Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

1937: Баялы Исакеев: Системанын ишеничи жана курмандыгы


Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин алгачкы төрагасы Баялы Дыйканбай уулу Исакеевдин (1897-1938) айкели. 16.3.17.

Сталиндик репрессиянын кандуу капшабы 1920-жылдардагы жаатташкан тараптарга кошулбаган, болушунча бейтарап, калыс позицияны карманган Баялы Исакеевди да кыйгап өтпөй, аны 1938-жылы жок кылган. Кыргыз ССРин курууга зор салым кошкондордун алдыңкы катарында болгон инсандын элесине сүртүмдөр.

Окуу, кызмат, так иш

Баялы Исакеевдин өмүр жолу курбалдаштарынан анча деле айырмаланбайт. 1897-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Үкөк деген айылда жарык дүйнөгө келген. Каргадай кезинен орус-тузем мектебинен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишип, анын аркасында совет бийлигин Кыргызстанга орнотуу ишине катышып, биртоп жооптуу иштерге аралашкан. Жаңы коом, жаш мамлекеттин пайдубалын түптөөчүлөрдүн текши баары мына ушул орус уландарынын катарында жергиликтүү элдин арасынан кеңсе иштерине жарамдуу кадрларды даярдоого багытталган азыноолок мектептерден билим алышкан.

Педагогика илимдерин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова алгачкы муун кыргыз интеллигентеринин текши баары аралаш мектептерден билим алышканын белгилейт .

- Баялы Исакеев Ат-Башыдагы жалгыз орус-тузем мектебин бүткөн.Ошол мектептин ал кездеги директору Иван Шахворостов деген иштеген. Кызыгы Шахворостов кийин Сазановкадагы орус-тузем мектептин директору болгон. Ал мектепти Касым Тыныстанов бүткөн. Ат-Башыда Баялы Исакеев окуган. 1932-жылы Исакеев 1916-жылга арналган бир нече макалаларын жазган.

Исакеев совет бийлиги кезинде партиялык курстардан окуп, өз мезгилиндеги билимдүү кадрлардын бирине айланган. Жаңы бийлик тапшырган кызматтардын баарын айныксыз аткарып, кийин жалган жалаага кабылып, 1938-жылы ноябрда атылган; сөөгү Чоң-Таштагы ак жеринен атылып кеткен кайрандардын катарында жашырылган.

Совет бийлигинин Кыргызстанда орношу кандай кыйынчылыктарга туш келгени, жаңыдан улуттук мамлекет курууга кызыкдар алгачкы муун кыргыз аткаминерлеринин арасында кандай саясий талаш-тартыштар жүргөнү, саясий маселелерди чечүүнүн кыйынчылыгы кыйла жылдар жашырылып-жабылып келди эле, Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери тарыхтын мына ушул карама-каршылыктуу буктөмү кайрадан ачылып, кенен-кесир аңдалууда.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдун ырасташынча, Баялы Исакеев лидерликке умтулбаган, тапшырган ишти так аткарган жупуну адам болгон.

- Лидерлерден катарында жок болчу. Дымактуу кыргыз саясатчылары, мисалы, Жайнак Садаев эле, ал большевик өз тарабында топ түзүп аткан болчу. Садык Чоңбашев дагы ошондой болчу. Исакеев башка кызматтарда иштеп, ал жерлерден текшерилип, Абдырахмановдон кийин премьер-министр болуп атпайбы. Жусуп Абдырахманов талант эле.

Жаңыдан таканчык алып келаткан коммунисттик-бюрократиялык кызматтардын бир тобунда иштеп, бирок алдыга чыга элек ишмердин кызмат тепкичиндеги ири сыноо - Жусуп Абдырахмановду эл комиссарлар кеңешинин төрагалыгынан, азыркы тил менен айтканда, премьер-министрликтен алгандан кийин анын ордун ээлеп калышы болгон.

Партиялык үгүт-насаат башчысы, өкмөт жетекчиси

Баялы Исакеевдин өмүр баянынан белгилүү: ал бир топ жылдар Нарын, Каракол, Жети-Суу облустарында партиялык үгүт-насаат иштерин жүргүзчү облустук бөлүм жетекчиси, аз убакыт 1927-жылы кыргыз облустук партиялык көзөмөл комиссиясынын башчысы, анан кыска убакыт "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу катчысы, кайрадан көнгөн ишине - партиялык үгүт-насаат бөлүмүнө, бул ирет Кыргызавтоном республикасынын партиялык комитетине кызматка көтөрүлгөн.

Баялы Исакеев
Баялы Исакеев

Кийинчерээк ал жер иштери боюнча комиссар, республикалык партиялык комитеттин 2-катчысы, анан 1933-жылдан тартып төрт жылдай Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, Бүткүл союздук Аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайланып, республикадагы экинчи адам, аткаруу бийлигинин башчысы кезинде 1937-жылы камакка алынып, бир жылга жетпей атылып кеткен.

Өкүмзор-буйрукчул системанын кандуу жазалоосуна Баялы Исакеевдин кабылып калышы репрессия курмандыктарына эч иргөөсүз, ылгоосуз, оңу-солу, орточулу - баары бирдей туш келип, андан аман-соо калыш мүмкүн эместигин ырастай алат.

Алгачкы муундагы совет кыргыз аткаминерлерин чалгы менен чапкандай, бир кылка, тегиз жок кылуунун себеби кандай шарттардан, кандай жагдайлардан улам чыккан?

Коммунисттик бийликтин төбөсүндө отургандардын кандуу кыргынды баштоосунун түпкүлүк себеби оголе көп шарт-жагдайларга байланышкан. Аны тарыхчы Зайнидин Курманов мындайча чечмелейт.

- Биринчилер эмнеге атылып кетишти? Анткени алар коммунисттик система мектебинен өтүшкөн эмес эле. Большевиктер бийликке келгенде алардын ордуна жаңы кадрлар керек болчу. Марксизм-ленинизм ыкчам курстарын ача башташкан. Рабфак, завод-фабрика окуулары жана башкалар. Ал жерден жаштарды окута башташкан. Эсенаманов, Жолдошев, Тынаев жана башкаларды ушул системадан өткөрүшкөн. Бул иш 1924-жылга чейин жыйнактуу эмес болчу. Республикага кадр даярдоо, максаттуу кабыл алуу дегендер жок болчу. Ар кими өз алдынча окушчу.

1924-жылдан тарта бул иш системага салынган. Жаштардан тандап ири шаарларга - Харьков, Москва, Петербургга, башка шаарларга окууга жөнөтө башташкан. Марксизм-ленинизм кыска курстарынан окушуп, большевиктерде кадр потенциалы пайда болгон. Ошолорду кызматка отургуза башташты, буржуазиялык кадрларды четтетип, элита алмашты. Сыдыковдордун кереги жок болуп калды. Сыдыков, Айдарбеков, Арабаев жана башкалардын кереги жок дешти. Бай-манаптын балдары жана башка деп аларды четтетип салышкан. Кандайдыр бир жолдор менен Исакеев мына ушул жаңыларга аралашып кеткен. Ал алдыга чыккан эмес. Топторго кошулган эмес, оппозициялык билдирүүлөргө кол койгон эмес. Контрреволюциялык иштерге аралашкан эмес, таптаза болчу. Исакеев бирөөлөргө жамандык да кылган эмес, режимдин ишенимдүү адамы болчу, анын курмандыгы да болду.

Профессор Ишенгүл Болжурова кандуу репрессиялар, бейкүнөө адамдарды кырып-жоюп жок кылуу - коомдогулардын баарын жалгыз партияга айласыз баш ийдирүү амал-аргасынан улам чыккан дейт.

- Биринчиден, бир партияга бириктирүү максаты турган. Ал кезде “Алаш” деген, дагы башка партиялар болгон. Мисалы, Осмоналы Сыдыков “Алаштын” мүчөсү болгон. Башка элдерде, мисалы, татарларда, чуваштарда, азербайжандарда, өзбек, казактарда өз улутун көтөргөн партиялар болгон. Муну жаман деп айта албайбыз. Экинчи жагынан булардын Тоолуу автоном облус түзүү демилгеси борборду чочулатып койгон. Эркиндик берсе башаламандыкка бурулуп кетеби дешкен. Улутчулдуктан чочулашкан. Анан үчүнчу нерсе, Ленин кыялданган дүйнөлүк революция, социализмдин бардык өлкөлөрдө жеңиши болбой калды. Ошон үчүн Орусия өз күчү менен көтөрүлүшү керек эле. Ал үчүн айыл чарбасын эзип, индустриалдаштырууну ишке ашырыш зарыл эле. Ал да оор проблема; анан эски буржуазиялык кадрларды четтетүү иштери жүрдү. Бир сөз менен муну айтып бериш өтө оор. Буга комплекстүү мамиле зарыл.

Социализм заманында баары эле акталган жок

Жок жерден бейкүнөө жазалангандардын, ак жеринен атылып кеткендердин артында калган жакындарынын адилеттикке жетиши да кыйла кыйынчылыктарга, жашырын-жабык тоскоолдорго туш келген. Маселен, Касым Тыныстановго коюлган күнөөлөр 1957-жылы алынып салынганы менен анын партиялык жагынан акталышы дагы бир топ жылдарга созулуп, ал горбачевдук "кайра куруу" жылдарында гана акталды.

Академик Аскар Какеев мына ошол жылдары Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин илим жана жогорку окуу жайлар бөлүм башчысынын орунбасары болуп иштеген. Анын айтуусунда, репрессия курмандыктарынын адилеттикке жетиши узак жылдарга созулуп кеткен.

- Борбордук комитетке репресссияга туш болгондордун балдары, кыздары кайрылышкан. Ошол кайрылгандардын аталары 1937-38-жылдары атылган. 1957-жылы алар жарандык жактан акталышкан. Бирок партиялык документтерде алар улутчулдар, социал-туран партиясынын мүчөсү болгон деген жалаалары менен турган. Болгон документтердин негизинде мен аларды саясий, партиялык жактан акташ керек деп сунуш кылгам. Ошолордун бир тобу акталды. Азыр алардын эстеликтери мурдагы өкмөт үйүнүн алдында турат.

Баялы Исакеев атасынан эрте ажырап, 1916-жылкы Улуу Үркүндө Кытайга качып барып, элдин көкүрөгүндө кылымдарга өчпөс азап-тозокторун өз башынан кечирген. Үркүн тууралуу кийин 1932-жылы кеңири баяндама жасап, анысы атайын китеп болуп чыккан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG