Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:15

“1937-жыл тарыхка таамай сайылган канжар болуп кирди”


Жазуучу Самсак Станалиев.

Сталинчил большевиктердин өз элинин башына карантүн түшүрүп, азаматтарын атып, камап, сүргүнгө айдаган калабасы көркөм адабиятта өткөн кылымдын аягында гана көрсөтүлө баштады. Ага чейин бул теманы козгоого тыюу салынып, жазылган чыгарманын жарыяланышы мүмкүн эмес болчу.

Кыргыз адабиятында 1930-жылдардагы куугунтуктар темасы Абдулхай Алдашев, Көчкөн Сактанов, Казат Акматов, Өскөн Даникеев, Самсак Станалиев, Арслан Капай уулу ж.б. калемгерлердин. чыгармаларында чагылдырылды.

Бүгүн биз Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” романы тууралуу кеп кылабыз. Романда 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) кыска өмүр жолу баяндалган. Социализм заманында анын акталышы да карама-каршылыктуу оор ишке айланбадыбы.

Сыз камера, арык сөлөкөт

Коммунизм идеясын ээрчий келген зордук-зомбулук, тап күрөшү, бай-манаптарды, оокаттуу дыйкандарды, билимдүү интеллигенция өкүлдөрүн жок кылуу, массалык кыргын салуу өткөн кылымдын 20 – 30-жылдары жетер жерине жеткен. Анын көркөм чагылдырылышы маалынан кыйла кечигибирээк башталды.

Коммунисттер бийлик башында турганда бекем жабылып-жашырылган кылмыш тууралуу кеп кылыш мүмкүн эмес болчу. Кыргызстанда репрессия курмандыктары жашырылган жерлердин бири гана 1991-жылы жайында ачыкка чыгып, ал “Ата-Бейит” аталып, Касым Тыныстановдун сөөгү арадан 50 жыл өткөндөн кийин табылды.

Анын акталышы ойдо жок жерден олуттуу маселеге айланып, чоң борбор Москванын айткан-дегенин алеки саатта аткарып ийчү жергиликтүү бийликтин каршылыгынан адилеттиктин калыбына келиши отуз жылга жакын созулган. Социализм тарых тактыcынан кулап түшүп, Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин, атын укканда эле итатайы тутулчу таасирдүү каршылаштарынын көзү өткөндөн кийин Касым Тыныстанов тууралуу ачык кеп кылууга, эмгегин эскерүүгө жол ачылды.

Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы”романы 2001-жылы Кыргыз энциклопедия борбору тарабынан чыккан. Роман тууралуу айтылуу сынчы Кеңешбек Асаналиевдин “Эки нардын ортосунда” деген көлөмдүү макаласы жарыяланган.

Китепке баш сөз жазган Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов:

“Канчалык жазылганы менен, канчалык изилденгени менен ал кайра ошончолук кызыктуу, ошончолук татаал, дале болсо ошончолук ачыла элек сыяктанат. С. Станалиевдин романы менимче дал ошондой бөксөлүктү толтура турган, дал ошондой чаңкоону кандыра турган чыгарма”, - деп белгилеген.

Романда Касым Тыныстановдун жашоо-турмушунун урунт учурлары, 1916-жылкы Улуу Үркүн, билим алуу абыгерчилиги, үйлөнүшү, чыгармачылык, илимий ишмердигинин башталышы, саясий куугунтукка кабылып, түрмөгө түшүшү, актыгын далилдеп жазган арыз-кайрылууларынан натыйжа чыкпай атылып кетиши, кыргыз интеллигенциясын кыйгас жоготуу, аман калгандарын биротоло баш көтөргүс кылып басынтып салуу, буйрукчул-өкүмзор бийликтин толук орношу баяндалат.

Чыгарма 1937-жылы Касым Тыныстанов камалып, адам чыдагыс кыйноолордон сөлөкөтү гана калган кезин сүрөттөөдөн башталат.

“Арыктап бүтүп, ачарбак болгон бир караан камерада жалгыз отурду. Өмүр бою ортосу бармак басым жерде туруп, түбөлүк бирин-бири тиктешалбас эки көздөй табышалбай калабызбы, караңгылык каралдым, деп дилинде күйүп отурду. Как чокусуна кан жыттанган канжардын албарс мизи болуп сайылган мына бул лампочканын жыландай муздак жарыгынан аз да болсо кутула турайынчы деген ойго алаксып, өткөндү эстеп отурду. Чатыраш темирлери карайып бүткөн терезе тушунан баягыл чымчык, адатынча жылан соруп жаткансып жан-алы калбай, безенип сайрап жиберди. Касым демейдегисиндей селт эте чочуп алды.”

Романда баары ичара чырмалышкан, бири-экинчисине жуурулушкан символдордон, идеялык жүк көтөргөн аллегориялардан турат, көркөм туюнтуунун образдуу-ассоциативдүү ыкмалары кеңири колдонулган. Караңгы камеранын ичинде күндүр-түндүр тынбай күйгөн лампочка, бири экинчисине алмашып турчу тергөөчүлөр, сырттагы сургулт асман – баарысы биригип келип айласыз капаска кабылган армандуу тагдырдын жыйынтыктоочу аккорду катары кабылданат.

Сурактардан тажаган Касым тагдыры чечилип калганын, адам чыдагыс кыйноолордон кийинки айыптоо өкүмү даярдалып, баары бир күндү, совет бийлигине аянбай кызмат кылып, аягында анын душманы болуп чыга келген адамды жок кылуучу учурду күтүп калышканын жакшы билчү.

Айласыз актык жолуна баратканын сезген улуу инсан өткөнүн эстейт. Жаштыктын жалындуу курагында ашыктык ышкысына кабылып, биринен бири өткөн керемет сулуулар менен болгон мамилеси, ошону менен көбү кетип азы кайткан улуу Үркүндү, билим алам деп кандай аракет кылгандарын эстейт. Көрсө анын баары жашоо-турмушунун бир белеси экен.

Жарыгы жарык эмей эле жыландын уусу

Илешкен ооруга баш бербей, элим үчүн деп жанын сабап иштегени, жасаган эмгеги бир тыйынга арзыбай эми минтип “эл душманы” деп айыпталып, караңгы абакта отурат. Сыз камерада аны эс алдырбай мээсин көзөй теше “тиктеген” лампочка менен сыртта жанталашып үнүн безеген кичинекей боз чымчык.

Түн-күн дебей чакчайып өчпөй, “маңдайында чычаладай күйүп турган сакчы” лампочка - анын түгөнүп бараткан чыдамын биротоло жок кылчу дагы бир “желдет” турчу.

“Ильич шамы эмей эле НКВДнын күндүр-түндүр көз ирмебес, чакчыгайдай чакчыйган, төбөлү эмнени айтса ошону төбөсү менен жер казып жатып болсо да, айтылгандан ашыра аткарган, шири кийгизилип, мээшишик маңкурт азабы эс-акылын өлтүрүп, маңакылын кайра жараткан жаналгыч болду. Тирмийе карап жарыгын чачат да турат. Жарыгы жарык эмей эле жыландын уусу. Ушу жарыгы жалп өчсө жан жыргаар беле?.. “Нескиши деген айтылчу эле, ошол ушул түрмөнүн жан сууруган лампочкасындай эме го?” – деди Касым.”

Касым Тыныстановдун кыска өмүрүндө жетишкен көркөм, илимий ачылыштары замандаштарын эле эмес, кийинки муун урпактарды таңдандырып, убакыт өткөн сайын анын улуулугу менен бийиктиги ачыла берери ошондо эле билинип калган.

Мына ушул жагдай анын айрым атаандаштарынын куйкасын куруштурган, идеологиялык догмага жамынгандардын заманасын куурулткан. Ошон үчүн анын жазгандарынан кадалып саясий-идеялык ката издеп, кандай да болсо аны жок кылуунун аргасын жасашкан.

Башы баш эмес эле коргошун

Сталиндик кандуу жазалоону кучак жая тосуп алып, баш көтөргөндүн баарын жок кылууга куштарларга кудай берип салбаспы. Романда Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаев экөөнүн ортосундагы келишпестиктерге кенен орун берилген. Идеялык күрөштүн аягы кайгылуу бүтөрү мына ушул эки инсандын мамиле-катышы аркылуу көрсөтүлгөн.

Абактагы кыйноолор романда кыйла орунду ээлеген эпизоддордон. Жазуучу буйрукту аткарыш үчүн тергөөчүлөр миң түркүн амал-айлаларды колдонору, алардын арасында аркыл адамдар бардыгы,аёо билбес канкорлору, жылуу сүйлөп ууну билгизбей чачкандары, кытмыр, жойпулары, жыйынтыгында баары абакка түшкөндөрдү айыптуу деп эсептеп, аларды эч ойлонбой атууга даярдашат.

Сталиндик бийликтин желдеттеринин ушундай кайдыгерлигинен он миллиондогон адам тагдырлары азапка түшүп, канча үй-бүлөлөр кан жутуп, жакындарынан ажырады.

“Бөлмөнүн ичи үч көчтү, сыртта жүргөндө эле эчен мезгилден бери тамакты мүнөздөп, көкүрөк оорунун көзүн жабар бекен деп чөп-чар ичип сүзөктөп жүргөн Касымдын заманасы куурулду. Адегенде денесин коё бербей, өзүн өзү бек кармаганга аракет кылды эле, анысы айла болбоду. Уютулган чоюндай болгон чокмордой кол кулак түпкө катары менен тийгенде көзүнөн жарк этип от жанды да, анын артынан кандайдыр ак жарык учуп жок болду. Ошо бойдон көзү караңгылап, карегине тынчы жок кызыл-тазыл чыбырчык дүйнө кадалды да калды. Андан башка эч нерсе көзүнө көрүнбөй, мээге сайылып жаткандай ошол тынчы жок кызыл-тазыл чыбырчык дүйнө улам берилей берди. Улам берилеген сайын Касымдын айласы кетип, жанын катар жер таппай, эмнегедир башы оор тарта баштады, башы баш эмес эле тим эле коргошун. Ары да, бери да шалак-шалак дейт, шалактаганда тепкен топтой ыргып барып, анан капталындагы муздак дубалга былч эте тийип, кайра артына ыргып, кайра бул дубалга күү менен келип урунуп жатты, ага ушундай туюлду. Бирок анын кандай болуп жатканын көрө албады. Анан ошол маалда көкүрөгүн кандайдыр бир кызыл өрт каптап, көздөрүн кызыл чок жалап бараткансыды. Буга удаалаш бүт денеси күйгөн оттой дүркүрөп, шамалдагы жалындай жалбырттай баштагансыды. Кашайгырдын кара көзү чымчык чаар дүйнөдөн башканы көрбөй калды, алдырарда жаздырар болуп өзүн өзү бир көргөнгө зар кылып, ак жарык качкан караңгылыкка камап салды.”

Бул кыйноо анын абакта көргөн азаптарынын бири гана, минтип “эки дүйнөнүн ортосунда, өлүү же тирүү экенин биле албай жаткан” учурлары көп болгон. Мамлекет душманына, эл душманына башкача мамиле кылышчу эмес.

Күн-түнгө карабай болуп турчу узак сурактар, уруп-согуп кыйноолор түрмөдөгү көнүмүш эле. Тек алып барып атып койгуча калпынан болсо да тагылган айыпты моюнга илип, моюнга албаганын жарым өлүк кылып токмоктоп, моюнга алганын да, албаганын да жедеп баса албай, сүйлөй албай калганда алып барып атып салышчу. Соттук териштирүүнү жок кылышып, анын ордун “үчилтик” басып, ошолор даяр өкүмдү гана окуп калышкан.

Чоң-Ташка алып баратышат

“Кармаганы кайра акталгыс репрессиянын курмандыгы болгон ал мезгил ордону бузуп, ойроттун күлүн сапырган, калк башына кайгы түшүрүп, калк карегине күйүт чогун кактаткан кандуу кез 37-жыл аталып, тарыхка таамай сайылган канжар болуп кирди. Ал бирөөлөр каалагандай кайра баштан кайрылып, калыстык үчүн катасын айтып, чын-төгүнүн териштирүүгө тирүүнүн түбөлүк акысы, жандуунун жарыктагы жок милдети катары кирди. Талашы баштан, тартышы чачтан ашкан бул кезең орус балта мизинен, кажымар каман тишинен жабыркап, чындыктын чыркыраган жетиминдей күйүп-өчүп да, түтөп-жанып да турду. Ошондуктан ал мезгил тарыхтын агымына адамзат жазмышына кайра акталгыс, тескери деп териштирилгис, жашыруун сырын жан адам билгис репрессия деген өчпөс тамга басып кеткен. Ооба, тагдыр деген канчалык айткан менен тагдыр экен го, кылым тарыхында атын атоого жүрөк даабаган мындай кайгылуу иш бир адамдын эмес, бир уруунун же бир айылдын элинин эс-зээнине так салып көңүлүн көзөп, көкөйүнө көкташ болуп уюган, кулагына эриген коргошун болуп куюлган атынан жүрөк ыйлаган, затынан сай-сөөк сыздаган окуяны камтыган эчен жылдар болгондур, бирок мындай кеңирсиген кең өлкөнүн калкын, түптүү журтун түбү менен тукумкурут кыла жаздаган, зили заркакшатма кан ичмей мезгил асты болгон эместир.”

Кыргызстан айдыңдарынын (интеллигенциясынын) кыраандарын кыргынга салган репрессия улам күчөп,кандуу кылыч баарынын башында ойной баштаган мына ушул капсалаңда Касым Тыныстанов адамдык касиетин жоготпой, акырын жылып келген өлүмдү салкын-суз кабыл алат.

“Кайсы бир бурулуштан Касым Фрунзенин түштүк тарабына, баягы Шөкүлө-Тоо тарапка баратканын байкап калды.

- Чоң-Таш жакка баратат окшойбуз?.. – Төрөкулдун үнү чыкты акырын. Жанында экен. Бирин-бири араң көрөт, машинанын ичи да караңгы, сырт да караңгы.“

Келишкен экен.

“Келер жер ушул экен,- деди Касым жерге түшкөндө,- келдик”.Анан тизилип жаткандардын катарына кошулду. Аскер формачандардын эки-үчөө өздөрүнчө сүйлөшүп жатышат, жарык күңүрт. Мында келгендердин тизмеси окулуп, ким бар, ким жогу дагы бир ирет такталып”, анан кылым кылмышы 137 азаматты заводдун кыш жыйноочу чуңкурунун жанында атышат.

(Көркөм чыгармада ушундай баяндалган. Чындыгында, Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү мурдагы кирпич бышырган жайга Бишкекте эле өлүм жазасына жазыксыз кириптер болуп, сталинчилер тарабынан атылган кишилердин сөөктөрү гана жеткирилген. - Ред.)

Кайрандардын сөөгү жарым кылымдан кийин табылды. Табылбай, дайынсыз жер менен жер болуп кеткендери канча. Анын так санын билген киши жок. Дайынсыз калган Касым Тыныстановдун каза болгонун жакындары жыйырма жыл өткөндөн кийин эскеришип, куран окутушат.

Согуштан жарадар болуп келген тун уулу Теңдиктин сөөгү Чырпыктыда жерге берилгенден кийин атасы эскерилет.

Самсак Станалиевдин “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” романы эгемендик замандагы адабий окуяга татырлык, карама-каршылыктуу татаал мезгилди реалдуу өң-түсүндө, кылычы канга боёлгон коммунисттик доордун драмасы менен трагедиясын ишенимдүү көрсөткөн.

Өз элине карата опсуз мыкаачылыкты баштаган сталинчилердин огу биринчи бейкүнөө адамдын чекесине кадалган күндөн коммунизм деген утопияга жамынган системанын тарых тактысынан жылмышып түшөр сааты санала баштаган.

Репрессия, куугунтук, өкүмзордукка үмүт арткан эңгезер империя 70 жылдан кийин кулап түштү.

Касым Тыныстановдун аты өмүрүн сайып, чын дилден кызмат кылган система урап түшкөндөн кийин ачык айтылып, ал туш келген муундун трагедиясын баян кылган роман жаралды. Бул чыгарма - мурда сынчы, акын катары таанылган Самсак Станалиевдин ири эпикалык жанрдагы биринчи тажрыйбасы.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG