Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди Кыргыз эл баатыры наамынан, сыйлыктарынан ажыратты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта, бул Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.

Ага ылайык, Атамбаев Кыргыз эл баатыры артыкчылык даражасынан, II даражадагы "Манас", "Данакер" ордендеринен жана "Даңк" медалынан ажыратылды. Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына бул сыйлыктарды мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп алуу тапшырылды.

Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаев өткөн айда энергетика маселелерине байланыштуу кыйыр кайым айтышкан.

Жапаров Атамбаевди энергетика тармагын “сазга батырган” деп айыптап, 1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болсо, кийинки он жылда 123 миллиард сомго жеткенин белгилеген.

Анын алдында Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган. Ошондой эле азыркы бийликти энергетика тармагындагы маалыматтарды ачыкка чыгарбай жатканы жана майнинг фермалар боюнча айыптаган. Анын бийлигинин тушунда ири долбоорлор ишке ашканын белгилеген.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Атамбаев наам, сыйлыктарынан ажыратылганына байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG