Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 02:51

1930-жж.: Мугалим Доскул Артыков ак жерден камалып, набыт кеткен


Доскул Артыковдун жээни, эл мугалими Мамасаид Боронов.

1930-жылдары сталиндик жазалоонун кандуу капканына кабылбаган билимдүү адамды совет өлкөсүнөн табыш кыйын. Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылынан эле 19 киши жок кылынган. Түрмөгө түшүп, адам чыдагыс азаптарды башынан кечирген адамдар саны андан да көп.

Жок жерден жалаага кабылган Доскул Артыков мектеп ачып, балдарды окутуп жаткан жеринен камакка алынып, түрмөдөн кайтпай калган. Куугунтук курмандыктарынын кезектеги берүүсү Доскул Артыковду эскерүүгө арналат.

Пландуу кырып-жоюунун жосуну

Коңшулаш Тажикстанда репрессия курмандыктарынын саны 25 миң кишиге жетери айтылып келет. 2013-жылы жазуучу жана журналист Курбон Аламшоевдин "Памир 1937" (“Помир 1937”) деген китеби чыкты.

Анда сталиндик канабайрамда жок кылынган 16 кайрандын эмгеги эскерилип, алардын тагдыры аркылуу кандуу жазалоонун катаал жагдайлары ачып берилген. Китептин автору Тажикстанда коммунисттик доордун курмандыктары тууралуу ар тараптуу, терең изилдөөлөр жүргузүлө электигин белгилеп, ак жеринен атылып кеткен карапайым адамдардын атын эстей жүрүү кийинки муундардын милдети экендигин билдирген.

Курбон Аламшоев өкүнүч менен белгилеген репрессия курмандыктарын эстеп, алардын эмгегине калыс баа берүү иштери жалгыз эле Тажикстанда эмес, башка республикаларда деле анчейин жандана элек. Бул жагынан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген республикалардын дээрлик баарында окшош жагдай өкүм сүрүүдө. Ошондон улам горбачёвдук “ачык-айкындык” тушунда кыйла жандуу башталган иш солгундап, ушу тапта азыноолок илимпоздордун гана аракети менен экен-токондо өтчү илимий иш чараларда эскерилгени болбосо, коммунисттик канабайрамдын калабасы архив барактарында гана калууда.

Коммунисттик бийлик тушунда күнөөсүз күнөөлүүлөрдү жок кылуунун планы ишке ашырылган. Бул ишке Сталиндин айткан-дегенин эки кылбаган элпек өнөктөштөрү тартылып, алар канабайрамдын кантип жүрүп жатканын башкы демилгечиге илгиртпей жеткирип турушкан.

Сталиндин өзү "троцкийчил жана башка тап душмандарын, эки жүздүүлөрдү" аянбай атып, камап жок кылуу тапшырмасын берип, анын 1937–1938-жылдары жер-жерлерде кантип аткарылышын жан-жөкөрлөрү көзөмөлдөп турушкан. Маселен, ВКП(б) БК катчысы А. А. Андреев Тажикстанга келип, 1937-жылдын 2 октябрында Сталинге момундай мазмундагы телеграмма жөнөткөн:

“Тажикстандагы абал менен таанышып чыктым. Душмандар бул жерде кенен-чонон жана өздөрүн бейгам сезип иштешкени билинип турат. Камакка алынып, азырынча кызматынан куула электер: элкомкеңеш төрагасы менен орунбасарлары, БШК төрагасы менен катчысы, элкомдордун баарысы, райкомдун 15 катчысы, антисоветтик уюмдарга кирип алгандардын дагы көбүн иштен алып, камоо милдети турат.

Душмандардын бузукулук иштеринен жабыр тарткан аймактар - чек ара райондору, ал жерлердеги кадрлар, ошондой эле бул жерлерде кулактар менен басмачыга жан тарткандар отурукташып алышкан. Чек ара начар кайтарылат, Ооганстанга ээн-жайкын өтүп, кайтып келүүгө болот. НКВДга чек ара аймагын кулактар менен басмачылардан тазалоо, чек араны кайтарууну күчөтүү тапшырмасын берүү зарыл.

Ушундай эле бүлгүнчүлүк иштер Өзбекстанда пахта жана өнөр жай боюнча улантылууда. Өзгөчө оор зыяндарды мектептер менен техникумдардан, жогорку окуу жайлардан байкоого болот. Көп мектептер жабылган, мугалимдер жетишпейт, которулган окуу китептери жок".

Борбордук Азия чөлкөмүндө өтчү жазалоонун эсеп-кысабын текшерип, күчөп бараткан жумушка дем бериш учүн келген ВКП(б) БК катчысы Сталинге жолдогон телеграммасында тынч делген Түркмөнстанда жазалоолор кандай жүрүп жатканын минтип кабарлаган:

“Түркмөнстан боюнча биз жөнөткөн өтүнүчкө момундай маалымат алдык: “Сизге белгилүү Атабаев, Айтаков жана Сахатовдон башка контрреволюциялык уюмдун активисттери катары 7 эл комиссары, 5 БК бөлүм башчылары, 3 окружкомдун катчысы, 7 райкомдун катчысы камакка алынды. Көбү күнөөсүн мойнуна алышты".

Агайы Азамды Ташкенге окууга жөнөткөн

Совет бийлиги бекем орун-очок алгандан кийин күчөгөн канабайрамга Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылында жашаган Доскул Артыков да туш келген.

Саясий максат-кызыкчылыгы деле жок, тоо арасында жашаган кыргыз калкыныны билимдүү болушуна кызыкдар агартуучунун НКВД капканына түшүп калышы биралдын таңкалыштуу сезилиши мүмкүн. А бирок күчөп бараткан кандуу жазалоого кайсы бир киши туш келиши керек болчу. Доскул Артыков ошол репрессия статистикасы үчүн керек болгон.

Экинчи жагынан Доскул Артыков ошол кездеги беш манжа менен саналчу билимдүүлөрдүн бири болчу. 1882-жылы төрөлгөн, жаш кезинде сабатын жоюп, кат таанып, совет бийлиги кезинде мектептер ачып, айыл кеңешин башкарып, кылдай күмөн санабай кызматын аткарып жүргөндө анын жашоосуна минтип карантүн түшүп отурбайбы.

Доскул Артыковдун камалышына кайсы бир кезде кошуна айылдык тирикарак жетим баланы Ташкенге окууга жөнөтүшү себеп болгон экен. Азам деген ал бала мугалиминин үмүтүн актап Ташкенде билим алып, айылына кайтып келип, райондук милиция начальниги болуп иштеп жүргөн жеринде айыпталып, алдыда эмне болорун билген тирикарак жигит карабашын калкалап, басмачы болуп кетет.

Окуучусунун совет бийлигинин душманы болуп кетишине мугалимин айыптап, Доскул Артыковду “үчилтиктин” өкүмү менен 5 жылга эркинен ажыратышкан. Күнөөсү – кошуна айылдагы жетим баланы билим алууга Ташкенге окууга жөнөткөнү.

Өкүнүчтүүсү, Доскул Артыковдун өмүр жолу ошону менен ойдо жок жерден кыркылат. Доскул атанын кайгылуу тагдырын ушу тапта Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жашаган эл мугалими Мамасаид Бороновдон уксак:

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылы.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Жайылган айылы.

- Биздин Жерге-Талда совет бийлиги 1921-жылдары орногон. Ошол бийликтин тапшыруусу менен 1928-жылы айыл-айылдарда мектеп ачыла баштаган. А кезде азыркыдай билимдүү адамдар жок.

Араб тамгасында сабаты ачылган Артыков Доскулду Жайылган айылына мугалим кылып коюшкан. Аны эл Доскул амин деп аташкан. Ошол киши балдарды окуткан. Башында баары эле мектепке балдарын беришкен эмес. Доскул колунда жоктордон, жетим балдардан топтоп, баарын мектепте окута баштаган.

Ошол жылдары Кожойтөбө деген жерден бир тажик баланы энесинен сатып алып мектепке беришет. Бул мектепте бир-эки жыл окуп, сабаты жоюлуп, билимин өркүндөтүп, кийин ошол райондогу милиция башчысы, Лахшы өрөөнүнүн милиция чоңуна жетишет.

Иштеп жүргөндө кайсы бир аялдын домосу (доосу, жалаасы) менен баягы Азам камалат. Ал түрмөдө “мен окуп, совет бийлигине кызмат кылып жүрсөм, домо менен камадыңар”, деп түрмөдөн качат. Жөн качпай кароолду өлтүрүп, ал жердеги курал-жаракты алып чыгат. Аны менен кошо чыккан адамдардан топ түзүп, өкмөткө каршы чыгышат.

Анысы узакка созулбай кийин ал Ачыкалмак деген жерде атышууда курман болот. Ошол Азам тирүү кезинде окуткан агайы Артыков Доскулга каттап жүргөн экен.

“Бул Доскулга каттап жүргөн, ошондой адамды тарбиялаган” деген доомат менен Доскулду каматышкан. Ошентип мугалим камалат да 5 жылга соттолуп кетет. Кийин ал акталыптыр.

Ошол сыяктуу жалган жалаадан, Азамдын айынан өкмөттүн адамдары “бу Азамдын тополоңуна катышкан” деп биздин айылдан 14 адамды атып ташташкан. Эч кандай суроо-сопкуту жок эле атып салышкан. Алардан тышкары Алимкулов Паязды молдо деп, мына мисалы, Кожошев Сыдыкты бай деп,Мамытов Үба дегенди да молдо деп - буларды да камакка алып барып атып ташташты. Гарым деген жерге алып барып өздөрүнө көр каздырып, так ошол жерге өздөрү казган көрүнө атып ташташкан.

Шералиев Жумаш дегенди кармап бара жатканда, орустар кайтарып бараткан жерден ат үстүнөн сууга секирип, бул чоң сууда агып өлдү. Мына ушинтип үчөө-төртөө ушул Азамдын урушунан кийин 1932-жылдары өлдү.

Мындай тополоңдор көп болгон.Мен булар жөнүндө аксакалдардан көп уккам. Көбүн жакшы билем. Мына Алымкулов Сабыр дегенди кийин 1939-жылдары жалган жалаа менен жок кылышты. Ал мечитти бузганы келгендерге “бузбагыла” деп айтканы үчүн камакка алышып, бул дагы түрмөдө өлүп жок болду.

Артыков Доскул менин таятамын бир тууганы болчу. Ал тууралуу көп уккам. Өкмөт адамдары 14 адамды атып ташташканын бизде айтып атышчу. Бул адамдар тууралуу эч кандай маалымат жазылган да эмес, ачык айтылган да эмес.

“Кызыл кыргындын” “социалисттик жарышы”

Репрессия өзгөчө күчөгөн 1937 – 38-жылдары 1,7 миллион ашуун адам камакка алынып, алардын 700 миңден ашууну атылган. 2 миллион ашуун адам камалган. Өзгөчө укуктарга ээ болгон коопсуздук кызматтары ортосунда кимиси канча адамды көп атып, канчасын камап жок кылышы жагынан “социалисттик жарыш”башталган.

“Эл душмандарынын” бетин ачыш боюнча жогортон түшкөн “контролдук сандар” ашыгы менен аткарылган. Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кичинекей Жайылган айылында да Маскөөдөн келген буйрук ишке ашырылып, жок жерден жалаага кабылган эчен бейкүнөө адамдар атылып же камалып жок кылынган.

Айылдын тарыхын иликтеп келаткан Давлатбек Бороновдун пикиринде, сталиндик жазалоо күчөп турган чакта кимдир бирөөлөрдүн айыптуу же айыпсыз экени эч кандай мааниге ээ болгон эмес.

- Доскул Артыков таятабыз жаш кезинде арабча кат таанып, билимдүү болуп калган. Биздин Жайылган айылынын жанында Мукур деген айыл бар. Ошол жерде атайын мектеп ачып, балдарды окуткан. Таятамы Доскул амин дешчү экен.

Биздин өрөөндү Лахшы деп коёт. Ошол жерде айыл өкмөтүнүн раиси, бизче төрагасы болот. Иштеп жүргөндө совет өкмөтү тарабынан жетим балдардан окууга жөнөтүү жөнүндө тапшырма келет. Тапшырманы аткарыш үчүн ал издеп барып Кожойтөбө деген айылдан Азам деген жетим баланы таап, анын каржысын өзү көтөрүп, Ташкенге окууга жөнөтөт. Ташкенден ал милиция окуусун бүтүрүп келгенден кийин Гарм районунда милициянын начальниги болуп иштеп жүрөт. Кийинчерээк ал айыпталып, камалып, камактан качып чыгып басмачы болуп кетет. Бул эми 1931-жылкы окуя.

Ал эми 1932-жылы “Азамды басмачылыкка даярдаган” деген жалган жалаа менен менин чоң таятамды жанагы “үчилтик” антисоветтик ишмердүүлүк деп айыптап 5 жылга камакка кескен. Ошол түрмөдөн кайтпай калды. Көпкө дайынсыз болуп кетет. 1989-жылы 16-январда СССР Жогорку Советинин жарлыгы менен акталган. Репрессияга туш болгондор акталган. Прокуратуранын каты келген.

Таятамын болгон эле күнөөсү жанагы Азам деген жетимди Ташкенге окууга жөнөткөнү болууда. Мен азыр атамын жанында отурам. Атам 89 жашка келип калды. Атаман сурасам биздин кичинекей Жайылган айылынан эле 14 адам репрессияга туш болгон, жалган жалаа менен жок кылынган. Дагы 5 кишини кармап кетип, аларга бай, молдо деген айыптар коюлган.

“Кызыл кыргын” - репрессия совет бийлигин башынан аягына чейин коштоп, миллиондордун өмүрүн алып кетти. Совет бийлиги аны өмүрү бүткөнчө жаап-жашырып келди.

Окумуштуулардын ырасташынча, саясий мотив менен 5 миллионго жакын адам эркинен ажыратылып, анын 1,1 миллиону атылган. 6,5 миллион адам депортацияланган.

"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы сталинизм курмандыктарына арналган айкел. Кыргызстан.
"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы сталинизм курмандыктарына арналган айкел. Кыргызстан.

Абакта жатып каза болгондордун саны 6 миллион ашуун адамды түзсө (арасында саясий эмес маселелер боюнча кылмышкер табылгандар да бар), ачарчылыктан жантаслим болгондордун саны 6 – 7 миллион деп, жалпысынан репрессиялангандардын саны айрым адистердин эсебинде 39,3 миллион делсе, экинчи бирөөлөрдүкү 40,7 миллион адам деп айтылып келатат. Муну өтө азайткан, бир нече миллионго түшүргөн эсептөө варианттары да бар.

Көптөгөн серепчилер СССРдеги тоталитардык бийликти кан-тер менен кармап келген коммунисттик режим тарых тактысынан шыпырылганы менен, анын артында калган кыңыр иштеринин көбү ушул кезге чейин толук айтылып, тарыхтан орун ала элек деп белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG