Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:20

“Кооман, көзүңдү аччы, айланайын!”


Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев (1930-1999).

Сагындык Өмүрбаев китепкөйлөргө “Бороондуу күндөр”, “Көк жайык”, “Телегей” романдары аркылуу жакшы тааныш.

Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин (1930-1999) романдары гана эмес, чакан аңгемелери деле көркөмдүк жагынан анын кара сөздөгү ири эпикалык жанрындагы жетишкендиктеринен кем калбайт. Тек сүрөткердин чыгармачылыгына кайрылгандар анын романдарына көбүрөөк көңүл буруп, чакан эпикалык жанрдагы чыгармаларына анчалык баам оодарышпайт.

Ушул кенемтени толтуруу максатында айтылуу сүрөткердин “Көчкү” аңгемесине токтолуунун оролу келип турат. "Кыргыз аңгемесинин классикасы" түрмөгүнүн бул жолку берүүсү Сагындык Өмүрбаевдин аңгемечилик өнөрүнө арналмакчы.

Карга тунган тоо, ачка койлор

“Көчкү” аңгемеси тематикалык жагынан жазуучунун айтылуу “Телегей”, “Көк жайык” романдарына үндөшүп кетет. Ошол чыгармаларда чагылдырылган көнүмүш турмуш - айыл, элеттик адамдардын жашоо-тирилиги, койчунун түгөнбөс түйшүгү.

Социалисттик реализмдин күнү тууп турганда бул тема кыйла эле көтөрүңкү маанайда сүрөттөлчү. Эмгегинен баар тапкан чабандын көкүрөгү орден-медалдарга толуп, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгону маалымдоо каражаттарында кайталанып, жүз тубар койдон жүз баланча төл алган койчунун эмгеги жалаң мактоого тунчу. Анткен менен Райкан акын айткандай, “чабандын иши чатак иш”.

Койчуда бутту кенен сунуп жатып алуу, башкаларчылап жылына бир ирет эс алууга чыкмай жок, дайым мал артында, кышкы ызгаар, жумалап жааган жамгырга карабай бир короо койду багуунун камында жүргөнү жүргөн.Сагындык Өмүрбаев “конфликтсиз теория” деген жасалма көрүнүш күчөп турган кезде катардагы койчунун бир учурун, кыш ызгаарында көчкү алдында калып, аз жерден өлүмдөн калган адамдын жашоо-турмушун алдыга алып чыккан. Чабандын чыныгы азап-тозогун алдыга жайган.

Аңгеменин экспозициясында калың кар алдында калган койчуну издеп чыккандардын Кооман, Батый менен кантип жолугушканы, бир короо койду көчкү алып, койчу менен зайыбы кырсыктан аман калышканы үстүрт эскертилет. Тоютсуз калган койлорду үйүлгөн карды жиретип жайытка алып чыгуу кыйын болчу.

Койчу Коомандын коюн көчкүдөн ачылып калган бийик боорго айдап чыгуудан башка аргасы да жок эле. Кооман күн ачылыш күтпөй аргасыз коюн коркунучтуу жерге алып барууну чечет. Жазга жуук бир жума тынбай кар жаап тоо ичи карга тунуп турган.

Койчунун короодогу чөбү түгөнүп, ачкадан алы кетип турган койлорун Ышкындуу-Бетке айдап чыгуунун чечет. Антпесе мал кырылганы турат. Кыйналып-кысталып эңсеген жерине жетип, ач калган мал чөп тиштегени менен кыштын күнү кыска – тез эле кеч кирет. Ал эми аялы Батый чабыр койлорго чөбүн салып, күүгүмгө чейин келбеген күйөөсүн издөөгө чыгат. Мына чабандын турмушу.

Кечке ачка жүргөн Кооман өзөк жалгасын деп койнуна ката чыккан эки наны менен Батый караңгы түнгө кирип кетет. Издеген Коомандан дайын жок, ың-жыңсыз тоо, баары коюу түнгө чумкалып тынчып калган. Батый ээн тоодо кыйкырсам угабы деп “Коома-ан!” деп үн салат.

Ошол кыйкырык карга толуп турган тоо ичинде дагы бир көчкүнү пайда кылат. “Ары бийиктен акбуурул «сел» шуулдап келатканын көзү чалган Батый кереге таштын” алдына жашынууга үлгүрөт. Калың кардан тоо ичи көчкүгө толуп, капыс кырсыктан аман калган аял айласыз түнү менен аска таштын алдында корголоп, таңга чейин калат.

“Касаба таштын алдына заматта бүрүшө калган аял ошо касабанын эки жанынан куду кирген дарыядай түрмөктөлө оргуштаган ак-чамбыл көчкүнү көрдү.

- Ку...ку...кудда-ай!..

Аялдын жанталашкан чаңырыгы так ошо ак чамбыл көчкүгө аралаша аласалды. Тоо үстүндөгү кар көчкү эмес, ушу тоонун өзү тоо башы менен олутунан бир булкунуп, оодарылып «Гүрр!.. Шуу!» этип токтогондой болду...

Аска түбүнө бүрүшө түшкөн аял бет алдында тирелип турган ак касабаны көрдү! Таш түбүнө таш болуп катып калган аял бир оокумда эс-учун жыйды да өз кыйкырыгынан көчкү жүргөнүн баамдады: ошо эс-учун жыйып келатып минтти: «...деги мен тирүүмүнбү?! Көчкү астында калдымбы? же...»”

Аялдын жаны темир

Коркунучтуу түндө тоодо калган аялдын санаасы санга бөлүнүп, койлор менен Кооман, анан үйдө калган балдары аман болушун тилеп таң атырат. Таштын алдындагы караган-шилбини сындырып келип жагып, үшүгөн колун жылытат. Тоо ичинде бороон жойлоп, калың кар жиреп баса албаган аял таң аткыча от жагылган таштын алдында отурат. Таң атып, жер жарыгандан кийин Батый дагы бир кырсыкка туш келет.

“Капыстан көчкү жүрүп кеткенин көрдү Батый: көчкү койлорду алып баратканын көрдү: аңтарыла аласалган карга аралаш күдүрөңдөгөн «боз таштар» - койлор эле!.. Кирген дарыянын шарына кеткендей топ койдун арасынан сорок-сорок көрүнө калып Кооман да... Оо, шумдук! Оо, шумдуктуу дүйнө! “Мен эмне көрдүм?!”

Бир бакырып нес болгон Батый өзү да көчкүгө кеткен­дей көзү караңгылай түшүп, таман астынан жер көчүп, ак тоо аласалып кеткенсиди.

- Коо-ма-ан!.. Ко-ой! - ушинтип күбүрөп, өзүнөн же үн чыкпай, же буту шилтенбей, куду коркунучтуу түштөй бул көрүнүштөн карап туруп тула бою шал боло калгансыды. Өңү же түшү экенин өзү да бир заматта кайра албай, дел боло түшүп анан эсин жыйды: бет алдындагы касаба карды көрдү. Азыркы эле коркунучтуу «гүү-шаа» табышы да жок көчкүнүн, ошо көчкүгө кетип бараткан күдүрөңдөгөн койлор да жок, көчкү арасынан бир гана булаң дей түшкөн Кооман да жок, жымжырт... Кайдан-жайдан чыга калган сыйкырчы заматта күндү жайлап, бу чөлкөмгө улам алаамат салып, каарын тигип тургандай эле.”

Көз алдында болгон кырсыктан өзүн жоготкон аял колу-башы тытылганына, жүрөгү кысылып, аба жетпей калганына карабай жогорулай берет. Демиккен аялга кардан сороюп чыгып турган күйөөсүнүн кирза өтүгү илинет. Кооманды көчкү басып калган экен. Коомандын өтүгү.

“Ушинтип, өзүнөн өзү күйүгө сурады: ошо калыбында күйүгө алдастап, анын берки бутундагы өтүккө асылып, чирене тартты: бул буттун өтүгү кийиз байпагы менен кошо суурулуп колуна келди Батыйдын. Эринин чор бас­кан согончогун ашыга кармалап ийди аял: бут жылуу эле.

- Кудаай! О, кудай, айланайын! Жаны... бар го! Куда- ай!!!

Аптыккан аял эми карды кош колдоп шилеп жатты. Жаналакетке түшүп шилеген мунун көзүнө бироокумда эринин тулкусу көрүндү.

Башын карай аңтарыла түрүлгөн тону мына!.. Ошо тонду бери булка сыйырып алган Батый аптыга-энтиге кыйкырды:

- Коома-ан! Коо-ма-ан! Айланайын! Бар... бар-сың-быы-ы?!

Коомандын иреңинде кан-сөл жок купкуу эле. Адеп аялынын үнү анын кулагына алыстан чыңылдап, анан бара-бара жакындан... Аял болсо али жаналакетке түшүп жатты. Тонун чечип, эки колунан тарткылап, эки карысына асылып, далысынан копшоп, башын өйдө көтөрдү:

- Кооман! Кооман, көзүңдү аччы, айланайын, Кооман!

Жээкке ыргытылган балыктай адегенде оозун ача алсыз гана дем тарткан Кооман оо, бир оокумда барып жылтыраган көзүн ачты. Аны көргөн Батый ого бетер алдастай калды: аялдын көз алдында: ажал-азап да, коркунуч менен кубаныч да, күйүт менен үмүт да аралаша аласалып турган эле...

- Айланайын! Кудай айланайын!.. - деди кайра да куду шыргалаң сууга чөгүп баратып чыккандай энтиккен аял эринин эми гана араң ачкан көзүнө тигилип.

Батый Кооманды балача кучактап турду. Алсыз дем алып, алсыз үшкүргөн күйөөсүнүн көзүндөгү чолок жашты көрдү; аялдын өзүнүн карыккан көзүн да жаш чайып турган эле...”

Аңгемеге сыйган роман

Аңгемедеги окуялар динамикалуу, окуянын драмалуу чыңалышына карабай көркөм-психологиялык чечилиш ынанымдуу берилген. Көчкүдөн аман калган аялы менен эри бирин-бири кайрадан табышкандай, жашоого жаңыдан жаралгандай толкундашат. Адабиятчы Жылдыз Тургунбаеванын пикиринде, Сагындык Өмүрбаевдин чыгармачылык стилине драмалык сценаларды коюулантып ийүү мүнөздүү. Ошон үчүн аңгеменин каармандары улам-улам кайталанган көчкүлөргө кез келип, кыйынчылыктарга карабай андай тоскоолдордон аман чыгышат.

- Романчы катары күчтүүбү же аңгемечиби дегенде мен романчы катары күчтүү деп айтат элем. Аңгемелери деле мыкты. Мына, “Чоочун киши” аңгемеси. Турмушун бузуп алган адамдын трагедиясы. Согуштан аман келген адамдын башкарма болуп жүрүп ичкиликке берилип кетиши, аягында аял, бала-чакасын өрттөп, алардын өлүү же тирүү экенин билбей, туугандарынан четтеп, баарына кол шилтеп шаарга баса бериши баяндалган. Аңгемеде коомдон жатыркап калган, өзүнө чоочун болуп калган кишинин трагедиясы алдыга чыгат.

“Көчкү” аңгемесинде койчунун бир күндүк турмушу сүрөттөлөт. Бир жума тынбай жааган кардан жүдөгөн чабан ачка калган койлорун жайытка айдап чыгат. Кечинде келбеген күйөөсүн аялы издеп чыгып, ал да көчкүгө туш келип, андан аман калып, эртеси көчкү алдында калган күйөөсүн куткарып калат. Аялдын өзү аз жерден өлүмдөн калганы аз келгенсип, кыйналып-кысталганына карабай көчкү баскан күйөөсүн куткарып калышы эрдик эмей эмне?

Жөнөкөй аялдын баатырдыгы сүрөттөлөт. Түндөсү таш алдында үшүп отуруп аял боз үйдө калган балдарынын, күйөөсүнүн кайгысын тартып атат. Карапайым аялдын турмуш тоскоолдоруна карабай жашоого умтулушун мыкты жазган автордун аңгемесин бир дем менен окуп чыгасың. Тоодогу күндүн атканы, батканы, тынбаган көчкүлөр, суук – мунун баарын аңгемеден кадимкидей сезип “үшүп отуруп” окуйсуң. Жазуучу романдык мазмунду кичинекей аңгемесине сыйдыра алган, бул чеберчилик. Бул аңгемени жазуучу чеберчилиги калыптанып калган кезинде жараткан. Сагындык Өмүрбаев ушул аңгемесин жазып атканда жеке адам тагдыры, андан да маанилүү нерсе коомдук милдет деген күчтүү болчу.

Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин чыгармаларында элибиздин өткөнү менен бүгүнкүсү, каардуу согуш учурундагы ооруктагы элдин турмушу, калк турмушунун драмалуу учурлары кеңири эпикалык масштабда чагылдырылган.

Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев (1930-1999).
Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев (1930-1999).

Бул ыңгайда жазуучунун “Бороондуу күндөр” романы өзгөчөлөнүп турат. Улуу Үркүн, аны улай келген жаңы заманды куруунун оош-кыйыштары, Улуу Ата Мекендик уруш романдагы каармандардын аракет-кыймылы, жашоо-турмушу аркылуу окурмандын көз алдына тартылат.

Сагындык Өмүрбаев элет турмушун, айрыкча кыргыз карыясынын жашоо-турмушун, кулк-мүнөзүн, көөнө адат-салттарды сүрөттөөнүн устасы болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG