Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:30

Ээн тоодо жалгыз калган тестиер


Иллюстрация

Кусейин Эсенкожоев 24 жашында 1944-жылы Днепр боюнда кан майданда курман болгон.

Анын балдарга арналган фантастикалык аңгемелери, ырлары ушу азыр да кызыгуу менен окулат. Бүгүн биз жазуучунун «Шарше» деген аңгемесине токтолобуз.

Көк-Белде ит-куш көп

«Шарше» - илгерки бай-кедей замандагы койчунун турмушуна арналган аңгеме. Чыгарма 1937-жылы жарыяланган. Фантаст жазуучу катары таанылган жаш таланттын реалдуу турмушту кыйла сентименталдуу, анан да ошол кездеги адабий жөрөлгөгө ылайык кара өзгөй бай менен бечара кедейдин жашоо-турмушу аркылуу баяндаган ушул чыгармасы эмнегедир унутта калып келатат.

Чыгармада совет бийлиги келгенге чейинки кыргыз турмушу, койчулуктун оор күндөрү, сур замандагы жетим баланын көргөн-бакканы алдыңкы планга чыгат. Ошол Шарше кичинекей иниси менен карындашын, апасын таштап Бөлөк деген койчуга жардамчы болуп Коёнбай байдын коюн жайлоого айдашат. Кара өгүзгө азыноолак жүгүн жүктөп, терс куланы минип Бөлөк, ага кошулуп топозду чүлүктөгөн Шарше жайлоого жөнөп калышат. Жолго жуп чыгарда Коёнбай Бөлөктү чакырып алып, ага мындай тапшырма берет:

« – Бөлөк, сага бир нерсени айтайын деп унутуп калган экемин да, жанагы баланы жакшылап жумша, тил албаса, кулагынан кармап жерге бир ур. Ал жерде болушар жаман энеси да жок. Анан сен да ала көөдөк, уйкучу, жарамсыз капырсың, карыганча эч нерсенин жайын билбейсиң! Менин колумда көп жылдан бери жүрөсүң, бирок теги жок акмакка бир нерсени үйрөтүп да болбойт экен, сага эмнелерди дебедим, эмнелерди айтпадым. Бирок, айтканым айткан жерде, дегеним деген жерде калчу болду. Алыскы жерге, тааныбаган белге койлорду оторлоткону алы баратасың. Сак бол! Сак бол! Мен да жума сайын каттап турам. Жөнө, коюңдун артынан! – деди да, сербейген буурул сакалын сылап кала берди.

Дагы бир нерсени унутканын эстей коюп, желдирип бара жаткан Бөлөккө экинчи ирет кыйкырды:

- Көк-Белде карышкыр, илбирс, аюу көп болот, койлордун арасында тууп бүтпөгөндөрү бар, көзүңөр агып, кырдырып жибербегиле! – деди да, бурулуп үйүнө кирип кетип, жок болду».

Ошентип Бөлөк менен Шарше алды бийик зоо, капчыгайга батпай буркан-шаркан агып аткан дарыяны бойлоп, Көк-Белге кой айдашат. Койчу менен жардамчысынын корккону тик боорлоп кеткен жалгыз аяк жол эмес, тоо ичинде ит-куштун көптүгү. Бөлөккө бала болсо да Шаршенин жанында жүргөнү жакшы, ээн жайлоодо эш кылчу адамы. Жолдо келатып ал ичтеги арманын балага жашырбай айтат:

« - Шаке, - дейт Бөлөк. - Кантейин, эмнелерди көрбөдүм! Бирок аркамда жөлөк, алдымда өбөк жок, дүйнөдөн медерсиз өтөмбү дейм. Жашым болсо да 40-50 ортосунда.

Коёнбай эмнелерди кылбады!.. Аялымды да агаларына алып берип койду. Ачылбаган санаам, жазылбаган кайгым үстү-үстүнө катарланып, жүрөктү үшүк басты. Денемден каным качып, «жаштык кетип, карылык жетип» дегендей болуп бара жатам го, балам. Сага эмне, башың жаш, жамандыкты да көрүүчү, жакшылыкты да көрүүчү, балам, сенин атаң жок болсо да, энең бар жана иниң, карындашың бар. Алар да өсүп чоңоёр. Бирок мен байкушту айтпайсыңбы, карып, мусапыр деп мендейди айтат. Карып эмей эмнемин, балам? Мен сенин атаң Байзак маркумдан үч жаш улуу элем. Байзак тирүү болсо жаш жигит кези болбойт беле. Каза таап кетти да. Эми энең байкуштун эмгегин, аракетин эсиңден чыгарба! – деди да, катуу-катуу үшкүрүп алды».

Койчулардын тилегени көздөгөн жерине эртерээк жетип, алачыгын тигип, малын жайлап, жакшылап эс алуу болчу. Малдын түйшүгү деле көп, жайлоодо кой жаныбарды аңдыган ит-куш арбын. Жаңы келген мал от издеп кетет, аны тосоттоп, карап турбаса аңдыган бөрү, илбирс, аюунун чеңгелинде калышы оңой эле.

Капыс чыккан аюу

Чөпкө кыныккан койлордун алдын тосуш үчүн чуркап келген Шарше бийик балтыркандар арасынан бир нерсе кыймылдаганын сезип, катуу кыйкырып жиберди. Койлор да бир балээни сезгенсип, жер тепкилеп ийрилип элеңдеп туруп калышты. Таягын кармай чуркап келген Бөлөк баланын эмнеге кыйкырганын сураганча бийик чөптөрдүн башы дагы кыймылдап, Шарше колун жаңсап көрсөткөн жактан дүгдүйгөн бир жаныбар чыгып калбаспы. Коркуп турган койчулар жакындап келип карашса чоң кара аюу экен. Жырткыч адамдардан качпай, артынан басты.

« – Бөкө! – деди Шарше арт жагын карай коюп. – Жанагы келе жатат, кантебиз? – деди.

Бөлөк да токтой калып, арт жагындагы акырындап басып келе жаткан аюуга карап тура калды.

- Кантебиз, чайнап өлтүрүп таштайт го, - деди Шарше.

- Жок, айланайын Шаршеке, коркпо, корксоң ого бетер өчүгөт. Кокустан качырып калса, мен кармашайын, - деди Бөлөк. – Мен аны менен кармашканда, сен аны бөйрөк тушка сайып кал! – деп курундагы бычагын кынынан сууруп, Шаршеге кармата койду.

Аңгыча аюу да жакындап басып келди да, бир аз токтой калды. Жок, болбоду, жүндөрүн үксүйтүп, денелерин чыйраткандай болуп оозун араандай ачып бакырып, аларды көздөй жүткүндү. Анын ачуулуу үнүнөн, сүрдүү түрүнөн корккон Шарше да Бөлөктүн арт жагына далдалана калды. Жок, болбоду, Бөлөк менен жалмалаша түшкөнүн көрүп, эмне кылар айласын таба албай, Шарше бир аз туруп калды. Бөлөк аянычтуу үнү менен:

- Шарше! – деп үн чыгарып алды. Андан башка сөз айтууга чамасы келбей, аюу менен алышуунун аракетинде болду. Шарше да эстей койду да, колундагы бычакты оңтойлоп кармап, Бөлөктү жерге ыктап жаткан аюуну таамайлап туруп бөйрөк тушка коюп өттү. Аюу аянычтуу үн менен катуу бакырып алды да, Бөлөктөн ажырай түшүп, Шаршени көздөй бет алды. Шарше эмне кылар айласын таба албай, беш кадам алыстыктагы чоң кара ташты айланып качты. Аюу да ачуулуу үн менен сүрдүгө түшүп, кулап кетти».

Аюу менен кармаштан оңоло албай Бөлөк ээн тоодо жан берет. Жалгыз калган Шарше Бөлөктүн сөөгүн корумдап, мындан ары эмне кыларын ойлойт. Үзүлөрдө Бөлөк жайлоодогу ит-кушка жем болбош үчүн жаш баланы койлорду айдап айылга кайтууну табыштаган. «Бүгүнтөн калбай айылга кайт. Болбосо сен да майып болосуң» деген.

Ээн жайлоодо бир короо кой менен жалгыз алачыкта кичинекей бала калат. Ойдо жок жерден туш келген кысталыш кырдаалдан кантип чыгыш керек? Кичинекей бала, ээн тоо, элтейген койлор. Айласын таппаган Шарше бөөдө өлүмгө туш келген Бөлөктү жоктоп ыйлап, көз жашы кургаганча отуруп, аны корумдаганга киришет. Баланын оюна ошондо бир гана нерсе келет. «Эми мен да өлөм го, энем, иним, карындашым кантет» деген ой көкүрөгүн мыжып, айласын таппайт. Минтип бир киши жок ээн жайлоодо келген күнү сербейип жалгыз каларын ойлогон эмес эле. Бөлөк абасынын айтканын аткарып, койду айылга айдап кетүүнү чечет.

Таңдын атышы мынчалык узак

Кыйналып-кысталып, узак жол басып келсе Бөлөктү аюу чапчып, анын сөөгүн корумдады, кырсык деген ушул экен, кичинекей бала анын чын эле өлгөнүнө ишенбей, таштардын арасында калган жүзүн ачып карайт. Ушундай да болобу, жаш баланы ээн калтырып, Коёнбайдын жер жайнаган койлорун таштап, «бала коркот» дебей Бөлөк абасы бу жалганды таштап кетип калабы? Коёнбайдын жайнаган коюн эми айылга кантип айдап жеткирет? Жол алыс, жалгыз өзү кантип барат? Бир күндө жетчү жер эмес. Тоо ичинде жалгыз аюудан башка карышкыр, илбирс, чөөлөр толтура, баары кырсам-жойсом деп жойлоп жүрүшөт. Алар кичинекей баланы, жайнаган койлорду аямак беле?

«Бөлөктүн мындай каза табышы таң каларлык иштей сезилип, көзү караңгылап, кайталап көзүнөн муңдуу жашын төгөт да турат». Андан башка колунан эмне келмек? Жайлоого жаңы келгенде жырткыч аюуга жолугуп, койчусунан ажырап, анын өлгөнүнө ишенип-ишенбей, корумдалган жерди карап кыйлага отурду. Бала ушул кезде биринчи ирет өлүм эмне экенин, жанында турган киши эми тирүүлүктүн болгон түйшүктөрүнөн кутулуп, байдын коюн, тоодо жалгыз калган кичинекей баланы эстебей, башка дүйнөгө кеткенин ойлойт. Жагдай-шарт кичинекей баланы чоң киши кылып койгон.

Шарше Бөлөктү апыл-тапыл корумдап салганына өзүн күнөөлү сезип, күтүп турса ал тирилип келчүдөй, оор санаага басырылат. Бала мына ушундай алдамчы сезим менен кайгыга батып отурса аны эш туткан койлор алыс кетпей, жайлоонун чөбүнө тоюп магдырап калышыптыр. Айрымдары шибер үстүнө жатып кепшеп, башкалары селтеңдеп балага ыктап турушат. Минип келген кула ат да эч капарсыз алачыктын жанында оттоп, Шаршенин топозу жүк артып келген өгүзгө жакын келип жуушап жатат. Айланадагы тынчтыкты тоо суусунун күр-шары гана басып, жайлоо мемирегенден мемирейт.

Ал түнү Шарше тоодо жалгыз калды. Койлорун алачыгына жакын айдап келип, жаныбарларды эш тутуп караңгылыкты өткөрмөк болду. Тоонун жылдыздуу асманы алдында жуушаган койлор, алысыраакта оттогон аттын күрт-шырты, өгүз менен топоз да алыс кетпей, баары кичинекей балага жөлөк болушат. Көзү илинип-илинбей, оюна ар кыл коркунучтар кирип, уктай албай, таягына үмүт артып таң атышын күттү. Жарыктын келиши ушунчалык узак, караңгылык коркунучу дегеле кетпестей күтүү мынчалык созулабы? Суу боюнда оттоп аткан аттын бир кишенегени угулуп жок болду. Аны менен улуган карышкырлардын да үнү басылып, жер тепкилеген койлор ийрилип Шаршени тегеректеп, баары чочулап турганда маалкаткан жайдын таңы да атты. Таң атканда Шарше сүйүнгөнүн ыйлап жиберди.

Таң аткандан кийин Шарше Бөлөктү корумдаган жерге келсе, аны эч ким бузбаптыр. Бөлөктүн чындап сапарга кеткенине эми ишенип аны дагы корумдап, айылга койлорду айдап жөнөөгө камданды. Карышкырлар түндө кула атты жара тартып жеп кетишиптир. Анын каркайган сөөктөрү гана калыптыр. «Бөлөк менен Терс кула аттын ажалы келгиче айылга кетейин» деп заматта каадалуу киши болуп калган Шарше койлорун айдап жолго чыкты. Өгүзгө жарыбаган буюм-тайымын артып, топозун токуп минип, Бөлөк менен коштошту. Өлгөн аюунун эки кулагын кесип ыргытып, бычакты көк шиберге сүртүп, жырткычка деген кегин алып койлорун айдады.

Кайрадан узак жолдо караңгы түшүшүнөн коркуп келе жатып капчыгайдан жолоочуларга жолугат. Аларды бир түнгө чогуу түнөп кетишин суранса тигилер шашылыш экенин айтып жаш баланы ээн капчыгайга таштап кете беришти. Эки-үч күндөн бери уктабай келаткан бала бул ирет да уйку-соо ортосунда таң атырды.

Ошентип кыйналып-кысталып жүрүп койлорун айдап келсе Коёнбай койчусунун өлгөнүнө кабак-кашым дебей, ары-бери айдалып атып арыктаган малына боору ачыйт. Жайлоодон баса берген койчусун тилдейт. «Өлсөң да бир-эки күн туруп турсаң, мен барат элем го»,- дейт малга кароо бай.

Аңгеменин эпилогунда автор колхоздун баштыгы Шарше менен жолугуп, анын иниси менен карындашы шаарда окуп жатышканын, өткөн замандагы оор окуяны ал өзү айтып бергенин маалымдайт.

Кусейин Эсенкожоев молдонун баласы, эртелеп билим алуу ыкыбалына туш келген таланттуу жазуучу эле. Экинчи Дүйнөлүк согушта 24 жашында курман болуп калбаса анын чыгармачылык дарамети мындан да мыкты ачылат болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG