Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Ноокендеги үрөй учурган кылмыш


Кылмышка шектүү жаран бала көмүлгөн жерге алып бараткан учур.
Кылмышка шектүү жаран бала көмүлгөн жерге алып бараткан учур.

Ноокенде жети жаштагы баланын үрөй учурган өлүмү иликтенип жатат.

Бул кылмыш иши боюнча райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» жана «Киши уурдоо» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоп, жергиликтүү тургунду шектүү катары кармады.

Тергөөдө баланы өлтүрүүгө жабырлануучу менен кылмышка шектүүнүн ортосундагы аласа-бересе себеп болушу мүмкүн деген божомол айтылууда.

«120 миң доллар талап кылган...»

Райондун Масы айылынын тургуну, жети жаштагы бала 4-апрелден бери дайынсыз жоголуп жатканы тууралуу кабарды жакындары милицияга 5-апрелде билдиришкен. Бул аралыкта атасына белгисиз бирөө телефон чалып, бала үчүн ири суммадагы акча талап кылган (баланын атасы атын айткысы келген жок - ред.).

«Балам жоголгондон кийин номуру белгисиз телефондон бирөө чалып, “Уулуңду тирүү көргүң келсе 120 миң доллар бересиң" деп айтты. Биз дендароо болуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Анткени андай суммадагы акча жок болчу».

Бала көмүлгөн жер.
Бала көмүлгөн жер.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 5-апрелде кылмышка шектүү катары Масы айылынын 22 жаштагы тургуну кармалган. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын башчысы Азамат Төрөкановдун айтымында, кылмышка шектүү баланы муунтуп өлтүрүп, талаага көөмп койгонун айтып, ал жерди көрсөтүп берген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө баласын белгисиз адам уурдап кеткени катталып, Жазык кодексинин 170-беренеси («Киши уурдоо») беренеси боюнча сотко чейинки жазык өндүрүштүк иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Ноокен районунун Масы айылынын тургуну кылмышка шектүү катары кармалып, өз көрсөтмөсүндө ал баланы уурдап кетип, арадан 1-2 саат өткөндөн кийин муунтуп өлтүрүп, талаага көөмп койгонун көрсөткөн. Ал боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө сотко чейинки жазык өндүрүштүк иши алынып, эки айга камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деди Төрөканов.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен маркумдун атасынын ортосунда аласа-береселери бар. Шектүү ал үй-бүлөнүн курулуш материалдар саткан дүкөнүндө иштеген.

Мүшөккө салып көмүлгөн бала.
Мүшөккө салып көмүлгөн бала.

Уулунан айрылган ата айылдашы эмне үчүн ушундай ишке барганын түшүнө албай турат.

«"Үйүмдүн курулуш иштерин бүтүрүп алайын" деп менден 150 миң сомго жакын товарларды алган болчу. Иштен чыгаар алдында мен андан алган карыздарын араң жүрүп өндүрүп алгам», - деди ал.

Жабырлануучунун айтымында, баланы кылмышка шектүү дүкөндөн ээрчитип чыгып кеткен.

«Мурда биз менен чогуу иштеп жүргөндүктөнбү, балам менен мамилеси жакшы болчу. 4-апрелде мен дүкөндө отурганда ал уулумду үйдүн арткы эшиги аркылуу ээрчитип чыгып, бир нече сааттан кийин эле муунтун өлтүрүп салыптыр. Андан кийин да ал бала үйгө келип, шек алдырбай курулуш материалдарын сурап кеткен. Ата үчүн эң оор жоготуу - уулуңдун сөөгүн өлүкканадан көрүү экен. Мен өлүкканада жакшынакай баламдын башы чабылган, тили чыгып калган, бети-башы ылай болгон сөөгүн көрүп чыдай алганым жок. Кантип адам баласы ушундай кадамга барсын...?», - деди ал.

Жети жаштагы бала Масы айылындагы №2 Саадат Ногоева атындагы мектепте окучу. Мектептин директору Макбуба Маматалиева окуучунун өлүмү улуу-кичүүнүн баарынын сай-сөөгүн сыздатканын айтты:

«Ал окуучу бизде 1-Б класста билим алчу. Маркумду мектеп жыйынында окуучулар менен эскердик. Негизинен билим уясында коопсуздук чараларынын баары көрүлгөн. Чоочун адам мектепке кире албай, атайын күзөтчүлөр иштейт. Сабактан чыгып жатканда мугалимдер кол коюп жөнөтүшөт. Өз окуучуларыбызга "чоочун адамдар менен сүйлөшпөгүлө, алардын жанына барбагыла, үйүңөргө эрте кеткиле" деп дайыма тарбиялык сааттарда айтып турабыз».

Окуучунун сөөгү 6-апрелде соттук-медициналык экспертизадан өткөндөн кийин Масы айылында жерге берилди. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG