Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 06:39

"Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы сталиндик абакта набыт болгон мурдагы Кыргыз АССРинин жана Кыргыз ССРинин адилеттик эл комиссары Каратал Табалдиновдун тагдырына арналмакчы.

Каратал Табалдинов 1899-жылы Бишкектен анча алыс эмес Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырап, жетимчиликтин азабын тарткан. А бирок билимдүү болгусу келген зээндүү бала экен эртелеп окуп, жаш кезинен жооптуу кызматтарда иштей баштаган.

Ташкендеги Орто Азия коммунисттик университетин аяктаган соң, ал Тажикстандын Жерге-Тал районунда, андан соң Ош облусунун Өзгөн районунда болшевиктик партиялык кызматкер, партиянын райондук комитетинин катчысы болуп иштеген.

1934-жылы Москвадагы юристтердин бир жылдык курсун аяктап келгенден кийин, 1935-жылы ал Кыргыз АССРинин адилеттик эл комиссары (б.а. юстиция министри) болуп дайындалган.

Ага чейин Кыргызстандагы укук маселелерин көзөмөлдөгөн бул эл комиссариатын Ташмухамед Худайбергенов (1927-1929) менен Искендер Жанузакович Жоломанов (1929-1934) жетектешкен.

К. Табалдинов адилеттик эл комиссары кызматында 1937-жылы камакка алынганга чейин иштеген. Кыргызстан 1936-жылы декабрда Кыргыз ССРи болуп кайра уюшулган соң да, демек, К.Табалдинов Кыргыз ССРинин юстиция эл комиссары кызматын бир аз убакытка аркалаган.

Камактагы адам чыдагыс кыйноо, азап-тозоктордон соң баса албай калган араңжан Табалдиновду Шибердин чыгышындагы алыскы Чита облусуна айдашкан. Ал жерден поюздан түшүрүп белгисиз жакка алып кетип атышкандыгы тууралуу алакандай кагаз жиберген.

Каратал Табалдинов Шибердеги ГУЛаг түрмөсүнөн кайтпай калган.

Айыл менен шаар ортосундагы кыска жол

Каратал Табалдинов күлгүн куракта кезинде бүткүл СССРде сталиндик кандуу жазалоолордун арааны ачылып, бейкүнөө адамдарды сурак-сопкуту жок эле алып келип камай башташкан.

1937-жылы 8-октябрда Каратал Табалдиновду иштеп отурган жеринен камакка алышып, ага Социал-туран партиясынын мүчөсү, Кыргызстанды СССР курамынан бөлүүгө кызыкдар, “шектүү” адамдарды камакка алган эмессиң” деген айыптарды коюшкан. Ал төрт жылга жакын түрмөдө адам чыдагыс кыйноолорду, азап-тозокторду башынан өткөргөн.

Акыры айыпты мойнуна коё албаган үчилтик адилет министрин беш жылга эркинен ажыратып, алыскы Шиберге айдашкан. Адам жаны темир эмес, төрт жылдык уруп-согуулардан кийин баса албай калган жарымжан министрди замбилге салып поюз менен Сибирдин Чита облусунун Слободка деген айылына алып бара жатышканын кайсы бир ак көңүл адам аркылуу кабарлаганга жетишкен.

Андан башка кабар жок, Каратал Табалдиновдун кайсы жерде курман болуп, сөөгү кайсы жерде жашырылганы белгисиз.

Артында калган кызы үнү жеткен жерлердин көбүнө кайрылып, андан жарытылуу жооп ала алган эмес.

"Кырчындай атам камалып..."

Кыргызстандагы үчүнчү адилет министринин (Кыргыз ССРинин алгачкы адилеттик эл комиссарынын) камакка алынышы анын жубайы менен жалгыз кызына опсуз оорчулуктарды алып келген.

Аялы Мариям Туганбаева (Тууганбаева) жооптуу кызматын таштап, шаардагы фабрикалардын биринде катардагы тигүүчү болуп ишке орношкон. Аны менен эле тим болбой, жалгыз кызы Кларанын тагдырын ойлоп, аны өзүнүн тегатына (фамилиясына) каттатууга аргасыз болот.

Клара Туганбаева атасын сүрөтүнөн билген кишилердин айткандарынан гана укпаса, өзүн көргөн эмес.

Клара Туганбаева.
Клара Туганбаева.

Анткен менен ал “эл душманынын” кызы кандай болорун жон териси менен сезип, бала кезинен басым-кысымга туш келип чоңойгон. Клара эже атасы тууралуу айтканды жакшы көрөт, ошондой улуу кишинин кызы болуп калганына сыймыктанганын жашырбайт.

- 18 жашынан а кездеги ВКП(б)нын мүчөсү болгон. Кант райкомунда инспектор, катчы, анан тартип коргоо органдарында иштеген. Кыргыз интеллигенциясынын биринчи муунунан, алардын канчасы репрессияда жок кылынды. Алар жок кылынбаганда Кыргызстан мыкты өнүкмөк.

Атам юстиция министри болгон кезде иш билги, милдетин мыкты аткарган билимдүү кадрлар аябай эле аз болгон экен. Жооптуу кызматка көтөрүлгөндө жалган жалаа менен камалып, тартип коргоочуларды Социал-туран партиясына өтүүгө үгүттөгөн деген жалаа менен атам кармалган. Баялы Исакеев тапшырма берип, бул министр кол алдындагыларды Туран партиясына киргизет деген имиш менен атам камалган.

Ал кезде баары камалган, Айтматов, Исакеев, жетекчилердин баары. Атам камалганда мен экиге чыга элек кыз экемин, сүйлөй элек кезим. Ошондон атамды элестете албайм, үнүн, өңүн билбей калдым. Кырчындай атам камалып, таптаза киши жок кылынып, мен атасыз өстүм.

“Читадагы бир станцияда бизди түшүрүп атышат...”

Каратал Табалдиновдун өмүрлүк жары Мариям Туганбаева да Кыргызстандагы белгилүү коомдук-саясий ишмерлердин бири, 1931-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз автоном республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин аткаруу бюро төрагасынын орунбасары болуп иштеген.

Күйөөсү “эл душманы” болуп камалып кеткенде куугунтуктан чочулап, жооптуу кызматын таштап, катардагы тигүүчү болуп ишке кирген.

- Апам Мариям Туганбаева Абдыкадыр Орозбековдун орунбасары болуп иштечү, өкмөт мүчөсү эле. Атам камалганда апамы кызматтан алышып, партиядан чыгарышып, турган үйүбүздөн кууп чыгышып, талаада калтырыптыр. Апам кайраттуу киши эле. Мени чоңойтуп, өстүрүп, жакшы тарбия берди. Экөө тең коммунисттер эле. Атамы камаганда коркуп, мени да камап коёт деп чочулап, кызматынан кетип, шаардагы бир жерде тигүүчү болуп иштеп алыптыр. Атама күндө түрмөгө барчу экен. Атамы уктатпай түнкүсүн урушчу тура. Кыйноолорго карабай айыпты моюнга албай, жалгыз камерада отуруптур. Аны менен чогуу камалган чоңдор тепкилегенде эле макул деп кол коюп беришиптир, аларды атып салышты.

Атамды “нквдишниктер” 3 – 4 жылы эзе беришиптир. Күчтүү, олбурлуу жигит экен. Төрт жылдан кийин аны Ыраакы Чыгыштагы ГУЛАГга айдашат. Ден соолук жок, өпкөсүн таптакыр эле эзип салышыптыр, баса албай, замбилге салып поюзга киргизишет экен.

1940-жылы поюз менен барган бир кишиге кичинекей бир кагаз жазып жиберүүгө үлгүрөт. Биздин Чита облусунда бир станциядан түшүрүп атат, деп жазат. Каякка алып барарын билбейм дейт, өзү баса албайт. Ошондон кийин эч кандай кабар жок.

Ошончо запкыны көрсө, тепкиге туруштук берип, моралдык жагынан сынбай, айыпты моюнга албай, алыска кетип атпайбы. Антпесе бул жердеги жигиттер менен эле чогуу атылмак.

1956-жылы партиянын БКнын бюросунда атылып кеткен жетекчилер акталат. 1957-жылы сот аркылуу аныктама чыгат. Күнөөсү жок, көзү өткөндөн кийин акталсын деген чечим чыккан. Бул жылы мен Москвадан институтту бүтүп келгем. “Душмандын кызы” деп сөөмөйү менен көрсөтүшчү. Көбү бизден алыстап калышкан. Акталгандан кийин маанайыбыз кичине ачылды.

Каратал Табалдиновдун төрт жыл бою түрмөдөгү кыйноолорго карабай, айыптоо кагазга кол койбой коюшу анын эркинин күчтүүлүгүн билдирет. Аны менен бир убакта камалган белгилүү ишмерлердин көбү опсуз айыптарга макул болуп, атылып кетишсе, көжөлгөн укук коргоочунун көктүгү анын өмүрүн азыноолок узартууга өбөлгө түзгөн. Ал акыркы үмүтү үзүлгөнчө адилеттик болоруна үмүт артып, артында калгандарына алыскы Шиберден куш тилиндей кабар берүүгө жетишип, ошону менен бул жалгандагы жашоо жолунун түгөнүшүнө баратканын билген.

- Ушул убакка чейин кайран атам менин жүрөгүмдүн так төрүндө. Эмне жакшы иш жасасам же кыйналсам, ооруп калсам – дайыма атамды эстейм. Кийин апама биздин тартылып алган буюмдарыбызды бериптир. А кезде кайсы мүлк бар эле бизде. Эмнени бермек эле.

Анан дайым ушул репрессияны ойлойм. Колум жеткен материалдардын баарын окуйм. Сталин өлгөндө (анын сөөгүн коюуга катышкан) элдин баары бирин-бири басып кырылбадыбы. Ошондо мен онунчуну бүтүп жаңыдан Москвага баргам. Мен ойлончумун да, кантип ушунун баары болду деп. Элибизди кантип кырдык – эки миллион. Бул менин билгеним.

Канаты кайрылган каркыралар

Кыргыз ССРинин туңгуч адилет министринин партиялык иштеринин кыска баяны Саясий документтер архивинде сакталууда.

К.Табалдинов жана анын кесиптештери.
К.Табалдинов жана анын кесиптештери.

Архивдин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтуусунда, Каратал Табалдинов алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын арасындагы эң билимдүү, ишине тыкан, мыйзамдуулукту бийик койгон улуу инсан болгон.

- 1936-жылы Кыргыз республикасы союздук республика статусун алганда эле Каратал Табалдинов адилет министри болуп турган экен. Анын жасаган иштери, эмгеги кийинки муунга, келечекке сакталышы керек. Анын өздүк делосу архивде сакталып турат. Каратаман кедей үй-бүлөдөн чыккан, Аламүдүн районунун Тата айылында төрөлгөн. Атасынан эрте жетим калып, бирок билимдүүлүгүнүн аркасында алгач өз айылында, анан Лебединовка айылында жергиликтүү бийлик органдарында иштептир. Облустук кызматкер болуп, ал арада кыска курстардан, кийин Орто Азия коммунисттик университетинде окуп келген.

САКУда өмүрлүк жары Мариям Туганбаева менен таанышып, баш кошуп, Туганбаева Борбордук аткаруу комитетинде төраганын орунбасары болуп иштеген.

Адилет министри болуп турган кезинде репрессияга туш келип, кыргыз элинин чыгаандарынын катарында жок кылынган. Алгачкы муун жетекчилер дүйнөнү тезинен өзгөртүп, адилеттикти тез эле орнотуп, өнүккөн өлкө кылууну каалашкан. Алар алдыда кандай азап-тозоктор, кандуу жазалоо күтүп турганын билишкен эмес. 1940-жылы Табалдиновду күнөөсүн мойнуна коё албагандан актаганга аракет кылышып, бирок кайра эле арыздын негизинде беш жылга камалып кеткен. Кайсы жерде каза болгону дайынсыз.

Каратал Табалдинов жубайы Мария менен.
Каратал Табалдинов жубайы Мария менен.

Сталиндик кандуу жазалоолордун жаалы бир аз кайтып, бейкүнөө жазалангандарды актап, алардан “эл душманы” жардыгын ала баштаган чакта Каратал Табалдинов да акталып, 1993-жылы өз айылында мектепке аты берилип, музейи ачылды.

Ушундай эле сый-урмат Мариям Туганбаевага да көрсөтүлүп, Ысык-Көл өрөөнүндө Түп районуна караштуу Чолпон айылындагы көчөгө анын ысмы ыйгарылган.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери совет бийлигинин катаал жазасына кабылып, ак жерден атылып, соттолуп кеткен кыргыздын алгачкы советтик муун интеллигенциясы туш келген катаал заманды ачык сыпаттоого жана бейкүнөө жок кылынгандарды эскерүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.

Өкүнткөн жагдай, сталиндик куугунтукка кабылган кайрандарды билген, уккандардын азайып баратышы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG