Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:19

И.Арабаев менен Ж.Абдыракмановдун алыскы Орунбордогу изи


Тарыхчы илимпоз Аида Кубатова.

1930-жж. сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден атылган чыгаан мамлекеттик, коомдук ишмерлердин жана айдыңдардын алдыңкы сабында турган Ишеналы Арабаев менен Жусуп Абдыракманов Орунбордо да эскерилди. Тарыхчы Аида Кубатова бул тууралуу жана Ж.Абдыракмановдун китеби жөнүндө маек курду.

2018-жылдын бугу (май) айынын 29унда Орусиянын Орунбор калаасында байырлап жаткан кыргыз жамаатынын аракети менен ал шаарда Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882-1933) жана Жусуп Абдыракманов (1901-1938) жашаган үйлөргө эскерткич белгилер коюлду.

Орунбордогу кыргыз жамаатынын өкүлдөрү сталиндик репрессия курмандыгы болгон кыргыздын улуу инсандарынын музейин түзүүнү көздөшүүдө.

Агартуучу Ишеналы Арабаев (1882-1933).
Агартуучу Ишеналы Арабаев (1882-1933).

Ал арада Кыргызстанда Жусуп Абдыракмановдун 1928-жылы чыккан “Кыргызстан” китеби кирил тамгасына көчүрүлүп, илимий түшүндүрмөлөрү менен жарыкка чыкты.

Мына ушул үлкөн маданий иш-чарага катышкан белгилүү тарыхчы, Кыргызстандагы жадитчилик тарыхы боюнча ири адис, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованы кепке тарттык.

“Азаттык”: Аида айым, жакында сиз Орусиянын Орунбор шаарындагы илимий чоң жыйынга катышып келдиңиз. Анда эмне кеп болгонун, анан ошол иш-чаранын маданий бөлүгүндө Ишеналы Арабаев менен Жусуп Абдыракманов жашап кеткен, ошолордун изи калган жерлерге эстелик-белги коюлушуна токтоло кетсеңиз.

Кубатова: Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар жалгыз эле Кыргызстанда эмес, чет өлкөлөрдө да өтүп жатат. Ошондой иш-чаралардын бири Орусиянын Орунбор калаасында белгиленди. Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү.

Биздин ал жерде жашаган мекендештерибиз Жусуп Абдыракманов менен Ишеналы Арабаев жашаган үйлөргө тарыхый тактайчаларын орнотуу жөрөлгөсү илимий конференциянын алкагында өттү. Бул жалгыз эле Орунбордо жашаган кыргыз мекендештерибиз үчүн эле эмес, жалпы кыргыз коомчулугу үчүн чоң мааниге ээ окуя деп ойлойбуз. Бул иштин демилгечилери биздин кыргыз жамаатынын, Кыргызстандын Орунбордогу ардактуу консулу Жандар Таалай уулунун, Урмат Жамгырчиев жана башка биздин мекендештерибиз экен. Ошолордун аракети менен чоң иш жасалды.

“Азаттык”: Орунбор кыргыз, казак, татар – жалпы эле түрк калктарынын Уфа сыяктуу маданий борбору болгон. Ишеналы Арабаев менен Жусуп Абдыракманов ал жерге кандайча барып калышкан экен?

Кубатова: Ишеналы Арабаев ал жерге кандайча барып калган? Алгачкы билимди молдодон алып, анан Караколдогу жаңы усулдагы мектепте окуган. Анын жөндөмүн байкаган Зайыр Таиров деген агайы билимин Орусиядан улантуу кеңешин берген экен.

Арабаев биринчи барган жылы Орунбордогу медресеге өтө албай калат. Себеби ал жерде талап бийик, ошол кездеги алдыңкы окуу жайлардын бири болгон. Ал жерде билимдүү, тажрыйбалуу аалымдар иштешкен.

Ишеналы Арабаевдин өзүнүн өмүр баянында жазгандай, ал жерге медреседен билим алып келгендерди сынак менен кабыл алышчу экен. Билим деңгээли жетишсиз болуп калган Ишеналы Арабаев ал жерден Түркияга – Константинополго барып, ал жерде бир жыл окуп, анан бир жылдан кийин кайра Орунборго келген. Сынактан өтүп, Орунбордо бир жыл окуган.

Жусуп Абдыракманов (солдо) менен Абдыкадыр Орозбеков.
Жусуп Абдыракманов (солдо) менен Абдыкадыр Орозбеков.

Эми Жусуп атага келсек. 1930-жылдары репрессия толкуну күчөбөдүбү.

1933-жылы Жусуп Абдыракманов Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы кызматынан бошотулуп, Социал-туран партиясынын мүчөсү, Алаш партиясынын мүчөсү деп айыптай башташкан, партиядан чыгарылган. Кыргызстан эмес жалпы союздук белгилүү адисти кызматка тартышып, алгач Орусиянын Челябин, анан Орунбор облустук мал чарба бөлүмүнүн башчысынын орунбасары кылып дайындашып, Орунбор шаарында эки жыл жашаган.

Анын ишин орунборлуктар жакшы баалашып, эки жыл ичинде мал чарбасынын өнүгүшү үчүн чоң салымын кошкон. Бизди кубантканы, кызматтан алынып, айыпталып жаткан кишини ал жерде жакшы кабыл алышып, жашоосуна жакшы жай бөлүп беришкени болду. Мезгилинде жакшы үй болгон болуш керек.

Орунбордун борборундагы аянтта Набережная деген көчөдөгү чепте (крепостто) убагында Пушкин да келип жашап кеткен экен. Ушундай тарыхый жайдагы эки кабат үйдөн Жусуп Абдыракмановго батир беришиптир.

Эски үйдүн азыркы абалы начар эле экен. Бирок биздин ал жерде жашаган мекендештерибиз, Орунбор калаасындагылар үйдү оңдоону колго алып ал жерге музей уюштурабыз деген оюн айтышты.Мамлекет аткарчу иштерди биздин чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин аткарып жатканы кубандырат.

“Азаттык”: Ушул ишке улай дагы бир суроо. Сиз Жусуп Абдыракмановдун “Кыргызстан” деген тарыхый-экономикалык китебин, баам сыртында калып келаткан эмгегин кайра жарыкка чыгардыңыз. Автор муну кандай максатты көздөп жазган?

Кубатова: 35 беттен турган бул чакан эмгекти Жусуп Абдыракманов 1928-жылы чыгарган. Кыргызча, бирок араб арибинде жазылган китеп.

Ж.Абдыракмановдун китебинин жаңы чыгарылышы.
Ж.Абдыракмановдун китебинин жаңы чыгарылышы.

Китептин бар экендиги илимпоздорго белгилүү болгон менен, көпчүлүк андан кабарсыз калып келген. Биздин Улуттук китепканада эмгектин эки нускасы сакталып турган экен. Аны коомдук ишмер Алмаз Кулматов бизге алып келип, араб тамгасынан азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп, элге тааныштырууну сунуш кылды.

Китеп бизди да кызыктырды. Автор Кыргызстанды кантип өнүктүрүүгө болот суроосун койгон экен. Араб арибиндеги кыргызча китепти кирил тамгасына көчүрүп, илимий түшүндүрмөлөрүн кошо жаздык. Бул китепте кыргыз тилинин өзгөчөлүгү мыкты сакталган.

Китеп баарына, жалаң эле тилчилерге эмес, тарыхчы, экономист, окурмандарга, студенттерге пайдасы тийет болуш керек, деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Жусуп Абдыракманов эмгектерин негизинен орусча жазган, мисалы күндөлүктөрү. Анан кыргызча китеби чоң таасир калтырганын айттыңыз. Ошолордун негиздүүлөрүнө токтолуп, анан жана сиз китеп тууралуу айтканда “Кыргызстан – Орто Азиянын Швейцариясы болот” деп жазганын белгиледиңиз, ошого токтоло кетсеңиз.

Кубатова: Жусуп Абдыракманов жаш кезинде Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешин жетектеген. Бул аябай эле чоң кызмат болгон. Менде деле убакты-сааты чектелүү киши ушунча эмгекти кантип жазды экен, деген ой болду. Угармандар кандай ойлор, бирок бизде өзүнүн баяндамасын жаза албаган жетекчилер бар го. Бирөөлөргө тапшырма беришет, алар жазып даярдап алдына коюшат. Анан ошол кыйын мезгилде, совет бийлиги жаңыдан орноп, экономикалык абалы оор чакта китеп жазып атпайбы. Убакытты кайдан тапты экен?

Жусуп Абдыракмановдун “Күндөлүгүндө” эки-үч жерде эскерген жери бар экен. Бир жеринде эмгекти жаза баштадым деп, анан бир айдан ашуун убактан кийин китептин бир нече нускасын алдым дейт. Анан кыргызча ой жүгүртүүдөн алыстап калыпмын, кыргызча жакшы жаза албадым, бул жаман адаттан арылышым керек экен деген жерлери бар.

Жусуп Абдыракманов эмгектерин орусча жазган, муну болсо ал кыргыз тилинде, анан да араб арибинде абдан сабаттуу жазган. Бул адамдын жөндөмү абдан жогору болгону байкалып турат.

Эмгегинде Жусуп Абдыракманов айыл чарбасын, мал чарбасындагы жагдайды сыпаттап, аны талдоого аракет жасаган. Ал мисалы, мал чарбасы дыйканчылыкка караганда артта калып жатат. Бирок базарда мал чарба өнүмү өтүмдүү болуп жатат, бирок мал чарба продуктулары сатууга аз келип атат. Биз базарды уюштуруп, ал жерде эт сатылыш керек деп жазган.

Ушуга улай эле ал жайыттарды кандай пайдалануу керектигине да токтолгон. Бул азыр деле актуалдуу маселе. Ошону менен бирге эле китеп соңундагы жыйынтыгын оптимисттик маанайда бүтүрөт. Мен романтик да деп айтар элем.

Англистер Кыргызстандын эң кооз кантону Караколду Швейцарияга салыштырышат. Мен айтар элем, бир эле Каракол кантону эмес, жалпы эле Кыргызстан аймагы - табигый байлыгы, табияты жагынан Швейцарияга окшош. Демек Кыргызстадын бардык жактан өнүгүп, Орто-Азиянын Швейцариясы болгонго мүмкүнчүлүгү бар, - деп жазат. Кыргызстан Ыраакы Чыгыш элдеринин ичинен аванпост же алдыңкысы болот, деген ишеним бар деп, Жусуп Абдыракманов китебин жакшы маанай менен бүтүргөн.

“Азаттык”: Жусуп Абдыракмановдун китеби – таберик эмгек. Андан дагы кандай жакшы нерселерди байкай алдыңыз?

Кубатова: Менин изилдөөмө жакын агартуучулукка байланышкан бир топ кызыктуу маселелерди таптым. Ал орус-тузем мектептери болгон, ал эми жаңы усулдагы мектептер падышалык Орусиянын куугунтугунда болгон деп жазган.

Октябрь революциясына чейин кыргыздардын сабаттуулугу 92,2% түзгөн деп жазган. Ушул сан менин көңүлүмө төп келди. Анткени кийинки кездери изилдөөчүлөр, мисалы, А.Б.Жаманкараев агай Кыргызстан калкынын 7,8%ы сабаттуу болгон деп жазган. Жаманкараев менен Абдыракмановдун маалыматтары дал келип атат. Жаманкараев статистикалык маалыматтарга таянып, кыргыздардын 60 миңдей адамы сабаттуу болгон деп жазган.

Эгер ал Жусуп Абдыракмановдун ушул эмгегин пайдаланса сөзсүз шилтеме бермек. Бирок ал шилтеме берген эмес. Экөөнүн маалыматы дал келип атат.

Жусуп Абдыракманов маалыматтарды пайдаланууда, сандарды келтирүүдө аябай тактыгын көргөзгөн. Кыргыз тилиндеги көп сөздөрү, мисалы, поюз жолдору – от араба жолдору дегени.

Соодагерлерди категорияга бөлүп көрсөткөн. Жай соодагерлер, орто соодагерлер, чоң соодагерлер деп. Оторчул саясат дейт.

Экономикалык өнүгүүнү Жусуп Абдыракманов 1914-жыл менен салыштырат. Себеби 1914-жылга - Биринчи дүйнөлүк согушка чейин тынчтык өкүм сүрүп, экономика жакшы өнүгө баштаган. Ошону эске алып, айрым көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстан 1914-жылкы деңгээлге жетип калды, айрым көрсөткүчтөр боюнча андан ашып кетти дейт.

“Азаттык”: Бул эми 1930-жылдардагы репрессияга чейин чыккан эмгек да. Репрессиядан кийинки доордо “кеңеш" эмес - "совет”, “жалчы" эмес – "пролетариат” дагы башка көп сөздөрдү орусчасы боюнча эле жазмак. Антип жазбаса эл душманы, интернационалист эмес дешмек. Эл душманы болуп калыштан коркуп, кыргыз интеллигенциясы болушунча орусча сөздөрдү колдонуп жазышка мажбур болгон. Бул процесс Кыргызстан эгемендикке жеткенге чейин эле созулду окшойт. Бул китеп он жыл кийинчерээк чыкса колдонулган терминдердин тең жарымынан көбү орусча болуп калмак.

Кубатова: Репрессияга чейин кыргызча сөздөр, түшүнүктөр кеңири эле колдонулган. Кийин ал башталганда буржуазиялык улутчулдук деп айыптоого өтүшкөн.

Мисалы, Ыбрай Тойчуновго (1901-1936) ошондой айып коюшкан. Мурда, мисалы, солдат деген сөздү “чоро” деп которушкан. Суракка алганда анын баары айыптоого негиз болуп, "улутчулсуң" деп айыпташкан.

Совет бийлиги мурда "Кеңеш бийлиги" деп аталган. Жусуп Абдыракмановдун китебинде деле ошентип аталган.

Көп сөздөрүбүз унутта калып калды. Мисалы, совет доорундагы “Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!” чакырыгы мисалы, Жусуп Абдыракмановдун китебинде “Жер жүзүнүн жалчылары, бириккиле!” деп жөнөкөй эле жазылып турат. Орусчасына ылайыктап жазуу биз эгемендикке жеткенче эле созулду. Мына азыр терминком иштеп атат. Кыргыздын төл сөздөрүн алып пайдалана баштадык.

Жусуп Абдыракманов.
Жусуп Абдыракманов.

Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов жана башка улуу инсандар кыргыз мамлекетин түптөштү. Өмүрүн тобокелге салып, Орто Азияда кыргыз деген өзүнчө маданияты бар эл экендигин түшүндүрүп, чоң аракет, кыйынчылыктар менен кыргыз мамлекетин түптөштү.

Аида Кубатова менен Бекташ Шамшиев маек курууда. 2018.
Аида Кубатова менен Бекташ Шамшиев маек курууда. 2018.

Ушул улуу инсандарыбыз болбосо эгемендүү мамлекетибиздин болушу такыр мүмкүн эмес эле. Ушундай улуу инсандарыбыздын эмгегин баалап, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргыз Республикасы бар, биз кайтып келчү Мекенибиз бар деп сыймыктанып, кыргыздын тарыхын изилдеп жатышат. Ошолордун арты менен улуу инсандарыбыз жашаган жерлерди таап көрүп келдим.

Ата-баба баркын билип, алар болгон жайларды кастарлап сактап, алардын арбагына сый-урмат көрсөтүп жатышкан мекендештерибизге ыраазычылык билдирип кетер элем.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG