Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:45

Алп жазуучунун "акбоз аты"


Шатман Садыбакасов (1932-1983), кыргыз жазуучусу жана драматургу.

Шатман Садыбакасовду окурман журту “Күндөр” романы, “Акбоз ат” драмасынын автору катары жакшы билет. А бирок ал акын, котормочу катары, андан да биртоп кыргыз акын-жазуучуларына жол көрсөткөн устат, чыгармачылыкка өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылган редактор катары белгилүү.

Жазуучу Шатман Садыбакасовдун аңгемелеринде жөнөкөй турмуштук көрүнүштөр көп маанилүү көркөмдүк түскө ээ болуп, жашоонун ар бир күнү пенде баласынын бактысы, бу тирүүлүктүн адамга ыроолонгон шыбагасы экени ырасталат.

Бүгүнкү кыргыз аңгемеси тууралуу кеп Шатман Садыбакасовдун чыгармачылыгына, жазуучунун “Ар кимибиздин жолубуз бар” новелласына арналат.

Тюрин Машаны сүрөткө тартыптыр

“Ар кимибиздин жолубуз бар” жазуучунун жүрөгүнө жакын темага арналган. Шатман Садыбакасов өзү да илешкен оорунун айынан ооруканага көп жатып, андагы жай турмушту мыкты билчү. Аны аңгеменин башталышындагы баяндоочунун:

“Врачтын кабинетинде узакка олтурган жокмун. Жедеп көнгөн, бекбекейдей жатка үйрөнгөн “История болезнимди” сайрап берип, кайра палатага киргенимде өз көзүмө өзүм ишенбей аңкайдым. Эмеле мен көргөн койкадагы эркектин баары эле томурайган аял! Деги соомунбу? Көзүмдү бардап-бардап алдым. Оң жактагы койкада санын кармалап деңкейип олтурган аял шейшебин бооруна тарта чаңырып ийди. Ошондо гана эсиме келип, аялдардын палатасынан атып чыктым”, - деген сүрөттөөсүнөн деле байкоого болот.

Чү деген жерден башталган мына ушул окуя сюжеттин жүрүшүндө дагы толукталып,бир түстүү оорукана турмушундагы мына ушундай майда-чүйдө пенделик тиричилик көрүнүштөрү саналып өтөт.

Палатадагы бешөөнүн көз караш, түшүнүктөрү ар башка, бири экинчисинен айырмалуу адамдар. Маселен, сүйлөй албаган дудук Тюрин деген жигит келиштире сүрөт тарткан художник. Курсагы керебеттен эшилип салаңдап чыгып турган Иван Петрович врачтардын ишине ичи чыкпаган, ачуусу чукул адам. Мукаш деген соода тармагында иштеген жигиттин жанындагылар менен анча иши жок, эки сумка толтура келген тамак-ашын үйүнө кайтарып, жанындагыларга өзүнчө эле чоң болуп алган. Палатага кирген медсестралар экөө. Анын бири “эрини чүрүшүп, көзү үч бурч тартып, кареги ийненин учундай жылтылдап туруучу Машадан баарыбыз сезденчүбүз”, дейт баяндоочу. Экинчи медсестра Валя киргенде “палата жарк эте түшөт”.

“Тюрин Машаны сүрөткө тартыптыр. Кудум өзү! Мурчуюп, колуна колтойгон шприц кармап, керебетке эңкейип турат. Керебетке тизелеп, куйругун томурайтып башын каткан бирөө жатат. Күнүгө бир-экиден күлкүлүү сүрөт. Ушинтип “дудук” көңүл ачаарыбыз, тили бар кишиден көбүрөөк сүйлөйт”.

Оорукана ичиндеги жай турмуш, ыраатынан жанбаган баяндоо кульминациялык чекитине жакындайт. Дарыгерлердин жасаган иштерине ичи чыкпаган Иван Петрович бир күнү палатадан сыртка чыгам деп узун коридордо жыгылып, өмүр менен кош айтышат. Бул окуя аны менен чогуу жаткандарга өмүр-өлүм жөнүндө ойлоого түртөт.

“Мына, эмеле сүйлөп, урушуп, басууга кубаты жеткен биздин арабыздагы адамдын бирөө жок. Түбөлүккө кайрылбайт. “Анын балдары, аялы, туугандары бар... Тигине керебети, кармаган стаканы, жаздыгы... Биз дагы ушинтип адамдардынарасынан жоголобуз ээ?” Бири-бирибизге айтышпасак да бул ой “чак” этип маңдайыбызга тийип, ичибизден тымызын жеп, тымызын кемирип турду.

Ал күнү ыкшоолонуп, шалдырап күн ылдыйлаганда палатадан чыктык. Көңүлүбүз чөгүңкү. Адам кызык да. Канчалык башка жамандык түшүп, санаркап же ал жамандыктын күбөсү болсун, алар бири-бирине ошончолук имерчектеп, жуурулушуп калат эмеспи. Күндө бизге кошулбаган Мукаш, бүгүн Тюринди колтуктап, ал жасаган модалуу газет шляпаны чекесине кондуруп, баш бармагын көргөзө аны мактап, өзүн да, аны да алаксытып жүрөт. Күндө ала пижаманын чөнтөгүнөн колун чыгарбай, эч кимди карабай сырайып басып жүрчү Мукаштын, бүгүн көрүнгөнгө кайра-кайра ийилип учурашып, дудук менен дудук болуп сүйлөшүп, ага түшүндүрө албай, же аныкын өзү түшүнбөй күйкөлөктөгүнө таңбы, бир палатадагыбиз эмес, баары аны жылмая узатышат.”

Өлүм менен тикелей кездешкенде антип өзгөрүлө калган Мукаштын жасалма дүйнөсү аңгеменин аягында адырайып ачыкка чыгат. Иван Петровичтин капыс өлүмүнөн кийин өзгөрүлө түшкөн Мукаш ооруканадан чыгарда палатада чогуу жаткандар менен ыкластуу коштошот.

“Үч күндөн кийин Мукаш кара сумкага тумбочкасынын ичиндегилерди ыпырып-шыпырып салды. Адресин, телефон номерин кайра-кайра айтып эпилдеди:

- Келгиле, биздикине. Эшик-төрүбүздү көргүлө. Үйүбүз өзүнчө. Короосу кенен. Келбесеңер таарынам. Бирге жатканыбызды унутпайлы. Адамдар бири-бирин сыйлашканга жетеби! – Ал биздин адресибизди да алды.

- Силерди издеп барам. Силер чыкканча сөзсүз келем! Кокус бирдемкеге муктаж болсоңор мага кайрылгыла. Телефон чалгыла. Дароо жардам этем... Кош эми, мендей болуп өзүңөр, бөйрөгүңөр, ичеги-карыныңар айыксын!

Тюрин ага күлкүлүү сүрөттөрү бар блокнотун берди.

- Байкуш дудугум, адамдан эстүү, жакшынын бир жери кемчил,- деди ал ага, колун керкидей ийип чапкылап. - Сен жыгачтан буюм жасоочу комбинатта иштейт турбайсыңбы. Мен сага книжный шкаф жасатам. Мен сага жардам берем!

Тюрин түшүнүп башын ийкеди.”

Мукаштын бал сөзүнө ишенген Самак кийин ага телефон чалса: “Аа-а...” деп кайдыгер жооп узатып телефондун трубкасын коюп коёт. Кийин базардын жанынан көрүп жанына барса “кайдыгер карап туруп машинесине кайкалап олтурду да, “тут-ту” эттирип жөнөй берди”. Аңгемедеги Мукаш деген мантайган жигиттин кимдиги ошентип ачылат.

Мантайган Мукаш

Бир палатадагы беш адамдын кысталыш чакта бир жерде жатып, оору азабын тартып, сакайып кетүүнүн аргасын издеп жаткан чагындагы жолугушуусу алардын кимдигин аныктачу сынакка айланат. Сүйлөй албаган Тюрин көңүлүнө туура келген окуяларды сүрөткө айландырып, кагаз менен каламын дайыма жанында алып жүрсө, айылдагы эгинин эсинен чыгарбаган Ислан талааны эстейт. Оорусу жетигип калган Иван Петрович илешкен дартты дарыгерлер алеки саатта жок кыла алышпаганына нааразы, керебетте кыйналып жаткысы келбейт.Акыркы күчүн жыйнап өз алдынча басуу аракети өлүм менен аяктайт. Тирүү адамдын антип таң эрте жарыкчылык менен кош айтышы тирүү калгандардын үшүн алып, ар биринин өз жолу бар экендиги, бирок да ажал, өлүм алдында баары бирдей экендиктери дагы бир жолу ырасталат.

Пенде баласы жөн жай убакта өлүмдү ойлобой,андан чочулабай калары мантайган жигит Мукаштын аракет-кыймылы аркылуу көрсөтүлөт. Иван Петровичтин капыс өлүмү Мукашты кандай чочулатып, кандай бейпайга салып, андайда жанындагыларга үмүт артып, аларга жакындашуунун амалын издесе, жөн жай турмушка кайткандан кийин ал баарын унутуп, мурдагы кейпине түшөт. Байлыгына чиренген мансапкор адам ооруканадагы абалын тез эле унутат.

Аңгемедеги мына ушул фабула Шатман Садыбакасовдун жалпы чыгармачылыгына, анын көркөм дүйнөсүнө таандык өзгөчөлүктү түзөрүн адабиятчы Асыл Турсуналиева минтип белгилейт.

- Ал адабияттын кайсы жанрына кайрылбасын, андан өзгөчөлүгү көрүнүп турат. Образды жаратуу чеберчилиги, сөздөрүнүн музыкалуулугу, каармандарды сүрөттөөсү, көркөм ойлоо деңгээли чынында эле мыкты. “Ар бирибиздин жолубуз бар” аңгемесинде жазуучунун чеберчилиги толук көрүнөт, табиятты башкача баалайт, адамдын мүнөзүн терең ачат, жазуучунун чыгармачылык табити өзгөчөлүү. Орус, дүйнөлүк адабияттын таасирин алган. Шатман Садыбакасов жөнөкөйтурмушту алат. Мына, оорукана турмушу, палатада жаткан оорулуулар, жаткан адамга чымындын конушу, аны кетирем деп алектенген Самак. Ысык шаардан тажаган оорулар кыял минип жайлоого кетишет. Баары элестүү. Чыгармага билинбей эле ичине кирип аралашып кетесиң. Мында жөнөкөйлүккө азгырыласың.

Шатман Садыбакасов айтылуу “Акбоз ат”драмасында элибиздин өткөнү, элдик ар намыс менен байлык, мансаптын ортосундагы күрөш тарыхый ракурста берилсе, “Күндөр” романында Улуу Атамекендик согуш кезиндегикыргыз айылынын турмушу баяндалган.

Чыгармачылыкка өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылган жазуучунун кыйла убакты-сааты “Ала-Тоо” журналына жарыяланчу чыгармаларды оңдоп-түзөөгө, жаштардын жазгандарын басмага даярдоого кетти окшойт. Шатман Садыбакасовдун ыкластуу шакирттеринин бири белгилүү жазуучу Мырзахалим Каримов улуу сүрөткер менен бекем чыгармачылык байланышта болгон.

- Ал киши жөнөкөй болгону менен, тоодой бийик адамгерчилиги бар улуу инсан эле. Абдан боорукер, бирөөгө катуу сүйлөбөгөн адам болчу. Мен студент элем, башымдан сылап, колунан келген жардамын аячу эмес. Ушундай жакшы адамдын катуу ооруп жүргөнүнө ичим ачышчу. Агайыма ооруканага такай барчумун. Жалпы дептерге кол менен жазылган, чиймеленген котормом бар эле. Агайым аны эрикпей окуп чыгып, калем аралатып, кол жазманы эрикпей ырастап, котормону журналга чыгарган. Студент кезимде агайымдын “Акбоз ат” драмасын күндүзү окуп, түндөсү кароолканамда отуруп өзбекчеге которуп эки айдан кийин алып келдим.

Кеп соңунда көрүнүктүү сүрөткердин өмүр баяны, чыгармалары тууралуу кыскача маалымат.

Шатман Садыбакасов Нарын облусуна караштуу Жумгалдын Дыйкан айылында 1932-жылы төрөлгөн. Ал кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) филология факультетин аяктагандан кийин жалаң басма тармагында, алгач “Жаш ленинчи” балдар журналында, андан соң “Кыргызстан” басмасында редактор болуп иштеп, 1975-жылдан тарта «Ала-Too» журналын башкарган.

Жазуучунун алгачкы китеби 1958-жылы «Пейил» деген ат менен басылып чыккан. Кийинчерээк "Мүнөз", "Жол түгөнбөйт", "Бир үзүм жалын", "Күндөр", "Сонун бала", "Жашыл өзөн", "Кең дүйнө" сыяктуу китептерди жазган. Китепкөйлөргө жазуучунун “Күндөр” романы, театр сүйүүчүлөргө “Акбоз ат” тарыхый драмасы жакшы тааныш.

Шатман Садыбакасов (1932-1983).
Шатман Садыбакасов (1932-1983).

Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин “Акбоз ат” драмасы калыбына келтирилип, толук вариантында көрүүчүлөргө тартууланды. Коммунисттик идеология тушунда драманын биртоп жерлери ыксыз кыскартылып, автордук идея басым-кысымга туш келген. Бирок да айтылуу чыгарманын толугун автордун өзү сахнадан көрө албай калды.

Шатман Садыбакасов 1983-жылы Бишкекте узакка созулган оорудан каза болгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG