Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:57

«Керектөөчү коомдун» кедергиси


Орус ырчысы Тиматинин концертиндеги көрүнүш.

Кыргыз коомчулугу адеп-ахлак жана баалуулуктар кризисине кептелди.

Бир нече ай мурда парламенттин депутаты Аида Исмаилова саламаттык сактоо министри менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун Дүйнөлүк банктын аймактардагы ооруканалар үчүн бөлгөн гранттык каражатынын эсебинен кызматтык унаа катары эки автоунаа сатып алышканын айтып чыккан.

Көп өтпөй эле аталган министрликке 101 миң долларга «Тойота РАВ-4» жана «Тойота Лэнд Круизер Прадо» үлгүсүндөгү эки жолтандабас алынганы белгилүү болгон. Бул маалымат коомчулукта «Аймактык ооруканалар «Тез жардам» машинелерине муктаж болуп турганда министр эмне үчүн жолтандабас алдырды?» деген суроону жараткан.

Эсиңиздерде болсо керек, 2016-жылы Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Кытай консулдугу тарабынан мэрияга тартууга берилген «Тойота Лэнд Круизер» үлгүсүндөгү жолтандабасты минип жүргөнү үчүн сынга кабылган. Ошол эле жылы транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдун, ал эми 2017-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин кытайлык жеке компанияларга таандык «Лексус» үлгүсүндөгү жолтандабастарды пайдаланып жүрүшкөнү ашкере болгон. Бул мисалдар коомчулукка ачыкка чыгып калгандары гана.

Өлкөбүздүн аткаминерлери эмне үчүн жолтандабаска ээ болууга аракет кылышат? Анткени кыргыз коомунда жолтандабас автоунаа чоң кызматтын жана «кудуреттүү адам» болгондун негизги көрсөткүчтөрүнүн бирине айланган. Чоң кызматка жеткендер ушундай көрсөткүчтөргө ээ болгондо гана өздөрүн «жогорку статустагы» чөйрөсүнө татыктуу болгондой жана эл алдында зоболосу көтөрүлгөндөй сезчү коомдо жашап жатабыз. Бул коомдо карапайым адамдар да дал ушундай психологиялык жана социалогиялык абалды башынан өткөрүп жатышат.

Мисалы, чет жерде иштеген эмгек мигранты Кыргызстанга келээри менен саргарып тапкан акчасын чет элдин эски автоунаасын алууга жумшайт. Анткени ал жана анын чөйрөсү үчүн автоунаа - акча таап келгенинин негизги белгиси.

Эмгек мигранты 1988-жылкы «Фольксваген ПассатБ-3» мингенде аткаминер 2018-жылкы «Тойота Лэнд Круизер» үлгүсүндөгү жолтандабаста отурганда эмнени сезген болсо, дал ошондой нерсени сезет - машинеси анын «ким экенин» элге далилдеп, зоболосун көтөрдү деп корстон болот. Бирок аткаминердин да, эмгек мигрантынын да автоунаага жеткендеги «бактылуу» сезимдери көпкө уланбайт. Алардын көздөрүнө таанышынын заңгыраган үйү же сыналгыдагы «тандалма» үйдүн жарнамасы урунат. «Элден эмнең кем? Элдикиндей үйлүү болушуң керек» деген ой алардын аң-сезимин ээлеп алат. Алар чөйрөлөрүндө баалуу деп эсептелген үйгө, кийимге, тамак-ашка, электрондук буюмга, эмерекке ж.б. жетүүгө жана мыкты тойканада дүңгүрөтүп аш-тойлорду өткөрүүгө өздөрүн милдеттүүдөй сезишет. Антпесе зоболосу түшүп, элден чыгып калчудай кайгырышат.

Ошентип аткаминер да, эмгек мигранты да зоболону көтөрөт деген көрсөткүчтөргө жеткирүүчү акчаны табууга аракет кыла беришет. Эми эле бир көрсөткүчкө жеткенде экинчи көрсөткүч аларды өзүнө азгырат. Алар катуу ооруп, ишке жараксыз болуп, төшөккө жатып калганга чейин же көз жумганга чейин кадыр-барктын көрсөткүчү деген соода предметтерин (үй, унаа, кийим, буюм ж.б.) сатып алуу менен алек болушат.

Бүгүнкү кыргыз коомунда адамдардын баары (байы да, орто чарбасы да, жакыры да) жогорудагыдай абалды башынан өткөрүп жатышат. Коомубузда адамдар бийик зоболонун көрсөткүчүнө, белгисине айланган товарлардын жана соода бренддеринин кулу болуп калышты. Элибизди ушундай кылып трансформациялаган күч - капиталисттик системанын керектөөчү коому (consumer society) экенин билесизби?

Керектөөчү коомдун пайда болушу

Батышта капитализм индустриалдык революциядан баштап (1770-жылдардан баштап) «соода-сатык капитализми» деген стадиядан «индустриалдык капитализм» деген стадияга өткөн. Индустриалдык капитализм өндүрүүчү коомду пайда кылган. З. Бауман айткандай, өндүрүүчү коом өз мүчөлөрүнө «өндүрүүчү» жана «аскер» деген эки ролду аткарууну тапшырган. Бул коомдо адамдар өндүрүүчү (мисалы, жумушчу) болууга жана аскерге барууга милдеттүү болушкан. Өндүрүүчү коомдо капиталисттер жумушчуларды кара күч ээси катары гана кабыл алып, алардын кара күчүн өз пайдасы үчүн болушунча колдонууга аракет кылышкан.

Техниканын өнүгүшү, фабрика системасынын жайылышы, темир жолдору аркылуу чийкизат жеткирүүнүн жеңилдеши товарлардын талап кылынгандан ашыкча өндүрүлө башташына алып келген. Сатып алуучуларга муктаждык пайда болгон. Өнөр жай буржуазиясы 1850-жылдардан баштап коомдогу массаны (элди) товардын сатып алуучусуна айлантуунун жолдорун издей баштаган.

1914-жылы америкалык өндүрүшчү Генри Форд конвейердик өндүрүш системасы аркылуу товарды бир типте кылып массалык түрдө өндүрүүнү жолго койгон жана жумушчулардын иш убактысын кыскартып, айлыгын көбөйткөн (8 сааттык жумуш убактысына 5 доллар төлөгөн). Генри Форд товар сатып алганга жумшай тургандай акчага жана бош убакытка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жумушчуларга берүү менен аларды керектөөчүгө айлантууну максат кылган.

«Фордизм» деген өндүрүш режими капиталисттик өлкөлөрдө кеңири колдонула баштаганда индустриалдык капитализм керектөөчүлүккө негизделген капитализмге өткөн. Мурда капитал ээлери жумушчулардын кара күчүн көзөмөлдөп, алардын иштөө жөндөмдүүлүгүн арттырууга аракеттенип жүрүшсө, эми алар жумушчулардын сатып алуучулук күчүн көзөмөлдөп, алардын керектөөчүлүк (сарптоочулук) дараметин арттырууга аракет кыла башташкан. Ушундай жол менен капиталисттик система керектөөчү коомду пайда кылган. Керектөөчү коом адамдардын мойнундагы «аскерге барыш керек» жана «өндүрүүчү болуш керек» деген милдеттерди алып салып, алардын мойнуна «сатып алуучу, керектөөчү болуш керек» деген жаңы милдетти жүктөгөн.​

Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе - керектөөчү коомго чейинки мезгилдерде деле адам баласы товарларды сатып алып, сарптап жүргөн. Бирок керектөөчү коомдо гана адамдардын байы да, кедейи да товарды физикалык жактан муктаж болгондуктан эмес, ал товарды коомдогу кандайдыр бир нерсенин (мисалы, байлыктын, ийгиликтин, акыркы моданын) көрсөткүчү, белгиси деп эсептегендиктен сатып ала баштаган. Мисалы, керектөөчү коомдогу адамдар «Патек Филипп» же «Ролекс» деген бренддеги кол саатты коомдо ал саат капчыктуулуктун жана жогорку статустун белгиси болгондугу үчүн сатып алып, колдонушат.

Капиталисттик система медианын жана жарнаманын жардамы менен керектөөчү коомду жарата алды десек жаңылышпайбыз. Ичиндеги адамдар өздөрүнүн ким экенин колдонгон товарлары аркылуу башкаларга көрсөтчү жана товарды тынымсыз сатып алуу менен өздөрүнө ыраазы болуп, бактылуу болчу коомду жалаң гана медиа жана жарнаманын күчү менен жаратуу мүмкүн эле.

Керектөөчү коомдун келип чыгышы менен капиталисттик системанын күчүнө күч кошулган. 1980-жылдарда советтик социализм керектөөчүлүккө негизделген капитализмге утулган. 1990-жылдын башында СССР кулаары менен анын курамындагы өлкөлөр керектөөчү коомго карай кадам ташташкан. Башка бардык постсоветтик өлкөлөрдөй эле Кыргызстандын коому да керектөөчү коомго айлана баштаган.

Кыргызстандын керектөөчү коому жана башаламандык

Кыргыз эли 70 жылдан ашуун советтик пландык экономикада товардык дефицитти башынан өткөрүп жашап келген эле. Кыргызстан базар экономикасына өтөрү менен Кытайдан ж.б. чет жерлерден ар түркүн товарлар келе баштаган. Соода базарлары менен дүкөндөр кескин көбөйүп, элге ар түркүн товарлардын арасынан «каалаганды тандап алуу» мүмкүнчүлүгү берилген. Мындай мүмкүнчүлүк ошол кезге чейин Коммунисттик партия эмнени кааласа ошону жасап, партия эмнени сунуш кылса ошону «тандоого» мажбур болуп жүргөн элди таасирлентип, өзүнө тарткан. Эл керектөөчү деген ролду кызыгуу менен аткара баштаган. Бирок алар керектөөчү болууну улантыш үчүн акчага муктаж эле. Ал кезде туура эмес менчиктештирүүдөн улам өндүрүш объектилери талкаланып, элдин көбү жумушсуз калган болчу. Эл акча табуу маселесин алып сатардык жана эмгек мигранттыгы менен чечүүгө жетишкен. Көп өтпөй эле чет жерде эмгектенгендер керектөөчү катары Кыргызстандын базарларынын жана экономикасынын негизги кыймылдаткычы болуп калышкан.

Карапайым калк ушундай кубулушту башынан өткөрүп жатканда Кыргызстандын бийлик төбөлдөрү, аткаминерлери жана депутаттары эмне менен алек болушту? Алар да керектөөчүгө айланышты. Бирок алардын акча табуу жолу карапайым элдикинен башкача болду. Мисалы, аткаминерлердин көпчүлүгү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып акча таба баштаган. Бийлик төбөлдөрү жана алардын жакындары мамлекеттин жерине, кенине жана мамлекеттик кызмат орундарына сатылуучу товар катары карап, байлык топтоо үчүн аларды пайдаланууга өтүшкөн.

Ушул жерде кошумчалай кетчү нерсе - Кыргызстандын интеллектуалдык катмарынын өкүлдөрү болгон илимий кызматкерлер ЖОЖдордо зачёттук бааларды жана дипломдорду товарга айлантып сата башташкан. Дипломдордун негизги кардарлары чет жерде эмгектенген мигранттар болушкан.

Кыргызстандын керектөөчү коомунда аткаминерлердин, депутаттардын, кылмыш төбөлдөрүнүн жана алып сатарлардын арасынан акырындап жергиликтүү капитал ээлери, б.а. «жаңы кыргыздар» келип чыккан. Дал ушул «жаңы кыргыздар» белгилүү бир убакыттан кийин шайлоочулардын добуштарын «миң сомдук товарга» айлантышты.

Кыскасын айтканда, жазылган-жазылбаган мыйзамдарда «сатылбаш керек» деген категорияда турган бардык нерсе (дипломдор, депутаттык мандаттар, кызмат орундары, мамлекеттик жерлер, мөңгүлөр, кендер ж.б.) керектөөчү коомдо товарга айландырылып, сатыла баштады. Мындай жол менен акча тапкандар да, миграцияда маңдай тери менен акча тапкандар да акчасын бийик зоболонун, «элдей болгондун» көрсөткүчү, белгиси деген соода предметтерине жумшап келатат. Аткаминерлер менен депутаттардын басымдуу бөлүгү капчыктуулуктун, «кудуреттүүлүктүн» көрсөткүчү болгон материалдык нерселерге жетыш үчүн ахлаксыз, мыйзамсыз иштерге барып жатышса, эмгек мигранттарынын көпчүлүгү «элдей болгондун», акча тапкандын белгиси болгон материалдык нерселерге жетиш үчүн ден соолугун, өмүрүн сарптап жатышат.

Кыргыз коомчулугу адеп-ахлак жана баалуулуктар кризисине кептелди. Керектөөчү коомдо улуттук баалуулуктарыбыздын айрымдары (мисалы, улуттук кийим, тамак-аш, суусундук ж.б.) товарга айланса, башкалары (мисалы, баланын төрөлүшүнө, кыз берүүгө, сөөк коюуга байланыштуу каада-салттар) адамдарды сатып алууга үндөгөн элемент болуп калды.

Мындан кийин эмне болот? Керектөөчү коомдогу социалдык жана саясий башаламандыкты жөнгө салуунун кандай жолдору бар? Бул суроолордун жообуна кийинки макалабызда орун беребиз.

Гүлдана Мурзакул, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG