Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

«Тандалмалардын» таз кейпи


Макаланын жазылышына НТС телеканалынын «Уялчаак депутатыбыз уялбай эле, кызы экөө көмүскө бизнес кылабы?» деген көрсөтүүсү түрткү болду. Коррупцияга каршы аттанган журналисттерге Жараткан жар болсун.

Илгери бир акылман атанын тентек уулу адал-арамды ажыратпай, элдин назарынан калыптыр. Ошондо атасы аргасыз «уулум, сен адам болбойсуң» деп тетири карап кетиптир. Арданган бала аябай көп окуптур. Жүк ташып, пара берип бир жерге аким болуптур. Колундагы кызматчыларына атасын алып келүүнү буйруптур. Атасы келгенде креслодо керкейип: «Ата! Мына көрдүңбү, сен мени «адам болбойсуң» дедиң эле, тал чыбыктай сулуулар мага чай ташышат. Билеги күчтүү жигиттер менин кызматымда, элдин баары мага кошомат кылат», - деп мактанганда: «Уулум, сен дагы эле адам болбопсуң. Эгер адам болгонуңда мен сенин жаныңа эмес, сен менин жаныма келмексиң» дептир. Жогорудагы акмак баланын жоругу жогорку билимдүүлөргө эч кандай тиешеси жок. Бирок сөз ээсин табат деген ниеттемин.

«Адам канчалык билими артып, ой жүгүртүүсү кеңейген сайын ошончолук кичипейил болот» деген ниетте көпчүлүк ата-энелер акыркы торпогун сатып, балдарына жогорку билим берет. Тилекке каршы, айрымдары ошол торпок бойдон окууну бүтүп, калктын тагдырын чечип, элдин элитасын түзүп жатат. Сулуулар сулуулугун күзгүдөн көргөндөй эле, кыргыз элитасы өз ишмердүүлүгүн социалдык түйүндөрдөн билсе болот. Ооба, арасында беш-алты тилде булбулдай сайраган полиглоттор, чет элде билим алган вундеркинддер көп экендиги сүйүндүрсө, эки-үчтөн диплому бар экенине карабай даяр баяндаманы тамгалап, шар окуй албагандары күйүндүрөт.

Логика боюнча мамлекеттеги жарандардын билим деңгээли канчалык жогору болсо, жашоо шарты ошого жараша болушу керек. Кыргызстандагы сабаттуулук Азиядагы, Латын Америкасындагы, Африкадагы көпчүлүк мамлекеттерден алдыда. Түркияда, Кытайда, Индияда өмүрү мектеп босогосун аттабаган адамдар толтура экен. Анда эмнеге экономикабыз алардан артта?

Кызыгы, миллионерлердин мекени болгон АКШдагы айрым миллиардерлердин жогорку билими жок. Далил катары Марк Цукерберг менен Стив Жобсту мисал келтирсек болот. Бизде жогорку билими жок болсо мамлекеттик кызмат тургай кызыбызды бергибиз келбейт го, келген жуучуларга? Ал тургай үйлөнө турган кыздын дипломун сурап калдык. Биздин түшүнүк боюнча жогорку билимдүүлөр өзүнчө бир каста. Байлыкты багынтуудагы алгачкы тепкич. Бул стереотиптин калыптанышына академик Аскар Акаевдин салымы чоң. Ал арада мамлекеттеги билим берүү тармагы күндөн күнгө начарлап жатканын эмгек сиңирген мугалимдер коңгуроо кагып келе жатат.

«Элита» деген сөз латынча «eligo» дегенден алынган. Кыргызчага түз котормосу – «тандалма, мыкты». Эл мыктылары же эл жакшылары. Ушул эл мыктылары - кыргыздын тарыхын түптөгөн катмар. Советтик тарыхта буларды бай-манап деп терс каарман кылып окуткан. Чындыгында ошол бай-манаптар - азыркы элита. Тек гана акчанын күчү менен алдыга чыгышты. Адал, бешене тери менен тапканда эч ким унчукпайт эле.

Илгерки кыргыз элитасын кара кылды как жарган калыстар, жоодон кайра тартпаган эр жүрөк баатырлар, акылы таш жарган акылмандар, ак таңдай акындар, чукугандай сөз тапкан чечендер түзүп, алардын таасири бай-манаптардан кыйла өйдө болгон. Мисалга алсак Калыгул олуянын көптөгөн манаптарды эл алдында уят кылганы ооздон оозго айтылып келет. Эгер Калыгул олуя азыр жашаганда соттор эчак эле «Чоңдордун абийирине доо кетирди» деп миллиондогон сомдук доого жыкмак, керек болсо каматып салмак.

Андан кийинки Советтик Кыргызстандагы элитаны пролетариаттын мүчөлөрү (саанчылар, чабандар, шахтёрлор, жумушчулар) түзгөн. Ошого карабай өлкө өнүккөн. Биринчиден, аларда ынсап болгон. Алар деле жети урпагына чейин байлык жыйнап алса болмок. Акчага эмес, тарыхка иштешти. Экинчиден, өз жумушун билген кесипкөй адистер болгон.

Кыргыз саясатчыларынын амалдарына шайтан деле таңыркаса керек. Алды Акаев, арты Бакиевдин карышкылары партиялардын аттарын өзгөртүп, заты ошо бойдон.

Шерлок Холмс деле Коперниктин «Жер Күндү айланат» деген теориясын билген эмес, бирок Манила сигарасынын күлүн Гавана сигарасынын күлүнөн ажырата билген детектив болгон. Азыр жогору жакта Шерлок Холмстой дыйкан болгондо «картөшкө кризиси» чыкмак эмес. Ашкабакты коондон ажырата албаган май тамандар толтура. Жылда Ноорузга жакын бир жолу ишембилик кылып көчөт эгип чыгышат, аны да КТРК эки жума пиар кылат.

Азыркы айрым «эл мыктысымын» дегендердин сүйлөгөн сөздөрүн угуп, тез арада психиатрга көргөзүш керекпи деп ойлойсуң. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Базардагы зайыптарга ушак боюнча мастер-класс өткөрө турган абалга жетти. Ага карабай ошолорго кол чаап, коштогон элге ырахмат. Ушунун кесепетинен коңшулар менен да мамилелерди бузуп алдык.

Берген идеяларын угуп отурсаң укмуш («уран казылсын», «мамлекет ижарага берилсин» ж.б.). «Бизге душмандын кереги жок» дейсиң. Башкасын кой, жеп жаткан наныбызды Казакстандан ташып, ун бизнесин монополия кылып, буудай эккен дыйкандарды сызга отургузушту. Билими канчалык жогорулаган сайын уурулугу да ошончо күчөп, долларларын офшордук банктарга катып, итке минген кедей болуп көрүнүшөт. Ал долларларды адам эмес, немис бөрүбасары да жыттап таба албайт. Өкмөттү өтүк алмаштыргандай алмаштырган, «XXI кылымдын аферасы» аталган Кумтөр менен түзүлгөн келишимди карап чыксак, канадалыктардын ата-бабалары ошол кездеги индеецтер менен деле мындай маскара келишим түзгөн эмес экен. Бул эки ооз сөз менен айтканда чыккынчылык жана саткындык.

1877-78-жылдары орус-түрк согушунда Осмон империясынын жеңилишине негизги себеп осмон парламенти болгон. Стамбулдагы сырларды депутат пашалар дароо Петербургга кабарлап турушкан. Буга ачууланган султан Абдулхамид парламентти таркаткан. Осмон империясы парламентсиз эле, султан Абдулхамидин тушунда тышкы карыздардын 90% төлөгөнгө үлгүргөн. Бир туруп «Бизге ушундай өз көмөчүнө күл тарткан парламенттин кереги барбы?» деп ойлоносуң.

Башында айтылган атанын баласындай кыргыз аткаминерлери кабинетинен алыс чыкпайт. Эки учурда гана чыгат: элдин акчасына курулган көпүрө, мектеп, мечит бүтсө, ошонун кызыл тасмасын кескени, анан тойго чакырса учуп барып устукан жегени. Өздөрү жомоктогудай той өткөрүп жүрсө, анан кантип элди «тойдогу ашыкча чыгымдарды токтот» дешет? Элди миграцияга түрткөн эң негизги факторлордун бири тойлор болуп жатканын баарыбыз билебиз. «Эл керек, эл сурайм» деген азамат эч качан креслодо отуруп кабыл албайт. Элдин алдына өзү барат. Бардык мүшкүл, көйгөйлөрдүн чечилиш жолдорун карапайым адамдар өздөрү айтышат. Дача-СУдагы каргашага, чек арадагы чырларга бир басып барбаган чоңдорду көрдүк.

Күн чыгыштан чыга берет, батышка бата берет. «Атамбаевдерсиз, Жээнбековдорсуз, Матраимовдорсуз» күн өтө берет.

Математикада бир мыйзам бар: орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Бул саясатка деле тиешелүү. Президенттер алмашканы менен элита өзгөрбөйт. Себеби ошол эле элитадагылар бирин бири кууп, кезеги менен эле бийлеп келатышат. Айталы, президент коррупция, криминал менен күрөшкөндү канчалык каалабасын, андай кадамга бара албайт. Ирип-чирип калган элитанын ичинде шантаж, компромат деген балээлер орун алган. Ошондуктан колу-буту жипсиз байлануу.

Кыргыз саясатчыларынын амалдарына шайтан деле таңыркаса керек. Алды Акаев, арты Бакиевдин карышкылары партиялардын аттарын өзгөртүп, заты ошо бойдон. «Мына бизде жаш кадрлар бар» деп 20 бөрүнүн ичине эки козуну кошо коюп, шайлоодо «визитная карточка» кылышат. Ал козулар деле «казанга жакындасаң көөсү жугат» болуп, бөлтүрүккө айланарынан шек жок.

Сөздүн ток этер жери - азыркы элитага люстрация керек. Бир нерсе десең эле «тажрыйбасыз кадрлар менен иш жылбайт» дешет. Ушуга токтоло кетейин. Кечээ Москвада тажрыйбасыз болгон пол жуучу кыздарыбыз бүгүн дүкөндөрдө директор, ресторандарда шеф-ашпозчу. Кечээ Москвада жүк ташыган жигиттердин арты спорттун чемпиону, алды миллиондорду санаган ишкер. Демек, болот экен го?

Дасыккан, кесипкөй уул-кыздарыбыз ишке жарап калганын баалабай атабыз. Алар Кыргызстанда, Америкада, Орусияда, Европада, Түркияда толтура. Азыркы ириген элита түп-тамырынан бери кетсе, асман жерге түшүп кетпейт. Күн чыгыштан чыга берет, батышка бата берет. «Атамбаевдерсиз, Жээнбековдорсуз, Матраимовдорсуз» күн өтө берет. Керек болсо мигранттар азыркы өкмөттүн ордун басса алда канча жигердүү иштемек. Ансыз деле Кыргызстанды мигранттар багып жатат.

Милдет кылбайбыз. Бирок акыркы үмүтүм «уранды иштетебиз» дегенде үзүлдү. Ооба, жаңы, тажрыйбасыз, кадрлар мамлекетке келсе ката кетирет. Коррупция жок болсо эле ар бир катаны оңдосо болот. «Тоготпогонуң тоо жарат» деген сөз Толубай сынчыдан калган экен. Сөзсүз түрдө эле бийлик мигранттарга же чыгармачыл адамдарга өтсүн деп айткым келбейт.

Жарыктык Толубай сынчы тирүү болгондо, балким Ош базарында араба түртүп жүргөн жигитти көрсөтөт эле, «ажолукка жарайт» деп. «Жигитти бир байлык берип, бир бийлик берип сына» дейт. Буларды сынап көрдүк. Жыйынтыгында өлкө сазга батты.

Бир эле жол бар. Сырттагы мигранттар бир муштумга түйүлүп, шайлоодо өз талапкерин таптап чыкпаса болбой калды. Эгер сырттагы кыргыз диаспоралары ушул кадамга барса, шайлоо фондуна катардагы мигранттар 100 доллардан котормокпуз. Кыргызстандагы кыргыздарга караганда сырттагы мигрант кыргыздарда мекенчилдик сезими бир кыйла көп экенин айдан ачык.

Эртеби-кечпи айткандарым келээр. Балким биз ал күндөрдү көрбөй да калабызбы, ким билет? Кийинки таза муун бийликке келгенде алардын үстөлүнө Төлөгөн Касымбековдун «Адам болгум келет» чыгармасын Шералынын чокоюндай кылып илип коюш керек.

Максат Халилов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG