Флоридада бүгүн АКШ жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолугушат. Politico медиа уюму сүйлөшүүдө АКШ тараптан болчу коопсуздук кепилдигине басым жасаларын жазды.
Трамп менен Зеленский Запорожье атомдук электр станциясын башкаруу маселесин жана Москванын Донбассты өз көзөмөлүнө өткөрүп алуу мүдөөсүн да талкуулоого тийиш.
Киев байланыш сызыктарында аскерсиз аймак түзүүнү сунуштоодо. Зеленский буга чейин АКШ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушууларда Киев иштеп чыккан 20 пункттан турган тынчтык планын талкуулоону көздөп жатканын билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп Politico басылмасына курган маегинде бул жолугушуудан майнап чыгарына ишеним артып турганын айткан.
Axios басылмасы өтө турчу жолугушууну олуттуу жылыш катары баалоодо. Буга чейин Трамп Зеленский менен келишим ишке ашарына көзү жеткенде гана жолугарын билдирген. Зеленский өз кезегинде Трамптын планы "90% макулдашылганын" жана "Жаңы жылга чейин көп маселени чечсе" болорун айткан.
Axios Орусиянын Донбасс аймагын көзөмөлдөө талабынан улам келишпестик орун алганына көңүл бурган. АКШ Киев аскерлерин чыгарышы керек болгон райондорду аскери жок "эркин экономикалык зонага" айландырууну сунуштоодо. Зеленский Орусия аскерлерин азыркы байланыш сызыгынан чыгарып кетүүгө тийиш экенин, аймактык маселелер боюнча кандай гана мунаса табылбасын, ал референдум аркылуу бекитилиши керектигин белгилеп келет.
Politico маалымдагандай, Орусия тынчтык планындагы Зеленскийдин сунуштарынын бирин да кабыл алууга даяр экенин көрсөткөн жок. Ошол эле учурда Трамп Москва мунасага барбаса, орус экономикасынын учурдагы абалы оор экенин айткан.
Ишембиде Канадага сапарынын алкагында Зеленский европалык лидерлер менен да сүйлөштү. Онлайн жолугушууга Франция, Финляндия, Германия, Италия, Дания, Польша, Нидерланддар, Норвегия жана Швециянын лидерлери катышкан. "Путин согушка чындап жана адилеттүү чекит коюудан качып, манипуляцияга барбашы үчүн фронтто да, дипломатияда да күчтүү позициялар керек", - деп жазды Зеленский жолугушуу соңунда.
Орусиянын президенти Владимир Путин өз кезегинде Бириккен аскердик топтун башкаруу пунктунда жыйын өткөрдү. Анда ал Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун баяндамасын укту.
Путинге орус аскерлери Запорожье облусундагы Гуляйполе шаарын жана Донецк облусунун Покровск районуна караштуу Мирноград шаарын көзөмөлгө алганы тууралуу маалымат берилген. Украинанын Башкы штабы бул билдирүүлөрдү четке какты.
Шерине