Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Таттуу кофе, ачуу чындык


- Түрк кофеси кымбат, беш лира турат.

Алжапкыч тагынган толмоч аял орус тилинде кавказча акцент менен сүйлөп жатты.

- Биз тоодо жүрүп, кофени сагындык, анын үстүнө Түркияга келгени түрк кофесин иче элекпиз.

Аял дагы эле кыйылды:

- Булардын кофеси эки ууртам эле. Андан көрө нэс-кофе алгыла.

Бизди эритме кофеге көндүрө албасына көзү жеттиби: “Таттуубу, же шекерсиз ичесиңерби?” - деп сурады.

- Таттуусун, - дедик.

Түркиянын Кара деңиз боюндагы Хопа курортуна Эрзурумдан беш саат дегенде келгенбиз. 15 мүнөттүк жолдо Грузиянын чегинен өтүп алсак, алеки заматта айтылуу Батуми курортуна кирип барабыз.

Орусча билет деп бизге дайындалган чайчы аял грузиялык осетин экен.

Кыргызмын десем, "Ой, мында кыргыз көп" деп таң калтырды. Аларга жолугайын деп телефонун сурасам, журналист экенимди укканда бербей койду. Бирок сураштырсам көп нерселерди жобурап берди.

Анын сөзүн угуп отуруп, таттуу кофенин даамы мага ачуу сезилип жатты.

"Мен Тбилисиде калган кызыма, тууган-урукка Грециядамын деп койгом, деп баштады сөзүн чайчы аял. - Пол жууп жүргөнүмө намыстанам. Карачы, колдорум бүт туурулган. Анын үстүнө Түркияга барам десең, дароо (сойку болду деп) шектенишет. Кафеде түрктөр бир күнгө 30 лира төлөшөт, батир кымбат, эптеген эле турмуш.

Тбилисиде ашканам бар болчу. Бир күнү бийликтерден келишип, баарын талкалаттырышты. Президент Саакашвилинин учурунда болду. Бүт эмгегим күйүп, талаада калдым. Эми минтип пол жууп жүрөм.

Мен негизи кыргыздарды жакшы көрөм, даргиндердей жароокер, адамкерчиликтүү келишет. Түрккө чыккан бир кыргыз келин менен ушул Хопада кафе ачып, палоо, манты саттык. Ал кийин күйөөсү жол кырсыгынан каза таап, Кыргызстанга кайтты. Боюнан түшүп калып, баласы жок эле, кайындары жолун төлөп беришкени болбосо, бир тыйыны жок жолго салышты.

Андан башка да кыздар бар. Украин, араб кыздар (денесин саткан) да бар. Түрк кыздары жок, алардын иши бар, айлыгы жакшы.

Кыргыз кыздардын бири квартира, машина алды. Бирок көбү ажырашкан, балдары элинде калган, көп ичишет. Бир түндө 300-500 лирадан табышат. Түркияда жакшы төлөшөт, Грузияда мынча акча таба алышпайт. Бирок түрктөрдө тартип катуу. Хопада кыргыздар эки жумадан бери көрүнбөй калышты. Полиция жапырт текшерүү өткөрүп жаткан, ошондон улам Стамбулга же Анталияга ооп кетишти окшойт".

Чайчынын биз менен узакка сүйлөшүп отуруп калганына кафенин түрк ээси унчуккан жок, кофенин акысын да албады. Кофенин акысын сырын айтып, атын айтпаган чайчыга бердим. Капалуу көздөрү күлүмсүрөй түшүп, "келип тургула" деди.

Анан "Батумиге барсаңар кыргыз кыздар жайнап кеткен, бир кездери бир тобун Түркиядан Грузияга депортациялашкан," – деп калды.

Эрзурумдан билет алып жатканда билет саткан кассир бала "Мен кыргыздарды тааныйм, досторум бар" деп алыстан сөз баштап, анан сураштыра отуруп, биздин эле сексуалдык тармактын кызматкер кыздарын айтып жатканын аңдаган элем.

Сапарым уланып, Батумге да бардым, бирок бир да кыргызды көргөн жокмун. Мечитти тартып жатканда гана сүрөткө кокусунан кыргыздарга окшогон кыздар түшүп калыптыр. Кабактары салыңкы көрүндү. Ал сүрөттү дароо өчүрүп салдым. Бирок эмнегедир кабагын түйгөн кыздын камераны тигиле караган көздөрү алигиче көз алдымдан кетпей койду.

XS
SM
MD
LG