Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:26

"Кыргыз аңгемесинин классикасы" берүүсүнүн бул кезеги үлкөн талант Касым Тыныстановдун кара сөз жаатындагы мыкты туундуларынын бири - 1924-жылы жазылган “Мариям менен көл боюнда” аңгемесине арналмакчы.

Касым Тыныстановдун (1901-1938) “Мариям менен көл боюнда” аңгемеси кыргыз реалисттик прозанын алгачкы карлыгачы, турмуш көрүнүшүн сүрөттөөнүн жаңы формасын улут топурагына байралткан туунду. Касым Тыныстанов көркөм чыгармачылыктын кайсы жанрына кайрылбасын, анын баарында өзүнүн стилин, дүйнө таанымын элестүү туюндурууга жетишкен.

Табиятынан сергек акыл, кылдат көркөм туюмга ээ инсандын колу тийген бардык тармакта - адабий чыгармачылыкта, илимий изилдөө ишинде болсун катарындагылардын кашкайып бөлүнүп турган.

Көл тыптынч

Касымдын “Мариям менен көл боюнда” аңгемеси 1924-жылы Ташкенден казакча чыккан “Жас кайрат” ("Жаш кайрат") журналынын жазгы эки номуруна жарыяланган.

Аңгемеде бири-бирине жетпей калган эки жаштын арманы баяндалган. Биринчи бөлүктө Мариям ата-энеси менен өз айылына көчүүгө даярданып жатышканы, эки жаштын көл жээгинде жолугушуп бири-бирине арманын айтып, мындан ары көрүшпөй, эки башка турмуш жолуна түшөрү маалымдалат.

Мариямдын ата-энеси кайсы бир шайлоодон чыккан чатакка байланыштуу Мариямдын таякелерине, апасы Сыландын төркүндөрүнө көчүп келе беришкен экен. Эми туугандары менен мамилеси жакшырып, “өз элине” көчүүнү чечишиптир.

Кийинки бөлүмдө Мариямдын күйөөгө берилиши, ага ашык болгон жигити курбусу менен барып кыз узатуу тоюна катышканы, көңүлсүз өткөн ошол жөрөлгөдөн соң каармандын “Ар ким алган тарбиясынын, бийлеп турган заманынын кулу” деген сентенция менен чыгарма жыйынтыкталат.

Байкалып калгандыр, аңгемеде өткөн кылымдын башында өзгөчө мааниге ээ болгон оор социалдык проблема, кыргыз кыздарынын укугунун кордолушу, алардын тагдырын уруу башчылары менен ата-энеси эле чечип, күйөөгө берип ийиши чагылдырылган.

Сентименталдык маанайдагы баш каарман менен анын ашыгы айла жок ошол кездеги коомдук турмуштагы теңсиздикке нааразы экендигин айтуу менен чектелишет. Каармандын из жазгырып качып кетели деген сунушуна кыз көнбөйт. Мариям ата-энесин эл алдында уят кылгысы келбейт. Айла жок, ата-энеси менен туугандары чечкен ишке көнүп, аялы бар жашамал кишиге күйөөгө тийишке макул болуп, ызасын ыйдан чыгарып аттанып кете берет.

Аңгемеде улуттук турмуштун бир топ кызык учурлары, уруулар ортосундагы карым-катыш, орусиялык оторчул бийлик келгенде жайыла баштаган шайлоо түйшүгү, табият кооздугу, уруулук жашоонун башка көрүнүштөрү ыктуу берилген.

Окуянын башталышы жана жыйынтыкталышы бир топ символикалуу. Мариямдын ашыгы менен көл жээгинде өткөргөн түнү “жаратылыштын түрлөнгөн кези” - жазга туура келсе, кыздын каалабаган жашамал адамга узаган кези күз кезине туш келет. Жазуучу сары санаага басылган кыздын абалын мындайча сүрөттөйт:

“Мариям дагы капалуу. Көңүлүн көтөргөнү тышка чыккан. Башында кундуз тебетей, үстүндө көк шайы көйнөк. Абышкалардан айбыгып, өзүнүн чоң үйүнүн арт жагына бурулду. Мариямдын ал эмне үчүн тышка чыкканын мен билем. Ал жүдөгөн көңүлүн кечтин салкын абасына сергитмек. Кечке үйдө отуруп тизгинсиз кыял дарыясында черткен өмүрүнө жарыкчылык көрсөтмөк. Мариям түрдүү ойду ойлонуп көлгө барды. Көл жээгине отуруп колун, бетин жууду. Шарт-шурт этип кепичке умтулган майда толкун Мариямдын көңүлүн бир аз өзүнө тартып, мурунку бийлеген кыял кучагынан бошонду. Мариям өзүнө карай умтулган толкунду кайра серпип ойноп отурду да, өз ичинен бир аз ыр ырдады. Бирок ордунан туруп, кол жоолугуна колун сүртөрдө Мариям кайтадан терең кыялга кетти. Колунан жоолук түштү. Көл бетин кыял ойготту. Мариямдын эки көзү көлдө турду да калды...”

Ошентип кеч киргизген кыз менен жигит түндөсү кездешип, ичтеги сырларын айтышат. Эртеси элине көчкөндө тагдыры кандай күнгө туш келери кызга белгисиз. Жат бирөөнүн колуна барганда кантери аны катуу түйшөлтүп, кабатыр экенин жашырбайт.

Жигит “өлсөк бирге өлөбүз, качалы” деген сунушун айтса, "курган ата-энесин" байкуш кыз жер караткысы келбегенин билдирип, андайдан баш тартат. Ошон үчүн каарман да “түрлүү жагынан кысмактап көрүп, болбогондон кийин туюктандым” деп отурбайбы. Бирин-бири айттырбай эле түшүнгөн эки жаштын сөзү бүткөнчө таң атып, коштошордо кыз жигитине эстеликке шайы жоолугун берет. Мариям ата-энеси менен көчүп баратышканда каарман аларды көзү менен узатат.

Аңгеменин экинчи бөлүмү Мариямдын күйөөгө берилишине арналган. Кыздын ата-энеси менен “элине көчүп келгенине” бир жылдан ашкан. Экинчи жылга аяк басып баратат. А бирок “махабат таасири кайдан унутулсун” дейт баяндоочу.

Мариям эр өлтүрүп айыптуу болуп калган тараптын айыбы үчүн көп аялдуу жашамал кишиге күнү аял болуп кетип аткан. Каарман Мариямдын айылында өтчү тойго баратканда жолдон Курман кошулат. Анын жактырган кызы Айша да ошол айылга турмушка чыгып, ал дагы ашыктык дартынан жабыркап жүргөн жан экен.

“Мен болгон окуяларды тегиз сүйлөп өттүм. Курман абдан угуп канган соң: “Ар ким билген заманынын кулу турбайбы, кай кыз ата-энесин таштап, сүйгөнү менен кете алды. Кай жигит ата-энесиз, малсыз сүйгөнүн ала алды?” деп, турмушта өзү көргөн акыйкатты, сүйгөн сөздү өзүнө көчүрдү. Кочкорбайдын айылындагы Айша деген бөлөсү менен сүйлөшкөндүгүн, аны алып кача турган болгондугун, чын-чынына келгенде ал кыздын ата-энесинен чыга албай, убададан тангандыгын айтты. Бирок бул жерде айыптын баары кедейликтен болгондугун сүйлөп, өзүнүн жардылыгына өкүнүп, сөзүнүн аягын кайгылуу үшкүрүк менен бүтүрдү”.

Ичтеги сырды бөлүшкөн арманы күч эки жигит той болчу айылга келип түшүп, ал жерден Мариямдын күнүсүн көрүшөт, орто жерден боз үйдөгү аялдардын талашына күбө болушат. Кыз берген тарап кудалар аябай эле жупуну келишкенин айтышса, күйөө тарап той ушундай эле өтөрүн билдирип, ортодо талаш чыгат.

Боз үйдөгү аялдардын урушун карап отурган эки жигитке чай бериш үчүн Карачач деген келин меймандарды үйүнө алып келет.

“Кирип барсак, күйөө Толтой ошондо болуп чыкты, тегерек сары сакал, семиз, сары чийкил, багалчак келген киши экен. Бизди олтурарыбыз менен эле жанындагы күйөө жолдош жөн сураша баштады. Жөнүбүздү айтыша отурдук. Качан өзүнүн мубарак үнүн угузар экен деп күйөөгө кумарланып мен олтурдум. Бирок тилегим тез орундала койгон жок. Күйөө Толтой букчуйду да олтурду. Чай ичип болгондон кийин гана: “четтен адамдар келип калды, бул күн түн да оюн кылалы, күйөө” деген Карачачтын сөзү чоң күйөөнү ошондо гана араң козголтту.

“Оюн эчак өтпөдү беле, жеңе, бу күн түн биздерди узатпайсыздарбы?” деген күйөөнүн мубарак үндөрүн ошондо араң уктум. “Отуз күн ойнотконго не жетсин, күйөө, дос-душман алдында биз кызыбызды кантип жесирдей эле учкаштыра берели” деген Карачатын кекээрлүү жообу күйөөгө оозун жымтып алгыча тийди. Күйөө кайта дагы сөз кылмакчы болуп онтолоду эле, бирок күйөө жолдош Карачачтын ыгына көчүп, сөзүн кубаттады.”

“Жигиттер Мариямды чыңыртып атка көтөрүп салышты...”

Мына ушул жерден каарман Мариям менен кездешет. Ал “көзү көзүнө учурай түшкөндө, буту чалыштап, мүдүрүлүп кетти. Бирок сыр бербеген кишидей болду”.

Кыз узатуу тою кыска түндө анча кызыбай, соңунда аялдар кошок кошуп кызды күйөөгө аткарышат.

“Аңгыча болбой эле: “кыз кылыгын кылбай коёбу: бир, эки жигит көтөрүп атка салгыла” дегендей эркектердин үнү чыгып калды. Бул коркунучтуу үндү угары менен Мариям кургур керегени медер туткандай эки колдоп кучактады. Дароо эле эки жигит келип Мариямдын колуна жармашты. Үй кычырады, майышып Мариямдын мурунку назик колдору бул жерде бир аз кайрат көрсөттү. Бирок да не чара, жумшап турган зулум күч акыйкатка караган жок, Мариямдын колун керегеден ажыратты. Жигиттер Мариямды чыңыртып атка көтөрүп салышты... Чындык менен санашпаган ырайымсыз колдор ай!..

Мариям кетти... бир жолу (биротоло. - Ред.) кетти...

Өмүрдүн эркинирээк сагаты менен Мариямдын эң акыркы коштошкону ушу. Келечек жаш өмүрү не болмок? Ал белгилүү... Жалгыз кара туман, жалгыз муң... жалгыз гана азирет...”

Касым Тыныстановдун өмүр жолун иликтегендердин айтуусунда, аңгемеде сүрөттөлгөн сулуу кыз анын ашыктык сезимин козгогон бийкечтердин бири болгон экен. Албетте, өзүнүн жеке турмушундагы мына ушул окуяны көркөм чындыкка айландырыш үчүн автор өз кезиндеги өтүмдүү теманы жалпылаштырып, типтүү жагдайдагы типтүү мүнөздөрдү түзүү аракетине киришкен.

Негизи Касым Тыныстанов сергек көркөм туюмга ээ, адабий тилдин жаңы өңүтүн баштан кечирип жаткан кыргыз сөзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүн мыкты билген, насили акын адам болгон. Андай сапатын “Мариям менен көл боюнда” аңгемеси да ырастап турат.

Окуяларды баяндоонун ыргагы, пейзаждык сүрөттөөлөр, диалог куруу, психологиялык кырдаалдарды так сүрөттөө жагынан ал катарлаштарынан кыйла алдыга озуп, көркөм дүйнөнүн татаал сырларын кадыресе өздөштүрүүгө жетишкен.

Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров. 21.7.2016.
Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров. 21.7.2016.

Анын адабий чыгармачылыктагы жетишкендигинин сырын белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров мындайча чечмелейт:

- Ошол кезде адабий чыгармачылыкка активдүү аралашкан акын-жазуучулардын фонунда Касым Тыныстановдун поэзиясы да, прозасы да өзүнчө бөлүнүп турат, алардын арасында такшалып калган калемгер катары көрүнөт. Адабиятка жакшы даярдык менен келип киргени көрүнүп турат. Бирок анын адабий мурасы көлөмү жагынан чакан эле. Бир ыр китеби, “Жаңыл мырза” поэмасы, анан аңгемелери, “Академиялык кечелери” менен бул багыттагы чыгармачылыгы аягына чыгып калат.

“Академиялык кечелерге” кирген чыгармалардын текстинин көбү эмдигиче белгисиз. Көркөм-эстетикалык деңгээли жогору автор 1930-жылдары деле көркөм чыгармалар жазгандыр, бирок алардын көбүн жарыялабаса керек, деп ойлойм. Себеби ошол 1930-жылдардын башында эле куугунтукка алынып, партиядан чыгарылып, ушундай кыйын шартта адабий чыгармаларын жарыялоону туура көрбөгөндүр, деп болжосок болот.

Камакка алынганда анын өтө көп кол жазмаларын НКВДнын кызматкерлери алып кеткен экен, деген маалымат бар. Бирок алар кийин табылбады, архивде эмне болуп жок болуп кеткени белгисиз.

Ким билет, 1930-жылдары репрессия күчөбөй, артынан кадала түшкөн саясий куугунтук болбосо, анда Касым Тыныстанов кыйла эле ийгиликтүү башталган адабий чыгармачылыгын улантышы мүмкүн эле.

Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин айкели. Каракол ш. 2018.
Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин айкели. Каракол ш. 2018.

Өкүнүчкө, улут адабиятынын башатында турган улуу инсандын кыйла убактысы 1920-жылдардын башында жарыялаган чыгармаларынан кадалып идеялык ката тапкандарга жооп берүүгө, моюнга илинген айыптарды четке кагууга, токтолбогон куугунтуктардын айынан адабий чыгармачылыгын жыйыштырып, куугунтуктан кутулуунун аргасын издөөгө кеткен.

Анын жаш кезинде жараткан “Мариям менен көл боюнда” аңгемесинен өткөн кылымдын башындагы кыргыз турмушунун оор учурунун деми сезилип, жаңыдан каз-каз туруп келаткан реалисттик адабиятка мүнөздүү сентименталдуулук, катаал адам тагдырларынын кайгы менен капага ширелген бир учуру сүрөттөлгөн. Кыргыз аңгемесинин мыкты үлгүсү ошондой карама-каршылыктуу учурда жаралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG