Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Жаман айгыр өз үйүрүнө тап


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тамга тааныган кыргыз президент же депутат, тамга тааныбаган кыргыз мыйзамдагы ууру же топ башкарган авторитет болуп саясатка киргиси келген замана.

Эсиңердеби, ыраматылык куудул Манас Бердибеков «Кыргызстан обондору» радиосун «Кыргызстан оңолбоду» деп тамашага салганы? Чындыгында Кыргызстандын оңолбогонуна көп себептер бар. Алардын эң башкысын «суперсаяк» Манас өзү ойногон. «Мен чоңойгондо рэкет болом, эл мени депутат кылып шайлайт» деп... Бейиши болгур Манас акебиз тирүү болгондо бул макаланы жазбайт элем. Мен айта турган сөздөрдү элге тамсил аркылуу алда качан жеткирмек.

Баарыбызга маалым, бизде кылмыш чөйрөсү ушунчалык тамырлашып кетти, мектептеги чыт курсак балдардан баштап көчөдөгү семичке саткан жесир кемпирге чейин аларга «грев» төлөп калдык.

Биз деле «чоңойсом чоң муштум болом» деп көчө мыйзамдары менен чоңойдук. Кылмыш дүйнөсүндөгү атыш-чабыштар чоң энелердин жомогунан алда канча кызык болчу. Орус тарыхчылары биздин балалык доорду «лихие девяностые» деп атап койду. Ошондогу «Беспредел» дале уланып келе жатканын акыркы кабарлар айтып турат. «Мага укук бергенде баарын чогултуп ит аткандай атмакмын, неге булар мынча кутурду?» деп чогуу иштеген инилеримдин каны кайнайт.

Сакалдарын саксайткан кадимки Бармалейден айырмасы жок каракчыларды ордуна койгон эр жигит кыргыздан чыгат бекен? Криминал деген кенедей кан соруп, коомго уйгактай жабышып алат экен. Коом ыйманга келип, намаз окуса буларың деле намаз окумуш болуп, бир буту мечитте, экинчи буту кылмышта. Чамасы булар Чубак ажынын «Рэкеттерге жаназа буйрубайт» деген фатвасын уккан эмеспи? Укса деле Кудайды алдагысы келеби? Айтор түшүнүксүз.

Булардан тажап Орусияга келсек, артыбыздан кууп келишти. Энесинин акысы бардай, кайда барсак көлөкөдөй болуп ээрчип жүрөт. Буга биринчиден, өзүбүз күнөөлүүбүз. Социалдык түйүндөрдө кыргыздардын баракчаларына айылчыласак, Манастан кийинки эле баатыр болуп криминалдардын сүрөттөрү жайнап турат. Ууру-кескини пир туткан коом эч качан өнүкпөйт. Кыргыздын билегинде күчү бар жигиттери үй-бүлөсүн эле эмес, өз уруусун кошо баккан. Алсыздарды, жетим-жесирлерди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай коргоп келген Кожожаш мергендер тарыхта көп болгон.

Экинчиден, бийлик күнөөлүү. Учурдагы көмүскө экономика баарын ыраазы кылгандай түрү бар. Бийлик менен кылмышкерлер табакташ болгонун далай журналисттер далилдешип, милициялар камап койсо соттор сообуна калып эркиндикке чыгарып жатышат. Айрыкча шайлоонун шайтан оюндарынын терс каармандары болуп дал ушул Бармалейлер чыга келет.

Үчүнчүдөн, криминалдык элементтер өздөрү күнөөлүү. Баткендик туугандар айтмакчы «Адидан ашышты». Өздөрүнүн тили менен айтканда «ноты перепутали, нюх потеряли». Мамлекет менен криминалитет жанаша келген кубулуштар. Кылмыш дүйнөсү жоголбойт, бирок азайышы мүмкүн. Башка өнүккөн өлкөлөрдө криминалдар көчөдөгү короз кант саткан аялдан баштап, чоң заводдорго чейин салык жыйнабайт.

Буларга төрт арам тармак берилген. Сойкулуктан, баңгизаттан, кумарканалардан жана курал-жарак соодасынан ырыскысын таап жешет. Саясаттан такыр алыс болушат. Булардын бар-жогун эл билбейт деле. Ошондо гана экономика өнүгөт. Ушуну билген Сталин Улуу Ата Мекендик согуштан кийин кылмышкерлерге каршы маршал Жуковду атайын Одессага десант кылып айдаган. Булар азайганда СССРдин экономикасы гүлдөгөн. Кытай бийлиги Триада мафиясынын көбүн сыртка кууду, калганын багындырып, кайра мекенчил кылып тарбиялады. Натыйжада Триада чет жерде тапкан акчасын Кытай банктарына салып Кытайдын держава болушуна салым кошту.

Өткөндө түрмөдөгүлөр Камчы Көлбаевге арманын айтып арызданган видеосу Интернетке таркап кетти. Өкүнгөнүм - бизде өкмөт барбы? Түрмөнүн башчысы эмне кылып отурат? Бизде адам укугун коргогон акыйкатчы деген бар эле, өкмөттүк эмес уюмдар козу карындай көп, алардын күчү жетпесе президентибиз бар. Буларга неге кайрылбайт?

Бул эмнеден кабар берет? Түрмө мамлекетке баш ийбеген, өзүнчө дүйнө экенинен кабар берет. Бул ажырым качан пайда болгонун эч ким так айта албайт. Түбү падышалык Орусиянын убагынан башталган дешет. Теги польшалык Соня Золотая Ручка деген жөөт аял орустун бүт ууруларынын башын бириктирип, азыркы «Мыйзамдагы уурулардын» системасын түзгөн. Башка маалыматтар боюнча бул системаны күч органдары өздөрү иштеп чыккан имиш. Кантсе да «мыйзамдагы уурунун» таажысын алгысы келген «талапкер» тестиер убагынан бери түрмөдө отурган, үй-бүлөсү жок, мамлекетке кызмат кылбаган, саясатка аралашпаган, кадыр-баркы бар чөнтөк кесер, ууру болуш керек. Кримчөйрөнү изилдеген талдоочулардын айтымында азыр КМШ аймагында эч кимиси бул талаптарга жооп бербейт.

Атаны катыгүн ай, уурунун да, туурунун да мыйзамы сакталбагандыктан канчалаган кыргыздын жигиттери кылмыштуу чөйрөгө аралаша коюп, алмадай болуп баштары кесилди? Коңшу Өзбекстанды Союздун убагындан берки аксакалдар кансыз эле былк эттирбей башкарып келе жатат. Бизде мындай кыргындын болушуна себеп - кримчөйрөнүн өзөгүн «уурулар» эмес, спортчулар түзөт. Көп маселелерди сөз менен эмес, күч менен чечүүгө аракет кылышат.

«Буларды азайтса болбойбу?» деген суроо элде жаралат. Албетте, болот. Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили «мыйзамдагы ууру» деген статус үчүн 20 жыл «белек» кылды эле, кыйынсынган эргулдар туш тарапка чилдей тарап кетишти. Роза Отунбаева аял башы менен бир кыйла жемиштүү иштерди жасаганын билебиз. Кийин кайра эле баш көтөрүштү.

Кыргыз топудай эле аз калкпыз. Эгер жогору жактан буйрук болсо ОМОН эки күндө тазалап салат. Бирок балык башынан сасып жатпайбы. Ойлоп көргүлө, сакалдарын саксайтып рэкеттер коркутса кайсы өзүн сыйлаган инвестор келип, Кыргызстанда бизнес ачат? Ал эмес, акчалуу мигрант мекендештер деле Кыргызстанда ишкана ачуудан чочулашат. Буга далил - Сактан Келдибаев менен Канжар Кадыралиевдин чуусу дагы эле калыс чечилбей жатат.

Кылмыштуулукту азайтыш үчүн ашыкча акылдын деле кереги жок. Түрмөлөрдү жана күч органдарын оң жакка реформаласа жетиштүү. Кыргыз түрмөлөрүндө жунгли мыйзамдары орун алган. Алсыздар алдууларга салык төлөп кызмат кылат. Жумшак, күчсүздөрү бетондо жатып кургак учук болуп ооруса, күчтүүлөрдүн «люкс хатасы» беш жылдыздуу мейманканадан жакшы экенин Интернеттен байма-бай көрүп жатабыз. «Мыйзамдагы уурунун» эрежелери менен жашагандарды жанагы алсыздардан бөлүп салышса эле жетиштүү. Канчалаган тааныштардын туугандары түрмөдө жатып «акча сал» деп зар какшаганына өзүм күбөмүн. Эмнеге «красная зона» деп кылмыш кылган мурдагы күч органдарынын кызматкерлери бөлөк жашашат да, байкуш элди карышкырлардын азуусуна салып беребиз?

Өткөндө Садыр Жапаровдун маегинде «результат» («жыйынтык») деген балээни аткарып, наам алыш үчүн милиционерлер күнөөсүз эле кедей-кембагалдарды камап саларын жар салды. Чындыгында ошондой. АКШда болсо тескери экен. Кайсы полициянын аймагы тынч болсо, сыйлык ошого берилет экен.

Кыргызда мындай майда сапаттар болгон эмес. Бабабыз Барсбектин учурунда уурунун башын кесип, атасынын мойнуна илип коюшкан. Уурунун атасы өмүр бою ошол куу башты мойнунда асып жүргөн. Аксакалдардан угуп калчумун, эшикке кулпу салышчу эмес экен. Эшикке бакан бастырылганы «үйдө эч ким жок» дегенди билдирген. Эч кимдин оюна уурулук келбептир.

Туура, кримчөйрөнү жеңиш оңой эмес. СССР кулап, экономикалык байланыштар үзүлгөнү менен криминалдык элементтердин байланышы чынжырдай болуп байланып турат. Ислам Каримовдун убагында Өзбекстан бул системадан чыкты эле. Былтыр өзбек «авторитеттери» Москва менен кайра байланышты улантты.

Акырында ушул адашып жүргөн тентектерге өзбек дамбылданын баянын жеткирип коюу аманатым деп эсептедим. Бул болгон окуя. 90-жылдарды Өзбекстанда да ушундай башаламандык орун алып, анан басылган. Ошол учурда бир зөөкүр бир кембагал балыкчынын балыгын тартып алып, балыкчынын үй-бүлөсү ачка калат. Ошондо жаны чыга элек балык зөөкүрдүн бармагын тиштейт. Колу аябай катуу ооруйт. Чыдабай доктурга барса остеомиелит деп диагноз коет. Анысы - сөөктүн ириңдеши. Алгач бармагын, анан алаканын кесип салышат. Окуянын таржымалын уккан акылдуу дарыгерлер тигил зөөкүрдүн колу балыкчыдан кечирим сураганда гана оорусу басыларын айтышат. Дарыгерлердин айтканын кылып, акыры жаны оң колунан ажырап тыныптыр. «Эмнеге бул балыкчынын балээси бизге келбеди?» деп ойлоп жатсаңар керек. Себеби силер тоноп жаткан ишкерлер өздөрү да адал иштешпейт. Кирешесин мамлекеттен жашырат, кедейлерге зекет бербейт. Адал мээнет менен келген акча силерге аш болбойт. Шайтандын тилине кирип өз элиңерди тоногонуңарды аалымдар эмес, айылдагы молдо деле айыптайт. Тобо келтирип, бул ишиңерди токтоткула. Жараткан кудайым баарыбызга ак жолун насип кылсын.

Кылмыш чөйрөсү бизнестен ажырап, көмүскөгө кеткенде гана Кыргызстан оңолот.

Максат Халилов, Москва шаары

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG