Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

«Май ташыган араба»


Иллюстрациялык сүрөт.

Шералы Келгенбаевдин аңгемелеринде кыйын кезеңге туш келген балалык, элет турмушунун жай агымы, жөнөкөй адамдардын мамиле-катыштары сүрөттөлөт.

Бүгүн биз аңгемечи, котормочу Шералы Келгенбаевдин «Май ташыган араба» аңгемесин чогуу окуйбуз, автор сүрөттөлгөн турмушка баш багабыз.

Көшүлгөн талаа

Аңгеме бир кемпирдин жалгыз уюн издеп чыгуудан башталат. Күн сайын кечинде бададан кайтчу ую келбей калса ким да болсо камтама болору анык го. Чалынан ажырап, аскердеги уулун күткөн кемпир үчүн жалгыз уй ошол үйдүн кол караган жалгыз жандыгы, сүтүн саап ичип атат, уулу аскерден келип үйлөнүп калса неберелерин акка тойгузчу жалгыз үмүтү.

Кемпир аралап келаткан талаа бул кезде кулпуруп турган. Толукшуган жайда көк чөп белден буралып, табият кемелине келип, баары гүлдөп, жыпар жыт чачкан кези эле. Чоң алышты бойлоп, кашка беде аралашкан калың чөптү аралап келаткан кемпирдин ою жоголгон уюнда болчу. Ошончонун ичинен анын жалгыз уюнун келбей калганын айт, кайда жүрдү экен же өлүп калды бекен? Байкуш кемпир курчу кеткен көздөрүн ымдалап, талааны артып, мал-сал көрүнүп калабы деген үмүттө болчу.

Бадачылардан сураса алары оңчулуктуу жооп беришпеди, акысын алганда жакшы, жооп бергенге келгенде билбейм менен кутулушат буларың. Бели ооруп көп баса албаган кемпир кадалып тиктеген менен эч нерсе учурата албай, эки жылдан бери соко тийбей калган коктунун ичин ала бата, эрмен, кендир, аткулак, гүлкайыр басып, чөп бийик өскөнүн байкады. Айлана жанданып, талаа ырдап, табият жайкы ысыкка магдырап жаткан. Кемпирди табият кооздугу өзүнө тартпай, жоголгон ую санаасын жеп, бет алдында созулуп жаткан Жыргалаңга кетчү кара жолду карады.

“Ошо жолдон калдайып бир караан көрүнгөнсүйт караңдап. Кемпир көзүнө колун серепчилеп, ошо караанды тиктеп калды жүлжүйүп. Бу келаткан машинеби же тракторбу? Жок, араба сыяктанат. Алдында келаткан аттар го. Ооба, аттар экен, араба турбайбы бул. Чокчойгон бир киши аттарга камчы көтөрөт кез-кез серең-серең эткизип. Ошо киши көрүп жүрбөсүн бу кемпирдин кызыл уюн? Аял ордунан турмакчы болду оң колу менен жер таянып. Көп отуруп койгонго буттары уюп, бели кожое түшкөн белем ого төтөн. Карылык эң мурда көздү, анан белди алат тура, катыгүн!..”

Аңгемеде жайдын керемет учуру ушунчалык элестүү, так берилген. Уюн издеп чыгып чарчап отура калган кемпир, магдыраган талаа, созулган кара жол. Мына ушул кооздуктун арасында элеттин бейгам турмушу, куулук-шумдугу жок карапайым адамдардын жөнжай тирилиги, мамиле-катышы камтылган. Ал эми ошол талааны тең жарып өткөн кара жолдо келаткан арабаны кемпир жакындаганда гана көрдү. Кары киши отурган эски арабанын да узун тарых-таржымасы бар. Араба кемпирдин бу жарыкчылыкты таштап кеткен чалынан калган эстелик эле. Кийин-кийин колхоздо техника көбөйүп, араба менен тракторчуларга май ташуунун зарылдыгы болбой, атүгүл сууну да машине менен ташып калганда май ташычу эски араба таштандыда калган. Ошол арабаны айдап келаткан сары чал дөбөчөдө отурган кемпирдин тушуна токтоп, маанилүү жаңылыкты айтты. Кемпирдин кызыл ую Жыргалаң тарапта оттоп жүрүптүр. Кемпирдин санаасы тынчып, жакшы кабар апкелген чалга ыраазы болуп, ошол жерден эле уюн айдап келүүгө камынат. Чалынан калган арабаны айдап келаткан сары чал ал жакка эмнеге барганын сурайт.

“Балжагай сары киши шише чакчадан оозуна насыбай атты да, булдуруктады:

- Мобу араба Кекемдин илгери май ташыган арабасы болчу, таанып турасыз го?

Кемпир кичинекей көздөрүн жылтыратып, кош ат чегилип шалдырканы чыгып жүдөп турган арабаны тиктеп калды. А, шордуу, сени да карылыктын кайгысы басып чирип бүтүпсүң го чалдыбарың кетип. Дөңгөлөктөрүңдүн чабактары сынып, алкагын дат басыптыр, жыгачтарың көгөрүп, курт тешкен экен калбыр кылып. Челек-челек кересин көтөргөн жыгачтарыңдын мыктарын жаан жеп, ичкере түшкөн бейм кагылган жерлеринен суурулуп.

- Муну эмне кылганы алпаратасың? – деди кемпир бир оокумда чочугандай үн менен.

- Баягы Чоң-Жергездин эски кырманын билсеңиз керек. Ошо кырмандын жанындагы чуңкурда жатыптыр төрт дөңгөлөгү асманды карап. Ал кырманды да айдап салышпадыбы жөн койбой. Ошондо бирөөлөр сүйрөп барып түртүп жиберишкен окшойт ошо чуңкурга. Машине көбөйбөдүбү, эми мунун кереги жок да. Көптөн бери көзүм түшүп жүргөн эле алып кетсемби деп. Өгүнү бригатка айттым: “Баягы Кекемдин май ташыган арабасын кор кылбай бир керекке жаратпайлыбы” деп. “Эмнеге кереги тиймек эле?” – дейт ал. “Ой, алиги трактирчилерге суу ташып бергенге кантип жарабасын. Октору, аглобдору бүпбүтүн бойдон экен, дөңгөлөктөрүнүн чабактарын гана жаңыртып, жаңы мык кагып койсок эле болду, зыңгыраган араба болот да калат”, десем, ал: “Ой, андан башка түйшүгүбүз деле жетишет, суу керек болсо, тигине суу ташыган машинеден бирөө эмес, үчөө турат, ошолор эле жеткирип берет”, деп койду булкуюп. Андай болсо өзүмө араба кылып алайын деп алып кетип баратам, байбиче. Кекемдин ушул арабасы кезегинде жалгыз өзү ушу килейген айылдын трактирлерин тыртыратып жан киргизип турбады беле, же бул жалганбы, ыя? Эми минтип таштандыга айланып баратканына жаным ачыйт, жок дегенде Кекемдин арбагын сыйлап, ошо Кекем отурган арабага отуруп жүрөйүн дедим. Кандай дейсиз, байбиче?”

Жамгырлуу түн

Арабачан сары абышка кемпирди отургузуп, уйдун артынан жөнөшөт. Жарым күндүк жолго кемпирдин басып барышы кыйын, ага эптеп чыдаган күндө да күкүктөп кирип турган Чаттын суусунан өтө алмак эмес. Колхоз эгинин аралай кеткен каксоо кара жолдо эски арабада баратып кемпирдин эсине бир кездеги окуя эсине түшөт. Анда чалынын жашыраак кези, май ташуучу араба айдап, айылдагылардын көзүнө түшүп калган учуру эле. Ошондо абысындарынын бири:

“Ай, жанагы эриңдин жүгөнүн шыпырып качантан бери агытып жибергенсиң, ыя? Алиги Айканыш сулууга көзү түшүп калган бейм, ыя? Азилдешкенин уксаң, бири бирин арзып калышкандай түрү бар. Делдейип жүрө берсең бир күнү чымын чычып кетер оозуңа. Чидерди бышыктап салбасаң болбойт азоо немеңе. Айканыш да оңой түлкү эмес. Тузагына бир түшүрүп алса, сүйрөп алып жүрүп берет чыгарбай. Башын биротоло айлантып алышы ажеп эмес. Арбашы да күчтүү. Байка!..” – деп кулагын бышытып койгон. Кызганыч деген кыйын го. Ошондон кийин күйөөсүнун баскан-турганына абай салып, аңдып калган.

Анан бир күнү күйөөсү арабасы менен жок, сыртта жамгыр көнөктөп, чагылган чартылдап, табият алай-дүлөй болуп аткан. Аялдын ичи да уйгу-туйгу түшүп, үрпөйүп коркуп алган уулун жетелеп Айканыштын үйүнө кирип барып, күйөөсү менен тиги шуркуянын бетин тытып, айгайды салгысы келди. Жамгырда кичинекей баласын суукка урунтуп, оорутуп алыштан коркуп, сабыр кылды. Бирок болчудай эмес, кызганыч менен ич күйдүлүк ээликтирип алса токтош кайда, уулун уктатып, жолдун баткагына, көөдөй кара түнгө карабай, айыл четиндеги Айканыштын үйүн көздөй албууттанып жөнөп берди. Колго тийсе чатакты чоң салмак. Чагылган “чарт” жарылганда жарык Жүрөк-Таштын үстүнө түшкөндөй караңгыны кубалап, албууттанган аял издеген жерине жетти. Бирок эшик алдындагы короодо байланган музоолуу уйдан башка жан жок экен, араба көрүнбөйт. Чартылдаган чагылганды ээрчите келген аял шыкаалап караңгы үйдү карап, бирок шектүү эч нерсе таба албай, терезени кантип черткенин билбей, ичкерини аңдып калды. Үйдөн “бу ким?” деген үн чыкканда “мен элемин, Калыйканмын” дегенге араң жарап, жети түндө эмнеге келгенин сураганда “карала музоосу” жоголуп, ошону издеп жүргөнүн айтып, көкшүнү сууп кайткан.

Жолдо арабакеч чал Жапактын дудук кызы сүйлөп калганын айтып, кемпирди дагы бир ойго салат. Айтымда тыкылдап тың сүйлөгөн кызды ата-энеси түндөсү үйдө жалгыз калтырып, ошондон ал кыз катуу чочуп сүйлөбөй калган экен. Көп жыл дудук жүргөн секелек кийин алдынан сүзөөнөк бука карп-курп чыга калса коркуп кетип “ба” деп бакырып, анысына өзү да, ата-энеси да таң калып, ошондон кийин сүйлөп калыптыр. Мындан улам кемпир жамгырлуу түндө алты жашар баласын үйдө жалгыз калтырып кеткенин эстейт. Кудай ошондо бир сактаган экен. Баласы чочуп ойгонуп, жүрөгү түшүп калса не болмок? Кудайга айтканы бар экен, супсуну сууп үйүнө келсе уулу эч нерсени билбей уктап жатыптыр.

Айканыштыкынан келгенден кийин өчү бардай токтолбогон жамгырга карабай аял күйөөсүн күткөн. Акыры келди күйөөсү.

“Бир убакта арабанын кычыраган добушу угула калгандай боло түштү. Селтең эте баш көтөрүп, демин ичине тартып делдейип кулак түрө калды. Ооба, ошол! Канын дүрдүктүргөн жүрөк кургур ордунан так секирип тура калууга мажбур кылды бул бейбакты. Короонун чыласын чалп-чулп баскан аттар эшиктин тушуна келип токтогондой болду. Күйөөсү болсо, каалганын дал каршысындагы ойдуңчада жылгаланып агып жаткан сууну шарпылдата келип, эшиктин туткасын кармады да, акырын булка тартты. Суу тийип шалпыйган мурутунун учтарына үзүлөр-үзүлбөс майда тамчылар дир-дир илинип, калың кашы түксүйүп, субагай жүзү бир аз чарчаңкы тартып сурданган олбурлуу чоң киши таманына жабышкан чыланы босого жыгачка сүрткүлөп, эшик менен эшик боло бир саамча турган соң жаандан каралжын тарткан эски ак калпагын силкип-силкип, үрөйү учуп үрпөйүңкү турган аялын бир карап алып унчукпай төргө өттү. Олчойгон чоң керза өтүгү да, этегинен сарыгып суу агып турган боз таар плащы да бүт баткак. Күйөөсүнүн ушундай жүдөңкү кебетесин биринчи мертебе көрүп турган аялдын жанатан берки алма-челме аралашкан ызаа-кордукка ууга калган кекенүүсү аёо сезимине аста-секин орун бошото баштады.

- Эмне мынча кечиктиң жүрөктү түшүрүп? – деди аял жумшак гана.

Музоо талпакка зоңкоё отуруп өтүгүн чечүүгө киришкен күйөөсү:

- Чаттагы сазга тыгылып калып… ит көрбөгөн кордукту көрбөдүмбү… Аркы станга барып трактир айдатып келип сүйрөтүп чыгарам го десем, кашык майы калбай, анысы да жүрбөй калыптыр кашайып…”

Башка сөз болгон жок. Айканыштын үйүнө барганы, абысынынан уккан ушак жашырын сыр боюнча калды. Ошентип азап менен тартылып келген майды трактирчилерге таратып, колхоз иши деп күн-түн тынбаган күйөөсү да жок. Андан калган эски арабаны минтип сары абышка айдап алып кемпирдин уюн айдап келишке кетип баратат. Бул кызматы үчүн ага эч ким ыраазылык деле айтпайт, андайды тиги сары чал ойлобойт деле. Тек Кекесинен калган эски арабаны ишке жаратып, алыс жолго жете албаган кемпирге жардам, көмөк көрсөткөнүнө ыраазы. Адамгерчилик деген ушул го. Келишсе Чаттын суусу күкүктөп агып жөө кишини агызып кетчүдөй. Сары абышка арабаны суу жээгине токтотуп, аттарды бошотуп, бирин минип өйүзгө өтүп уйду айдап келүүгө, кемпирди болсо жээкте күтүп турууну табыштап, сарала ат менен сууга кирди. Арабада отуруп буттары уюган кемпир жөн убакта бары-жогу билинбеген суунун ушунчалык буркан-шаркан түшкөнүнө таң.

Окуянын өнүгүшүнөн байкалгандай, жоголгон уйдун артынан бири экинчисине байланышкан башка эпизоддор, май ташыган эски араба, аны жүргүзүп, керегине жумшагысы келген сары чал – баары бир сюжеттик чийинге байланып, чыгармадагы негизги ойдун ачылышына шарт түзөт. Сыртынан бири экинчисине деле байланышы жоктой эпизоддор бүтүн бир чулу ойду туюнтуп, адамдар ортосундагы мамиле-катыштын ушунчалык жөнөкөй, ошол эле учурда аябай татаалдыгын көрсөтүп турат. Шералы Келгенбаев жөнөкөй турмуш көрүнүштөрүнөн адам жашоосунун кылымдарды арытып келаткан терең философиясын таба алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG