Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:18

Пусу шаардан келгенде


"Бийчи". Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин эмгеги.

Султан Раевдин “Пусу” аңгемесинде курч социалдык проблема көркөм иликтөөгө алынган. Чыгарманын сюжеттик курулушу шаардагы кызын көргөнү барган айылдык атанын көргөн-билгендери айтып түгөткүс узун жомокко айланышына негизделген.

Чаң жол менен

Султан Раевдин адабиятка келиши 1980-жылдарга туура келет. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктагандан кийин ал бир топ жылдар бою басма сөз тармагында иштеди. Алгачкы кара сөз чыгармаларын гезит түйшүгү менен алектенип жүргөн кезинде жарыялады.

Кийин жооптуу кызматтарга дайындалган соң деле чыгармачылыктан кол үзбөй, ири эпикалык жанрдагы чыгармаларын тартуулады. Бул ыңгайда анын “Жанжаза” менен “Топон” романдарын бөлүп көрсөтсө жарашат. Көркөм ачылышка караганда Батыш адабиятынан оогон “аң-сезим агымы” экспериментине көбүрөөк жакын бул романдар башка тилдерге которулуп, мактоо кепке арзыды, улут адабиятынын масштабы кеңейип баратканын көрсөтүүгө жарады.

Султан Раевдин аңгемелери менен повесттери учурунда кыйла мактоого арзып, анда жазуучунун көркөм-психологиялык тактыкка умтулуусу күчтүү экендиги, ойду туюнтуунун гротеск ыкмасына жакындыгы белгиленген.

Айталы, “Күн кармаган бала” повестинде адам-коом, адам-табият мамилеси философиялык жалпылоолорго көтөрүлүп, негизги ойду туюнтуунун кызык формасы табылган. Окуялардын кульминациялык чечилиши ишенимдүү мотивдештирилип, өнүгүш ырааты табигый түрүнөн жанган эмес.

Жазуучунун 1987-жылы чыккан “Чаң жол” жыйнагында чакан эпикалык формадагы туундулары топтолгон. Аңгеме Султан Раевдин чыгармачылык жолундагы өзүнчө бир трамплин, көркөм иликтөөнүн ыктуу формасы катары кызмат кылды. Кандайынан келгенде да, көп катмарлуу, сюжеттик курулушу татаал романга караганда Султан Раевдин аңгемелери, театр сахнасында арбын коюлган драмалык чыгармалары, анан да салттуу уйкаштыкка апачык каршы чыккан “Антистандарт” ыр жыйнагы көбүрөөк мактоого алынды окшойт.

Ал эми “Пусу” аңгемеси - Султан Раевдин нукура сүрөткердик талантын, реалдуу турмуштагы өзгөрүүлөрдү кылдат туя билген калемгер экендигин ырастай алчу туундусу. Чыгармада айылдан сыртка чыкпаган карапайым адамдын бейтааныш дүйнөдөн көргөн-билгендери, шаардык жашоонун бир өңүтү жандуу тил, жумшак юмор менен ширелип берилген. Аңгеме “Пусу көрдүн шаардан келгенден бери оозу жыйылбай калды” деген ремарка менен башталат.

Антип Пусуну алеп-желеп кылган окуя сюжеттик жүрүштүн кийинки бөлүгүндө ачыкка чыгат. Өмүрү айылда өтүп, көргөн-билгени ошол жери менен гана чектелип калган ак көңүл элеттиктин шаардан көргөндөрү кыйлага чейин оозеки аңгеме катары айтылчу эрмегине айланат. Айылдаштарынын баарына эрикпей айтып берчү жомогу болуп калат. Шаарга эмне үчүн барганы, кызынын кайсы бир алдамчынын таттуу сөзүнө берилип никесиз тууп салганы экинчи планга калып, баарын шаар икаясы ээлеп алат. Анын үстүнө Пусу көргөн-билгенин келиштире айтып берчү сөзмөр, ак жоолукчандар журтун ыраазы кылчу майда кепке жакын адам. Антип эси жок кызы төрөп салбаса Пусу кайдан шаарга бармак?

Шаар, кайдасың?

Сегиз жылдан бери сот окуусуна өтөм деп жүргөн кызын айылга чакырып, курбалдаштарынан калбай турмуш арабасын тартышын айтып келаткан атасын укпаган көк кызы минтип күйөөгө тийбей төрөп коёрун ким билиптир? Пусунун ошол сот окуусуна өтмөйүн айылга келбес кызы сегиз жылдан кийин атасына кат жазып отурбайбы. “Сүйүктүү атасы” ачуусу келип, анан баары бир жазылып кетерин билген үчүн катты Пусуга багыштайт. Буга чейин минтип кайрылган да, ачык жазган да эмес.

“Каттын бул жерине келгенде Пусунун көр көзү умачтай ачыла түшкөнсүдү. Сөз кырааты бузулуп, эси эңги-деңги түшүп, оозуна сөз келбей, селейип калды. Күйөөсүнүн кабак-башы, үн кырааты өзгөрүлө түшкөнүн баамдай койгон Зыйнат бөйрөгүн таяна сөз ыргытты:

- Ии, эмне үнүң чыкпай калды? Күйөөгө чыгыппы? Же окууга өтүппү?

Пусунун соо көзүнүн карасы бүртүйгөн тыякка бир, быякка бир жүгүрүп, чарасынан чыгып кетчүдөй туюлду.

- Тилден калдыңбы? - Аялы дагы ормоё карады.

- Шерменде, - деди Пусу муруттарын кыймылдата сүйлөп. - Өлүппүз.

- Өлүппүз? - Аялы бул сөздү кайталады. - Дагы эмнени баштап жибериптир?

- Төрөп салыптыр! - Пусу селейген калыбында ачуу үн катты.

- "Төрөп салыптыр" дейсиңби? - Аялынын оозу аңырая түштү. - А, кимден экен? Жазыппы?

- Кимден экенин кайдан билейин? - чорт жооп берди Пусу. - Бирөөнүкүдүр да. Катта жазбаптыр.

— О-уу! Шерменде. Ушуну кылмак эле, өлүңдү көрөйүн, бетпак. Элге кантип карайбыз эми. Бетим...

- Мен аны! - Пусу көр дагы ачуу кыйкырды. - Түбүнө жетемин! Аныбы? Аны… - Түкүрүгү оозунан атып, тиштери кычырап кетти.

Пусунун жини чукул, а-бу дебей топчудай мурдунун учуна чыга түшөт. Азыр да итатайы кармады. Эгерде Перигүл пешенесинде турганда, жаза-буза чабуудан да кайра тартмак эмес.

Ачуусу бетине чыккан Пусу көр дубал боорундагы Перигүлдүн күлө багып турган чоң сүрөтүн жерге чапты.

- Кечтим сендей кызды, эл караткан жүзүмдү жер караттың? Не алыңа ырсаясың, ушубу кылганың?

- Сенин тарбияң бу. - Аялы Пусунун үстүнөн сөзүн ойнотту.

- Кызыңа кийлигише калсам, болуша кетчү элең. Чаң жугузбай жүргөн кызың, сызга отургуздубу? Ырас болуптур. Кыз кишини эркек кайдан тарбиялап алмак эле? Сага канча айтам? - Мындайда сөзгө жантыгынан жата калган аялы тим турабы, кызыл тилин жанып саймедиреп кетти.

Кепке ындыны өчө түшкөн Пусу аялына лам дебей, өзүнөн өзү жинденип жатты:

- Дагы, абат иш жасап койгонсуп. Кудум Манасты төрөп салгандай, "алып кеткиле, кыйналып жатам" дегенин көрбөйсүңбү. И-ии, алып кетем. Алып кетет имишмин. Көрсөтөм сага көргүлүктү!

Бу күнү Пусу көр да, Зыйнат да кызынын бул абалга кабылып жатышына бири-бирин күнөөкөр сезбеди, «сен антчи элең, сен минтчи элең, мына эми» деп экөөнүн тең сөзгө жыгылгысы келбеди. Акыры "болору болду" дештиби, ошо күндүн таңы менен Пусу көр шаарга жөнөп кете берген”.

Аңгеменин сюжети мына ушул окуянын тегерегине топтолгон. Ачууланган Пусу шаарга келсе кызы жатаканада жашайт экен. Пусу кыз-келиндердин бир жерге ушунча көп топтолгонун биринчи көрүшү. Айылдык адамды ойлонткон маселе “ушунча кызга күйөө кайдан чыксын” деген суроого барып такалат. Шаар турмушунун токтоо билбес агымында бараткан канча кыз-келиндер никесиз төрөп коюп, балдарын таштап кетишкенин укканда Пусу чындап капа болот. Наристеде эмне күнөө?

Пусунун угушунда, энеси албай таштап кеткен балдарды өкмөт өзү багып алат экен. Анын кызы баласын таштап салбай жети ай эмизиптир. Атасы ушуга эле ыраазы болуп, кызынын бул катасы “мага турмуштук сабак болду” дегени жагып, шаардан жети айлык небересин айылга алып келет. Ошондон бери анын ара-чолодо көрүп-угуп калган шаар тууралуу жомогу айтылып бүтпөйт.

Айылга келгенде

Шаар ичиндеги ар кыл кептерге ал айныксыз ишенип, ошону айылдаштарына айтып түгөтө албай, элдин баарына уккан-көргөнүн чыпчыргасын коротпой баяндап бергиси келип, сөзү көбөйгөн. Шаарда төрөлгөн небересин гана аялы “нокотек” деп жактырбай атканы менен, айылдаштары Пусуга кызы тууралуу айтчусун ачык айта элек.

Айтышса деле Пусу ага таарынбайт. Кызы каталык кетиргенин, чекилик иш жасаганын айтпадыбы, эми андай жолго барбайт. Перигүлдү жер-жеберине жеткире тилдеп, эси-көөнүнөн кеткис кылып урушуп келмекчи болуп барган ата шаарды көрүп, кызы менен сүйлөшкөндөн кийин ачуусун унутуп, айылга шаар тууралуу түгөнбөс кеп, узун аңгемени ала келген. Эми Перигүлдүн жосунун айтканда не, андайлар шаарда толтура экен.

Пусуну шаарда аябай таң калтырган нерсе - аялдардын аябай эле көптүгү болду. Бардыгы сулуу, жарашыктуу. "Буларга күйөө түт келеби, экиден алса да ашып калчудай" дейт баарын так эсепке салып көнгөн ою. Жайнаган сулуулар минтип шаарда жүрсө эмнеге айылдык “карала-торала” аялдарга үйлөндүк экен деп ойлойт. Шаар кызык дүйнө тура, баарынан да жылаңач аялга эстелик тургузуп койгонун айтпайсызбы. Аны Пусу өзүнчө бөлүп, чоң жаңылык катары жарыялайт.

“- Аял болгондо да билесиңерби?

- Ии, - дешти аялдар.

- Жылаңач неме экен. Тим эле энеден туулгандай дырдай жылаңач экен… - Пусунун көзүн от жанып кетти.

- Тообаа, - деп жакасын кармады Пашакан.

- Бетим, - деп Зыйнат майланышкан бетин чымчыды.

- Бу эмнеси? - Саламат тим эле ал жерге өзүн тургузуп койгондой таң калды.

- А, ит билсиңби? Ал аял эстелик тургузгандай кайсы тоону омкоруп салды экен. Ушунусуна таңмын.

- Бетим, - дале Зыйнат бетин чымчыйт.

- Көчөдө өтүп бараткан бирөөдөн: «Эй, көз айнек бала, бу эмнеси? Уят ко», - десем, көз айнек бала көзүндөгүсүн алып: «Аксакал, бу деген... -Пусунун тили ушу сөзгө келгенде чалыштап калды. - Түү! Тилимдин учунда эле турат. Эмне деди эле? Ай, атаңгөрү! Таптым. «Ыс-кус-тво» дейт.

- Ү-үү, - оозун чормойтту Саламат. Ошо жылаңач неме «ыскуство» болуп калыптырбы?»

- Таң. - Желкесин куушурду Пусу. - Менден сурайсыңбы?”

“Шаар көргөн эчкиден түңүл” демекчи, баары Пусунун кебине ишенип, шыпшына угуп, эриккенче кеп кылышат. Анын башка дүйнө тууралуу икаясы узаргандан узарып, жаңылары менен толукталып уккандардын кызыгуусун арттырат.

Айыл менен шаар турмушунун ортосундагы оркойгон айырманы таамай сүрөттөп бериши жагынан бул аңгеме орустун айтылуу жазуучусу Василий Шукшиндин каармандарына, адабий сында “чудик” деп аталган куулук-шумдугу жок элеттиктерге аябай жакын. Жазуучу жөнөкөй окуя аркылуу азыркы турмуш чындыгын таамай тартып берген.

Мына ушул никесиз төрөлгөн баланын кайгылуу тагдыры Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинде бийик философиялык доош алып чыкса, Султан Раевдин аңгемесинде Пусунун образы аркылуу айылдык турмуштун ажайып картинасы алдыга тартылат.

Пусу турмушта жаздым басып алган кызын айыптабайт, тескерисинче Перигүл сыяктанып шаарда тиричиликтин оор жүгүн жалгыз өзү көтөрүп, жашоо кечирип жаткандарга түшүнүү менен мамиле кылат.

Ал өзү билип-билбей аралашып калган жашоодо канчалаган тагдырлар калчанып, андан ар ким өз алдынча өтүп жатышканына ыраазы болуп, кызынын келечегине кылдай да күмөн санабай айылына өзүнө бир аз түспөлдөш небересин алып келет. Анын ордун басып, жолун улантчу, таятасынын ата конушуна ээ болчу туягы ушул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG