Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Касым Тыныстановдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, илимий ишин жүргүзгөн профессор Евгений Поливановду 1938-жылы жок кылышкан. Ошону менен кыргыз тилин изилдөө, “Манас” эпосун орус тилине которуу иши кыйла жылдарга аксап, 1930-жылдары башталган бир топ иштер токтоп калган.

Ажыбай алтымыш тил билген

Замандаштарынын айтуусунда, Евгений Дмитриевич Поливанов (1891-1938) өзү 20дан ашуун тилди билген, көбүндө эркин сүйлөй алган.

Орустун таанымал окумуштуусу, тилчи, чыгыш таануучу жана адабиятчы 1891-жылы Смоленскиде туулган. Совет бийлигин жактыруу менен кабыл алып, анын кызматын кылган, жарандык согушка катышып, Орусиянын тышкы иштер комиссарлыгында жооптуу кызматчы, большевиктик партияга ооп кеткени үчүн кесиптештеринин сынына кабылган илимпоз.

Жаңы бийлик аны аялдабай жок кыларын улуу окумуштуу билген деле эмес. Анын жапон, кытай тилдери боюнча эмгектери ушу азыр да маанисин жогото элек, тил илими боюнча классикалык эмгектердин катарында турат. Сталиндик кандуу жазалоо тушунда ага жапон тыңчысы айыбы тагылып, ал кездеги Фрунзеде камакка алынып, 1938-жылы атылган. Кийин советтик белгилүү окумуштуулардын аракети менен акталып, илимий эмгектери менен таанышууга жол ачылган.

Евгений Дмитриевич Поливанов ири чыгыш таануучу илимпоз болгон. Ал 1917-жылкы Өктөбүр революциясына чейин эле Жапонияга бир нече ирет барып, жапон тилинин диалектилерин иликтеп, бир топ эмгектерин жарыялаган. Күнчыгыш өлкөсүндө айтылуу жапон таануучулар О. Розенберг, Н. Конрад менен жолуккан. Анын илимий сапарынын каржысын ошол кездеги илимий иштерге колдоо көрсөткөн маданий коомдор көтөрүп турушкан. Академик жапон сапарларына чейин 1914-жылы айтылуу адабиятчылар Виктор Шкловский, Лев Якубинский менен биргеликте ОПОЯЗ – поэтикалык тилдин теориясын изилдөө коомун негиздешкен. Опоязчылардын алгачкы жыйнагы 1916-жылы жарыкка чыккан.

1917-жылкы кош революция тушунда белгилүү окумуштуу саясий иштерге аралашып, Убактылуу өкмөт тушунда меньшевиктердин атынан Тышкы иштер министрлигинин басма бөлүмүн башкарып, кийин большевиктер тушунда ошол эле кеңсе Лев Троцкийдин жетекчилигине өткөндө, анын орун басары болуп иштеген. Бирок ал жерде көп иштебей Троцкий менен келише албагандыктан, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Дагы Чыгышка - Орто Азияга

Жаңы бийликтин тушунда академик Поливановдун илимий-саясий ишмердиги Петрограддан Москвага, андан Ташкенге алып келген. Орто Азияда ал түрк калктарынын латын арибине өтүү маселесин иликтеп, реформаланган латын арибин киргизүү, жапон тилин үйрөнүүчүлөргө сабак өтүп, илимий иштерин уланткан.

Жаңы бийликтин тушунда тил илиминде “жаңы окуу” же академик Николай Маррдын яфет теориясы жайыла баштаган. Батыш өлкөлөрүнөн өнүп чыккан жалпы тил теориясына каршы чыккан бул “жаңы окууну” большевиктер бийлиги колдоп, ага каршы чыккандар душман саналган. Түштүк Кавказ тилдеринин салыштырма-тарыхый изилдөөсүнөн жаралган жасалма теорияга Евгений Поливанов ачык каршы чыккан.

1929-жылдан 1940-жылга чейин Кыргыз ССРи латын арибин колдонгон. Зыяш Бектенов менен Ташым Байжиевдин латын арибиндеги кыргызча окуу китеби. 1935-жыл
1929-жылдан 1940-жылга чейин Кыргыз ССРи латын арибин колдонгон. Зыяш Бектенов менен Ташым Байжиевдин латын арибиндеги кыргызча окуу китеби. 1935-жыл

Филология илимдеринин кандидаты, профессор Таалайбек Абдиевдин айтуусунда, академик Поливанов тилдеги жасалма окууга биринчилерден болуп сокку урган:

- Поливанов 20дан ашуун тил билген деп жүрүшөт. Кээ бир маалыматтар боюнча 18 тилди жакшы билген, Бодуэн де Куртэненин шакирти, мыкты тилчи болгон. Теориялык даярдыгы мыкты, 20 – 30-жылдары Николай Маррдын “жаңы теориясына” биринчи болуп каршы чыккан ушул киши болгон. Ошонун айынан Москвадан куулуп Орто Азияга келип калган. Поливанов эң алгачкы социолингвист болгон. Социолингвистика – бул социология менен лингвистиканын кошулган жери, тилди коомдук көрүнүш катары иликтеген илимдин бир тармагы. Поливанов мына ушул чыйырды баштаган окумуштуу.

Поливановдун жапон тили боюнча мыкты эмгектери бар. Убагында ал Петербургда жапон тил курсун бүтүргөн экен. Бир эле учурда Петербург университетинин эки факультетин бүтүргөн, тарых-филологияны, анан Практикалык академиядан жапон тил курсун окуган. Жапонияга үч ирет барып, анын диалектилерине чейин изилдеп, эмгектерин жазган. Жапон тилинин басымы, анын мүнөзүн биринчилерден болуп аныктаган окумуштуу болуп эсептелет.

Окумуштуунун “Тилдеги үнөмдүүлүк мыйзамы жөнүндө” деген макаласы бар. Анда окумуштуу адам баласы иш кылганда азыраак күч жумшап, көбүрөөк натыйжа алганга аракет кылат. Тилде дагы ушундай дейт. Мисалы, орус тилин алсак, “здравствуйте” деген сөз көп колдонуунун аркасында бара-бара кыскарат, здрасте, ствуйте, сте дегенге чейин жетет дейт. Күтүлбөгөн жыйынтыктарды чыгарган эмгектери бар.

Поливановго жапондордун агенти деген жалаа жабылган. Революцияга чейин үч жолу барып келгенин эске алышып, Маррдын тарапташтары кандай да болсо Поливановдун оозун жабыш керек дешип, революцияга чейинки иштерин айтышып, ошонун негизинде 1938-жылы жалган жалаа менен атылган.

Поливанов жакырланып кеткен дворяндардын үй-бүлөсүнөн чыккан киши болгон. Анан бала кезинен чөйрөсү жакшы болгон болуш керек. Экинчи жагынан тубаса жөндөмү мыкты болуп, жапон тилинин диалектилерин иликтеп атпайбы. Аны өз алдынча өздөштүрүп алган деп жүрүшөт. Жапонияда Киотодо, Токиодо болуп, кечилканалардын эшигинде отуруп эле оозеки түрдө өздөштүрүп алганын айтышат.

Поливановдун артында революцияга чейинки орус илими турат. Анан Петербург университетинде окуткан абдан мыкты тилчилер болгон. Устаттары Бодуэн де Куртенэ, Щерба болгон. Албетте, ал кишинин таасири кыргызстандык окумуштууларга да тийген.

Поливановдун акталышына Юдахин менен Юнусалиевдин оң мүнөздөмөлөрү жардам берген, бул окумуштуу акталыш керек дешип чыгышкан экен. Ошол убакта СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун директору, академик Серебренниковдун аракети менен бул киши 1962-жылы акталган. Ага коюлган күнөөлөр алынып салынган.

Улуу илимпоздордун уңгулуу тилеги

Николай Маррдын жаңы теориясын жактоочулар Поливановдун артынан сая түшүп, анын башында Москвада, андан соң Самаркандда, кийин Ташкенде иштөөсүнө мүмкүндүк беришпей, 1934-жылы академик Евгений Поливанов Бишкекке, а кездеги Фрунзе шаарына Касым Тыныстановдун чакыруусу менен иштөөгө келет.

Касым Тыныстанов.
Касым Тыныстанов.

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев улуу илимпоздун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу мына буларды айтат:

- Дүйнөлүк тил илиминде өз орду бар улуу тилчи окумуштуулардын бири. Анын Кыргызстанга келип калышы кыргыз тили, адабияты, маданияты, “Манас” изилдөөчүлөр үчүн өтө чоң мааниге ээ. Анткени окумуштууну Ташкенде иштеп жүргөн жеринен Касым Тыныстанов бул жакка чакырып алып келген. Кыргыз үчүн күйгөн Касым Тыныстановдун бул иши Евгений Поливановду алып келип иштетүү максаты болгон.

Поливанов “Манастын” изилденишине, жазылып алынышына, орусча которулушуна чоң салым кошкон окумуштуу болгон. Көп тилде сүйлөй билген улуу окумуштуу тилдин теориясы менен практикасын мыкты билген. Жапон тили менен кыргыз тилинин, түрк тилдеринин генетикалык карым-катыш маселесин изилдөөгө, анын чечилишине ири салым кошкон окумуштуу болгон.

Ошондой проблеманын коюлушуна, урал-алтай тилдер теориясы боюнча олуттуу ойлорун айткан илимпоз. Түрк тилдери менен жапон тилдери генетикалык жагынан жакын, мына ушул багытта иш жүргүзүү керек деген. Жапон тили менен түрк тилдеринин тектештигин, буларга караганда корей тили кыйла жакын экендигин ырастаган гипотезаларды айтып, бул жаатта аракет кылган.

Касым Тыныстанов менен Евгений Поливанов чоң иштерди жасайбыз деген улуу максатты алдына коюп турганда жаңкы “кызыл террордун” күчөп кетиши аны бузуп кетпедиби. 1946-жылы чоң кызыл китеп “Манас” эпосунун орусча котормосу чыккан. Мамлекеттик заказ менен которгон Липкин, Пеньковский, Тарловскийдин котормолорун катуу сындап, бул турушунда аны чыгарууга болбойт деп Поливанов аларды катуу сындап чыккан.

Поливанов өзү “Манасты” орусчага которгон. Бирок жанагы алааматта булардын айткан-дегендери көңүлгө алынбай, кийин ал китеп чыгып кетип, анын азабынан көп киши сөгүш алып, көп киши иштен айдалып, көп киши камалып кеткен.

“Манастын” орусча котормосу начар деп Поливанов менен Тыныстанов өкмөткө кызматтык кат жөнөтүшкөн. Муну коё туруш керек, оңдоо зарыл, булардын котормосу болбой калды деп. “Манасты” которуу, жайылтуу жагында Поливанов салмактуу эмгектерди жасаган. Ал кезде Касым Тыныстанов партиядан чыгарылып, бирок Москвадан келген котормочулардын котормосун оң баалап, аны талдай турган адистин жоктугунан айласыздан Касымды аты аталбаган котормочу, кеңешчи кылышкан. Касым Тыныстановду партиядан чыгарып коюшуп, бирок иштете турган кишиси жок болгондуктан аны кеңешчи, котормочу кылышкан. Бул маселе көп айтылбай жүрөт.

Тыныстанов менен Поливановдун “Манас” боюнча эмгектерин эскерип, алардын эмгегин, проблемаларын изилдеп чыкса көп нерселер ачылмак. Ошондо Поливановдун ири тилчи окумуштуу катары гана эмес, манас таануучу катары, урал-алтай тилдерин жалпылыгы боюнча гипотезасына кайрылса, булардын эмгеги ачылмак.

Жакында Алтай форуму өтпөдүбү. Ушул форумдун башталышы, урал-алтай гипотезасынын ишке ашырылышында Поливановдун чоң эмгеги бар.

“Манас” эпосун орус тилине которуу, аны жарыялоо бул жылдары идеологиялык күрөшкө айланып, натыйжасы бир топ окумуштуулардын камакка алынышы, атылышы менен аяктаган. Кандуу жазалоонун капканына кыргыздан чыккан биринчи профессор Касым Тыныстанов, аны менен кошо профессор Евгений Поливанов туш келип, экөө тең атылып кетишти.

Евгений Поливановдун камакка алынгандан кийинки сүрөтү.
Евгений Поливановдун камакка алынгандан кийинки сүрөтү.

Касым Тыныстанов Бишкекте атылып, сөөгү 1991-жылы жайында баш калаанын жанындагы Чоң-Таш айылындагы 138 адамдын сөөгү жашырылган эски кыш заводунун чуңкурунан табылды. Евгений Поливанов да 1938-жылы Москванын четиндеги кыштакта атылган.

Профессор Евгений Поливановдун аялы Бригида Альфредовна Поливанова-Нирк күйөөсү камакка алынгандан кийин Фрунзеден кетип калгандыгына байланыштуу издөөгө алынып, 1938-жылдын 10-апрелинде Ташкенде камалган. “Эл душманынын” аялы “Польшанын тыңчысы” катары айыпталып 10 жылга кесилген. 1946-жылы Каргаполдогу абакта каза болгон.

Евгений Поливанов ар тараптуу окумуштуу болгон. Анын жапон, кытай тилдери боюнча эмгектери ушу азыр да илимий баалуулугун жогото элек.

Профессор Поливановдун корей, алтай тилдери боюнча эмгектери, корей тилинин алтай этимологиясына байланышы тууралуу изилдөөсү, тилдин жалпы эволюциясына арналган изилдөөлөрү салыштырма-тарыхый фонетика боюнча маанилүү эмгектердин бири саналат. Ал устаты Бодуэн де Куртенэ негиздеген салыштырма усулду андан ары тереңдетип, жалпы тил илиминин изилдөө арымын кеңейткен.

Профессор Поливановдун “Манас” эпосун изилдөөдөгү жана аны орус тилине которуудагы эмгеги да зор.

"Манас" китеби.
"Манас" китеби.

Поливанов көп тил билген полиглот болгон. Анын өзү 18 тил билерин ырастаган. Француз, немис, англис, латын, грек, испан, серб, поляк, кытай, жапон, татар, өзбек, түркмөн, казак, кыргыз, тажик, эстон, орус тилдеринде сүйлөгөн. Окумуштууну жакындан билген кишилердин айтуусунда, ал абхаз, азербайжан, албан, калмак, араб, грузин, дунган, мордва тилдерин да билген.

Профессор Е.Поливанов улуу Гётени немисчеден өзбекчеге эч кыйналбай эле которо алган. Кыска өмүрүндө анын 140тан ашуун эмгеги, алардын ичинде 20 монография менен китепчелери жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG