Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:20

«Сенин тулпар экениңди ким билет…»


Иллюстрация
Иллюстрация

Райкан Шүкүрбеков окурмандарга таланттуу драматург, таасын акын, сатирик катары көбүрөөк белгилүү.

Көп кырдуу талант бир топ аңгемелерди да жазган. Алардан деле жазуучунун башкалардан өзгөчө стилин, кыскалык менен таамайлыкты таба алабыз.

Асманга серпилген арман

Жазуучу «Толубай сынчы» баянын Өмүраалы аттуу кишиден укканын, ал элге белгилүү сөзмөр, чечен адам болгонун эскерген. Айтылуу сынчы тууралуу аңыз кеп Алыкул Осмоновдун поэмасында, кийин Кубатбек Жусубалиевдин аңгемесинде көркөм сыпатталып, жалпыга белгилүү сюжетке айланды.

Белгилүү чыгармаларга чейин Толубай сынчы тууралуу аңыз кепти биринчилерден болуп Райкан Шүкүрбеков көркөм формага келтирген, фольклордук идеализациядан арылткан. Окуя акылдуу киши издөөдөн башталат. Айтканы алеки саатта аткарылып турган хан жигиттерин аттандырып эл ичинен укмуштарды таап келүүгө жөнөтөт.

Ошол кырк жигиттин ичинде мингени боз, кийгени кызыл жигит адыр-түз, тоо-талааны аралап эч жерден хандын көңүлүнө төп келчү укмушту таба албайт. Аяк-башы билинбеген сары талаада эски күмбөздөрдөн, ага конуп отурган каргалардан, жерде сойлогон жылан менен акактап чуркаган кескелдириктерден башка эч нерсе жок эле. Маанайы чөгүп келаткан «кызыл жигит» жайылган койдун четинде арманын асманга айтып, аттын куу башын кармап ыйлап отурган койчуну көрөт.

«Сенин тулпардын башы экениңди ким билет, менин Толубай сынчы экенимди ким билет!» – деп куу башты кучактап буркурашы жигитти таң калтырат. Кой кимдики экенин сурап билген жигит жаңылыкты ханга жеткирет. Хан ошол койчуну алдырып сан жылкысынын арасынан тулпар таап берүүнү буйрук кылат. Тулпар алдына ат салбас, кууганга жеткирбес, качканда куш жетпес күлүк болушу керек эле. «Хандын сан жылкысынан тулпар табылар бекен» деп жабылган эл чубатууга коюлган тандамал күлүктөрдү тамаша кылып карап турушат.

«Чү» деген жерден алдына ат салбас хандын «Кайыр кошу» - жалдуу кара айгыр өттү. Толубай «жарабайт» дегендей башын жаңсап койду. Экинчи болуп «Боз ойноок» сынга коюлду. Аны байгеге чабарда эки жигит суулуктап барып коё берип, марага келгенде казганактаган эл тосуп албаса ат чабар баланы ой-тоого ала качып кетчү шойкуну бар эле. Ага улай Кара кашка аргымакты жетелеп өтүштү. Кара кашка ханды өлүмдөн сактап калган. Кирген буура кууп келип чайнап коёрдо ушул күлүк аты чоң аңдан секирип өтүп кетип, көбүк чачкан буура артына кайткан. Толгон күлүктөрдүн бири да сынчынын көңүлүнө толбоду, кандан-бектен кайра тартпас Толубай ханды беттеп:

«Ханым, жылкыңызда сынга толор бир да жылкы жок!» - дебеспи. Каары кайнаган хан элиндеги болгон жылкынын баарын чубатууга салганга буйрук берди. Жылкы аттуунун баары сындан өттү.

Чогулган эл арасынан бирөө жатакчынын айылында жонун жоор баскан бир чаар ат аркандалып турганын айтты эле, хандын буйругу менен аны да алып келишти.

«Арыктыгынан мөгдөп бүткөн, чымын-чиркейдин көптүгү өлгөн тарпка конгондон кем эмес. Шыйрактары өтө ичке болгондуктан туяктары опсуз чоң көрүнөт. Оорулуу кичине бала чоң атасынын кепичин кийгендей элестейт. Эл дуулдап «жоготкула, болду, көрдүк» деп чаар атты шылдыңдоого киришти.

Бирок Толубай сынчы атты көргөндө күлгөн жок, бийик мунарадан түшүп келип, атты жетелетип көрдү, токтоп-токтоп тиктеди, аяк-биягына чыкты, эл аны көрүп жабыла тиктешип калды. Толубай чаар аттын көзүн өз жеңи менен аарчып туруп, ханга карап:

- Сизге ылайык жылкы ушул, ханым! – деди.

Эл уялып ылдый карады. Хан жигитин чакырды да:

- Сынчынын эки көзүн чукуп сал! – деди. Толубай карайлап калды. Чаар аттын мойнунан кучактады, хандан эки көзүнүн куну үчүн ошол чаар атты сурады.

Хан:

- Ал! – деди, - шылдың кылар кишини тапкан экенсиң, Толубайым, өлтүрбөгөнүмө тобо кылгын».

Тулпар - ташка салса тайгылбай, кумга салса куюндай арыш керген, жылкынын дулдулу, мифтик жаныбар. Толубай көз акысына алган Чаар атты үңкүргө байлатып, кемпиринен аттын жаткан-жатпаганын сурайт. Тулпар жатпаш керек экен. Кемпиринен Чаар ат куландай семирип, эки көзү ботодой жайнап, элирип калганын уккандан кийин тулпарды суута баштайт. Даярдык иштери бүтүп, учкашкан чал-кемпир боз үйдө чай ичип отурган ханга келип: «Тулпар туягы жеткен жерде сени каргайын, сени менден кийинкилер да каргап эстейт, сен менин көзүмдү жоготтуң, өзүмдү, көкүрөгүмдү жогото албайсың» деп, ханга каяша айтып тулпардын оозун коё бердиртет.

«Туягынан таш быркырап, даңканы чыркырап…»

Хан күлүктөрүнө жигиттерин мингизип, Толубайды тутуп келгенге миң дилде бермей болду. «Ат атка тийбей, чалдын бир учу жерде, бир учу көккө көтөрүлүп, куушурулуп куюнга айланат». Тулпарды алыстан көргөндөр «уюган жалгыз чаңдын керилген тоолорду көздөй ызгып бара жатканын көрүшүп: «Бул жылкынын чуркашы эмес, ал эми жылкы болбосо эмненин чаңы?» деп таңданышат».

​Тулпар учуп баратабы, чуркап баратабы – билип болбойт. Айылдагы ит, тайгандар ордунан козголгуча көздөн кайым болот. Ал күнү хандын күлүктөрүн мингендер токойдо адашып, Толубай сынчы ат аша албас аскага камалып, туюктан таңга жуук жолго чыгып, хандын жигиттери атка мингиче тоо этектей качты. Түш ооп, куугун сээлдеп калганда артынан Карагер күлүк жетип келет. Сынчы «бул күлүктүн бир айыбы таманы жука эле, таштакка сал» дейт.

«Туягынан таш быркырап, даңканы чыркырап, Чаар тулпар Карагерге караанын көрсөтпөй кетти». Андан кийин шамалдай учкан тулпарга хандын Тору кашкасы жете келет. «Бу да ок жетпестин бири эле, мунун жалгыз айыбы - көзү чекир, күндүн чагылышына сал, кокуй!» Кашка да ара жолдо өксүп артта калды. Хандын ишенген үчүнчү күлүгү - жалдуу Кара буудан мактоону көтөрө албай аксап, ал да ара жолдо мүргүдү.

Арааны ачылып, эти кызыган тулпарды токтотуш мүмкүн эмес. Толубай туугандарына тулпар минип качарын, аны тосуп алышын алдын-ала табыштаган экен.

«Мен тулпар минип качам, мени аркан тосуп алып калгыла, болбосо кызыган тулпар токтобойт, жарга же сууга салып өлтүрөт». Анан эли-журту туш-туштан аркан тосуп, тор жайып кемпири менен Толубайды алып калат экен, Чаар тулпар дарыядан аттаган боюнча кеткен экен дейт».

Бийлигине дөөгүрсүгөн хан менен сынчынын эрегиши ошентип аяктап, нукура сынчынын кайталангыс өнөрүнүн бийиктиги дагы бир ирет ырасталат. Элдик учкул кыялдан жаралган тулпар арманда жүргөн улуу адамга канат болуп тууган жерине жеткирет.

Мезгил менен мейкинди багындырган улуу күч адамга баш ийбейт, кызыган тулпарга жер тар болуп көккө учуп же деңизге чөгүп кетиши мүмкүн. Улуу Кыймылды ооздукташ кыйын, бирок тунук акылы, көрөгөч сезими менен аны өзүнө кызмат кылдырган Толубай сындуу залкарлар да эл арасынан чыккан. Ошон үчүн «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол» деген накыл кеп жашап, учугу үзүлбөй аңыз кеп айтылып келе жатат.

Райкан Шүкүрбеков эл арасында учкул сөзгө айланган оголе көп курулмаларды калтырып кетти. «Жинди суу», «Бөтөлкөдө жай жатат, ичиңе кирсе чандатат», «Ит каппайт сени адам деп» сындуу таамай салыштыруулары ушу азырга чейин эстетикалык жамалын жоготпой келе жатат. Ал эми анын уламыш кептин учугун узартып, көркөм өң-түс берген аңгемесинде кылымда бир жаралчу залкардын драмасы менен трагедиясы ишенимдүү көрсөтүлгөн.

Толубайдын улуулугун замандаштары, бийлик тизгинин мыкчыган хан да түшүнө албайт. Көрөгөч бир жан жок үчүн тулпарды жоорутуп, жумушчу атка айлантып коюшкан, анын тулпардыгын жалгыз Толубай гана билет, башкаларга андай өнөр берилген эмес. Чаар ат чыныгы тулпар экенин далилдеш үчүн Толубай чырактай эки көзүнөн ажырап, көпчүлүктүн шылдыңына кабылат.

Толубай баарына кайыл болчу, ал үчүн бир келген тирүүлүктө чыныгы тулпарды көргөнү эң бийик бактысы эле. Эми анын өмүрү маани-мазмунга ээ боло баштаган, себеп дегенде, тулпарды көкүрөгү караңгы шордууларга көрсөттү, ошол жетиштүү улуу сөздү куйма кулактар от боюнда шыпшынып айтып отурушмак.

Толубай сынчыга кыргыз адабиятында эле Алыкул Осмонов, Кубатбек Жусубалиев сындуу улут адабиятыбыздын беш манжа менен саналчу корифейлеринин кайрылышы теманын өзүндө катылган философиялык өзөктүү түшүнүктөргө: бийлик менен өнөрдүн, бийиктик менен пастыктын, карөзгөйлүк менен айкөлдүктүн ортосундагы токтолбос күрөшкө байланышкан.

Толубай сынчынын акыйкатка жетиши өтө эле оорго түштү, дөөгүрсүгөн ханга өнөрүнө таянып, чечүүчү кармашка баары эле чыга бербейт. Жазуучу келишпес эки күчтүн тирешин алдыңкы планга коюп, бийик өнөр адамынын ишеничи бардык тоскоолдорду жеңип, адилдик баары бир жеңишке жетишерин көрсөтөт.

Райкан Шүкүрбековдун аңгемелеринин арасында курч социалдык проблеманы козгогон «Жол», 15 жашында жазган «Жаркынай», коомдук турмуштагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган «Ата салты» сындуу чыгармалары бар. Учурунда өзгөчө популярдуу болгон «Жинди суу», «Кыз-жигит» термелери, Токтогул Сатылгановдун татаал тагдыр жолун баяндаган «Акындын үмүтү» драмасы, «Жапалак Жатпасов» комедиясы, бир топ интермедиялары кыргыз сахнасынан түшпөгөн чыгармалардан болду.

Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев улут адабиятындагы кайталангыс таланттар эле. Райкан Шүкүрбеков сатиралык чыгармаларды кемелине келтирип жазган чебер, көңүл кылын черткен сезимтал поэзиянын, кара сөз, драмалык чыгармалардын автору катары адабият тарыхында калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG