Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Акбалбандын кеги


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн биз кыргыз аңгемесинин классикасынан белгилүү жазуучу Айткулу Убукеевдин “Намыстын азабы” деген кыска баянын чогуу окуйбуз.

Аңгеме балбандыкка, эл намысына чыккан таш булчуң азаматтардын ортосундагы эрегишке, адамдык бийиктик менен пастыкка, карөзгөйлүк менен адилдиктин ортосундагы аягы бүтпөй келаткан талашка арналган.

«Байгени бизге бөлгүлө»

Окуя Токтогул Сатылганов жаш кезинде акындыгы менен элге таанылып, жамы журтка белгилүү болуп калган чагында кайсы бир жайлоодогу ашта өткөн экен. Кыргыз турмушундагы өзгөчө маанилүү иш-чаралардын бири ал кезде элдин башын бириктирчү аш-тойлор болгон. Агайын-тууган анын болорунан алда канча илгери катуу даярданып, салтанаттын өткөнүнөн өтөрү кызык кез эле.

Аш-той болору алдын-ала кабарланып, чакырыктар эртелеп жөнөтүлүп, ат-көлүгү барлар уйкудан калып даярданып, баарына эрикпеген эрмек табылчу. Намыс алып берчү балбандар таш көтөрүп, дүмүр жулуп, болуштар ырчы-чоорчусун камдап, саяпкерлер күлүктөрүн таптап, тоолук эл толкунданып алчу.

«... Ошондо маал күз эле. Кетмен-Төбө, Талас аймагынан бери чогулуп, Анжиян, Фергана, Жалал-Абад элинен катышып, өткөн чоң ашта өзүнүн айтылуу Аксурун минип Акбалбан эңишке түштү. Күчү өзүнчө-ов! Бирок мактоо, даңк аны журт көзүнө эки эселентип жиберген. Азыр отуз экиге чыгып, булчуңдары бултуюп, бели катып, кармаштын кыйла амал-ыктарына каныккан Акбалбан кезинде күрөшкө да түшкөн. Жамы аттуу жигит беттешке чыккан. Теке териден жасалган сары жаргак шымчан, жыңайлак, көөдөндөрү жылаңач балбандар эл ортосунда чапчышып, силкишип, аябай мыжышты. Таман алдыларынан топурак бурт этип, сүрүшүп, жыгылып тура калышканда чаң көтөрүлүп жатты. Акыры чай кайнамдан ашык кармашканда Жамы көмкөрөсүнөн жыгылды. Акбалбан лап басты. Моюндан, каруу булчуңдан эзди. Жарданган эл, балбандарга чукул жүргөн жыйын башчылары экөөнү ажыратпай жайына коюшту. Көптө көөдөн күшүлдөп, таноосу кыпчыла энтигип, Акбалбан турду. Жамы топурак каап өлүп калган экен.

Акбалбан эңишке да түшкөн. Анда Шадыкан дегенге беттешке чыккан. Акбалбандын малдан башкача машыккан Аксуру Шадыкандын алдындагы күрөңдү тиштеп, чарпып тээп, кошо алышкан. Акыры Шадыкан эңилип, акыреги сынып, майып болгон. Айдаган малы, агыткан жигиттери бар Акбалбан булардын эч бирине кун төлөбөгөн.

Ушул жосун Акбалбанды «кан чеңгел» атанткан».

Ырчылык дарамети алыска тарап бараткан Токтогул акын ак жал чабдар ат минип, эл алдында кыл чайнаган Акбалбанды мактап ырдап турду:

Арстандай айбаты,

Акбалбан чыкты, көргүлө.

Арманы жок кармашып,

Алышаарың келгиле.

Айлыңда эркек жок болсо,

«Алдырганым ушул» деп,

Байгени бизге бөлгүлө.

«Чарбактан чыккан Балтабай»

Жарчынын намыска тиер сөзүн укканда чыдай албай Адыл болуштун алдына жаш жигит келет. «Шыңга бойлуу, көзү алагай, кара каш жигит» жаңыдан чыгып келаткан Балтабай балбан болчу. Эл арасында «кан чеңгелге» каршы чыкпай эле койсун», «майып кылып коёт» дегендер болушат. Бирок Адыл болуш Арстанбаптын Чарбагынан келген 27 баштагы жигиттин намыска жарап берерине ишенип, эңишке чыгарат. Өзүнүн аты мындай ишке жарабасын айтып, ал жигит Жусу бийдин Боз атын суратып, тери шымды кийип эңишке даярдана баштайт. Арстанбаптыктардын жарчысы кадимки Эшмамбет акын Токтогулга жооп кылып минтип ырдайт:

Арстанбап жерибиз,

Арстандай элибиз.

Алладан бийсиз озунуп,

«Байгени бер» дедиңиз.

Ак боз ат минип алкынтып,

Алдыңа келет Балтабай

Аны байкап көрүңүз.

Акбалбан менен Балтабай беттешип, эки чарпыша түшкөндө жаш балбандын ыкчыл, анан карылуу экени байкалып, атаандашы айтылуу балбанга бош келбеси билинип калат.

«Үзөңгүсүнө таманы жабыша ээрге нык олтуруп, жомоктолгон айбаты жүзүнө чыга Балтабайды сүрдүктүрө теминип, ач билектен чап кармады. Ал мындай оңтойдо бурап келип ээр кашына баса, чыргадай сүйрөчү. Азыр Балтабай колун буйдалтпай жулуп кетти. Боз ат да чуная Аксурдун жалынан башын ашыра, омуроо кагып сүрдү».

Акбалбан өзүнөн кем калбаган, чыныгы атаандашка жолуккан экен. Мурдагы амал-айла, ыкмалары жарабай, атаандашы жаш болгону менен үстөмдүк көрсөтүп капталдан качырып, шаштысын кетирип баратат. Эңиш узакка созулду. Аттар да, балбандар да чарчашты. Балтабай ыгын таап Акбалбандын оң бөйрөгүнүн үстүн мыжып алып коёрдо Аксур ойт берип ээсин куткарып кетти.

«Жардангандар дуулдап, чайпалышты. Балтабай купуя милдетин орундап алган, кош сүбөөнү сый кармаганы кырт эткенинен билди да, тыным бербей демиткенге өттү. Көзүнөн от чагыла капталы чымырай түшкөн Акбалбан бөксөрө да, жалтайлай да түштү. Балтабай эми билегине жабышып, булкуп ээрге басты. Басты да Бозду күргүштөтүп жөнөдү. Ат туйлатып, жаатынын намысын талашкан ырчынын оозун ким тыят? Эшмамбет үнү:

Арстанбап, чарбактан келген Балтабай,

Оо, сенин балбандыгың айтам ай.

Артында жүрөт сүйрөлүп,

Бир сарттар,

Асылып калган калтадай, - деп шаңшыйт.

Акбалбан ээрден ооп, кыңкайып түшүп каларында Аксур чапчына кишенеп, Бозго көчүк бура кош аяктап тепти. Туяк күүсү ээсинин бутуна шак тийди. Сүбөсүнө кошула буту сынган Акбалбан эңилди, жерге сулады».

Акбалбандын ору

Эч кимдин алы жетпестей сезилген атактуу балбан ошентип жаш жигиттен жеңилди. Жеңилүү ызасын тартып калган Акбалбан табыпка түшүп айыгып алгандан кийин жигиттерин Балтабайдын айылына жөнөтүп жылкыларын уурдатып алды. Мал артынан эч ким келген жок. «Мал баш-көздөн садага» деп, кек сактап калган Акбалбандан далдаа болуш үчүн туугандары Балтабайды тоо арасына качырып ийишти. А бирок кыйды Акбалбан атаандашы кайсы жерде жашынып жүргөнүн, кайсы учурларда айылына келерин жашырын аңдып жүрүп билип алды.

Бир жолу Балтабай үйүнө барып кайтып келатканда жолдогу чоң түп четинди имерилип өтөрдө алдындагы Сартору кошкуруп кетенчиктейт. Жаныбар сезген коркунучту элес албаган балбан ошол түнү Акбалбан даярдатып койгон орго түшөт. Акбалбан колго түшкөн Балтабайды кыл аркан менен бекем байлатып, жолдон алыс жердеги мурда даярдалган оруна – зынданга салат. Ээн тоодогу бул зындандан Балтабайдын качып кетиши мүмкүн эмес болчу, издеген киши да таба алгыс жерде. Эңиштен жеңилип, жарадар болуп баргандан кийин дайыма жеңишке жеткирип жүргөн Аксурду кескилетип, анын ордуна башка буурул быштыны минип, мына эми касташкан жоосун кантип жок кылуунун амалын ойлоп, бүктөмө боз үйдө олтурат.

Боз ат минип эңишке чыккан Балтабай аман калганына ыраазы болуп Акбалбанга утулуп бериши керек эле. Эл алдында баркын кетирип, эки аяктуу пенде баласынан ага каршы чыгар балбан жокто Балтабай чыга калып аз жерден майып кылып коё жаздап, жеңишти алып кетпедиби. Ошон үчүн ор үстүндө колго түшкөн жаш балбанды мыскылдуу карап турат.

«...Сен менин кош сүбөмдү сындырдың. Эми, мен сендей иттин башына жаңгак чактырамын. Дал ушул, даярдалган көрүңдө сөөгүңдү калтырамын.

- Эрк өзүңдө, баатыр. Жашың улуу... Айтайын, тил кесмек жок. А сен эл атынан кармашка түшкөндө Жамы менен Шадыканды жеңип байгени алганда кайда элең?

- Ошолордун кунун куумакчысыңбы? Ошолордун кунун кууп түштүң беле?

- Кудай бирөө болсо, кезек экөө экенин бусурман пендеси сезүү керек да. Бирөөгө кордук көрсөтсөң, сага да кордук көрсөтөр экинчи баланы дагы бир аял төрөп жатканын унутпаңыз.

- Ыя! – Акбалбан түнөрө түштү. Ичине ыйман жаадыбы, «бирөөгө кордук көрсөтсөң, сага да кордук көрсөтөр экинчи баланы дагы бир аял төрөп жатканын унутпоо керек да» деген сөздү кайталап, чатын жыйып, четке бурулду.

Жигиттери куржундагы козунун этин, киши бою кош чанач кымызды, көөкөрдөгү кымыздан тартылган шарапты алып келишти. Ор жээгинде дасторкон жайылды».

Акбалбан менен Балтабайдын ээн тоодогу бири ордо, экинчиси жер үстүндө туруп айтышуусу - аңгемедеги эң кызык эпизоддордон. Балтабай балбандын кечирим сурап алдына чөгөлөбөй, оюндагысын тартынбай айтып турушу, анан да эчен таймаштарда мөрөйү үстөм чыгышына себепкер болгон Аксурдун ээсин тээп жарадар кылышы Акбалбандын эсине түшүп, жасап аткан ишинин тууралыгына ишеничин жоготуп турган. Кыйла күндөн бери ордо ач жаткан Балтабайга жеген этинен ашканын ыргытышы, ага кыбасы канбай үстүнөн туруп даарат ушатып жибериши жанындагы сынчы абышканын нааразылыгын жаратат.

«Ате, баатыр, болбостур... Кетирдиң, боюңдагы сыймыкты. Душманың басынбай, ирденип кетти.

- Оо, сенин олуялыгыңды...- деп силкине бурулду. Шымынын кашатын киндигинен ашыра ыкшап, ычкырын буунуп, сынчыны жекирди.

- Төбөсүнөн тебелеп туруп бүрктүргөнүм үчүн ирденеби?! Ор ичине корум шилетсем, ирденеби? Отун үйдүрүп, өрт койсом ирденеби?! Кана, кандайча ирденет! Айтпайсыңбы, олуям?!

Көргөнү менен билгенин түз айтуу - сынчынын мойнуна абалтан парз. Акбалбандын сиркилдешине көп кенебей сакалын мойсоп, тике сүйлөдү:

- Адегенде башты алдың, ооз тийип орго ыргыттың. Устукандарыңды да ошенттиң. Кешигиңди кошо жеп, душманың сага ырыскылаш болду.

Бышкан аш менен жайылган дасторкон - адам ырыскысы. Ырыскы түгөнгөн күнү өлөт. Эс кире элек бала, эпкин даарыган жинди кылбоочу жорукту өзүң кылып, бүрктүрүп олтурасың, - сыймык, эми качпаганда кантти?!

«Өрттөп ийем» дейсиң, иш аны менен бүтпөйт. Издеп алчулар, намыс үчүн кун доолачулар чыгат.

-Сенин! – деди Акбалбан тигинин көзүнө сөөмөйүн кезеп. – Зилиң кыпчак. Тартып жатасың, каныңа. Сенин олуялыгыңды...

Баятан булут көчүп турган. Түнөрүп жамгыр дыбырады да, окторулуп күн күркүрөдү. Акбалбан сөөмөй кезеп жатканда, сынчы менен машташып алгансып асман чарт жарылып, чукул жерге чагылган түштү. Өйүз-бүйүз кабышып, кулак тунду. Акбалбан сестейе калды. Жаратылыштын сүрүнөн денеси дүрүлдөгөн неме, орду көзөмөлдөөгө киши калтырып, аттанып жүрүп кетти».

Мына ушундан көп өтпөй туугандары Балтабай жаткан орду таап, жаш балбанды куткарып кетишти.

Айткулу Убукеев көчмөндүк доордогу намыс менен ардын катаал күрөшүн, жеңиш барда жеңилүү ызасы да болорун, аны ким кандай кабыл алып, кантип көтөрөрүн айтылуу эки балбандын мисалында мыкты сүрөттөп берген.

«Эрегиштен эр, кагылыштан кан өлөт» деп көчмөндөр эр оюндарында адам өмүрү кыйылышына салкын-суз мамиле кылган, аны боло жүрчү иш катары кабыл алышкан. Акбалбандын кайсы бир тараптын намысына жарап, каршысын майып же жок кылып коюшу ошон үчүн кадыресе иштей кабыл алынып, аны эч ким айып катары эсептебейт. Жаратылыш кубулушу, акылдуу сынчынын каршылыгы болбосо Балтабайды өлтүрүп койсо деле эрегиштин кезектеги курмандыктарынын бири катары кабыл алынмак.

Айтылуу «Чырдөбө» романынын, эмгекчи аялдын образын жараткан «Акбула» повестинин автору Айткулу Убукеев көчмөндүк доордогу өзгөчө катаал жосундун себеп-натыйжасын мыкты көркөмдүктө ачып берген. Уруулук намыс ортого коюлган атаандаштыктын артында жеңиш кубанычы менен жеңилүү ызасы турат. «Намыстын азабы» мына ушул уңгулуу маселени козгогондугу менен баалуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG