Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева көп аялдуулуктун курмандыгы болгонун айтып арызданган Бишкек шаарынын тургуну, У.Х. аттуу келин менен жолукту. Омбудсмен институту арыздануучуга укуктук жана психологиялык жардам берилерин, сот иштерине мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди.
"Акыйкатчыга Бишкек шаарынын У.Х. аттуу тургуну укуктук жардам сурап кайрылып, жарандык никедеги жолдошу, мурдагы аткаминер М.М.ны көп аял алуу фактысына байланыштуу жоопко тартууда көмөк көрсөтүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында, ички иштер органдары анын арызын беш ай карабай, араң гана 1-декабрда Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексин 176-беренеси (эки жана андан көп аял алуу) менен кылмыш ишин козгогон. М.М. 2022-жылы 16-февралда Х.У менен нике кыйдырып, үлпөт той өткөргөн. М.М. балдары бар экенин айтып, бирок аялы менен бирге жашабай калганына ишендирген. Бир жылдан кийин уулдуу болуп, наристе 6 айга толгондо генетикалык оор дартка чалдыкканы аныкталган. Келиндин айтымында, жолдошу баласынын фамилиясын өзгөрттүрүп койгон. Баладан толугу менен баш тартып, дарылануусуна да жардам бербей келет. Арыздануучу М.М.нын биринчи жубайы жана анын бир туугандары аны каралап, кысымга алып, милицияга ар кандай арыз жазып кайрылып жатканын айтат. Башкы прокуратурага келиндин арызы боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат сурап расмий кат жолдонду",-деп жазылган маалыматта.
Буга чейин Фейсбукта Хабиби Уланова аттуу колдонуучу анын көп аялдуулук тууралуу арызынын негизинде мурдагы жолдошу милицияга чакырылганын билдирип, аны менен баш кошкондо түшкөн деген сүрөттөрдү жарыялаган. Ортодо оорулуу баласы бар экенин жана ага атасы жардам бербей жатканын айткан.
Келин мурдагы күйөөсүнүн аты Мирбек Мияров экенин, ал Чүйдүн губернатору болгонун айтып келет.
Экс-губернатор өзү комментарий бере элек. Быйыл июль айында, окуя жалпыга жарыялана баштаганда өзүн Айсулуу Алтымышева деп тааныштырган келин Бишкекте маалымат жыйында 18 жылдан бери Мияровдун мыйзамдуу аялы экенин, жубайлар беш баланын ата-энеси болуп, азыр да чогуу жашашарын, Уланова алардын үй-бүлөсүн бузуп, экинчи аял болууга аракет кылганын айткан. Уланова төрөгөн уулга жардам иретинде жубайлар ага машина, батир сатып берип, сулуулук салонун ачып беришкенин кошумчалаган.
Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.
Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок.
Акыйкатчы институту көп аялдуулук тууралуу арызданган келинге укуктук жардам берет
Дагы караңыз
Шерине