Түркияда Анкара шаарынан шейшемби күнү кечинде учуп чыккан учак кыйрап, анын ичиндеги Ливиянын армиясынын Башкы штабынын начальниги Мухаммед ал-Хаддад мерт болду.
Ливиядагы улуттук биримдик өкмөтүнүн башчысы Абдел Хамид Дбейба бул маалыматты ырастады. Ал жалпы улут, эл жана аскер үчүн бул оор жоготуу экенин белгиледи.
Түркиянын ички иштер министри Али Ерликай Х социалдык тармагындагы баракчасына Falcon 50 үлгүсүндөгү учак Анкарадан 20:10до учуп чыкканын, бирок 20:52де байланыш болбой калганын жазды. Учактын сыныктары Хайман районуна караштуу Кесиккавак айылынан эки чакырым алыс жерден табылганын билдирди.
Министр учкучтар чукул конууга уруксат сурап кайрылганын, бирок ушундан кийин эле байланыш болбой калганын кошумчалады.Бортто Мухаммед ал-Хаддад баштаган беш жүргүнчү болгон.
Учактын кыйраган себептери азырынча белгисиз.
Ливиянын саясий маселелер боюнча министри Валид Эллафи Libya Alahrar телеканалына учак Мальтадан ижарага алынганын, анын ээси, учактын техникалык таржымалы тууралуу жетиштүү маалымат жок экенин айтты.
Расмий маалыматка ылайык, Мухаммед ал-Хаддад Анкарада түрк коргоо министи Яшар Гюлер менен жолуккан жана тараптар Түркиянын аскерлерин Ливияга жайгаштыруу маселесин талкуулашкан. Мындай сунуш түрк парламентинин кароосуна Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму тааныган өкмөтүнүн кайрылуусунан улам киргизилген.
Ливияда бийлик өлкөнүн чыгышы менен батышынын ортосунда бөлүнгөн. Түркия негизинен Триполиде жайгашкан өкмөткө аскердик жана саясий колдоо көрсөтүп келет.
Шерине