Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:37

Медетбек Сейталиев поэзия менен прозаны эриш-аркак ала жүргөн, сезим дүйнөсүнүн драмалуу учурларын көркөм иликтөөгө ык койгон жазуучу эле. Сүрөткер пенде баласынын ашыктык сезиминин ар кыл өңүттөрүн окуялар аркылуу сүрөттөөнү жактырып, чырмалышкан конфликттин чечилишин кызыктуу тапчу.

Анын чакан эпикалык жанрдагы “Кыргыз көчү” новелласы - айтылуу күүнүн тарыхын баяндаган чыгарма. Улуу талант Асанбек Кыдырназаровдун балапан кезинде башынан кечирген катаал окуя кийин классикалык чыгармага негиз болуп, улуу комузчуну өнөр дүйнөсүнө алып кирген.

“Аман экен! Аман! Кудайым, ай!”

“Кыргыз көчү” аңгемесинин негизин реалдуу окуя ээлегенин, чыгармага Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы алыскы Нарын айылында болгон окуя түрткү болгонун автор атайын эскертет. Акыйкатта да, “Кыргыз көчү” - батышта кан күйүп атканда алыскы кыргыз айылында кандай катаал драма ойнолгонун таасын чагылткан керемет чыгарма. Нарын дарыясындай буркан-шаркан түшкөн турмуш агымында жээкте калып кеткен эки жаштын кайгылуу сүйүүсү баяндалган.

Аңгеме аскерге чакырылган жигиттин сүйгөн кызы менен соңку жолугушуусун баяндоодон башталат. Эки жаш эл алдына ачык чыгыштан уялып, минтип түндө жашыруун жолугуп жатышпайбы.

“ - Бизди аскерге чакырып жатат. Жөнөйбүз жакында.

- Жакында! – селкинин алоолонгон көз карашы жигитке от чачкандай жабыла берди. Анан ошонусун кийин сезген өңдүү жайдары, сабырдуу кармады өзүн.

- Азыр тынчтык мезгили эмеспи. Эки-үч жылда айланып кайра келем. Өзүңө келем! Күтөсүңбү мени?!

- Күтөм! Өмүрүм канча жылга жетсе, ошончо жылдар сени күтүүгө кайылмын!”

Айткандай эле күтүү башталат. Бул күтүү кылыктуу селкинин ашыктык сезими канчалык терең, ак экенин сыноочу мезгил эле. Сампа кыз кызарган батышты үмүттүү карап, жигитинен келчү үч бурч катты энтеңдеп жеткизчү он жашар баланын – “кайнисинин” келер жолун карап күн кечирет. Арадан билинбей эки жыл өтүп, аскерге кеткен жигиттин кайтарына токсон күн, жок, сексен жети күн калат. А бирок күтүү дагы узарат, батышта согуш өртү чыкканы алыскы кыргыз айылына да жетет.

“Кыздын көз салганы эми Нарын суусунун берки өйүзүндөгү бала жашаган айыл. Кээде анын бир жакшы кабарды алып келаткандай торсолоң чуркаганын көргөндө кубанычы башынан ашат. “Аман экен! Кудайым ай, мени пендем деп жаратсаң, сүйгөнүмдү эсен-соо кайрып берчи! Ал көп десең, жүзүн бир эле көрсөтчү!!”

Кыздын андай арманы менен көпчүлүктүн иши не? Бойго жеткен селкинин колун сурап кудалап келгендерге узатуу аракети башталат. Ата-энесинин эркине көнбөгөн кыз өйүздөн кат алып келчү баланы күтөт. Анын тилегин берип бир ирет агасынын катын алып чуркап келаткан баланы көрүп кыздын сүйүнгөнүн айт - “Аман экен! Аман! Кудайым, ай!”

Айласы куруп турган Сампа кыз үйүндө болгон кеп-сөздү кичинекей балага айтып, аны айылына алып кетүүнү суранат.

“ - Сен эми чоңоюп калбадыңбы, садага! Аркы-беркиге түшүнөр убагың жетти. Мени башка бирөөгө узатканы жатат, атам! Бүгүн түнү үйүңөргө алып кет мени!

- Алып кетем, жеңе!

- Жеңе дейсиңби, садага?!

- Ооба, жеңе.

- Айланайын сенден! Айланайыным!.. – кыз баланы бооруна кысып, бетинен сүйдү. Кирпигинде кылгырып тамчылана калган көз жашы баланын бетине тамды”.

Арттагы куугунчуларды жазгырып, энтеңдеген он жашар кичине бала менен белгисиз тагдырга баш байлаган кыз көпүрөгө салбай, Нарын суусун басып калган муз аркылуу өйүзгө өтүшөт. Үйгө кирүүгө батынбай, жаңы келин боз үйдүн туурдуктары сакталган кичине кампа тамга баш калкалайт. Кыштын күнү ага эч ким кирбейт. Бала жеңесине тамак ташып, ал түгүл бир ирет апасынын сандыгынын ачкычын уурдап алып, андагы агасынын кара көрпө тебетейин алып келип берет.

Бир жумадан кийин кампада кысылган келиндин абалы оорлошуп, адам жаны ачыгандай кейипке түшүп калат. Аны көргөн бала болгон окуяны энесине айтып, ал атасына билдирип, жашырын иш ачыкка чыгат. Элет элинин пейилинин кенендигинен айланса болот. Сүйүнүчкө жылкы союлуп, үңүрөйгөн айылга той түшүп, келген эл эки жашка батасын берип кайтышат. “Көп жаша, балам! Тилегиңе жет! Жарың аман-эсен келип, бактылуу дооран сүргүлө!”- деп каалоо-тилегин айтышат.

“А менин ак көйнөгүм кара күйүк...”

Согуш кезиндеги оор турмуш, кан майдандагы жарын күткөн жеңеси менен ойноок бала колхоздун оор жумуштарына бирге чыгышат. Кыйын турмушка, өзүнүн тагдыры табышмактуу болуп турганына кайыл болгон келин майдандан жарынын аман-эсен келишин тилеп, жалаң күтүү менен убактысын өткөрөт.

“...Сампанын келгенине эки жылга карады. Турмуштагы бардык кордук, ызалыкка моюн сунбай, сүйгөнүнүн элеси менен гана жашап жүргөндөй ушунча убакка чыдап түткөн бул эмне деген деген арзып күтүү?! Адамдардан да чыгат тура!

Кээде ал көчөгө басып калганда (мындай учур анын өмүрүндө сейрек болчу) көргөн адамдар кандайдыр кол тийбес ыйык зат өтүп бараткандай суктана да, аягандай да тигилишет.

А келин болсо жүрөгүндөгү улуу сүйүүсү менен жашай берди. Арман, өксүү, жаштыктын талабы жок беле анда?! Тагдыр менен атаандашып, күткөн тилегине канчалык күчөнгөн сайын келе турган эртеңи жашоодон ала турган кубаныч, бактысы кылыр тоолордон көз учуна араң илинип, койнунда катылган белгисиз коктусундагы ак, сары, кызыл гүлдөр чылк баскан адырындай ошончолук ыраак да, кол жетпестей узак, чексиз сезилчү”.

А бирок баары тескерисинче болуп чыкты. Келиндин тилеги ишке ашпай, жалгыз бир үй-бүлө эмес, жамы айыл бүт тилек кылып, үмүт менен жашап аткан чакта кан майдандан “кара кагаз” келет. Нускалуу карылар: “Өлүмсүз согуш жок, ошентсе да ушул келиндин саргая күткөн тилегин сыйлап, сүйгөнүн эсен-соо кайрысаң болот эле, жараткан!” – деп арманын кимге айтарын билбей үшкүрүп, күйүткө баткан келин таңды-кеч кошок кошуп ичин тепкен күйүтүн муңканган ыйдан чыгарат.

“А менин ак көйнөгүм кара күйүк,

Жыттанып үйүм күйүк, сүйүүм күйүк.

Энчибиз жалгыз окпу кара күйүк!

Кылымдар шуудураган токой ичи,

Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым.

Кай шумкар тебишүүдө үзүлдү экен?

Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым!..”

Кошок бир жыл бою токтолбойт. Сампа жайлоого көчкөндө да узун жолдо ат үстүндө кошок кошуп, арманын айтып түгөтө албайт. Эл угуп шүйшүнүп тим болот. Келиндин арманы тоодой эле.

Арман-күйүттүн деле убакты-сааты өтөт, өлчөлүү турмуш өз өктөсүн жүргүзөт. Кан майдандан кайтпай калган жоокердин жылдык ашы берилип, келиндин үстүндөгү карасы алынат. Топтолгон элдин алдына атасы карасы алынган келинин алып чыгат:

“ - Бул менин бир үйгө жарык берген кутум эле, тагдырдын салганына амал канча! – буулуккандай бир аз токтоло калды. – Кандай гана ырыстуу сонун үй-бүлө болот элеңер силер! Нарын суусунун эки жээгине окшоп, эч качан бул жарыкта кошулбай калдыңар! Ошол гана менин бул дүйнөдө өксүп бүтпөс арманым! Өйдө кара, Сампа балам! Сен менин келиним эмес, кызым болуп калдың! Багыңды байлабайм, башың ачык эми, кызым!!

Жыйылган адамдар бир нерсенин эпкини тийгендей козголо түштү”.

Андан ары келиндин тагдырын башкалар чечип, күйүткө баткан ата-энесинен Сампаны ажыратышып, аны башка бүлөгө узатышат. Келини үйдөн узап кетип атканда атасы менен энеси бүк түшүп, буулуккан бала күчүн ыйдан чыгарат.

А кезде “баланын майышчаак жашык жүрөгү” ушул өксүк арманды күүгө салып, ал кыргыз кыйырына белгилүү “Кыргыз көчү” деп уккан адамды айран калтырчу улуу чыгарма болорун, бул жашоонун арман-асиретин өзгөчө ыргакта баян кылган бийик музыкага айланып чыгарын ал кезде ким ойлоптур?!

“Кыргыз көчү” - Асанбек Кыдырназаровдун кылымда бир жаралчу, айтылуу актер, улуу комузчунун колунан чыгып калган кайталангыс чыгарма.

Медетбек Сейталиевдин ырастаганы боюнча, бул күүдө “кыргыздын тоолоруна чак келбеген кылымдын коргошундай ныгыра баскан мүшкүлү жатат”. Уккан сайын уккуң келе берчү маани-мазмуну кыргыз тоосундай кенен мейкинди камтыган күү. Айтса, Асанбек Кыдырназаровдун бала кезинде башынан кечирген кайгылуу окуя Медетбек Сейталиевдин “Мунар тоолор” повестинде кыйла кенен чагылдырылган.

Медетбек Сейталиев кыргыз адабиятына 50-жылдардын аягында келип кошулган сүрөткер. Анын ырлары менен кара сөз чыгармаларында адам сезиминин ар кыл учурлары, алоо жанган ышкы менен маанайды чөктүргөн арман-асирети, кубаныч менен кайгыны, бир сөз менен айтканда, жашоонун улуулугу менен тереңдиги, татаалдыгы баяндалчу.

Сүрөткер катары ал жаштыктын алоо сезимин башкара албай калган жаш адамдын алгачкы турмуш драмасына кабылышын, биринчи тоскоолдукту жеңип чыгуунун кыйындыгын көркөм изилдөөнү жактырчу. Ушул ыңгайда жазуучунун “Тегирменчинин кызы”, “Роза”, “Шагылдагы адам” баяндары кыйла кызыгууну жаратары бышык. Буларда жаңыдан турмушка аралаша баштаган жаш адамдын жашоодон өз ордун табышы, орто жолдон чыккан кыйынчылыктарга карабай максатына жеткен жаш адамдардын күрөшү кыйла ынанымдуу сүрөттөлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG