Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:32

Нурдин Эралиев: Абакта эрки сынбаган, урушта эрдик көрсөткөн ата


Нурдин атанын урпактары: кызы Майрам Нурдинова жана жээни Тимур Муратов. 05.04.2018.

"Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында 1938-жылы жазыксыз жерден сталиндик жазалоого кабылган, абактан чыккан соң Улуу Атамекендик согушта эрдик көрсөткөн Нурдин Эралиевдин тагдыры тууралуу сөз кылмакчыбыз. Маркумдун ордени жакында гана урпактарына салтанаттуу тапшырылды.

Нурдин Эралиев 1910-жылы Кыргызстандын Өзгөн районундагы Доңуз-Тоо айылында оокаттуу кишинин үй-бүлөсүндө туулган. Апасынан эрте ажырап, бирок жаш кезинен Мырза-Аке айылындагы орус мектептен окуп, эрте билим алууга жетишет.

Кийин ал айылдарда мектеп ачып, мугалим болуп иштейт, басмачыларга каршы күрөштөргө катышат.

1934-жылдан тартып коопсуздук кызматында иштей баштайт. Атасы Эралы колундагы малын ортого кошуп, колхозго биринчилерден болуп өтөт.

1938-жылы Нурдин Эралиевди Бишкекке (ал кезде Фрунзе шаарына) окууга жөнөтүшүп, бирок ал баш калаада камакка алынат. Ага жалган жеринен "Социал-туран партиясынын мүчөсү" деген айып коюлуп, алыска сүргүнгө айдалат.

Ал жерде улам-улам жазган каты акыры Москвага жетип, үч жылга жакын кыйноодон кийин акталып, туулуп-өскөн жерине кайтып келет.

Нурдин Эралиев айылда чарбалык иштерди аткарып жүрүп, 1942-жылы Экинчи дүйнөлүк согушка кеткен. Ал кан майданда 1944-жылы курман болгон, бирок жакындары "дайынсыз жоголду" деген гана кабарды алышкан.

70 жыл ээсин күткөн орден

Нурдин Эралиевдин Улуу Ата мекендик согушта эрдик көрсөтүп, “Ата мекендик согуш” ордени менен сыйланганы арадан кыйла жылдар өткөндөн кийин ачыкка чыгып, уруштан кайтпай калган баатырдын сыйлыгы анын кызы Майрам Нурдиновага жакында Бишкектеги Орусия элчилигинде салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Атасынын унутта калган эрдиги эскерилип, сыйлык кагазы берилгенине жетине албаган Майрам Нурдинованын кубанычында чек жок эле.

- 73 жыл күттүк. 2015-жылы ал тууралуу Интернеттен билдик. Аскер комиссарлыгынан "дайынсыз жоголгон" дешти, атам аскер кызматкери болчу.

Мен атамдан сегиз айлыгымда калгам. Согушта төрт жыл болгон. Өмүр бою күттүк. Акыры Интернет аркылуу 2015-жылы аны таптык. Баатырларча курман болгонун уктук. Биз билгенден ал “Эрдик” медалын алган экен. Анан “Даңк” орденинин экинчи даражасын алыптыр.

Нурдин атанын орденин урпактарына тапшыруу аземинен. 05.04.2018.
Нурдин атанын орденин урпактарына тапшыруу аземинен. 05.04.2018.

Биз Орусиянын Борбордук архивинен маалымат сурасак, ал жерден "чабуул алдында медалын алган" дешти. Курман болордо ал дагы бир эрдик кылып орденге көрсөтүлгөн экен. Ата Мекендик согуш орденинин экинчи даражасына татыктуу болуптур. Мен: "Ошол орденди алууга болобу?" деп сурасам, документин алууга болоорун айтышты. Бул иште орус элчилиги мага чоң жардам берди.

Ошентип, Нурдин Эралиевдин кыска өмүр жолун жыйынтыктаган Ата мекендик согуш ордени тууралуу документ 70 жылдан кийин жоокердин кызына тапшырылды.

Кан майдандан кайтпай калган атасынан калган акыркы эстеликти колуна алган Майрам эже атасынын эмнеликтен жана кантип “эл душманы” болуп куугунтукка кабылганын айтып берди.

- Эки жыл сегиз ай дегенде (абактан кайтып) келген. Кайра эле согушка кетип атпайбы. Иним сегиз айлык, мен төрт жашта элем. Атамдын камалганын билбей калдым. Узун беле, кыска беле, ак беле, кара беле – билбей калдым да.

Эсимде калган бир элес - атам мени өңөрүп алып бир жерге барганбыз, тактайга отуруп кызыл бирдеме жегенбиз. Ал дарбыз экен. Башкасы эсимде жок. Бир жолу атам ак нерсени көтөрүп келатат. Көрсө атамды узатып, колундагы инимди көтөрүп келатыптыр. Ошол эсимде.

Атабыздын кандай киши экенин билбей калдык, бирок тарых калат тура. Артында эмгеги эскерилет. Атам “Туран” партиясына мүчө болгон эмес, аны орун басары сатыптыр. Өзгөндө апабызды сурап, үй мүлкүбүздү алышкан.

Апамды, чоң энемди, бизди айылга алып кетишкен. Апам "ошондогу азапты кудай көрсөтпөсүн" дечү. Биздикине эч ким кирбейт, "душмандын үйү" деп кириштен коркушуптур. Атам акталып келгенден кийин партиясын калыбына келтирип, иштеп калды, ак ийилди, бирок сынбады.

Апам бизди “атаңарга окшоп "өпкөсүңөр", бирөөгө жакшылык кылайын деп эле турасыңар” деп калчу. Согушка деле атам биринчилерден болуп аттанып кете берген окшойт деп калабыз. Эки жолу жарадар болуп, анан дарыланып алып согушка кирген экен. Аны апама жазган каттарынан билдик. Орден, медалдарын кантип алганын каттарында жазган экен.

Сталинизм доорунда Шибер мейкиндигинде ГУЛагдын көптөгөн абактары, сүргүн жайлары жайгашкан.
Сталинизм доорунда Шибер мейкиндигинде ГУЛагдын көптөгөн абактары, сүргүн жайлары жайгашкан.

Абактагы кыйноо, Сибирде карагай кыюу

Майрам эже “Өмүр барактары” деген китебинде атасы Нурдин жашында билимдүү болуп, орус тилинде эркин сүйлөп, анын аркасында кызмат тепкичтеринде тез көтөрүлүп, бирок тез эле совет бийлигинин куугунтугуна кабылып камалып кеткенин жазат.

“Менин арманым - атамдын кайда окуп окуп, билимдүү болгон, кантип орусча сүйлөөну так үйрөнгөнүн, кантип чоң кызматка көтөрүлгөнүн билбегеним. Убагында жаштык кылып теңтушу Туткабай агайдан, Ашим акеден, атамды билген адамдардан сурап калбаганым. Мен атамды апамдын айтуусу боюнча гана элестете алам.

Ошентип, айылда апам жашап калат. "Душмандын үй-бүлөсү" деп эч ким кирбейт. Болгон байлыгын, үй-мүлкүн өкмөткө өткөрүп берет. Бирок атам суракта кыйноого чыдабай өзү кол коюп берет. Сургут шаары жакта, кыш күндөрү карагай кыйып жүрүп бир орус менен таанышат. Ал орус да атама окшоп ак жеринен соттолгон экен.

Ошол орустун айтуусу менен атам өзүнүн ак жерден айыпталганын айтып СССРдин Жогорку сотуна арыз жазат. Соттолгондон 2 жыл 8 ай дегенде акталган кагазы келип, бошонуп, 1940-жылдын аягында айылга келет. Өкмөт алгандарын берет, бирок бардыгы чирип кеткен болот. Айылда колхоздун кеңсесинде иштей баштайт”.

Улуу Ата мекендик согуш башталганда 1942-жылы Нурдин Эралиев согушка кетет. Кан майданда жүрүп анын жарына жазган каты “балдарды окут” деген сөз менен аяктайт.

Нурдин Эралиевдин согушта курман болгонун Кадырбек деген аталаш агасынын уулу жашырып айтпай, “кийин билдирем” деп бекитип койгон экен. Көп өтпөй ал өзү да каза болуп, кайгылуу кабар угузулбай калат.

Нурдин Эралиевден келген каттар, анын үй-бүлөсүнүн болгон үй-бүлөлүк архивдик документтери 1990-жылкы Өзгөндөгү этностор аралык кагылышуунун кан күйгөн алааматында өрттөлүп жок болуп кетет.

Интернет таап берген орден

2015-жылы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кан майдандан кайтпай калгандарды иликтөө-изилдөө иштери жанданып, дайынсыз жок болгондордун катарында болуп эсептелген Нурдин Эралиевди небереси Тимур Муратов издеп, Интернет аркылуу дайынын таап чыгат.

II Дүйнөлүк согуштун катышуучусу Нурдин Эралиевдин жээн небереси Тимур Муратов. 05.04.2018
II Дүйнөлүк согуштун катышуучусу Нурдин Эралиевдин жээн небереси Тимур Муратов. 05.04.2018

Тимур Муратов таятасынын дарек-дайнын Интернет айдыңынан таап алганын мындайча түшүндүрөт:

- Таятам 1935-жылдан баштап Өзгөн райондук НКВДсынын жетекчиси болгон. Атасы орто дыйкан киши, кичине кезинен Мырза-Акеге келип орусча билим алып, кийин мугалим болуп иштеп жүргөн жеринен НКВДга ишке алышкан экен. 1935 -1937-жылга чейин жөнөкөй кызматкерден НКВДнын жетекчисине чейин көтөрүлөт. 1937-жылы таятамды Пишпекке окууга чакырышып, анан ушул жерден кармап, соттошот. Ошол эле Өзгөндөн артынан арыз жазылып, анда таятамды “Туран” партиясынын жигердүү мүчөсү, НКВДнын жетекчиси болгону менен "кыргыз кадрларды өстүрүш керек" деп, бардык жерде ачык айтат. "Улуттук маселелерди кеп кылат, эгемендик тууралуу айтат" деп жазат. Бул жерде бир жыл кыйноого алынып, 1938-жылы Горький облусундагы Верхоянск деген жердеги аскер кызматкерлеринин түрмөсүнө түшөт. Эки жыл Москвага кат жаза берип акталып, айылга келет.

Майрам эже атасы тууралуу эскерүүсүндө жакшы билбей калган атасы, азапты аябай тарткан апасы тууралуу минтип жазат:

“Мен атам-апамды көп эскерем, аларга дагы бир жолу кайрылгым келет.

Адам баласынын өмүрү жансыз темирчелик да болбойт тура. Тирүү элестер бүгүн жок. Өлүү кара темир алардын баскан-турганын элестетип бүгүн да мени менен. Менден кийин да канча турат, ал белгисиз....

Атам иштеп турганда азыркы Бишкек, мурдагы Пишпекке окууга жөнөтүлөт. Апам ымыркай кызы мени менен Өзгөндө калат. “Күлүп сүйлөгөн кишиден, күн тийип жааган жамгырдан түңүл” дегендей, жаркырап окуп жүрүп, "сен “Туран” партиясына мүчө болгонсуң" деп, курулай күнөө менен түрмөгө отургузат. Улам-улам сурак бере берип, кыйноону башынан өткөрүп, не деген азаптарды жеп түрмөдө бардык кыйынчылыктарды тарткан соң акыры 10 жылга Сибирге Верхоянск деген жерге айдалат.

Токтогулдун да сүргүндө жүргөн чыгармаларын окусам же киносун көрсөм атамдын суукта кыйналган күндөрү, кабагына муз тоңгон учуру, ачка жүргөнү көз алдыма тартылат. "А балким андан да оор болгондур" деп денем муздап кетет. Байкуш атам карагайларды кыйып жүрүп эмнелерди ойлонду экен? Ачка калган күндөрдү кантип өткөрдү экен?..

Өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеш үчүн бирге карагай кыйышкан москвалык орус кишиге жакындап жүрүп, ал кишинин жардамы менен Москвага кайра-кайра арыз жазып, акыры акталып чыгат.

Атам бөтөн эл, бөтөн жерде азаптанса, өз эл, өз жеринде апамдын тарткан азабы айтып бүткүс... “Душмандын үй-бүлөсү” деп ата-энесинен, туугандарынан башка бир да жан баш багып кирбей, жанында сүйлөшпөй, мамиле түзбөй коюшат. Колуна кичинекей мени алып Пишпекке эки жолу келет. Жолуга албай кайра Өзгөнгө барса, “эл душманынын аялысың” деп катуу суракка алып, үй-мүлкүн өкмөткө өткөрөт. Тууган-уругу ай-талаада калган аялды көчүрүп Кызыл-Тоого алып барат. Айылда тарткан азабы болсо тигил. Апам ыраматылык айтып калар эле: “Адамга берилген чоң азап - бир айылда туруп айылдаштарың менен баарлашып, маңдай жаркып сүйлөшө албай, ак туруп азап тартып, элден четтеп бөлүнгөндүгүң” деп.”

Өзүбүз ачка, терген машагыбыз атабызга

Андай катаал азаптан кийин согушка кеткендерден кат күтүп, алардын амандыгын тилеп, Кудайга жалынып колхоз айткан жумуштун баарын жасап, жүн тытып, машак терип, оор жумушка чыдаган ошондогу балдардын жанынын чыдамкайлыгы Майрам Эралиеванын китебинде кемелине келтире сүрөттөлгөн.

“Балалыктын үмүтү ай! “Атаңар көп жесин, ачка калбасын, көп тергиле” десе, "көп терели" деп чарчоону деле билбеген экенбиз. Терген машагыбыздын бир бүдүрүн үйгө алып келбей кампага жеткиребиз. Өзүбүздүн ачка калаарыбызды ойлонбой согушта жүргөндөргө санаа тартчубуз”, - деп жазат Майрам эже эскерме баянында.

Майрам Нурдинова. 05.04.2018.
Майрам Нурдинова. 05.04.2018.

Майрам эже атасынын согушта курман болгонун капыстан угат. Кан майдандан келген “кара кагаз” Кадырбек акенин колуна тийип, ал болсо “балдары али жаш, угуп убайым жеп жүрүшпөсүн” деп костюмунун чөнтөгүнө салып коёт.

- Өзү өлгөндөн кийин чөнтөгүнөн таап, ошондо чындап атамдын өлгөнүн билдик, - дейт Майрам эже.

Ушу тапта Доңуз-Тоо айылында кан майдандан кайтпай калган кайрандарга эстелик тургузулуп жатат. Эстеликтин ачылышы 9-майга белгиленген. Көбү кетип, азы келген кан майдандан кайтпай калган кайрандардын катарында Нурдин Эралиевдин да аты жазылат.

Тирикарактыгынын аркасында эртелеп билим алып, жаңы бийликке жан-дили менен кызмат кылган ак жүрөк адамдын совет бийлиги кезинде кандай кыйынчылыктарга кабылганын, кылган кызматы эске алынбай, 10 жыл түрмөгө кесилип, Сибирдин суугунда карагай кесип, эрикпей жазган арыздарынын акыбети кайтып, абактан боштондукка чыгып, бирок аз өтпөй кан майданга аттанып, андан кайтпай калган армандуу тагдырын эстелик таштын бетиндеги “Эралиев Нурдин, 1910 – 1944” деген жазуу кийинки муунга эскертип турат.

34 жаш. Байгерчилик заманда бала эсептелген бул курак Нурдин Эралиевдин кыска, бирок мазмундуу өмүрүн эскерип турар.

Атасын издеген байбиченин кубанычы. ("Азаттыктын" архиви. 5-апрель, 2018-ж.)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG