Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Тимур Муратов "Ата-Журттан" депутат болду


Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын катары жаңы депутат менен толукталды. Өз арызы менен кеткен депутат Майрамкан Кадырбекованын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бул орунга Тимур Муратов шайланды. Ага депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды.

Техника илимдеринин кандидаты Тимур Муратов 56 жашта. 1996-2001-жылдары "Кыргызстан аба жолдору" компаниясын, 2001-2005-жылдары Жарандык авиация департаментин жетектеген. 2014-жылан бери "Айыл Банктын" башкармалык төрагасынын кеңешчиси.

Өткөн аптада БШК Алтынбек Кылычбаев менен Абсаттар Сыргабаевдин "Ата-Журт" партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG