Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:34

Жусуп Абдырахмановдун уурдалган кыялы


Жусуп Абдрахмановдун "Кыргызстан" аттуу китеби.

Улуттук илимдер академиясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун “Кыргызстан” аттуу китебинин бет ачары өттү. Басылмада автор өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндө өзүнүн ой толгоолорун жазган. Китеп 1928-жылы Октябрь революциясынын жеңишинин 11 жылдыгына карата араб арибинде жарык көрүп, эми кириллица тамгасына которулуп кайра басылып чыкты.

Жусуп Абдырахманов 1928-жылы жарык көргөн "Кыргызстан" аттуу китебинде ошол кездеги экономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп келип, төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:

“Англияда Кыргызстандын бир району болгон Каракол кантонун "Азиянын Швейцариясы" деп аташат. Бүтүн Кыргызстандын өзүнүн табигий-жаарапийа (география - ред.) жана аба ырайынын шарттарына караганда, Швейцария болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Ошентип, он бир жыл илгери падышалык жана орус байларынын отору болгон Азия Швейцариясынын ордуна Ыраакы Күн Чыгыштагы өзгөрүш абанпосу (илгери жактагы кароолу - ред.) болуп кеңештер социалдык Швейцариясы өсүп да, бекип да жатат. Анын аты - автономиялуу Кыргызстан социалдык кеңештер республикасы”.

Абдырахманов Кыргызстандын келечегине чексиз ишенип, өлкөдөгү ар бир тармактын маселелерине токтолуп, аны кантип чечүү боюнча өз сунуштарын айткан.

Китепти кириллицага оодарып, түшүндүрмөлөр менен жабдып түзүп чыккан тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын айтымында, бул чакан эмгектеги маалыматтар, фактылар бүгүн да өз актуалдуулугун жогото элек:

Аида Кубатова.
Аида Кубатова.

- Азыркы күндүн көзү менен караганда да бул китеп сабаттуу жазылып, автордун өлкөнүн өнүгүшүнө болгон көз карашы берилген. Ошол кезде эмне маселелер келип чыгып жатат? Мисалы, айыл чарбасында, саламаттык сактоо маселесинде кандай жетишпестиктер бар? Айтор, ар бир көтөргөн проблемасы бүгүнкү күнгө да үндөшүп кетет. Ар бир бөлүктү окуганда толкунданасың. Саламаттык тууралуу жазып жатып "бизге дарыгерлер жетишпейт, элдин сабаттуулугун жогорулатуу зарыл" деген маселелерди коюп кетет. Падышалык Орусия билим берүү багытында диний билим берген кадим мектептерди колдогонун айтып, элдин аң-сезимин жогорулатууну каалабаганын мисалга тарткан.

Кубатова бул китепче Абдрахмановдун кыргыз тилинде жазган бирден бир эмгеги катары да уникалдуу экенин белгилеп, изилдөөчүлөргө, студенттерге, дегеле жалпы тарыхка кызыккандар үчүн сунуш кылынганын билдирди.

Адистердин айтымында, бул китепте кыргыз тилчилери үчүн да керектүү маалыматтар бар. Мисалы, Абдрахманов соода-сатык тармагы боюнча жазып жатып, өнөр жай товарларын өндүргөн ишкерди "чоң соодагер", майда ишкерлерди "жай соодагер", темир жол тууралуу жазганда поездди "от араба" деп колдонгон.

Мындан сырткары буга чейинки тарыхый булактарда Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин сабаттуулугу 0,6 пайыз гана болгону айтылып келсе, Абдырахманов өз маалыматында ал эсеп сегиз пайызга жакын болгонун көрсөтөт. Тарых илимдеринин доктору Дөөлөтбек Сапаралиев мындай маалыматтар учурда жаңыча тарыхый булактар менен ырасталаарын айтты:

Дөөлөтбек Сапаралиев.
Дөөлөтбек Сапаралиев.

- Сиздер билесиздер, "Совет мезгилинде тарых өтө ашыкча бурмаланган" деп айтылып жүрөт. Мен ага анча кошула албайм. Бирок Абдырахмановдун бул китеби жаңыча көз караштар менен жасалган, жөн гана партиялык документ эмес, өзүбүздүн ичтен табылган тарыхый булак катары маанилүү. Кыргыз элинин ошол мезгилдеги социалдык, маданий, экономикалык өнүгүшүндөгү он жылдык окуяларга талдоо жүргүзүп, далилдерди келтирген экен. Мына, көрсөңүздөр, ичинде таблицалар да жүрөт.

Тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанканов болсо кыргыз жерине XVIII кылымдан баштап эле Түркиядан, Казандан араб арабинде жазылган китептер келе баштаганын ортого салып, Жусуп Абдырахмановдун "Кыргызстан" аттуу китебиндеги маалыматтар кээ бир тарыхый талаштарды тактаганын белгиледи:

Аблабек Абасканов.
Аблабек Абасканов.

- Буга чейин Жусуп Адырахмановдун 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча китебин жана күндөлүгүн гана окуп келгенбиз. Бүгүнкү китебинде биз ал инсандын жаңычыл жактарын көрүп атабыз. Мисалы, "Кыргызстанды Швейцарияга айлантабыз" дегенди "мурдагы президентибиз айтты" деп жүрбөдүк беле? Көрсө аны Абдрахманов 1928-жылы эле айткан турбайбы? Ошол эле учурда ошол кездеги "уруучулук түзүлүштү кантип жоебуз" деген суроо коюп, ага өзүнүн сунушун айтып жатат. Мындан сырткары, ал кыргыздар жалаң эле мал чарбачылыгы менен тирилик кылбай, дыйканчылык кылып келгенине токтолгон...

Асанканов Абдрахмановдун "кыргыздар Октябрь революциясына чейин сегиз пайызга жакын билимдүү болгон" деген маалыматы тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын түрк тилинде жарык көргөн “Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы” китебинде ырасталганын айтты.

"Кыргызстан" китеби менен кошо Кубатованын түрк тилинде чыккан, 1900-жылдан 1916-жылга чейинки мезгилди камтыган, Кыргызстандагы алгачкы агартуучулук, кийин коомдук-саясий кыймылга айланган жадидчилик тууралуу китебинин да тушоосу кесилди.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG