Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Илхам Алиев Орусиядагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине келген жок


Алиев жана Путин. Душанбе, 9-октябрь, 2025-жыл.
Алиев жана Путин. Душанбе, 9-октябрь, 2025-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине келген жок. Анын администрациясы муну азери президентинин ишинин көптүгү менен түшүндүрдү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алиевди Орусияда күтүшкөнүн, саммитке катышпай турганы ага аз эле калганда белгилүү болгонун билдирди.

Алиев Санкт-Петербургдагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине акыркы жолу 2023-жылы катышкан.

Былтыр Баку-Грозный багытындагы учак Орусиянын аймагында кыйраганы белгилүү болгондон кийин бул саммитке келаткан жолдон өз өлкөсүнө кайтып учуп кеткен.

Октябрь айынын башында Путин Алиев менен жолукканда "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы кабылган кырсык үчүн Москва жооптуу экенин мойнуна алган. Анда украиналык дрондор Орусиянын аба мейкиндигин бузганда эки ракета жүргүнчү ташыган Embraer-190 учагынын жанында жарылганын айтып, жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн убада кылган. Путин кырсыктын себеби тууралуу эки күн мурун кабардар болгонун кошумчалаган.

Былтыр 25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен баш калаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Борттогу 67 адамдан 38и мерт болгон. Жарадар болгондордун арасында кыргызстандык үч киши бар болчу.

Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орус бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасабай келген жана Путин кырсык орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Алиевден кечирим сураган.

Окуядан улам Баку менен Москванын мамилеси кескин салкындап кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG