Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:51

“Бул силерге жомок, бизге чын”


Иллюстрациялык сүрөт.

“Касым балбан” Жакып Медетовдун чыгармачылык өзгөчөлүгүн ачык көрсөткөн, сүрөткер катары чеберчилигин айгинелеген аңгемеси.

Анда аңыз кепке азыноолок айлана баштаган турмуштук көрүнүштүн реалдуу сүрөтү канмайдандан жарадар болуп келген жоокердин дүйнө таанымы аркылуу берилген.

“Анда ал качар аалам тар эле да”

Касым балбан акыйкатта да атына заты жарашкан, айкөлдүгү, энөөлүгү да бар, бирок бирөөгө кылдай жамандыгы жок карапайым киши. Намыска жарап, элдин ыраазычылыгын алганына кубанып, байгесин жалпыга бөлүп берүүнү жактырчу. Бирок да турмушта ага ачык каршы чыкпай, артынан келип кол салган, алыстан туруп ок аткан душмандары болду. Алардын баары менен Касым балбан ачык күч сынашууну, эл алдында мыктыны аныктоону каалачу.

Балбандын ачуусун келтирип, кыжабасын кайнаткан нерсе - душмандын күтпөгөн жерден капыс кол салышы, ачык күрөшкө батына албагандыгы. Баарын ачык күрөштө сыноону жакшы көргөн балбан канмайданда кайсы бир фашист менен күч сынашпай, алыстан ок атышып, анан жашырын койгон минадан бир бутунан ажырап жерине кайтат. Тоо арасында таза суу ичип, таза жашаган эр көкүрөк балбандын түшүнүгү ушундай. Анын үстүнө ошол балбан чыккан Терек айылынын суусу да жөнөкөй эмес экен.

“Жок. Терек суусунун башында чөккөн төөдөй алтын бар. Суу бир жерден куркурап жер астына кирип, ошол алтын жаткан көлчөдө уюп, бир түн түнөйт имиш. Мурунку күнү кирген суу кийинки күнү чыгат дейт.

Эски муундагы өкүлдөр илгертеден ушул уламыш туурасында ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп келишет. Мурда, адамдар тоо-таштарга, жаратылышка өзүн биримдик санап, сыйынган кезде бул сыяктуу болумуштар нукура турмуш мыйзамы болсо, кийинкилер улуулардын урматы үчүн адеп сактап унчукпай келишсе, азыркылар ага ишенбестиги тууралуу ачык эле айтып, ал тургай карыялар менен кызаңдашууга чейин барышат”.

Эл арасындагы суу тууралуу уламыштын козголушунун дагы бир себеби Касым балбанга байланышкан. Касым балбан ошол алтын уютулган көлмөдөн агып чыккан сууну ичип чоңойгон адам, жомоктогу алп сындуу зор күчкө ээ каарман. Аны баяндамачы өзү күбө болгон бир окуясы, ачуусуна тийген аялына жетпей калган балбандын өсүп турган теректи жулуп ыргытышы аркылуу бышыктайт:

“Анан жетпесин баамдай койду окшойт, ошо аксалаңдап бараткан калыбында жоондугу моюнтурукка жакын жол жээгиндеги бир бака теректи бир кармап силкип, казандай болгон чым-пымы, тамыр-самыры менен күүлөнтүп туруп, Гүлайды көздөй жиберип өттү. Жанагы теректин орду кемегедей жер оңурайып калыптыр… Көзүң жамандыкты көрбөсүн. Бомба түшкөндөн беш бетер эле ызгып калды, түптүү терек түшкөн жолдон. Ал кездеги жолдордун чаңын билесиң го. Араба жүрчү чаң тизеден борпулдаган сокмо жол да.

- Ооба.

- Тийбей калганбы, же илеби тийип тиги жанталаша тура качканбы, же безип бараткан неме жанталаша, озунуп далбас урганбы, айтор ал жагы белгисиз. Чымын-куюн болуп баратыптыр Гүлай узакта.

Чаң тараганда карасам Касыкем баягы тереги түшкөн жерге барып, тээ узап кеткен Гүлайдын соңунан тигиле негедир бир нерсеге ызырына, калч-калч этип туруп калыптыр”.

Көрсө, алты саны аман кезинде аялы Гүлай Касым балбанга каяша кылмак тургай “чаркөпөлөк айланчу. Анда ал качар аалам тар эле да. Эми минтип мени “чолок” дейт”. Чатак ошондон чыгып, аялы качып, жете албасын билбеген балбан түптүү теректи түбү менен жулуп алып артынан ыргытып атпайбы.

Жарым жан болуп калганына ызасы күчөп турган балбан эртеси жайма-жай бастырып келатса бутуна асылган Сопубек молдонун чоң дөбөтүн жерге былчырата чабат. Ушуга улай Касым балбан тууралуу дагы бир аңыз кеп тарайт.

“Касым балбан актиптер менен мелдеше кетип, атка артса, кулактуу түбү жерге сүйрөлчү бир серке чанач кымызды ичип салыптыр”.

Айтса, ошол мелдештен утуп алган “куйруктуу кара койду” балбан элге союп берип көпчүлүктү ыраазы кылат. Анын дагыбир окуясы Суусамырдагы көкбөрүгө байланышкан.

“- Суусамырда, пай-пай, ов! Балыктын көптүгүнөн сууга ат бутун матыра албай, тайгаланып жыгылчу болуптур. Ботом наркы өйүздөн көкбөрү ала качып, берки өйүзгө өткүчө атым улам-улам жыгылбаспы. Ат менен көкбөрүнү сүйрөй, өзүм да улам жыгылып, туруп, кечүүдөн араң чыктым. Сууга киргендин баары кыйрысын ургандай жыгылышып, кыйласы сууга агышып, ызы-чуудан айлана айлампаш болуп, кайра артка чыкканча шаймандары ооду. Балыктын калыңдыгынан аттын буту сууга кире албай тайгаланган маал!.. И-и! Мен көкбөрүнү алып келип, биздин чабандарга таштап, аттан түшсөм коюнум кыбырайт. Жыгылганда коюн-кончума бүтүндөй балык ширелип калыптыр. Курумду чечип, өтүк-сөтүктү бүтүндөй жайып, балыкты чогултушса майда-чуйдасын эсепке албаганда, калп айтпайын, айтор эки чакадай балык куурушту го аялдар! Ха-ха-ха! Чабандар ошондо бир жыргашкан!

- А калган көкбөрүчүлөр ошо бойдон суудан өтө албай калып калыштыбы?

- Жо-жоок! Алар ушу эл жатар алдында айлампа жол менен аты тыңдары келе башташкан. Балыкка нык тоюп, ныксыраган биз кийинкилери качан келгенин билмек кайда уйкуга тарс катып калыппыс. Мына Суусамырда кечээ эле балык ушунча эле. Бул силерге жомок, бизге чын”.

Касым балбандын эси-көөнүнөн кеткис дагы бир окуя деле ошол айылда өтөт. Кек сактап калганбы же көралбастыкпы, анысын ким билсин, Терекке коңшу айыл чычырканактыктар бир жолу аны элден бөлүп бир үйгө алып барып бозого тойгузушат.

Ачык күрөшкө батына албагандар

Сөздөн-сөз чыгып олтуруп, тийишип чыр чыгаргысы келгендер чатакты ырбатышат.

“Ошондо Касыкеме жан тартымыш болуп, жанында олтурган аны жан-алы калбай мактамыш болгон кызыл тултук дейт:

- Кана, Касым, балбандыгың чын болсо эми көрсөт! – дейт да, Касыкемди күтүүсүздөн чалкасынан тартып жыгып, бет талаштыра муштап жиберет. Алдыртан көз кысышып, даяр олтурган он беш жигит Касыкемдин үстүнө үйүлүшөт, жеткени муштап, тээп, камчы менен сабап, жетпегендери четтеп, турса союл менен жыга чапканы турушат. Он чактысын туш тарапка шилеп, ыргытып, үй-эмеректеринин быт-чытын чыгара сындырып, бир экөөн өзөртө муштап чамынып, Касыкем ордунан турганда көк желкесине капыстан бир оор нерсе тийип, көмөлөнөт.

… Эртеси араң эсине келет. Мастыктан көп уктаганбы же, эсин оодара чаап, дене боюнун чоло жерин калтырбай аябай тепкилешкендиктен эс-учун билбей жатканбы? Аны ойлобоптур… Ордунан тура албай калыптыр, “Бозо апкел!” деп айкырат бозокорго. Апкелет. Кыңкая кырданып бир чапчак бозону бүт ичет”.

Ошондон көп өтпөй, таяктын уусунан оңоло албай жаткан чакта райондо чоң той болот. Эр оодарышка отуздардагы бир балбан жигит чыгып, Таластын көкүрөк жагынан ага теңдеш балбан чыкпай туруп калат. Бети-башы күпчөктөй шишиген, денеси бүтүн жанчылган, бутунан сылтыган Касым айкырып чыгат. Элдин баары таң калышат. Ошол оодарышта Касым тиги балбандын колун сындырып, аз жерден майып кылып коё жаздайт.

“Кере карыш жаак булчуңдары муштумдай түйүлөт, өөдө, ылдый жылып, өңү кара чүйкүл тартып, кемердин астынан караңгы түндү жара балбылдап атырылган жарыктай көзү жайнайт. Эки ийнине эки тумак көмкөрүлгөндөй булчуңдары моюнуна тиреле көөп, колдорунун өзгөчө оң колунун булчуңу көрүктөй чыңалып, басырылып, көз көрүнөө күч үрөп каршылашкан немени эзип, тиги күрсүйгөн жигит үйлөгөн чаначтай борсойгону менен көпшөк немеби, же дене булчуңдары ийленип, баралына жете элекпи, же денесиндеги – туюк күчпү, айтор тирешкен менен шайманы ооп бараткандай. Демейдеги кыйкырык-чуудан дайын жок, сүрөөн сүрөлбөй, ошончо кыжы-кыйма кара таандай кажылдаган эл бир демге сенейе түшүшөт”.

Атаандашын аз жерден майып кылып коё жаздашынын себебин кийин Касым балбан тааныштарына мындайча түшүндүрөт. “Билбейм. Мени сабашкан кишилердин бирөөнө окшошуп кетти иреңи. Көзүмө тике карай албай жалтактады”.

Алдап бөлүп алып, бозого тойгон Касым балбанды көптөп токмоктогондорго ачык күрөш кандай болорун көрсөтүш үчүн ал атаандашынын колунун сөөгүн сындырып, дагы азыраак турса майып кылып коймок. Касым балбан ушундай күрөштү, күч сынашты гана эр оюну деп эсептейт. Артынан аңдып келип жабыла токмоктогондорду сотко сүйрөбөй, эл алдында күч кимдики экенин көрсөтөт.

Антип ачык чыккан атаандашын кол күчү аркылуу катыгын берген Касым балбан немис фашисттери менен ушинтип бетме-бет күч сынашпай, алыстан туруп ок атып, асмандан бомба жаадырганына ичи чыкпайт. Тынч турмуштан аны ушунчалык алыска алып келген жексур душманы менен бир кездешпей, ара жолдон минага бутун алдырып кайтып келгенине нааразы болчу. Балбан үчүн атаандаш ачык чыгып, күрөш калыс, бейтарап өтүшү керек, күчтүүсү утат, күчсүзү жеңилет. Он беши жабылып Касым балбанды тепкилеткен карөзгөй күчкө салган атаандашынын колун сындырып, эл алдында ачык жеңет. Балбандын арманы фашисттер менен ошондой күрөштүн болбой калганы эле.

Алтын суудан таткан

Айтса, Жакып ага уюган алтын көлмөдөн агылып чыккан тоо дарыясынын боюндагы Таластын Терек айылында төрөлгөн. Ал айыл кийин Аралга кошулуп кеткен. Төрөлгөн жылы 1939-жыл. Эр жеткенден кийин окууга келип Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Бираз жыл Ноокен районунда мектеп мугалими, анан Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, радио-телеберүүлөр мамлекеттик комитетинде, китеп басма иштеринде редактор, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2017-жылдын 26-майында 77 жашында таланттуу жазуучу актыкка моюн сунган.

Жакып Медетовдун чыгармалары 1976-жылкы “Мурат улама” аңыз кептер, аңгемелерден куралган китебинен тарта үзгүлтүксүз чыга баштаган. Ага улай “Дабаагер”, “Зоболо”, “Күрөш”, “Сый”, “Жер ысмы”, “Кежир-Алп” сындуу китептери жарыяланган.

Жакып ага кыргыз элинин өткөнүнө, өзгөчө эл арасында айтылган уламыш кептерге, улуттук уңгуну алдыга жайган сөз берметтерине аябай жакын болчу. Анын улуттук каада-салт, нарк, элдик жашоонун унутулуп бараткан тарых-таржымасын баяндаган чыгармалары окурмандардын кызыгуусун арттырчу.

Сөзгө өзгөчө маани берип, анын чыгыш тегин, маани-мазмунун терең иликтеп, кыргыз жашоосунун поэзиясын алдыга жайганды жакшы көрчү. Уюткулуу калкты ушунча кылымдар сактап келаткан каада-салттар бузулбай сакталып, карыларда нарк, жаштарда адеп-ыйман болушун каалачу.

Эл арасында өткөн баатырлар менен балбандарды, капылеттен сөз тапкан акылмандарды, даанышмандарды даңктоону жакшы көрчү. Элибиздин өткөнү менен азыркысын жуурулуштуруп, элди эл кылып келген рухий байлыгы бөксөрбөй, заман керегине жарашын жактырчу.

“Азаттыкка” берген маектеринин биринде Жакып ага Чыңгыз Айтматовго эки ырды айтып бергенин, анын биринде мобундай саптары бар экенин эскерген эле:

“Жок кыла берип улам чыгаандарды,
Кыргыздан чыккан мыкты кыраандарды,
Эл ичи жакшыларга болуп жарды,
Падыша болор киши калбай калды,
Айткыла мындан ашкан арман барбы, - деп айттым”
, деди эле кайран киши.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG