Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:13

Путин менен Назарбаев Кремлде эмнени сүйлөшкөнү белгисиз


Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Кремлдин сайтында кыска кабарга экөө жолуккан учурдагы сүрөт коюлган. Кремлдин Telegram-каналындагы сегиз секунддук видеодо Путин менен Назарбаев тегерек үстөлдүн жанында отурганын көрүүгө болот. Видеодо фотоаппараттардын чыкылдаган үнү гана угулат.

Бул жыл башынан бери Назарбаев менен Путиндин экинчи жолугушуусу. Буга чейин алар май айында да баарлашкан. Эмне тууралуу кеп болгону кабарланган эмес.

Кийинчерээк Казакстандын биринчи президентинин басма сөз катчысы Айдос Укибай Назарбаевдин Москвага сапары жеке мүнөздө болгонун билдирген. Анын айтымында, Назарбаев менен Путинди "көп жылдан берки достук мамилелер" байланыштырат. Укибай Назарбаев Казакстанда жашай турганын белгилеп, анын эмиграциясы тууралуу кептерди четке каккан.

Өткөн жылы Назарбаев Путин менен декабрь айынын ортосунда жолуккан, анда да жолугушуунун күн тартиби жашыруун бойдон калган.

Назарбаевдин мураскери, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жыл башында "Ана тили" гезитине курган маегинде мурдагы президенттин сапарларынан кабардар экенин кыйыткан. Анын айтымында, 2024-жылы Назарбаев Путинге эки жолу - күзүндө жана декабрда барган.

"Күзүндөгү жолугушуу тууралуу маалымат каражаттарына чыккан эмес. Мындай жолугушуулардын демилгечиси - Нурсултан Абишевичтин өзү. Ал Казак ССРинин Министрлер советинин мурдагы төрагасы, партиялык жетекчи жана кийин суверендүү Казакстандын президенти катары Кремл менен моралдык жана саясий жактан тыгыз байланышта болгонун унутпоо керек. Анткени көп убакыт Москвадагы иш сапарларда, съезддерде жана пленумдарда, жумушчу жана расмий визиттерде өткөн", - деген Токаев.

Нурсултан Назарбаев акыркы үч жылда коомчулукка сейрек чыгып жүрөт. Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган биринчи президент 2019-жылдын март айында кызматтан кеткен. Ал бийликти өзүнүн мураскери Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берип, бир катар кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган.

2022-жылы Каңтар окуясынан кийин (өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, аларды басуу үчүн Токаев аскерлерге ок атууга уруксат берген; расмий маалымат боюнча 238 адам каза болгон) Назарбаев көптөгөн артыкчылыктарынан ажыраган. Мурдагы президенттин туугандары жогорку кызматтардан кеткен, айрымдарына иш козголуп, жоопкерчиликке тартылган.

Январь айындагы башаламандык күчөгөндө Токаев "чет өлкөдө даярдыктан өткөн миңдеген согушкерлер жана террористтер кол салганын" билдирген, бирок бул версия ырасталган эмес. Ал Казакстанга аскердик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кайрылган. Бул уюмга Казакстандан тышкары Орусия, Беларус, Армения (быйыл мүчөлүгүн токтотту), Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

ЖККУ эки жумага аскер жөнөткөн. Байкоочулардын пикиринде, дал ушул аскердик жардам Назарбаевдин айланасындагы элита менен Токаевдин командасынын ортосундагы бийлик үчүн күрөштөн кабар берген. Бирок экс-президент да, учурдагы президент да ортодогу пикир келишпестик тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

2025-жылдын башында "Ана тили" гезитине курган маегинде Токаев Назарбаев кызматтан кеткенден кийин "саясий жактан сыпаа болбогонун", "премьер-министрдин, Улуттук банктын төрагасынын, министрлердин жана акимдердин катышуусунда үзгүлтүксүз жыйындарды өзүндө өткөрүп турганын" айткан.

Токаевдин белгилешинче, бул жагдай кош бийлик тууралуу ушак-айыңдарды күчөтүп, чиновниктер кимдин көрсөтмөсүн аткарарын билбей баштары каткан. Натыйжада Каңтар окуясына себеп болгон бийлик кризиси жаралган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG