Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кызык бул жакта...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бейшебай Усубалиев - психологиялык прозанын чебери, адам сезиминин тээ тереңде катылган сырларын көркөм иликтөөгө кызыккан жазуучу. Анын бул багытта ийгиликтүү чыккан бир топ чыгармалары бар.

Каармандын кыймыл-аракетине караганда анын ички дүйнөсүн буй кылган сезим толгоолорун ачыкка чыгаруу - кыргыз адабияты жетиштүү көркөм тажрыйба топтогондон кийин пайда болгон көрүнүш.

Очерк жана комедия

Бейшебай Усубалиев - илим менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүргөн сүрөткер. Анын илимий изилдөөлөрү, асыресе кыргыз лексикологиясынын омоктуу маселелерин козгогон эмгектери, анан да кыргыз тилчилери тууралуу жазгандары жалаң илимпоздорду эмес, жамы окурман журтун кызыктырып келатат. Ал эми көркөм чыгармачылыкка келсек, бул жагынан да Усубалиевдин ийгиликтери арбын. Жазуучунун калемдештери тууралуу эскерүүлөрү да кызыгуу менен окулат. Дегинкиси ал кайсы жанрга кайрылбасын, андан өзүнө гана таандык өзгөчөлүгүн, сүрөткерлик кылдат туюмун байкоого болот. Ушуга улай кетчү дагы бир жагдай - Бейшебай Усубалиев көркөм чыгармачылыкта негизинен аңгеме менен повесть жанрларынын ички мүмкүнчүлүктөрүн кеңири ачууга кызыгып, азырынча ири эпикалык жанрга тап коё элек.

Сүрөткер чыгармасындагы ар бир деталга, психологиялык кырдаалга атайын басым жасап, сюжеттик чечилишти адаттан тыш бүтүрүүнү жакшы көрөт.

Мындай өзгөчөлүктү “Кызык” аңгемесинен да баамдоого болот. Чыгармадагы окуялар облустук гезитте иштеген жаш журналисттин айылдык сугатчы жөнүндө жазып келген очеркинин айланасында топтолгон. Гезиттин редактору очеркти комедия - олуттуу окуяны күлкүгө айланткан жеңил-желпи бир нерсе катары эсептеп, материалды кайрадан оңдоп жазып келүүгө авторго кайтарып берет.

Бирок жазганынан кынтык таба албаган жаш журналист кол жазмасына кол тийгизбей кайра эле редакторго алып келет. Кызыктын баары ушунда. Алгач редактордун жүйөсү туурадай, тажрыйбасыз кабарчы чын эле көзүнө көрүнгөнүн тизмектеп, чын эле “комедия” жазып келгенби дегендей ой келиши ыктымал. Анткен менен жаш кабарчынын текстине кол тийгизбей, кандай жазылса ошондой редакторуна алып келиши мындай “көктүктүн” артында олуттуу дегидей себеби бар экенин каңкуулап турат. Көнүмүштүн күүсүнөн чыга албай калган редакторго жаш кабарчынын адаттан тыш очерки “комедия” катары сезилиши толук ыктымал.

“- Билбесең… - Редактор алдындагы барактарды ары жылдырды. Ал өзүнүн очерки экенин билип, Жыргалбаев "түшүндүм" дегендей башын ийкеди. – Билбесең, - деди кайра, очеркти алып барактай, - мына бул комедияң үчүн чакырттым.

- Комедия?! – Жыргалбаев чочуп кетти. – Кандайча?

- Ооба, комедия. – Редактордун үнү кекээр тарта баштады. – Мына, иштегениңе жарым жылдан ашты, көнө турган деле болуп калдың. Баягың баягы – "чогулуш жөнүндө информация жазып кел" десе, олчойтуп кырк беттик роман жазып келдиң. Анда "жаңы келди, гезитке көнө элек" дедик. Эми карачы – "очерк жазып кел" десе комедия жазыпсың. Бул …

- Кандайча?! – Жыргалбаев ызаланды. – Очерк деп эле турбайбы.

- Ооба, очерк деп эле турат. – Редактор кагаздын башындагы "очерк" деген сөздү калеми менен нукуп койду. – А быягычы? – деди кагазды силкилдетип. – Бүт комедия. Темасын эле окучу, окусаң. – Жыргалбаевдин алдына жылдырды.

- “Кызык”, - деди Жыргалбаев көңүлсүз.

- Карачы, ушу да очеркпи анан? – Редактор суроолуу карады. – Болуптур, темасын өзгөртүп коюу колдон келет дечи… А калганын кантип өзгөртөбүз? Башынан аягына чейин комедия, болгондо да жылаңач комедия! – Демиккендей токтоп калды да, кайра оолукту. – Ие айланайын, саа кетменинин, чочколорунун эмне кереги бар? Андан да аялды эмне үчүн очеркке кошосуң, анын төрөгөн-төрөбөгөнүнүн очеркке кандай тиешеси бар дейм да! Ылгап алыш керек, көрүнгөндү эле жаза бербей.

- Ылгагам! – деди Жыргалбаев бурк этип.

- Ылгаганың ушубу? Кетмен, чочконун эти, аял, ал төрөдүбү же төрөй элегиби?! – Чыдай албай, колун силкидете. – Ой, эмгек адамынын жүзү көрүнбөй жатпайбы! – Өзүнчө сүйлөнө баштады. – Анын ордуна кайдагы бир өлүмдү жазып, кишинин көңүлүн чөгөрүп… Туулган киши өлөт – муну баары эле билет да. "Эмгек алдыңкысын жаз" десе, эски көз караштагы бирөөнү даңктап, ага суктанып… - Жыргалбаевге карап. - Жок дегенде "баланча айда алган милдеттенмесин түкүнчөгө аткарды" деп койсоң болбойбу ыя, шылдыраган суу менен толтура салбай! – Не айтарын билбей токтоп калды.

Жыргалбаев да үндөбөдү. Редактор чарчагандай очеркти Жыргалбаевге жылдырды да:

- Оңдоп эртең алып кел, - деди жумшак. – Гезиттин стилин түшүнүү керек.”

​Редактор социалисттик замандын, "эмгек алдыңкысы" деген, көкүрөгү орден-медалдарга толгон адамдар тууралуу коёндой окшош, биринен экинчиси айырмаланбаган көнүмүш материалды жаш кабарчыдан талап кылууда. Бул жагынан алганда социалисттик замандагы эмгек адамынын реалдуу турмушунан ат чабым алыс, жалган пафос, жасалма маалыматтарга шыкалган очеркке салыштырмалуу жаш журналист Жыргалбаевдин болгонун болгондой жазып келген чыгармасы чынында эле “комедия”. Гезит талабын билбеген кабарчы эми жазгандарын кайрадан оңдоп, башкача жазып келиши керек.

“Буудуртуп салгам деди” дейт

Жыргалбаев редакциянын күнүмдүк жумушунан тажап, күжүлдөп жүрүп турган чоң турмуш тууралуу жазгысы келип, айылга барууну өзү суранган. Колхоз кеңсесинен жалгыз бригадирди гана таап, ал Шарше деген иштемчил киши бар экенин айтып, облустан келген кабарчыны талаадагы сугатчыга жөнөткөн. Талаага барууну да Жыргалбаев өзү каалаган. Болбосо бригадир сугатчынын аялын кеңсеге чакыртып, ошондон сурап, калганын өзү айтып бермек болгондо көжөлгөн кабарчы талаага бармай болгон, барса эми барсын. Мына эми ээн талаада экөө, капыс келген кабарчыдан сугатчы сүрдөп, сугатчыдан эмнени сурашты билбей журналист бушайман. Жыргалбаев сугатчыдан канча жылдан бери иштерин сураса ал кетмени экөө канча экенин деле унутуп калышканын, жешилген кетменди илгери Петка деген орус жасап бергенин айтып отурбайбы. Анан да кабарчынын суроолорун карабайсызбы.

“- Кара жумуш менен эле келатасызбы? Өмүр бою суу сугардыңызбы?

- Жок. Толуп жатат. "Чөп чап" дейт – чөп чабам. "Кой куутка" дейт – барам. Туутка айдайт – жөнөйм. Дагы… Толуп жатат.

- Тажабайсызбы?

- Эмнеден?

- Ушуларданчы?

Шарше жооп таппады. Күлүп койду.

- Кара жумуш менен эле келатам деңизчи, - деди Жыргалбаев кайра.

- Анан эмне кылам, же мээ болбосо?..

- Кандай мээ?

- Чоң болуш үчүн мээ керек да.”

Ошентип кабарчынын көнүмүш суроолору түгөнүп, сөз сугатчынын үй-бүлөсүнө өтөт. Алдындагы жаш баланын турмуштан тумсак, экен-токон суроолорунан тажаган сугатчы кыйладан бери ичин ачыштырып келаткан ачуу чындыкты алдыга жаят. Алты балалуу болгондон кийин аялы төрөбөй калганын, келин-кыздары менен жарышкысы келбегенин айтып, эми балдарынын маселеси менен жашап калганын билдирет. Сугатчы аялы менен болбогон нерселерден эле чатакташып, уруша бергенинен тажап чоң уулун токмоктоп отуруп оң жолго салганын, аны кабатырланткан кийинкиси болуп жатканын, эки кыздуу болгондон кийин уул-келини бул ишке чекит коюшканына нааразы экенин жашырбайт.

“- Тукуму бар дечи, тукумсуз десем, ырысымы жебейминби. Эки кызы бар. Уул да, келиним да эстүү, экөө тең чоң окууну бүтүшкөн, жакшы турушат. Бирок үч жылга аяк басып калды, келинимдин курсагы бөрсөйбөйт. Санаам тынбай аялымды жибердим, "барчы, сурачы, эмне балакет болуптур". – Үндөбөй калды. – Аялым келди, бозала болуп, өң-алеттен кеткен. "“Буудуртуп салгам" деди" - дейт. "Буудурганы эмнеси?" дедим келесоо жаным эч нерсе түшүнбөй. "Буудурганы "мындан ары таптакыр төрөбөйм" дегени экен, "экөө эле жетет" дейт" деп аялым буркурап ыйлап жиберди. Далдырап эле туруп калдым. Эртеси таң заарынан уулумдун иштеген жерине бардым. Айтсам, "атайы ушул үчүн келдиңби, мен да бир балээ болгон экен деп жүрөгүм түшүп калса" дейт камаарыбай. "Ие, кудай урган, тукумсуздуктан өткөн балээ бар бекен?" дедим. Десем, "экөө эле жетет, эркектен көрө кыз жакшы, мына биз, эркектер, силерди эмне кылып жыргатып жатабыз, кыздарың эле күйүп жатпайбы" дейт. – Уулун колдой кетти. – Мунусу чын дечи, канткен менен кыздар күйүмдүү келет эмеспи. Ошентсе да эркек деген эркек да, туяк да!..

Жыргалбаев кошулгусу келбеди:

- Экөөндө кандай айырма? Эркекпи-кызбы – бала да…

Сугатчы толук сүйлөтпөдү:

- Мен бала эмес деген жокмун, туяк деп жатам!.. – Тынып алды. – Айда уруштум. "Окусаңар да экөөңдө тең мээ жок экен" дедим, "экөөңөр тең өзүңөрдү эле ойлойт турбайсыңарбы. Кыздарыңарды ойлосоңор болбойбу, ыя! Экөөңөр түбөлүк турбайсыңар, ошондо жанагы тырмышып жүрүп эптеп бүткөн заңгыраган үйүңөр кимге калат, ыя, баарынан да силер кеткенден кийин эки кызың кимди тирек кылат, ыя?! "Төркүнүм" деп караан тутуп кимге келет, ыя?!"

Жыргалбаев селт эте түштү. “Чын эле, - деди өзүнчө, - кимге келет?..” Өз оюнан өзү корккондой, башын чайкады. Муну туйгандай Шарше ого бетер буркан-шаркан түштү.

- "Кыздар эмне, эрге тийгенден кийин эле тууган жерин сагынбайт дейсиңби, ыя" дедим. "Сагынат, сагынганда да эркектен кыйын сагынат, ошон үчүн алар күйүмдүү болушат. Ошол сагынычын кантип жазат, эркектен бирөө болбосо, кимдикине келет, ыя?!" Жаман айтпай, жакшы жок – дагы эмне балакет болорун ким билет… - Бул балакет эмне экенин айткысы келбеди көрүнөт, колун шилтей кетти. – "Ошондо, - деди анан токтоно албай, - кыздарың боздоп ыйлап, аялың экөөңдү каргап-шилеп турар". – Ойлонуп калды да. – Кантсе да эркек эмеспи, муну укканда селт дей түштү. Жооп кайтара алган жок. Макул болгондой башын ийкеди да, "эми кетейин" дегендей кылды. Ошо кетип баратканда бир үшкүрүнгөндөй болду дейсиң… - Башын чайкап-чайкап алды. – Тим элеби, азыр да кулагыма жаңырып турат!.. – Үндөбөй калды.”

Билимдүү деген уул-келининин кылыгына нааразы болгон атаны кантип жооткотушту кабарчы да билбейт. Аны баарынан да сугатчы Шаршенин "балдарды окутуп деле кереги жок экен, билимдүү болсо минтип “буудуруп" салат тура” дегени аябай таң калтырат.

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Күжүрмөн эмгек тууралуу кеп ошентип олуттуу темага - жашоо-турмуш, тукум улоо, ата журт, тууган жер, адамдар ортосундагы аялуу мамиле-катнашка барып такалат.

Облус гезитинин редактору “комедия” деп аткан тексттин артында турмуштук чоң маселенин башы ачылып жаткан. Андай маселе жеңил-желпи гезиттик материалга сыйбайт болчу, ага коомчулуктун көңүлүн бурушка көнүмүш очерктин күчү жетмек эмес.

Редакторго кайсы бир сугатчынын эмгектеги жеңиштерин шыгыратып санап берген супсак очерк керек эле. Андай алкакка сыйбаган нукура турмуштук маселени козгогон макаланын облустук гезитке чыгышы кыйын го.

Көрсө реалдуу жашоо-турмуш менен аны чагылдырчу “төртүнчү бийликтин” ортосундагы асман-жердей айырманы Шарше сугатчы да туюп, кабарчы менен жолукканда “менин орденим жок, менин эмнемди жазат элең" деп отурбайбы. Көкүрөктү орден-медалдарга толтуруп гезит менен экран бетинен түшпөгөн эмгек баатырларынын баяндарын гезитти ачкан сайын көрө берип көңүлү калган карапайым сугатчы ошон үчүн эл алдына чыгууга деле мойну жар бербей отурбайбы.

Аңгемедеги “кызык” мына ушул маселеге такалып, ага жоопту сугатчы да, кабарчы да, ал түгүл гезит редактору да таба албай отурушат. Жөнөкөй сөздүн артында катылган сыр ошентип улуттук маселеге көтөрүлүп чыгат. Ошол уңгулуу маселени колхоздун аяк-башы көрүнбөгөн талаасында жешилип отуруп үзүлгөнү калган эски кетменин ийнинен түшүрбөгөн сугатчы туюп, облустук гезит редактору менен кабарчынын акылы жетпей отурат. Кызыктын кызыгы ушул.

Бейшебай Усубалиевдин аңгеме, повесттеринде козголгон проблемалардын текши баары адеп-ыйманга барып такалат. Көрсө адам баласынын жашоо-турмушу анын киндик каны тамган жери, ата конушу, туулган жери менен көрүнбөгөн ичке жип аркылуу байланышып, ошол байланыш үзүлбөй, баштапкы булагынан кубат алып турса телегейи тегиз болорун сугатчы Шарше түшүнүп алыптыр. Пенде баласынан бул жарыктагы жашоо-тиричилиги оголе көп байланыш-катыштардан чогулары, алардын туу башында ата журт, ата конуш турарын жазуучу дагы бир ирет эскертет. Андан бөлүнүп калган, түпкүлүктүү байланыштын жибин үзүп алган адамдын жашоосу тек күн өткөрүү, убакыт кечирүүгө айланып кетери эскертилип атыры.

Мына ушул өзөктүү маселеге Шарше менен аялы нукура улуттук көз караштан, элеттик нускалуу салттын ыңгайынан карашат. Алар Ата журттун ээси, атасы менен энесинен калган очоктун чогун өчүрбөй, туугандыктын карым-катышын бекем кармап туруу ар бир адамдын милдети, ата конушту ээн калтырбаш эркек баланын парзы экенин жакшы билишет. Ошон үчүн алар улуттук уңгуну балдарына айтып, алардын бул жашоодогу парзын эсине салып, туура жолго үндөп отурушпайбы. “Кызык” аңгемесинин артына катылган кызыктуу сыр ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG