Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:40

Адабий сын акындарды капа кылды


Учурдун таанымал жаш акындары тууралуу журналист, акын Болот Таштаналиевдин жазган обзордук адабий сын макаласы калемгерлер арасында кызуу талкууга түштү.

Автор мында акыркы чейрек кылымда адабият астанасын аттаган жүздөн ашык калемгер тууралуу кеп кылып, алардын арасында таанымал болуп калган бир топ акындарга ачуу сын айткан.

Сындалган калемгерлер Таштаналиевдин пикирине макул болбой, автордун өзүнүн адабий түшүнүгү тайкы экенин айтып чыгышты. Адабиятчылар бул окуя эгемендик жылдарында калем кармаган муунга адабий сын таптакыр айтылбай келгенин көрсөткөнүн белгилешет.

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиев бул сын макалага капачылыгын билдирип, социалдык тармакка ыр да жазып ийди:

"Окшомуш этип жамгырга,

Себелей берсе болобу?

Сын жазымыш өңдөнүп,

Тебелей берсе болобу?

Жаман кемпир өңдөнүп,

Жемелей берсе болобу?

Карандай сөздөр чын эмес,

Каалаган оюм чыр эмес.

Жакшысын айтпай жакшы деп,

Жаманын айтпай жаман деп.

Урдуруп койгон сын эмес!"

Жаш акын аталган макалада сынчы калемгерлердин ар бир ырына токтолуп, анын оң-тетири жагын ачып бербей эле, тек гана үстүртөн пикир жазып койгонуна нааразы экенин жашырган жок:

Бердибек Жамгырчиев.
Бердибек Жамгырчиев.

- Азыркы жаштарды «сынды билбейт, сындан кабары жок» деген таптакыр туура эмес. Эгер бийик деңгээлде жазылган сын болсо, жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай ачып бере турган сын болсо биз албетте, кабыл алабыз. Эми чоң-чоң, ар бир ырды иликтеп-жиликтеп ачып берген сын боло элек. Бирок айтылган сындын кабыл алчусун кабыл алып жүрөбүз. Жеке ошо Болот байкенин сынын көбүбүз кабыл алгыбыз келген жок. Бизди үстүбүздөн «дымагы күчтүү болгону менен ырлары мокок, чабал, жансыз» деп ар бир ырыбызды тебелеп салганга анын эч кандай акысы жок. Андай эле сын айткысы келсе бир китепти кенен алып, аны башынан аягына чейин кенен ачып бериши керек болчу деп ойлойм.

Болотбек Таштаналиев «Өлгөндөн калган адабият» аттуу адабий сын макаласында негизинен 2000-жылдан баштап адабиятка аралашкан муун өкүлдөрүнүн чыгармаларына сарасеп салган.

- Бардык тарабынан алып жазганга аракет кылдым, - дейт ал. - «Жаштар адабияты жок, өсүш жок» деген көз караштан алысмын. Эгерде ошол сынды башынан аягына чейин эринбей, шашпай окуп чыккан адам болсо бүгүнкү адабияттын жүгүн көтөргөн акын кыздар тууралуу да айтылган. Алардын поэзиядагы ийгиликтери, кемчиликтери тууралуу да окуй алышат. Мен ошол акын кыздарга салыштырмалуу жигиттерде дымак болгону менен айткан ойлору чабал экендигин гана белгилеп койдум.

Автор жаш акындарды алардын китептерине далыдан таптап баш сөз жазган улуу муундагы акындардын жана социалдык тармактагы окурмандардын мактоосу магдыратып койгон деген ойдо.

Болотбек Таштаналиев.
Болотбек Таштаналиев.

- Мен алардын чыгармаларын окуп отуруп таң калдым, - дейт Болот Таштаналиев. - Алар дүйнөлүк адабиятты деле окубаса керек. Биздин адабиятты деле окубаса керек. Эгер дүйнөлүк адабиятты окуса азыр заманбап адабият кай тарапка баратат, эмнени жазып атат - билет эле. Менимче көптөрүнүн дүйнөлүк адабиятта кандай жаңылыктар бар экенинен кабары жок. Эгерде кабары болсо, өзүнө сын көз менен карап, чындап эле улуттук адабияттын кереге-уугун көтөрөйүн десе анда изденишмек, башкача жазганга аракет кылмак.

Мындай сынга кабылгандардын бири Эрлан Жумагазиев өзү кыргыз тили жана адабияты боюнча адис экенин айтып, Болот Таштаналиевдин макаласын адабий сын катары кабыл алган жок:

- Сын - ошол чыгарманын же чыгармачылыктын ак-карасын айра таанытуу, оң-тетирисин, кемчиликтерин же артыкчылыктарын ачып берүү болуш керек эле. Таштаналиев өз макаласында сындын критерийлеринен четтеп жөн гана уйкаштыктарга токтолуп, дүңүнөн баа берген. «Баланча-баланчалардын чыгармалары карасаң жакшыдай эле көрүнөт» деген сыяктуу кылып айтып коюптур. Бул эми ар кимдин жеке көз карашы.

Адабиятчы Садык Алахан болсо бул макаланын тегерегинде жүрүп жаткан талкуу эгемендик жылдары улуттук адабиятта сын жанры дээрлик жокко эсе болуп, ал аралыкта адабиятка келген жаштар таптакыр сын укпай калганын көрсөткөнүн айтты:

Садык Алахан.
Садык Алахан.

- Эгер адабиятка келген жаңы акындарга, жаңы китептерге мурдагы «Кыргызстан маданиятындай» гезит, «Ала-Тоодой» журнал болуп, ага окуучунун пикири же обзордук макалар чыгып турганда азыркы калемгерлер сын укканга көнөт эле. Азыркы муундагы акындар «Фейсбуктагы» «ах эле ах», «ох эле ох» деген жалган бааларга көнүп алышкан да...

Алахан анткен менен бир кезде колго илине турган чыгармалар жоктугунан адабий сын таптакыр жазылбай келгенин айтып, акыркы көрүнүш кандай болгон күндө да улуттук адабиятта жандануу башталганынан үмүттөндүрөрүн кошумчалады.

Эгемендик алгандан бери улуттук адабиятта саман-топону аралаш чыгып жаткан китептердин көркөм баалуулуктарына сарасеп салган адабий сын жанры таптакыр жок болуп кеткендиги кайра-кайра айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (37)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG