Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында коюу тумандан улам 21-декабрдан бери каттамдар маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатат. Аталган аэропорттон билдиришкендей, 23-декабрда дагы тумандын айынан бардык ички каттамдардагы учуулар бир нече саатка кармалган учурлар болду.
Алматы, Стамбул, Дубай, Москва, Шарм-Эл-Шейх жана Ташкент багытындагы эл аралык каттамдар убактылуу токтотулуп, кечеңдеп жатат.
“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын өкүлү Алтынбек Мамбетов "Азаттыкка" аба майдан саздак жерге курулуп калгандыктан туман каптаган учурлар көп экенин, туман болгондо дагы учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берген жабдуулар орнотулуп жатканын айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда Москва-Бишкек багытындагы учак Манас аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган. Анда айрым жаалданган жүргүнчүлөр абалга нааразы болуп, компьютер өңдүү техниканы талкалап салганы айтылган. Аэропорттун жетекчилиги бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милицияга кайрылган жана келтирилген зыянды төлөтүп алуу үчүн иликтөө башталганы маалым болгон.
Шерине