Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:35

Кыргыз жери ижарага берилбесин


Кырчын жайлоосу.

«Өзөктөн чыккан өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман». «Манас» эпосу.

«Жазылбай турган сөз эле, жазылып кетти өзү эле» болуп акыркы күндөгү кабарлар ушул макаланы жазууга мажбур кылды. Акылбек Жапаровдун «жети дубан жети мамлекетке ижарага берилсин» дегени, карасуулук туугандардын Владимир Путинге жазган каты кыйла башымды катырды. Бул Жапаровдун экинчи автоголу. Биринчи голду Бакиевдин убагында «ХИПИКке киребиз» деп хит болгон эле. Коңшу өлкөлөрдө ушундай сөздөрдү сүйлөгөндөр элитадан дароо аутка айдамак.

Ансыз деле 2010-жылкы каргашалуу окуялардан кийин «кыргыз мамлекети жок, түндүгү Казакстанга, түштүгү Өзбекстанга кетет» деп Дмитрий Медведев баштаган саясатчылар диагноз коюшкан эле. Бул жара акырын айыгып келе жатканда «алп» финансист саясатчынын мынтип балп эткени төгүн жерден болбосо керек деп ойлоймун. Уйку-соонун ортосунда жоготуп алган 14 республика Орусиянын түшүнө кирдиби, алгач Крымды олжолоп алып, «Белорусия менен бирге жашаймын» деп ачык эле айтып чыкты.

Кезек Кыргызстандабы? Жаш токолго жуучу жөнөткөндөй, ортомчу өзүбүздүн саясатчыларбы? Ансыз деле Владимир Жириновскийдин Ысык-Көлгө көзү кызарып, «карыздын ордуна ижарага берсин» деп Думадан ачык айтып чыкты. Президент болгусу келген бир кыргыз Жириновскийден колдоо сурап, ордуна Ысык-Көлдү белекке бермекчи болгон имиш. Канчасы чын, канчасы жалган, бирок муну саясий технология деп коёт. Бул ыкманы орустардан мурда Чыңгызхан, Тамерландар жакшы колдонушкан. Коңшу шаарларды өткөрүп, аларда өздөрүн жети баштуу желмогузга айландырып, каршылаштарын алсыз, бечел кылып көрсөткөн. Жириновский менен Жапаровдун сөздөрү дал келгенден кийин ушундай балит технология болбой жатат деп ким кепилдик бере алат?

Империализмдин жаратылышы - кышкы уйкудан ойгонгон аюдай. Ошондой тагдыр Барсбек бабабыздын башына түшкөн. Түрк каганаты кыргыздарга өз алдынчалык бере коюп, кайра эле кыштын чилдесинде, түн ичинде тартып алган.

Андан кийин бабаларыбыз 840-жылы Кыргыз каганатын негиздеп, түндүгү көккө жеткенде Чыңгыз хан күлүн сапырды. Монгол империясындагы биринчи көтөрүлүштү энесайлык кыргыздар 1218, 1241-жылдары чыгарышкан. Козголоң ийгиликсиз аяктаган. Айрым тарыхчылар дал ушул тополоңдон кийин энесайлык кыргыздардын жарымын Ала-Тоого монголдор көчүргөн деп билишет. Андан кийин Моголистан мамлекетинин ичинде алайлык ага-инилер Адигине, Тагай (кээ бир маалыматтарда Мухамед Кыргыз) азыркы кыргыз улутун калыптандырган. Алардан кийин нечендеген эрендер өттү. Баарынын максаты «урпактарбыз кул болбой жашасын» деп далай-далай кан төктү, алакандай кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап берди. Акыркы кабарларды уканда бабаларыбыз көрдө бир оодарылып алды окшойт.

«Кыргыз жерлерин башка бай мамлекеттерге ижарага берели» дегендер арабызда толтура. Ошолорго арнап жооп иретинде жазып отурам. Бул жоон катмарды көбүнчө Союздун нанын жеп калган интеллигенция түзөт. Бул оору бара-бара жаштарга да жуккандай сезилет. Мындай өксүктөн Муса пайгамбарыбыз жөөттөрдү кырк жыл бою ээн талаа, эрме чөлдө ээрчитип жүрүп кутулду. Көкүрөгүндө кулчулугу бар муундун ордуна жаңы муун келгенде гана Муса пайбамбарыбыз жөөттөргө конушка уруксат берди.

Бизде деле иттин өлүгү ушул жерде жатат. Беш президент алмаштырдык, бирок СССРдин ностальгиясы менен жашаган кадрларды алмаштырган жокпуз. Мындай «ляппай» деген Кудаярхандын кудалары кожоюндарга, мекенди ижарага эмес, биротоло өткөрүп берет. Бир аз акыл жүргүртүп көрөлүчү. Бай мамлекеттерге эмес, Өзбекстан ижарага алган жерлерди кайтара алган жокпуз го!

«Израил мамлекетин курабыз, бизге Палестинадан жер сат, Осмон империясынын канча тышкы карызы болсо да төлөйбүз» деп жөөттөр султан Абдулхамидге киргенде: «Кан менен келген жерлерди кан менен кайра аласыңар, жер сатылбайт», - деп султан бир карыш жер да саткан эмес. Ошол кездеги коомчулуктун бир топ өкүлдөрү Осмон империясынын экономикасын эсепке алып, аны «оорулуу адам» деп шылдыңдап күлүшкөн. Бул шылдыңга да, кедейчиликке да чыдаган султандын урпактардын алдында жүзү жарык. Осмондордон кийин өз алдынча болгон арабдар алтынга алданып, жерлерин жөөттөргө ижарага беришти. Кырк жыл өтпөй арабдардын арасынан Израил деген мамлекет чыкты. Жер саткандардын арасында Палестинанын мурдагы башчысы, ыраматылык Ясир Арафаттын атасы деле бар экен. Ясир Арафат «жер сатканы үчүн атамды эч качан кечирбеймин» деп балалыктан кечиптир. Бизде Ханабад, Үзөңгү-Кууш, Каркыраны саткан саясатчылар - улуттук баатырлар.

Азаттыкты эне сүтү менен кошо ичкен бабаларыбыздын эмне себептен, кандайча Орусиянын курамына кошулганын айта кетели. XVIII кылымда манжу-кытайлар калмак-жунгарлардын таш-талканын чыгарып, геноцид жасаганы кыргыздарга аябай катуу эскертүү болгон. Кокон ордосуна «тышкы жоодон калкан болуп берер бекен» деп кошулган кыргыз манаптарынын тилеги таш капты. Кокон ордосу соргоктонуп, Кудайдын жамгырына чейин салык салды. Эч кандай коопсуздукту орното алган жок. Бир жактан Кененсары баштаган баскынчылар, экинчи жактан Цин империясынын чабуулу, ичтен кыргыз урууларынын арасындагы чыр-чатактар элди жүдөтүп, кыйнап турган заманда эл жакшылары арка-жөлөк издей баштаган. Орусиянын канаты Кокон ордосунан, Цин империясынан алда канча адилеттүү экенине көзү жеткен Атаке бий, Жантай хан баштаган айрым кыргыз уруу башчылары аргасыз оруска кошулуп кетет. Ошол убактагы чечим эң туура болгонуна тарых күбө. Антпесе азыр уйгурлардын таз кейпин кийип калышыбыз толук ыктымал эле. Курманжан датканын сөзү бар экен, «кан менен келген орус кансыз кетет» деп. Теңирге миң мертебе шүгүр, эгемен болгондон бери 28 кыш өттү. Илгерки карышкыр заман кайталанбайт. Алсызды алдуу басып алган убакыт өттү, кетти.

Эми «Орусияга кошулсак жыргайбызбы?» деген суроонун күнгөй-тескейин талдап көрсөк. Туз-насип буюруп, Москвада калмактар менен бирге иштеп калдым. Көбү эне тилин билбейт экен. Калмактарды капа кылганы - айрым орус паспортуна жетпеген кыргыздардын Орусиянын курамына кайра кирүү планы. «Силердин Кыргызстан биздин Калмыкиядан бай. Жердештериң ойлоп жатышат, «кошулсак эле Москвадагыдай жайыл дасторкон жашоо болот» деп, мындай «лафа» жашоо МКАДдын эле тегерегинде. Башка аймактары аябай кедей. Орусиянын бүт байлыгын Москва өзүнө топтоп алган. СССРдин убагы болбойт» деп кашкайтып чындыкты айтышты. Чындыгында ошондой. Биздеги жашоонун шарт Орусиянын көпчүлүк субъектилеринен алда канча жакшы.

Ансыз деле «доминион» статусундагы мамлекетпиз. Күчтүү мамлекеттер ар бир баскан кадамыбызга суфлер болуп турушат. Американын же Жапониянын колтугуна кире качсак деле бизге өгөй баласындай мамиле кылышат. Өгөй болуу эмне экенин биз, мигранттар, жакшы билебиз. Чыңгыз Айтматов дал бизге айткан экен, «эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле» деп. Бир гана кусалыкты жана сагынычты алып кеттик. Ата-Мекендин баасын сокур тыйынга баалаган бийликтен эл үмүтүн үзүп, криминал-рэкеттерге арызданып, Путинге чейин кат жазып жатышы - бул тарыхта кала турган кара так. Кыргыздан алда канча көп улуттар бар, мекени жок. Кадимки эле квартиранттай, көрүнгөн элге түртүндү болуп жүрүшөт.

ЖЕР ИЖАРАГА БЕРИЛБЕСИН. Бизден кийинки акылдуу муун келет. Ошолор баарын оңдоп, улуу Кыргыз державасын курушат деп ишенем.

Максат Халилов

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG