Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 21:38

Эки залкардын тамшандырган "Кызыл алмасы"


Иллюстрациялык сүрөт.

Чыңгыз Айтматов кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытса, Төлөмүш Океев Чыңгыз Айтматовдун чакан аңгемеси менен кыргыз элинин каада-салтын, ички жан дүйнөсүн, ажайып кооз табиятын дүйнө элдерине өз тасмасы аркылуу тааныта алды.

70-жылдарда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруу абдан жигердүү тартылып турган учуру эле. "Кызыл алма" чыгармасы чакан аңгеме болгонуна карабастан Чыңгыз Айтматов Төлөмүш Океевге "бул аңгеме боюнча тасма тартып көрбөйсүңбү" деп сунуш кылган. Бул аталган чакан аңгемени тартууда режиссерго чыгармачылык чоң мейкиндик берилген. Ошол учурдагы советтик идеологияны чагылдыруунун катуу талабына карабастан, ал лирикалык чегинүү катары жеңил, романтикалык, социалдык көйгөйдү чагылдырган "Кызыл алма" тасмасын жараткан. Ошол учурда режиссердун тасмаларынын көпчүлүгү цензурадан өткөн болсо, “Кызыл алма “ тасмасы эч кандай тоскоолдуксуз көрүүчүлөргө тартууланган.

Бул тасмада бир жаш үй-бүлөнүн бир нече күнүнүн хроникасы баяндалган. Мында советтик кыргыз киносунда көбүнесе каарманга, анын кыймылына сыртынан гана байкоо жүргүзүлсө, бул тасмада каармандын жан дүйнөсүндөгү кыялы, ой толгоосу көркөм ачылып берилген. Тасмадагы башкы каарман Сүймөнкул Чокморов башка тасмаларда кыргыздын эр жүрөк баатыр, кайраттуу командир сыяктуу ролдорду аткарган каарман болсо, бул аталган тасмада чыгармачыл сүрөтчү Темирдин ролун аткарган. Ошондой эле бул тасмада Таттыбүбү Турсунбаева жана Гүлсара Ажыбековалар тартылган. Тасмада Темир - аскердик милдетин өтөп келген жаш улан. Окууга келип, ажайып бир татынакай бийкечти көңүлү арзып, жактырып калат, анын караанын алдыртадан карап, китепканада отурганда алыстан сүймөнчүк менен жакшы көрүү менен карай берет. Көз алдында жарашыктуу, сулуу кыздын келбети, элеси улам-улам тартылып, жан-дүйнөсүнө тынчтык бербей, убайым жедиртет... Таанышайын десе кыздын сүйгөн адамы бар экенин билип, капаланат. Көп жыл өткөндөн кийин үйлөнөт, бирок ошол кыздын элеси, образы кыялында кайра-кайра анын көз алдына тартылып элестей берет... Бул кадрлар өтө сезимталдык менен тартылган эпизоддор.

Тасмадагы сулуу кыздын ролун Таттыбүбү Турсунбаева аткарган. Ал таланттуу актриса гана эмес, кыргыздын ай жаркын сулуусу, жарык дүйнөгө бир кылымда бир келген, бир жаралган аялзатынын сулуусу катары "кыргыз аялзатынын нукура ажайып сулуулугу мына ушундай" деп даңктоого, даңазалоого жетишкен. Айрыкча бул тасмада Таттыбүбү Турсунбаеванын өзүнө куп жарашкан аппак элечекчен боз жорго минип, Сүймөнкул Чокморов ак калпак кийип, тору жорго мингени, жанаша жарышып бараткан эпизод бир керемет менен тартылган ажайып сулуулукту чагылдырган көрүнүш. Ат үстүндө камераны карап, ат менен жүрүш салуу абдан татаал экендигине карабастан бул эпизод тасмадагы эң ийгиликтүү тартылган көрүнүш деп эсептөөгө болот. Азыркы учурда байма-бай көгүлтүр экрандан бул эпизодду ар бир көрсөтүлгөн сайын көз алдыңа чыныгы өчпөс жылдыздардын элестерин өзгөчө сыймык менен да, суктануу менен көргөнүбүздү тана албайбыз. Тасмадагы бул эпизодду режиссердун өзүнүн ой-чабыты, кыялы, фантазиясы деп баалоого болот.

Тасмадагы эпизоддордун басымдуу бөлүгү режиссердун туулуп-өскөн Ысык-Көлдун тескейиндеги көл жээгиндеги тартылган. Тасмадагы Кеме үстүндөгү үйлөнүү тою көлдүн жүк ташыган кемесинде тартылган. Ошол кездеги 1975-жылдары кемеде той өткөрүү, албетте жокко эсе болчу. Чет өлкөлүктөр учурунда бул тасманы көрүп, кыргыз жеринде да ушундай кереметтүү, кооз көл бар экендигине суктанып, "кыргыз элинин жашоо-турмушунун деңгээли ушунчалык жетишкенби" деп таң калуу менен көрүшкөн. Режиссер өзү: “Мен тасмаларымда турмуш чындыгын жана түбөлүктүү темалар болгон табият жана сүйүү темаларын чагылдырууга аракеттендим, мен өзүмдүн чыгармачылыгыма бир жагынан ыраазымын ” деп айтканы бар.

Негизинен кызыл алма, күзгү алманын ширесине толуп, бышып турган учуру, тасмадагы кичинекей кыз Анаранын кызыл алманы таап алып , аны апасына “бактылуу болуңуз” деп арнап тартуу кылышы өтө символикалуу..

Фильмдин негизги максаты – адамдардын терең трагедияга киришинин булагы катары нравалык жактан адамдардын жан-дүйнөсүнүн төмөнкү деңгээлине түшүүсүнө, турмушубузда орун алып жаткан турмуштун ачуу чындыгына адамдардын көңүлүн бургузуу болгон. Бул жагдайдан алганда Чыңгыз Айтматов жазуучу катары, Төлөмүш Океев режиссер катары заманыбыздагы азыр да орун алып жаткан эң олуттуу көйгөйдү 70-жылдары эле баамдап өз учурунда экранга алып чыккан.

Азыркы учурда жогоруда баяндалган тасма кыргыз көрүүчүлөрү гана эмес, дүйнөлүк кинодо да өзүнүн актуалдуулугун, өзүнүн маанисин жоготпогон тасмалардын катарын толуктайт. Ошондой эле бул тасма "күн сайын адам болуу кыйын" деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айтып кеткендей турмуштун ар бир мүнөтү жөнүндө ойлонтууга мажбур кылган өтө таасирлүү тасмалардан. Ошону менен бирге жаш муундарга тарбиялык мааниси маанилүү тасмалардан деп белгилегим келет.

Роза Бектурова, журналист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG