бергенин билген киши «Элиңиз кедей, бирок сиз байсыз, эмне үчүн?» деген өңдүү суроого: «Эл караңгы болсо, башы иштебесе ага мен күнөөлүү эмесмин» деген мааниде жооп берээрде жүзү кызарышы керек. Анткени бул жоопту журтубуздун эң күлүк атына минип жүргөн кишилер айтып жатышат. Мындай адамдар болгондо да так ошол жогорудагы ак жүрөк атуулга кан кустурган маселелерди чече турган рычагга элдин ишеними менен келип, материалдык, укуктук, физикалык жана моралдык күчтүн башында туруп деле кыйратпай кеткени көрүнүп калды.

Кедей өлкөнүн «байларын» баарын сезип турган көөдөнү таза кыргыздын кусуру бул дүйнөдө, ал эми Кудайдын кусуру акыретте уруп кетет.

Жигит болсо, кыргыз болсо, мусулман болсо, өзү айткандай Кудайдын сүйүктүү пендеси болсо, адал эмес жолдон капчыкка оодура калган акчасын ашыгы менен мамлекеттик бюджетке төксүн, элден кечирим сурасын! Мындай ыплас жол менен байыгандар, али бети ачыла электер Кудайдан коркуп, эртерээк эсине келип акчаны ордуна коюшу керек. Болбосо мындай кедей өлкөнүн «байларын» баарын сезип турган көөдөнү таза кыргыздын кусуру бул дүйнөдө, ал эми Кудайдын кусуру акыретте уруп кетет. Тообо эшиги жабыла электе этекти жаап калуу эң туура кадам болот го дейм...

Абийир менен кеңешпей калган жерде адамгерчиликтен сөз кылуу мүмкүн эмес. Жада калса Кудайдын мыйзамын жоромолдоп түшүнүүдө да жүрөктүн түпкүрү менен кеңешүү буюрулуп жатса, адамдар жазган мыйзамды жоромолдоп жатып абийирге кайра-кайра кеңешүү керек го дейм? Кудайдын сөзү кулакка илинбей калган жерде аалымдын сөзү таасир этеби-этпейби, биле албадым. Бирок «үмүтсүз шайтан» демекчи, сөзүмдүн акырында дербиш Юнус Эмренин төмөнкү сөзүн бөлүшө кетейин: «Көп сөз жалгансыз, көп мүлк арамсыз болбойт!»

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG