Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:51

1937: Эркинбек Эсенаманов: "Сапардан кайтпай калсам, сен мени кечир!"


Коомдук ишмер Эркинбек Эсенаманов (1904-1938).

Сталиндик жазалоо өнөктүгүнүн айынан жазыксыз жайраган репрессия курмандыктарына арналган түрмөктүн кезектеги чыгарылышы Эркинбек Эсенамановдун (1904-1938) бейнесине арналат.

Эркинбек Эсенамановдун (1904-1938) тагдыры көп жагынан досу Төрөкул Айтматовдукуна окшош, экөө тең 34 жашында сталиндик кандуу жазалоонун капшабына туш келип, бир топ жылдар аттары аталбай келди.

Эркинбек Эсенаманов Таластын Маймак айылында 1904-жылы төрөлгөн, атасы Иманак эл бийлеген адам болгон.

Эркинбек жаш кезинде билим алып, Кеңеш бийлиги орногондо, партиялык-чарбалык кызматка эртерээк аралашкан. Болшевиктик партия тапшырган жумуштарды так аткарган кыргыздын азаматы 1937-жылы сентябрда камакка алынып, бир жылдан ашуун кыйноолордон кийин 1938-жылы 5-ноябрда атылган.

Зыяш Бектеновдун "Эскерүү" китеби.
Зыяш Бектеновдун "Эскерүү" китеби.

Тапшырма алган тилмеч

Эркинбек Эсенамановду жакшы билген Зыяш (Зияш) Бектенов замандаштары тууралуу эскерүүсүндө мындай деп жазган:

“Эсенаманов Эркинбек кыргыздын ошол кездеги жетекчи кызматчыларынын ичинен орусча тилди жакшы билген, толук орто билимдүү, чукугандай сөз тапкан азаматтардын бири болчу. Ал "колхоз курулушунда 173 жаңылыштык кетирдиң" деп, окружкомдон алынып, кызыл профессорлор институтунда окуп жаткан кези эле. Кишиге өтө жугумдуу, отурган жерин оюн-күлкүгө бөлөп, куудул сүйлөп, ар түрдүү анекдотторду көп билчү. Ар дайым Москвага сессияга барардын алдында Кыргыз Элкомкеңешинин (Совнарком) төрагасы Жусуп Абдрахманов аны өзүнө чакырып алып:

– Эркинбек, бул сессияга барганда, кыргыздардан 4-5 өкүл кыргызча сүйлөйт. Алар эмне сүйлөсө, сүйлөй беришсин, сен Абдыкадыр Орозбековдун сөзүн орусча которгонуңда Жалал-Абатка пахта тазалоочу завод курууга, паланчанын сөзүн которгонуңда Отуз-Адыр совхозун түзүүгө акча сура. Ал сөздөрүңдү күн мурунтан даярдап ал, - деп тапшырма берчү экен.

Бир сессияда Михаил Иванович Калинин Абдыкадыр Орозбековго сөз берет. Ал он беш мүнөт кыргызча сүйлөп, түшүп кетет. Михаил Иванович аны орусчага которуш үчүн Эсенамановго сөз берет. Эсенаманов анын сөзүн орусчага которгондо элүү мүнөтчө сүйлөйт. Ошондо Эсенамановдун башка сөздү айтып жана көп сүйлөп жатканына кыжыры кайнаса керек, Татарстандын бир чоң кызматчысы залдан:

- Жолдош Эсенаманов деги кимдин атынан сүйлөп жатат? – деп, кыйкырып калат.

– Мага Михаил Иванович сөз берип жатканда, сиз кайда жүрдүңүз эле? – деп, Эсенаманов дароо жооп бергенде, залда отургандар кыраан-каткы күлүшөт.

Ушул сөздөрдүн баары сессиянын стенограммасында толук жазылган. Эркинбек Эсенаманович мына дал ушундай чукугандай сөз тапкан, жеткен чечен, акылга дыйкан жигит эле. Эркинбек Эсенаманов менен Төрөкул Айтматовду биз мурда эле жакшы билчүбүз...

1926-жылдын август айында 1916-жылдагы падышалык тартипке каршы кыргыздардын көтөрүлүшүнүн 10 жылдыгы жөнүндө Э.Эсенаманов биздин институтубузга келип, доклад жасап, төрт жүз жыл мурда гректер менен түрктөрдүн ортосунда болгон согуштан мисал келтиргени менин али эсимде!..

Биз 1930-жылы Фрунзенин Борбордук педагогика техникумун бүтүрүп 14 кызыл педагог Ошко барганыбызда Оштун жайкы клубунда партия менен комсомолдордун округдук активдеринин жыйналышы болуп, анда Ташкентте өткөн Орто Азия кеңешмесинин жыйынтыгы жөнүндө окружкомдун катчысы Эркинбек Эсенаманов орус тилинде доклад жасады. Мен андан мурда Эркимбектин орусча доклад жасаганын уккан эмес элем. Анын бул жолку кагаз карабай, бир саатча орусча жасаган доклады угуп отурган адамдардын көпчүлүгүн таң калтырды".

З.Бектенов бул баяндама аяктап, эл тарай баштаганда, эң алдыңкы катарда Кыргыз Элкомкеңешинин төрага орун басары Дунаевдин жанында турган Мусакан Калпаевдин сөзүн да эскерет:

"Кыргыз жигитинин орус тилинде жасаган докладына орустун таң калганын биринчи жолу кезиктирдим. Эркинбек докладын аяктаганда: «Бу Эсенаманов сүйлөгөн сөзүндө жалыны бар укмуштай чечен жигит турбайбы, Орто Азиядагы кеңешмеге мен да катыштым эле. Эсенамановдун бул доклады Зеленскийдин докладынан ашып түштү» - деп, Дунаев башын чайкады, – деп, ал кыткылыктап күлүп келе жаткан эле.

Биз андан мурда эле 1927-1928-жылдарда Эркинбек Эсенаманов кыргыз өкматынын элчиси болуп Ташкент шаарында да иштегенин билчүбүз, Ошол кезде Ташкентте өткөн бир теориялык кеңешмеде чыгып сүйлөйт. Ошондо аны ЦК ВКП(б)нын Орто Азия Бюросунун катчысы Зеленский: «Молодой марксист» деп Эркинбекти мактаптыр! – деп, биз угуп жүрчү элек. Эркинбек бала менен балача, чоң менен чоңдорчо сүйлөшүп, биринчи эле таанышкан адамды боюна магниттей тез тартып алган жайдары, жугумдуу киши эле..."

Төрөкул Айтматов.
Төрөкул Айтматов.

Эркинбек Эсенаманов менен Төрөкул Айтматов 1920-жылга чейин Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) орус тузем мектебинде окушкан, андан кийин беш жылы алар Москвадагы чыгыш элдеринин Коммунисттик университетинен окуп бүтүргөндүктөн, орус тилин жакшы билген орто билимдүү интеллигенттер эле.

Эркинбектин Иманбек деген атасы революцияга чейин бүт Талас элине таасири күчтүү ири манап болгондуктан, 1916-жылдагы падышалык тартипке каршы чыккан кыргыз көтөрүлүшүндө Талас элин көтөрүлүшкө катыштырбай: «Силер ордуңардан козголбой, орус кыштактарына кол салбай жата бергиле, эгер падышанын жазалоочу отряддары Таласка келе турган болсо, Олуя-Ата тараптан биринчи бизге келип, кол салса, мен силерге кабар берем да, силер ошондо баш көтөрөсүңөр. Менден кабар болмоюнча, силер ордуңардан козголбой жата бергиле», – деп Талас элин көтөрүлүшкө катыштырбай, аман алып калган дешет.

1920-жылдын ортосунда ичкерки шаарлардан окууну бүтүрүп келишкен кыргыз интеллигенттеринин ичинен Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Асанкан Жээнбаев, Осмонкул Алиев, Касым Тыныстанов, Осмон Тынаевдер кыргыз обкомунун бөлүм башчылары, эл агартуу эл комиссары, округдук партия комитеттеринин жана райкомдордун катчылары болуп иштеп жүрүштү.

Кыргызстан Эл Комиссарлар кеңешинин (өкмөтүнүн) төрагасы Жусуп Абдрахманов бул кызматчыларды өтө жогору баалай турган. Эркинбек Эсенаманов менен Осмонкул Алиевдер эл комиссарлары болуп иштеп турганда Жусуп бир жолу Иранга командировкага кетип, өз ордуна Осмонкул Алиевди калтырып, буйрук бергени да Зыяш Бектеновдун эскерүүсүндө айтылат. Анда З.Бектеновдун студент кези экен жана ал бир эле учурда БАК менен Элкомкеңеште иштеген европалык кызматчыларга кыргыз тилин үйрөтүү боюнча мугалим болгон эле. Дал ошол кездери Ж.Абдрахманов бир ирет өз ордуна Эркинбекти калтырып кеткен, дейт З.Бектенов.

Манас менен Александр

Зыяш аганын эскерүүсүнө кайрылалык:

"Эркинбек Эсенамановду кыргыз өкматы кызыл профессорлор институтун бүтөрүнө бир жыл калганда окуусунан чакыртып алып, аны алгач бир азга Ильич совхозуна саясий бөлүмдүн начальниги кылып койду да, анан аны тез эле жер комиссариатына эл комиссары (Нарком) кылып дайындады. Эркинбек менен көп убакыт кошуна болуп, далай анын акылман насаат сөздөрүн, тамашалуу аңгемелерин уккан элем. Ал терең ойчул, чукугандай сөз тапкан чечен, отурган жерин оюн-күлкүгө бөлөгөн шайыр, жигиттин гүлү эле. Өзүнүн жоро-жолдоштору менен тамашалашканда аларга эч сөз берчү эмес.

Бир жолу Кыргыз обкомунун бюросунда эл жыйналып жатканда, Эркинбектин аялы Фарида телефон чалып, «Манас ооруп калды, тез врач жибергин», – дейт. Ошондо обкомдун биринчи катчысы Белоцкий шылдыңдамакчы болуп, Эркинбекке кайрылып:

– Уулуңузга Манас деп ат койдуңуз беле? Мунуңуз феодализм жыттанат го, – дейт. Анда Эркимбек:

– Мында эч кандай феодализмдин жыты жок. Манас кыргыз элинин сүйүктүү баатырынын аты. Ал эми Александр деп, орус падышасынын атын коюп алып деле мында олтурбайсызбы, – дегенде Белоцкий сөз таппай калыптыр.

Эркинбекти органдын кишилери туткунга алып, айдап чыгып бара жатканда өмүрлүк жары Фарида жеңеге кайрылып:

– Фарида – өмүрлүк жубайым, эгерде мен сапардан кайтпай калсам, сен мени кечир, Фарида. Менин кымындай да күнөөм жок! Сен куру кол эмессиң. Сенин колуңда эки Эркинбегиң турат!.. Өзүңдү баска түшүрүп, кайратыңдан жазбай, уулдарыңды адам кылып тарбияласаң, кор болбойсуң, кош бол, өмүрлүк сапарлашым! – деген экен.

Ит көрбөгөн кыйноо-кордукту көрүп, подвалда жатканда да Эркинбек кайратынан тайбай, өзү менен бир камерада жаткан беш-алты кишинин муң-кайгысын жеңилдетиш үчүн, аларга күлкүлүү анекдотторду сүйлөп, ар дайым өз кесиптери боюнча аларга докладдар тапшырып, өзү да доклад жасап, алардын азаптуу күндөрүнүн өтүшүн жеңилдетүүгө аракет жасаган. Эркинбекти башка камерага которуп кеткен кезде алар эртели-кеч көңүлдөрүн алаксытып турган адамынан ажыраганга катуу кайгырышкан. Адамдын адамкерчилик сапаты башка оор күн түшкөндө билинет тура!”

Эркинбек Эсенаманов орус-тузем мектебинен окуп, совет бийлиги келгенден кийин кыска мөөнөттүү курстардан билим алган, орус тилин мыкты билген, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө ири салым кошкон ишмер болгон.

Kyrgyzstan -- Roza Aitmatova - The little sister of writer Chingiz Aitmatov, 12dec08
Kyrgyzstan -- Roza Aitmatova - The little sister of writer Chingiz Aitmatov, 12dec08

Анын жакын досу Төрөкул Айтматов Чыңгыз менен Илгиз деген уулдарынан кийин төрөлгөн эгиз балдарынын бирин Эркинбек деп коёт.

“Апам Нагима Эркинбек Эсенамановдун жыйында сүйлөгөнүн угуп И. В. Сталин аны “кыргыздын булбулу” деп атаганын көп айтчу”, - деп эскерет Роза Айтматова “Тарыхтын “ак тактары” деген китебинде.

Эркинбек Эсенаманов да Москвадагы коммунисттик университеттен чакыртылып алынып, бир жылдан ашуун чарбалык иштерди аткарып, жер боюнча эл комиссары болуп турган кезинде камакка алынып, ага “эл душманы”, социал-туран партиясынын мүчөсү болгон, совет бийлигин кулатууга аракет кылган деп айып коюлган.

Катарлаштарын жок кылуунун жолою

Адистердин ырасташынча, 1930-жылдардын башында совет бийлигинин идеологиялык көрсөтмөлөрү кескин өзгөртүлүп, мурдагыдай жергиликтүү эл арасынан бийлик башына кадрларды дайындоо, улуттук автономияларды арбытуунун ордуна бийликти союздук борборго топтоо, бир жерден “темир кол” менен башкаруу саясаты үстөмдүк кыла баштаган. Коомдук турмушта орус тилинин ордун жогорулатып, улут тилдерине баштагыдай маани берилбей калган.

Сталиндик кандуу жазалоонун кылычы өз улуту үчүн күйүп, 1920-жылдары элинин автономиялык республикага жетишүүсүнө, маданий кайра жаралуусуна, билим алуусуна аянбай аракет кылган алгачкы муундагы советтик улуттук интеллигенция менен партиялык ишмерлер “буржуазиячыл улутчул” деп айтыпталып, өзгөрүлмө саясаттын курмандыгына чабылган.

НКВД тергөөчүлөрү жалаң буржуазиялык улутчулдук кинесин коюу менен гана чектелбей, айыпталынып жаткандардын текши баарына Социал-туран партиясынын мүчөсү болгон деген айыпты да илишкен. Алар Социал-туран партиясы 1929-жылы түзүлгөн, анын башында С. Курманов, А. Курманов, Т. Сопиев сындуу ишмерлер турган деп жалган маалыматты "токуп", кийин бул ишке Абдыкерим Сыдыков жана башка адамдар да тартылган деп чыгышкан. Сталиндик айыптоочулардын ырасташынча, партия мүчөлөрүнүн максаты совет бийлигин жок кылып, өз алдынча мамлекет куруу идеясы болгон. Непадам бул иш жүзөгө ашырылбай калса партия мүчөлөрү Кытайга кетип, бөлүнүүчүлүк жумуштарын ошол жерден улантышмак болгон, деп болжолдонгон.

1932-1933-жылдары совет бийлигинин коопсуздук кызматы – ОГПУ Социал-туран партиясына тийиштүү делген бир топ кишилерди камакка алып, аларга айыбын угузушкан. Башында бул иш боюнча 23 гана киши камакка алынса, кийинчерээк 1937–1938-жылдары камакка алынгандар абакка батпай калган. Тергөөчүлөр андай партиянын атын укпагандарга деле айып коюшуп, партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүн таап, аты-жыты жок партиянын шылтоосу менен 170 адам катаал жазага тартылган.

Аты-жыты жок партияга шылтоолоп кыргыздын алгачкы муун интеллигенциясынын, мамлекетин түптөөчүлөрдүн эң мыктыларынын көзүн тазалашкан. Профессор Ишенгүл Болжурованын ырасташынча, кыргыз интеллигенциясынын пассионардык жалын-демине совет бийлиги ошентип суу чачкан.

Аты бар, өзү жок партия

Ушу кезге чейин Социал-туран партиясынын бар-жоктугу талаштуу маселе катары калууда. Андай партия болгондугу 1930-жылдардын башында камакка алынгандарды тергөө учурундагы кагаздан гана белгилүү болгон. Суракка алынгандардын документтеринде гана аталган партиянын чын эле болгондугу тууралуу документтер ушу кезге чейин табыла элек. Социал-туран партиясынын программасы менен манифести да аты аталганы менен өзү жок.

1934-жылдан бери аты сурак кагаздарында гана аталган партияга тиешеси бар деп айыпталынып атылып кеткен, камалгандардын дээрлик баары 1989-жылдын 1-июнунда толук акталды. Ага чейин ушундай эле иш 1950–60-жылдары анча-мынча жасалган болчу.

Хрущевдук “алабаардын” алгачкы желаргысы сого баштаганда башталган бул иш совет бийлиги тарых тактысынан шыпырылганга чейин улантылган.

1955-жылдын 18-ноябрында Кыргыз ССР Министрлер советинин алдындагы КГБнын бөлүм башчысы Жолдошбек Малабаев Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковго Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун акталганын, ага коюлган саясий айыптар ырасталбаганын, анын Социал-туран партиясында мүчө болбогонун, мунун баары НКВДнын тергөөчүлөрү тарабынан ойлонуп табылган калп айыптоо экенин ырастаган кат жөнөткөн. КГБ өкүлү айыпталуучуга адам чыдагыс кыйноолор колдонулганын билдирген.

Эркинбек Эсенамановдун ишин караган СССР Жогорку сотунун Аскер коллегиясы 1956-жылы бул иш боюнча кошумча текшерүү жүргүзгөн. Анда Эркинбек Эсенамановдун Социал-туран партиясынын жетекчилеринин бири болгону жөнүндө доомат ырасталган эмес. Текшерүү СССР Ички иштер министрлигинин архивин изилдөө негизинде жүргүзүлгөн. Документтер аркылуу Кыргызстанда Социал-туран партиясы болбогону ырасталган.

Социал-туран партиясына мүчө болгон деп айыпталгандардын көбү атылып кеткен; ойдо жок жерден табылган айыпка жыгылгандардын айрымдары өмүр бою куугунтукта жүрүшкөн. Айтылуу дарыгер, Орто Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган Иса Ахунбаев ошондой куугунтукка кабылган.

Атамды 1957-жылы гана акташты. Кийин Москвада репрессияга кабылгандардын музейин түзүштү. Кыргызстан боюнча экспозицияда экөө гана коюлган: бири Жусуп Абдырахманов, экинчиси менин атам.
Манас Эсенаманов.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиевдин ырасташынча, өз улутуна кам көргөн алгачкы муун интеллигенция менен партиялык жетекчилердин текши баары репрессияга туш келишкен. Совет бийлиги улутуна кам көргөндөрдү жактырган эмес.

Эркинбек Эсенамановдун артында калган эки уулунун тең көзү өтүп кетти.

Репрессия тарых барагында калууда. Анын чоо-жайын Эркинбек Эсенамановдун уулу Манастын ташка тамга баскандай таамай сыпаттаган сөзү бар.

Ушундай, эл душмандары деп айыпташты. Ал кезде ошондой тапшырма болгон экен, алдыңкы адамдардын баарынын көзүн тазалап, алардын ордуна макулдан башканы билбеген “шариковдорду” кызматка коюу болгон. Атамды 1957-жылы гана акташты. Кийин Москвада репрессияга кабылгандардын музейин түзүштү. Кыргызстан боюнча экспозицияда экөө гана коюлган: бири Жусуп Абдырахманов, экинчиси менин атам”.

Сталиндик кандуу жазалоого кабылган кыргыздын азамат уулдарынын тилеги ишке ашып, XX кылымдын соңунда Кыргызстан эгемендикке жетишти. Социализм үчүн деп бар күчүн сарптап, системага каруусун казык кылып, өмүрүн арнагандардын биринчи толкунун кандуу жазалоонун үйөрү 1930-жылдары жайпап алып кетти. Андан кийин деле жазалоо токтолгон жок.

Коммунисттик “катуу кол” саясатынан жүрөгү үшүгөн калктын орто муундагыларынын коркуу сезими ушу кезге чейин сакталып, алардын далайында бийликтен коркуу адаты кала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG