Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

ЖК комитеттери Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди


Каныбек Досмамбетов
Каныбек Досмамбетов

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент комитети менен Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитети бүгүн 23-декабрда саламаттык сактоо министри кызматына Каныбек Досмамбетовду дайындоого макулдук берди. Эми анын талапкерлиги жалпы жыйында каралат.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров ошол кездеги министр Эркин Чечейбаевди жумуштан алып, анын милдетин аткаруу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Досмамбетовго жүктөлгөн.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына Досмамбетов реформатор жана мыкты менежер экенин жазган. Бул тармактагы "коррупциялык схемаларды жоет жана тартип орнотот" деп ишендиргенге аракет кылган.

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп быйыл февралда дайындалып, анын талапкерлигин кийин Жогорку Кеңеш жактырган. Ал ага чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда да иштеген.

Каныбек Досмамбетов мурдараак УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында да жетекчинин орун басары болгон.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG