Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 01:27

Ишенбай Мансуров - кыргыз совет адабиятына 50-жылдардын аягында келип кошулган сүрөткер. Алгач окурмандарга акын катары таанылып, кийин жалаң кара сөзгө ооп, айтылуу “Ак бугу” повестин жарыялаган.

Ишенбай Мансуров элет адамынын турмушун, айылдыктардын өз ара мамиле-катышын мыкты сүрөттөчү. Анын бул багыттагы ийгиликтүү аракети деп айтылуу “Ак бугу” повестин айтса жарашат. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул жолку чыгарылышы Ишенбай Мансуровдун “Бала” аңгемесине арналмакчы.

Жалгыз уулу шаарда – атасы айылда

Айыл менен шаардын ортосундагы мамиле-катыш - кыргыз адабиятында оголе көп сүрөттөлгөн тема. Айыл жеринен билим алып, бирок калаалык болуп калган, шаарда жашаганы менен киндик кан тамган жерин эзилип эстеп куса болгон каармандын ой-санаасы, анын айылда калган жакындарын жанына алып келүү аракети ар кыл өңүттө сүрөттөлөт.

Мына ушул белгилүү сюжетке негизделген чыгармалардын узун тизмесин эрикпей алдыга жайсак да болор эле. Антип “тааныш теманын” өтүмдүү болушунун себеби деле белгилүү - кыргыз сүрөткерлеринин дээрлик баары айыл жеринен шаарга келип жашап калышкан, ошондон улам жазгандары негизинен элет турмушу.

Асатилла Тешебаевдин чыгармасы.
Асатилла Тешебаевдин чыгармасы.

Бирок да коомдук-саясий өзгөрүүлөр, базар экономикасы бул темага деле олуттуу дегидей өзгөрүү киргизе баштады. Ушу тапта айылды таштап шаарга келип алгандар аябай эле көп. Ири калааны тегерете жайгашкан жаңы айылдарда канча киши жашарын так айтыш кыйын. Айыл ээнсиреп, жаштардын көбү иш издеп чет жакка кетип жаткан кези. Базар экономикасы байырлаган шартта кыргыз шаарлары айылга окшоп, бул жакка агылгандар арбын. Минтип сөз башында шаар менен айыл ортосундагы карым-катышка абай салып токтолуп атышыбыздын жөнү жазуучу Ишенбай Мансуровдун “Бала” аттуу аңгемесинен улам чыкты.

Сыртынан баам таштаган адамга аңгемеде ашкан кызыктуу сюжет, курч конфликт деле жок, окуган адамды суктантчудай стилдик чеберчиликти байкаш деле кыйын. Бирок аңгеменин идеялык-көркөмдүк түзүмүнөн нукура улут турмушун, айылдын куулук-шумдугу жок кары адамдын жөнөкөй жашоосун, оор жашоого чөгүп кетпей, турмуш арабасын алынча тартып келаткан ак көңүл абышканын элесин көрөбүз. Атанын балага деген мээрими чыгармада өзгөчө ынтаа менен берилген. Чыгарма чалдын жалгыз уулунун айылына кайтып келишин кабарлоо менен аяктайт. Катаал турмуш чындыгынан чыккан мына ушул драма “Бала” аңгемесинин негизги квинтэссенциясын түзөт.

Ата менен баланын ич ара мамилеси, карыганда көргөн уулуна деген Мусабайдын ыкласы чыгармадагы эң мыкты эпизоддордон. Жазуучу эмнеликтен жана кандайча чал-кемпирдин жашы өйдөлөп калганда балалуу болушунун чоо-жайын кабарлабайт. Аңгеменин экспозициясында Мусабайдын уулдуу болгону, анын кубанычын тең бөлүшүүгө чогулган айылдаштарынын наристеге ат коюп беришкени кабарланат. Элдин тилегени келип, чалдын жалгыз уулу жакшы бала болуп чоңоёт. Ата менен баланын ортосундагы ынак мамиле аркылуу аңгемеде айылдагы жай турмуш ырааты, адамдар ортосундагы карым-катыш сүрөттөлөт.

Мусабай карыя - кыргыз адамынын мыкты сапаттарын өзүндө алып жүргөн адам. Ал үчүн жалгыз уулу менен кырк жылдан бери турмуштун ысык-суугун кошо тартышып келаткан байбичеси бу турмуштагы - эң жакын адамдары. Ушулар деп жашайт, өмүрүн үй-бүлөсүнө арнайт. А бирок убакыт, мезгил деген да токтоп турбайт экен. Мусабай карыянын уулу эр жетип үйлөнүп, калаада жашап, атасы айылда тиричилигин улантат. Кемпиринен ажыраган кары колундагы бирин-экин малына каралап, шаарга барып жашагысы келбейт.

Мына ушул татаал социалдык-психологиялык абал аңгеменин лейтмотивин түзөт. Бекбоосун менен Мусабайдын ортосунда бул тууралуу кеп деле болбойт. Тек үйүндө жалгыз калган карыга боор ачыган адамдар аны баласынын шаардагы үйүнө барып жашоого үндөп, ал түгүл азыноолок малын карап, үйүнө көз салып турушарын айтса да бир сырдуу чал макул болбойт.

Тогуз корголдун айынан...

Улгайган кезде уулдуу болгон Мусабай аксакалдын кийинки жашоосу ушундай оорчулукка туура келет. Анын кой артында жүрүп эстегени - уулу гана. Бир ирет ал аз жерден жалгызынан ажырап кала жаздайт. Мусабай аксакал курбусу менен тогуз коргоолдун кызыгына батып, оюнга алаксып калса көпөлөк кууган уулу сууга агып кетет.

“Ошентип ойноп турган бала бир маалда суунун боюна конгон калдыркан көпөлөктү көрдү. Анын канаттары кызыл-ала тартып эң эле кооз болчу. Бала калдыркан көпөлөктү кармап алгысы келип, суу бойлоп кууп жөнөдү. Көпөлөк балага оңойчулук менен карматпады. Бекбоосун ага ансайын өчөгүшүп артынан кубалай берди. Бир маалда көпөлөк шаркыратманын чекесиндеги чоң таштын үстүнө барып конуп, баланы өзүнө чакыргандай муруттарын кыбыңдатат. Бекбоосун акырын басып, кичинекей алакандарын жайып, жакын калганда көпөлөктү басууга умсунду. Анын колу жылмакай таштын үстүнө барып урунду. Самын сыяктуу жылмакай таштын үстүнө колу токтободу, тайгаланып иримдин тереңине кетти. Бала заматтын ортосунда суунун агымында калды. Муздак суу денесин ичиркентип, какап-чакап бакырып жиберүүгө үлгүрдү.

Ушул учурда Мусабай тогуз коргоолдун акыркы ташын ортоңку чуңкурга салып жаткан. Баланын ачуу үнүн угар замат ыргып туруп, өңү керсары тартып, суунун боюна кандайча чуркап жеткенин өзү да билбейт. Кирип жаткан суунун агымы оңойбу, бала кулак-мурдуна кирген сууга муунуп, төмөнкү бурулушта агып бараткан экен. Мусабай аттап-буттап, бурулушка жетип-жетпей сууга боюн таштады. Ийримге такала түшкөн Бекбоосунду сууруп алды. Бутунан кармап эки-үч курдай силкип жиберди. Баланын оозу-мурдунан суу кетип, бир курдай бакырып алды да эсин жоготуп койду. Ал коркуп калган эле.”

Ал ирет атасы жетип калып Бекбоосун капыс өлүмдөн аман калды. Жалгыз уулунан аз жерден айрылып кала таштаган Мусабай ыйлап, баласынын аман калганына сүйүнүп, эсине алда немелер түшүп, өң-алеттен кетип отурганы жанындагы курбусун таңдандырат.

Бул жолу Күлүмкан турбай калды

Жалгыз уулу эрезеге жеткиче башынан өткөргөн ошол капыс окуя чалдын эсинде калыптыр. Анткен менен чалдын эркелетип өстүргөн уулу шаардагы окууга өтүп, анан бир күнү ата-энесин кубантып келин алып келет. Капыс келген кубанычка кемпири аябай сүйүнөт, келиндер менен тең чуркап тойдун түйшүгүн көтөрөт. Өкүнүчкө, ал той кемпири Күлүмкандын бул жашоодогу соңку кубанычы экен.

“Таң аткыча көз ирмебей чуркап, туугандардын алты канат боз үйүн короого тиктирип, боорсок жасаттырып, келин кирүүчү үйдү туш кийиз менен шырдакка бөлөп койду, короону шаар кылып таштабадыбы! “Ой, жеңе, бир азга чырым этип алсаңчы, боорсокту биз деле жасайлы” деген келин-кесектердин сөзүнө жооп кайтарып: “Жалгыз Бекбоосунумдун тоюнда чуркабаганда качан чуркайм, уйку кара жерге кирсин, менден кам санабай тиги чайыңарды кайнаткыла” деп эки күн бою тыным алган эмес. Чуркап жүрүп өз келининин ким экендигин, кайсы элден боло тургандыгын да тыңгылыктуу сурабаптыр. Эртеси күн шашке болуп калган ченде гана келиндин ким экендиги маалым болду. “Бекбоосундун өмүрлүк жары шаардын өзүнөн экен. Университетте экинчи курсунда окуп жүрүптүр” деп келин-кесек билип чыгышты.

- Кайдан окуса ошондон окусун. Мага келинимдин даражасы дүйнө-мүлкү керек эмес. Жалгызымдын алып келгени, экөөнүн ымаласы келишип калганы бизге дөөлөт,- деп Күлүмкан жайдарыланат.

Мусабайдын үйү үч күн катары менен мейман күттү. Эл аягы суюлганда күтүлбөгөн жерден Күлүмкан эне төшөккө катуу жыгылды. Эски жүрөк оорусу кармап, аба жетишпей чабалактады. Адегенде анын оорусуна үйдөгүлөр анчейин деле маани беришпеди. Анткени, мындан мурда нечен курдай ушинтип жатып калып, эртеси илкип басып кетчү. Бул жолу Күлүмкан турбай калды. Оозунун тегереги каракөк тартып, райондон атайын чакыртылган врачтар келгичекти келбес сапарга жүрүп кетти. Кечээ эле оюн-тамашанын шаарчасына айланган Мусабайдын үйү бүгүн кара жамынып, өкүрүк, ызы-чуунун кучагына бөлөндү. Мусабай өз көзүнө ишенбеди. Кырк жылы чогуу жашап, бардык азап-тозокторду, жүрөк жарган кубанычтарды чогуу бөлүшкөн Күлүмкандын күтүлбөгөн жерден бу дүйнө менен кош айтышы чалдын жылдызын өчүрдү.”

Карыганда балалуу болуп, кемпир-чал жалгызын эрезеге жеткирип, башына баш кошулуп аткан чакта минтип той арты ыйга айланышын Мусабай кары күткөн эмес эле. Кемпирин жайга берип келгенден кийин бир жума турбай уулу менен келини окууларына кетип, чал жалгыз калат. Жалгыздык адамды аябай мүңкүрөтүп коёрун ал мурда элес алган эмес экен. Кемпири өлүп, баласы менен келини шаарга кеткенден кийин жалгыз коңултуктап, бир топ жыл өзүнө келе албай жүрөт. Кобурашып отургудай жанында кишиси жок зеригет.

“Аңгыраган ээн үйдө жалгыз калган Мусабай ошол күнкүдөй азапты эч качан сезбеген чыгар. Баягы шаар болуп турган үйдө чымындын гана дыңылдап учканы угулат. Ал жалгыздыктын көкөй кескен күүсүн чертип жаткан сыяктанат. Ошондо Мусабайдын заманасы куурулду. ”Бу жыйып-терген дүнүйөң, мал-мүлкүң жөн эле бир кеп тура. Жаныңда шериктеш адамың болбосо, түн бакырын кайтарып, дартыңды айта турган киши жок, төрт дубалда камалып жатуудан кордук нерсе барбы?” Бул түнү Мусабай карыя уйку бетин көрбөй таң атырды.”

Кийин үйүнө келген шоопурга карыя дагы бир сырдын четин чыгарат:

“- Балам, - деди Мусабай, - бу дүйнөдө баарынан жалгыздык жаман экен. Караманча жалгызмын дебейинчи, ырас, балам, келиним, ага-туугандарым, эл-журтум бар. Ушуга тобо келтирем. Бирок алар дайыма жаныңда боло албайт экен. Ар кимдин көрө турган өз күнү бар эмеспи. Балам жаныма келе албай жүрөт. Шаарда кызматта иштейт. Келин балам да кызматкер.”

Машинеси бузулуп жолдо калган Султанбек деген шоопур экөө түн бир оокумга чейин чер жазыша сүйлөшүп таң атырышат. Султанбек согуштан кайтпай калган атасын эстейт. Мусабай шаардагы балдарын ойлойт. Айдоочуга меймандос кары жакса, Мусабайга бир күн да болсо кобурашып эрмек болгон конок маанилүү эле. Бирок мындай коноктор күн сайын эле боло бербейт.

"Уулуң айылына көчүп келди"

Бир үйдө жалгыз калган абышканы айылдаштарынын айрымдары шаарга уулунукуна барып жашоого үндөй башташат. А бирок андай кеп-кеңештерге ата конушунан алыс чыккысы келбеген карыя макул болбойт. Жайыттагы кезүүгө көз салып, түгөнбөгөн санаага чырмалып турган Мусабай карыя ойдо жок жерден чоң жаңылыкка туш келет.

“Жетинчи күнү кезүүнүн кезеги кайта Мусабайга жетти. Чакчасын насыбайга толтуруп, колуна узун ак таягын кармап, койду баягы башаттын боюна жайып олтурду. Кеч бешим болуп калган. Бир маалда жогору караса бир атчан неме көчөнүн аягында чаап келатат. Башка жакка бурган жок, түз эле Мусабай тарапка теминди. Жакындап калганда баамдаса баягы Карып. Ордунан туруп, алдынан утурлай чыкты.

- Ой, балам, алдагы атты аясаң боло? Тынччылыкпы?

Жооп берген жок. Аттан ыргып түшүп абышканы кош колдон алды. Эки-үч ирет силкип алып, анан тил оозго келди.

- Сүйүнчү, абышка. Сүйүнчүмө эмне бересиң?

- "Сүйүнчү" деген жакшы сөз балам. Каалаганыңды ал...

- Бир козу бересиңби?

- Берейин, айланайын...

- Кайсы козуну бересиң?

- Ой, айланайын, каалаганыңды ал, батыраак айтчы...

- Уулуң Бекбосун келди, биротоло көчүп келишти!

Мусабай шашып калды. Укса да эмнегедир кайталап сурады.

- Эмне дейсиң балам, кайталачы?

Карып чалдын кулагына оозун такап кыйкырды:

- Уулуң, Бекбоосун келди! Келиңиң да келди! Биротоло көчүп келишиптир!

Мусабай эмне кылар айласын таппай тегеренип кетти. Бүкчүңдөп аң-дөңдү аттап-буттап, айыл тарапты көздөй чуркады. “Садага болоюн жалгызым, кулунум,- ал өз ичинен күбүрөдү,- туурун табат деген ушул”.

Асатилла Тешебаевдин чыгармасы
Асатилла Тешебаевдин чыгармасы

Артынан атын жетелеп Карып кошо чуркады. Кыйкырып баратты:

- Ээ, чоң ата, жарыктык, мына бул атты минип алыңыз?! Мен коюңузду карап турайын. Ээ, чоң ата, чоң ата дейм!!!

Анын кыйкырганын Мусабай карыя уккан жок. Анын бардык санаасы баласы Бекбоосунда эле.”

Ишенбай Мансуровдун каламынан жаралган “Бала” аңгемесинин кыскача сюжети ушундай. Чыгармада сүрөттөлгөн окуя - айыл турмушунун бир үзүмү. Бирөөгө жамандыгы жок элеттик карапайым адамдын ата конушун таштабай, турмуштук кыйынчылыктарга карабай жалаң үмүт менен жашаганы, анын кайгысы менен кубанычы турмуштук көрүнүштөр аркылуу көрсөтүлөт.

Ишенбай Мансуровдун кыйла убакты-сааты журналисттик түйшүккө кетип, чыгармачылыкка баса отуруп иштөөгө шарты деле болбоду окшойт. Өмүрүнүн соңку жылдары жараткан “Ак бугу” повести учурунда бир топ мактоого туш келип, ошону менен чыгармачылык дарамети дурус жазуучунун прозасы менен поэзиясы айрым бир обзордук сын макалаларды эске албаганда, атайын кепке деле алынган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG