Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Уиткофф Майамидеги сүйлөшүүлөр "конструктивдүү" болгонун билдирди


Уиткофф менен Кушнердин орус тарап менен болгон мурунку жолугушуусу 2-декабрда Москвада өтүп, болжол менен беш саатка созулган.
Уиткофф менен Кушнердин орус тарап менен болгон мурунку жолугушуусу 2-декабрда Москвада өтүп, болжол менен беш саатка созулган.

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Майамиде орус делегациясы менен сүйлөшүүлөр "жемиштүү жана конструктивдүү" болгонун билдирди. Тараптар эки күн катары менен, 20-21-декабрда жолуккан.

Уиткофф Х социалдык тармагындагы баракчасына сүйлөшүүлөргө аны менен кошо Трамптын күйөө баласы, кеңешчиси Жаред Кушнер жана администрациянын өкүлү Жош Грюнбаум катышканын жазды.

"Орусия баштагыдай эле Украинада тынчтык орношуна кызыкдар. Орусия украиналык жаңжалды жөнгө салуудагы жана глобалдык коопсуздук орнотуудагы Кошмо Штаттарынын аракеттерин жана колдоосун жогору баалайт",-деп жазды Уиткофф.

Мунун алдында Кремлдин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев дагы жолугушуу тууралуу ушундай эле мазмундагы комментарий берген.

Расмий Вашингтон дагы, Москва дагы сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Уиткофф менен Кушнер 19-декабрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.

Умеров бул жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берген эмес, болгону ага Киевдин европалык өнөктөштөрү катышканын айткан.

Уиткофф менен Кушнердин Орусия тарап менен болгон мурунку жолугушуусу 2-декабрда Москвада өтүп, болжол менен беш саатка созулган.

Анда Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков “компромисстик вариант табылбаганын" билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG