Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:53

Кылмыш дүйнөсүндө тиреш кызыды


Кылмышка шектүү катары кармалган жана издөөгө алынган жарандар. ИИМдин сүрөтү.
Кылмышка шектүү катары кармалган жана издөөгө алынган жарандар. ИИМдин сүрөтү.

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды.

Андан тышкары кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталды. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашууда.

«Дөө Чыңгыз» кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, 9-апрель күнү кечинде Бишкектеги жеке менчик «Камек» клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. 10-апрелде алган жаракатынан экөө тең оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Экөөнүн тең башы жарылып, баш сөөгү сынган, бети, колдору жанчылган. Алар Талас облусунун тургундары болуп чыкты. Ошол эле күнү Аламүдүн районундагы Кашка-Баш айылынан каза болгондордун бирине таандык автоунаа табылган. Машинеден дүрбү, Макаров тапанчасы жана чөнтөк телефондор чыккан.

Иликтөө ишинин натыйжасында биринчи кылмышка шектүү катары Чүй облусунун эки тургуну кармалды. Алар мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Кийин бул окуяга шектүү Чыңгыз Жумагулов да кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов шектүүлөр кылмышка дагы бир киши аралашканы тууралуу көрсөтмө берип, ага издөө жарыяланганын билдирди:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Кармалгандар бул кылмышты «Дөө Чыңгыз» деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов менен кошо жасашканы тууралуу көрсөтмө беришти. Булардын ортосунда өз ара криминалдык талаш-тартыш болгон. Каза болгондор да, кармалгандар да бири-бирине дал келбеген эки башка кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда турат».

Мунун алдында Бишкек шаардык милициясы эки адамдын өлүмүнө байланыштуу төрт кишиге – Чыңгыз Жумагуловго, Илияс Айдакеевге, Талант Эралиевге жана Арсен Курманалиевге издөө жарыялаган. Аты аталгандар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени кабарланган.

Жумагулов «киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн» деген айып менен 2017-жылы 18 жылга соттолгон. Кийин Жогорку сот анын жазасын жети жылга кыскарткан.

Бишкектин Ленин райондук соту 2018-жылы 17-январда Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон. Эки жума өтпөй ал Жогорку соттун чечими менен кайра камакка алынып, №3 колонияга киргизилген. Ал 2019-жылы февралда жатак абакка которулганы белгилүү болду.

Таасир талаштын кесепети

Ал эми каза болгондор кайсы криминалдык топтун катарында жүргөнү тууралуу маалымат берилген жок. Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу акыркы окуяны кримдүйнөдөгү таасир талаш менен байланыштырды:

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

«Күч менен маселени чече турган, каршылаштарын сабай тургандардын башында Чыңгыз Жумагулов турат. Алар баягы эле тармактардагы таасир талашуудан улам урушуп атышат. Алар бири-бирин кез келген жерден токмоктоп, атып кеткенден да кайра тартпайт. Мисалы, булар аткезчиликтен баштап, баңгизат соодасы, чоң-чоң ишкерлерден күч менен акча өндүрүү сындуу нерселерди талашат. Биринин аймагына бири кирип кетсе ушундай ызы-чуу болот».

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси («Денеге оор залал келтирүү менен киши өлтүрүү») менен катталды.

Мыкаачылык менен уюштурулган кылмыш иши мамлекеттеги кылмыштуу топтордун тиреши күч алганы жана аларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзам боюнча маселени көтөрдү.

Жакында эле депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда шайлоо жакындаган сайын криминал баш көтөрөрүн эскертип, аларга каршы тиешелүү мыйзамды тезирээк кабыл алууга чакырган.

Кримдүйнөгө каршы мыйзам кечикти

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 9-апрелдеги жыйынында депутаттар өкмөт «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзамды кечиктирип жатканын айтып чыгышкан.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган мыйзам 1-январдан тартып жаңы кодекстер ишке киргенине байланыштуу кечигип жатканын парламенттеги сөзүндө жүйө келтирди:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

«Тилекке каршы буга чейин мамлекеттик органдарда мыйзамды эски кодекстер менен иштеп чыгып атканбыз. Азыр Юстиция минстрлиги жаңы мыйзамдар боюнча корутунду берди. Корутундуга ылайык, биринчи «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынышы керек. Андан кийин «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзам долбоору каралышы зарыл. Учурда «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» мыйзам мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессинен жана коомдук талкуудан өтүп жатат. Ошондуктан бул мыйзам кабыл алынгандан кийин «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзам кабыл алынат».

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Рафик Мамбеталиев «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзам парламентке 2012-жылы эле сунушталып, бирок колдоо таппаганына нааразы болду. Ал мыйзамдын кабыл алынбай жатышына айрым күчтөрдүн кызыкчылыгы бар деп эсептей турганын айтты:

«Биз «ушул мыйзамды кабыл алып бергиле» деп Жогорку Кеңешке бир нече жолу бардык. Бирок мыйзамды өткөрбөй коюшту. Биз «уюшкан кылмыш топтун мүчөсү болгон адам жатак абакка чыкпаш керек» деген сунуш бергенбиз. Азыр болсо алардын баары эле көчөдө жүрөт. Алар өзгөчө шарттарда кармалышы керек болчу. «Соттор алардын ишин кылдат карап, өкүм чыгарышы керек» деген сунуштар бар эле. Бирок ал өткөн жок».

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Зарылбек Рысалиев уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен күрөшүүдөгү күч түзүмдөрүнүн ишин сындап, бардык ишти мыйзамга шылтап, жоопкерчиликтен кутулуудан оолак болууга чакырды:

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

«Эми уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүш үчүн да атайын жаңы мыйзам керекпи? Кылмыштуулук менен күрөшө турган башка мыйзамдар деле бар да. Ошолор менен деле иштесе болбойбу? Же сөзсүз эле «Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзам керекпи? Иштейм деген киши эски мыйзамдар менен деле иштейт. Маселе мыйзамда эмес, иштеп жаткан кишилердин өзүндө. Билинбегени менен кылмыштуу топтор иштеп жатышат. Алар тынч жаткан жок. Анткени уюшкан кылмыштуу топторго курал керек, акча керек».

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда учурда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Алар - Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев жетектеген топтор. Бул топтордон баш-аягы 210 киши ички иштер органдарынын атайын ыкчам каттоосуна алынган.

Мындан сырткары жогорудагы үч топко тиешеси жок өз алдынча башка майда топтордогу 1035 адам ИИМдин атайын каттоосуна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG