Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Таштанкул Бөрүбаев калтырган «Кыргыз даамы»


Кыргыз тамак-ашы боюнча хрестоматиялык бир китеп бар. Ал китеп “Кыргыз даамы” деп аталып, 43 жыл мурда басмадан чыккан. Автору Таштанкул Бөрүбаев. Бул китеп кантип жаралган? Аны жазууга эмне түрткү болгон?

Анн-Аймон Жискар д'Эстен. Бул айым - Франциянын 1974-1981-жылдардагы президенти Валери Жискар д'Эстендин жубайы. Анн-Аймон айымдын «Кыргыз даамы», ал эми орус тилинде «Кыргызская кухня» деген китептин жаралышына түздөн-түз тиешеси бар. Таң калбаңыз! Ооба, ошондой. Эмесе, сөз ирети менен болсун.

«Кыргыз даамы» китеби 1976-жылы 10 000 нускада, 1984-жылы 15 миң жана 1991-жылы 50 миң нускада чыгат. Бирок издесеңиз оңой менен таппайсыз. Ал эми 1982-жылы жана 1985-жылы орус тилинде чыккан «Кыргызская кухня» китебин интернет-базардан оңой эле таба аласыз.

Таштанкул Бөрүбаевдин "Кыргыз даамы" китебинин мукабасы. 1984-жылкы басылышы.
Таштанкул Бөрүбаевдин "Кыргыз даамы" китебинин мукабасы. 1984-жылкы басылышы.

Китептин автору Таштанкул Бөрүбаев тууралуу электрондук маалымат булактарынан же башка көмөк китептерден да эч нерсе таппайсыз. Бул бөксөнү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Тенти Орокчиев менен журналист Абды Сатаровдун жардамына таянып толтурганга аракет кылалы.

Таштанкул Бөрүбаев кыргыздын тамак-ашы тууралуу китепти жазуу идеясына кантип келген? Оболу Кыргыз өкмөттүк радиосунун адабий драмалык бөлүмүндө Таштанкул Бөрүбаев менен 15 жыл чогуу иштеген Тенти Орокчиевдин пикири:

- Жакшы киши болчу, ыраматылык. Мен ал киши менен үч же беш жыл эмес, 15 жыл иштедим, биздин радионун адабий драмалык редакциясында. Бирге отурдук, бөлөк да отурдук. Эчен жыйындарда чогуу болдук. Тамашабыз да болду. Адабиятчылыгы азыраак болчу да. Азыр «Театр микрофондо» деген берүү обого кеткен сайын «редактору» деп Таштанкул Бөрүбаевдин аты аталып жатат. Ар кимге эле адабий шык бербейт да. Ошондо иштеп жүрдү. Китеби чыккан. Мага кол тамгасы менен берген, үйдө да турат. Орто жерде изденет экен да. «Мен бу адабий драмада жарытылуу деле иш кылган жерим жок го» деп ойлонсо керек. Өзү мурунтан тамак-ашка жакындыгынанбы, китеп жазып, бирби-экиби, басылды. Кыргыздын тамагына канча туз салыш керек, канча мурч салыш керек - баарын татынакай билген. Ушу жагы бар болчу.

Өзгөн палоосу.
Өзгөн палоосу.

Бүгүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенген Абды Сатаров журналисттик жолун 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинде режиссёрдун жардамчысы болуп баштайт. Бул жерде Таштанкул Бөрүбаев менен таанышып, ал киши өткөнчө ага-инидей болуп жүргөн. Абды Сатаровдун айтымында, Таштанкул Бөрүбаевге кыргыз тамак-ашы тууралуу китепти жазууну Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев өзү тапшырыптыр.

- Биз Таштанкул аке экөөбүз ага-ини болуп калганбыз. Тамакка да бирге барчубуз. Менин айлыгым аз болчу. Ал киши негедир мени дайыма тамакка чакырып турчу. Тооктун этин жакшы көрчү. Экөөбүз жөжөлөрдүн этин жечүбүз. Бир күнү эртең менен эле Таштанкул аке ак көйнөк, кара костюм-шым кийип, өтө жасанып келиптир, жумушка. Учурашып эле «Оо, Таштан аке! Эмне болду? Сиз бүгүн башкачасыз го?» десем, айтып калды: «Ээ, алайчы! Мени «Ак Үйгө» чакырып жатышат. Биринчи өзү кабыл алат экен. Ошол жакка кетип баратам». «Эмнеге?» десем, «Билбейм, эмнеге чакырганын. Иши кылып чакырды. Баратам», - деп кетти.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:30 0:00

Кыргыз тамак-ашы тууралуу китепти жазуу эмне үчүн башка бирөөгө эмес, дал Таштанкул Бөрүбаевге тапшырылат? Көрсө, буга дейре журналист улуттук тамак-аш жөнүндө чакан брошюра жазып, анысы басмадан чыккан экен.

- Түшкө жакын кайтып келип эле мени кабинетине чакырып, ал жерде кандай сөз болгонун, Турдакун Усубалиевич аябай жылуу кабыл алганын, бүт үй-бүлөсүн сураганын айтып берди. Ал тургай «Үйүң барбы?» деп сураса: «Ооба, менин жер тамым бар. Төрт балам бар», - деп айтыптыр, Таштанкул аке. Бул өзү 80-жылдардын тегереги болуш керек. Анан кыргыз кулинариясы жөнүндө китеп жазууну сунуш кылган экен. «"Кыргыз тамак-ашы тууралуу кичинекей брошюраңыз чыккан экен. Аны кантип жазып калдыңыз? Булактары кайсы? Ушуну улантып жаза аласызбы?" деп сурады», - деди. Эгерде шарт түзүп берсеңиздер жаза алам» дептир. «Анда жазыңыз, сиздин айлыгыңыз сакталат. Жарым жыл убакыт беребиз. Иштеп, китеп кылып жазыңыз. Биз чыгарып беребиз», - дептир. Ошону менен жарым жылга кетти. Жарым жылдан кийин «Кыргыз даамы» деген ат менен китеп чыкты. Чыгары менен бат эле таралып кетти. 1984-жылы китептин экинчи басылышы чыкты. Андан кийин Кыргыз энциклопедиясынан китептин орусча котормосу чыкты, - дейт Абды Сатаров.

Таштанкул Бөрүбаев КМУнун студенти кезде (3-катарда ортодо).
Таштанкул Бөрүбаев КМУнун студенти кезде (3-катарда ортодо).

Т. Бөрүбаев жазган «Кыргыз даамдары» 1976-жылы 10 000 нускада басмадан чыккан кезде ал убактагы союздук республикалардын кээ бирлеринде мындай китептер бар болчу. Атап айтканда, өзбек тамак-ашы тууралуу китеп («Узбекская кухня») 1974-жылы орус тилинде, үч жылдан кийин өзбек тилинде, украиндердин («Украинская кухня») китеби 1974-жылы украин тилинде, анын артынан орус тилинде удаа-удаа чыккан. Юнус Ахметзяновдун «Татар халык ашлары» деген китеби 1959-жылы татар тилинде чыгып, эки жылдан соң орус тилинде басылат. Адыгей тамак-ашы тууралуу («Адыгейская кухня») орус тилиндеги китеп 1979-жылы жарык көргөн. Ал эми авторлор жамааты жазган «Казахская кухня» китеби 1981-жылы жарыяланат.

Ушу жерден "Эмне үчүн кыргыз тамак-ашы тууралуу китептин жок экенине ал кездеги Советтик Кыргызстандын жетекчиси Турдакун Усубалиев 1970-жылдардын ортосуна чейин көңүл бурган эмес?" деген суроо туулат. Эмне үчүн? Анан эмне болуп кетти? Бул жөнүндө Таштанкул Бөрүбаев аксакал Абды Сатаровго айтып берген мына бул легендага назар салалы:

- Таштанкул Бөрүбаевди мурда Турдакун Усубалиев билчү эмес экен. Көрсө, «Эбепке-себеп болот» дегендей, Турдакун Усубалиевдин аялы Францияга Парижге кыргыз сүрөтчүлөрүн көргөзмөгө жетектеп барат. Күлжеке эже азыркы Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинин директору болчу. Көргөзмөнү Франциянын президентинин аялы келип көрүп, аябай жактырып, анан чайга чакырат. Анан дасторкон үстүндө кыргыздын тамак-ашы тууралуу сурайт. Күлжеке эже Усубалиева: «Кыргыздын мындай-тигиндей тамак-аштары бар», - десе, Франциянын президентинин аялы: «Кыргыз тамак-ашы жөнүндө китеп барбы?» - деп сураптыр. Ошондо Күлжеке эже: «Кыргызстанга барганда сураштырып көрөйүн, бар болсо салып жиберем», - дептир. Тиги киши келип эле Турдакун Усубалиевичке айткан окшойт. Издешсе, кыргыз тамак-ашы жөнүндө эч кандай китеп жок. Бир гана чакан, жука брошюра бар экен, «Кыргыз тамак-аштары» деген. Автору ким? Радиодо иштейт. Журналист. Таштанкул Бөрүбаев. «Ошону чакыргыла» деп таптырып, Турдакун Усубалиев өзү кабыл алып, шартын түзүп берип, гонорарын төлөп берип, китеп ошентип чыгып калган экен.

Мына ушул легендадан улам «Кыргыз даамы» китебинин жаралышына 1970-жылдардагы Франциянын президенти Валери Жискар д’Эстендин жары Анн-Аймон Жискар д'Эстен айым түздөн-түз себепчи болгон же тиешеси бар деп айтсак жаңылыштык болбойт деп ойлойм.

Жомоктогудай бул легендага менин ишенгим келет. Ырас, Франциянын канайымына кыргыз тамактары тууралуу кыргыз тилиндеги китеп жиберилбеси анык. Ошон үчүн «Кыргыз даамы» орус тилине которулуп, 1982-жылы «Киргизская кухня» деген ат менен жарык көргөн. Аталган китепте 600дй тамак-аштын, даам-татымдын рецепти бар. Ал учурда Францияны президент Франсуа Миттеран жетектеп калган. Ал мамлекет башына 1981-жылы 21-майда келген. Эгер экинчи версияны алсак, анда Даниэл Миттеранды атоого туура келет.

Казы-карта.
Казы-карта.

Абды Сатаровдун айтымында, китепке «Кыргыз даамы» деген аталышты айтылуу аалым жана чечен Салижан Жигитов сунуш кылган экен.

- Таштанкул Бөрүбаев кыргыз тамактары тууралуу китепти жазып жатканда китепке ат таппай абдан кыйналыптыр. «"Кыргыз тамак-аштары” десем жакшы болбой калат, узун болуп калат» деп ойлогон экен. Салижан Жигитов менен абдан ынак болчу, бирге окушкан. Үй-бүлөлүк катышы бар болчу. Салижан Жигитовго барып кеңеш сураса: «Китепти «Кыргыз даамы» деп атап кой. Кыска да, нуска да болот. Жеткиликтүү да болот», - деп, ошо киши китепке ат таап берген экен.

«Кыргыз даамы» китеби кайра иштелип, 1984-жылы 15 000 нускада чыгат. Бул китептен кыргыз тамактарынын 358 түрүнүн рецептин табасыз. Ал кайра 1991-жылы 50 миң нускада чыккан. 1991-жылы А.Ш. Ибрагимова түзгөн «Современная киргизская кухня» деген китеп чыгат. Анын жаралышына Таштанкул Бөрүбаевдин «Кыргыз даамы» китеби негиз болгону талашсыз.

Тандыр нан.
Тандыр нан.

Абды Сатаровдун айтымында, Таштанкул Бөрүбаев Мамлекеттик радионун адабий-драмалык берүүлөр боюнча редакциясында иштеп жүрүп, 1974-жылы «Мелодия» фирмасынан чыккан «Кыргыз музыкасынын антологиясын» чыгарууга өзгөчө чоң салым кошкон.

- Бөрүбаев Ташкент, Москвада эле жүрүп, антологияларды чыгарып келген киши болчу. Өзү абдан билимдүү, абдан айкөл киши эле. Өмүр деген ушундай кыска болот экен, арабыздан эрте кетип калды да.

Бул маалыматты карыя журналист Тенти Орокчиев да тастыктады:

- Анын дагы бир чоң эмгеги бар. Москвадан «Кыргыз музыкасынын антологиясын» жаздырып келди. Ал үчүн Талант Мамбеталиев экөө бир эмес, эки жолу Москвага барышкан. Бул антологияда Муса Баетовдун, Атай Огомбаевдин 1945-1947-жылдары жазылган обондору да бар. Эски, сапаты ойдогудай болбойт да. Ошону кайра бул жерден көчүрүп, экинчи жолу үч ай өткөндө Талант экөө кайра барып, мурунку-кийинкисин кошкондо 30-40 саат кыргыз күүлөрүн жазып келген. Мына ушундай эмгеги бар. Эмгеги үчүн биздин редакцияда биринчилерден болуп «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган. Бирок өмүрү кыска экен.

Таштанкул Бөрүбаев 1993-жылы 23-октябрда 56 жашында дүйнөдөн кайткан.

«Кыргыз музыкасынын антологиясы» бардыгы 36 желим табактан (пластинка) туруп, аны түзүүгө Б. Алагушев, Т. Бөрүбаев, К. Камбаров, С. Мусаев, A. Aкматалиев жана башкалар катышат (Б. Алагушев. Кыргыз музыкасы: Энциклопедия. Бишкек: «Бийиктик», 2007, 309-бет. «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 4-том, 2012. 832-бет. https://ky.wikipedia.org/wiki). Тенти Орокчиев аксакалдын сөзү боюнча, белгилүү музыка таануучу Балбай Алагушев антологиянын кириш сөзүн же түшүндүрмөсүн да жазган.

- Балбай Алагушев «Кыргыз музыкасынын антологиясынын» түшүндүрмөсүн макала кылып жазды да. Таштанкул Бөрүбаев пластинкаларын жаздырды. Ташкентте да, Москвада да бар экен, тээ 1935-1936-жылдары жазылган да Атайдын, Мусанын, Кара Молдонун, Ыбырайдын жана башка ырчы, комузчулардын ыр-күүлөрү бар. Сурнайчы бар, кернейчи бар. Ошолордун баарын эки жолу Москвага барып, пластинка кылып жаздырып келген. Мына азыр анын баары сакталып, көп кишинин колунда. Радиотелекомитетте да бар болсо керек. Менин колумда да бир-эки нуска бар. Мына ушундай эмгек кылып жүрүп өтүп кетти.

1984-жылы Ташкенден чыккан «Кыргыз күүлөрүнүн антологиясынын» табагы салынган кагаз кутунун сыртында түзүүчүлөр катары К. Камбаров, Б. Алагушев жана Т. Бөрүбаев көрсөтүлгөн.

«Кыргыз музыкасынын антологиясы» ал кездеги Ленинграддагы грампластинкалар заводунан чыгарылган. Антологияга 500дөн ашуун чыгарма кирип, алар төрт топко бириктирилген: 1) Кыргыз күүлөрүнүн антологиясы (7 табак). 2) Кыргыз эл дастандарынын, терме жана айтыш ырлардын антологиясы (7 табак). Анын ичинде «Манас» эпосунан, «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш-Байыш», «Карагул-Ботом» дастандарынан үзүндүлөр. 3) Кыргыз обондорунун антологиясы (9 табак). Буга көөнө элдик ырлардан тартып ошол убактагы белгилүү обондорго чейин кирген. 4) Азыркы кыргыз музыкасынын антологиясы (6 табак). Анда кыргыз композиторлорунун тандалма ырлары жана романстары, хорлору, аспаптык, опералык, балеттик жана симфониялык чыгармалары топтоштурулган. (Караңыз: Б. Алагушев. Кыргыз музыкасы: Энциклопедия. Бишкек: «Бийиктик», 2007, 309-310-беттер).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG