23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери Жанарбек Акаев Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорундагы ашууларда жүк ташыган, жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаган кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айтты.
Ал жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге кайрылып, бул маселени чечүү үчүн тапшырма берүүнү өтүндү:
"Алай менен Чоң-Алайга кар калың жаады. Биздин жүк ташыган машиналардын жүздөгөн айдоочулары эки ашууда тыгында туруп калды. Кытайдан келген айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаганы үчүн ал жакта дайыма жол тыгыны пайда болду. Ошол жерде үч күндөн бери жаткан жүздөгөн айдоочу бар. Мен азыр дагы алар менен видео аркылуу сүйлөштүм. Экинчиден, жүздөгөн техникаларды ай сайын эле тапшырып жатасыздар. Биздин миңдеген айдоочуларды азапка салбаш үчүн ошол жердеги жол тейлөө кызматына техникаларды көбөйтүп бериңиздерчи. Кыштын ызгаарында ошол жерде жүздөгөн айдоочуларыбыз жатат, Адылбек Алешович, ушуга азыр эле тапшырма берип коюңузчу".
Жанарбек Акаевге транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жооп берип, кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын ырастады. Ал жолдорду тазалоочу техникалар жетиштүү экенин билдирди.
"Чыйырчык менен Тоң-Мурунда кар калың түштү, бирок техника жетиштүү. Бирок биз жол тазалаганга чейин оор жүк ташыган машиналардын айдоочулары тартипти бузуп, каршы тилкеге чыгып, техниканын өтүшүнө тоскоолдук кылып, төрт-беш саат тыгын ошонун натыйжасында пайда болду. Бирок бардык жолду тазаладык, бүгүнкү күндө каттам бар. Сиз туура айттыңыз, кытайлык айдоочулар жайкы дөңгөлөк, чынжыры жок келип ушундай тоскоолдуктарды жаратып жатышат",-деди Сыргабаев.
Буга чейин социалдык тармактарда кан жолдордо Кытайдан келген айдоочулардын айынан бир канча сааттык тыгындар жаралганы, кырсык болгону тартылган видеолор тарап жаткан.
Шерине