Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

1937: Актыгы ачыкка чыкпагандар


"Ата-Бейит".

30-жылдардагы репрессиядан жабыркагандарды актоо, аша чабууларды айыптап, адилеттикти калыбына келтирүү аракети социализм заманында эле башталган. Бул иш Никита Хрущевдун советтик коммунисттердин ХХ курултайындагы айтылуу баяндамасынан кийин кыйла жанданып, жүз миңдеген адамдар акталган.

Бирок ал аягына чыкпай токтолуп, Михаил Горбачевдун “кайра куруу” заманында кайра жанданган. Коммунисттик империя урагандан кийин бул маселе унутта калып, мезгил бүктөмүнө басырылып баратат.

“Үчилтиктин” үрөй учурган мыкаачылыктары

Айрым адистердин айтуусунда, миллиондогон адамдын өмүрүн алган мамлекеттик зомбулук тууралуу кеп кылуу зарылбы? Айыптуу делген коммунисттик системанын жок болгону качан. Карама-каршылыктуу татаал учурду арадан кылымга жакын убакыт өткөндөн кийин кайра козгоштун канчалык кажаты бар? Албетте, бар. А бирок баскан-турган кадамын эсепке алып, эрикпей документтештирип келген коммунисттик системанын курмандыгына канча миллион адам тартылган, канчасы токтолбогон жарандык, саясий уруштардан, ачарчылыктан, абак-сүргүндөрдөн, “үчилтик”, ”өзгөчө кеңешменин” өкүмү менен жок кылынышынын так эсеби жок.

Оголе көп документтер ошо Хрущевдун заманында жок кылынган, кандуу ишке тиешеси барлардын кыйласы а кезде жооптуу кызматтарда отурушчу. Сталиндик жазалоо системасынын бир “бурамасы” болгон Никита Хрущевдун өзү деле “үчилтик” катарында эчендердин бейкүнөө төгүлгөн канына забын болгонун кийин изилдөөчүлөр таап чыгышты. “Желдет” менен “курмандыктын” орун алмашып кетиши ал кезде көнүмүш иштердин бири болгон.

1937-жылдын 10-августунда башталган репрессиянын жалбырттап күч алган кезектеги жүрүшүнүн демилгечиси Кыргызстан НКВДсынын башчысы Иван Лоцманов эки жылдан кийин өзү камакка алынып, 1940-жылдын башында атылып, ага чейин бул орунду ээлеп отурган Владимир Четвертаковдун тагдыры деле жертөлөдө чечилип, атылып кеткен. Кыргызстан эмне болуп калыптыр, “темир чеңгел” СССР НКВДсынын жетекчиси Николай Ежов деле сталиндик тапшырманы ийгиликтүү аткарып, бир жылга жетип-жетпеген убакта 1,5 миллион кишини атып жок кылып, аягында өзү желдеттин огунан өлгөн.

Жогорку билимсиз, кесиптештеринин арасында “жырткыч Бонапарт” аталган Ежов кабинетинде “эл душмандарын” жок кылган коргошун окту сактап, аны чоң эрдиги катары карап отурчу экен. Партиялык, советтик бийликтин бийик тепкичинде өмүр бою калууга куштар өкүмдар Сталин кыска убакта эңгезер өлкөнү канга чакаткан Ежовду бийликтен төмөндөтүп, Суу транспорту жетекчилигине дайындап, 1939-жылдын апрелинде абакка отургузган. Ойдогу ишти аткарган комиссардын кереги жок эле. Ошондон колу канга малынган комиссарлар менен алар камакка алган “эл душмандарынын” тагдыр жолу аралашып, “үчилтиктин” мүчөсү эртеси айыптуу болуп, качан атылар күнүн эсептеп калган учурлары көп болгон.

Репрессиянын антип кыска убакта тез күчөп кетишин айрым адистер жергиликтүү бийлик жетекчилеринин таң калыштуу демилгесине байланыштырышат. Аныгы менен апыртмасын аныкташы кыйын андай аңыз кепти кайсы бир кызыкдар күчтөр жайылтып ийиши деле ыктымал. Ошол аңыз кепте “үчилтик” колу менен канабайрамды баштоо сунушун 1937-жылы Батыш-Сибир крайкомунун кайсы бир төбөлү Сталинге айткан имиш. Айтып эле тим болбой, биртоп кесиптештери менен ВКП(б) баш катчысынын кабыл алуусунда болушуп, сунушту ишке киргизүүнү көшөрүп талап кылышкан окшойт. Алардын айтуусунда, соттук тергөө, териштирүү сындуу узак убакытты, мыйзам тартибин сактап отурса совет бийлигин жактырбагандар эртең эле өлкөнү басып алып, шайлоонун калыс өтүшүнө каскагын тийгизиши мүмкүн экен. Андай душмандар айыл-айылда бугуп жатса жалпы өлкө камын ойлогон Сталин айласыз ВКП(б) токтомун токушка макул болгон имиш. Жумушчу-дыйкан мамлекетинин келечеги үчүн кабыл алынган ошол токтомго улай жаңыдан министр болуп дайындалган Николай Ежов коопсуздук менен ички иштер кызматкерлерин милдеттендирген белгилүү буйругун чыгарган. Кыскасы кырк жылга жакын созулган бийлигин жалаң атып-асып жок кылуу, миллиондордун үшүн алган катаал жазалоо менен өткөргөн Сталинди кандай да болсо актоо, анын атын агартуу аракети ушу кезде деле токтоло элек.

Айтса, “үчилтикти” түзүү сунушун алдыга жайган Батыш-Сибир крайкомунун жетекчиси 11 миңге жакын кишини катаал жазага тартуу керектигин суранып кат жөнөтсө, Москва обкомунун биринчи катчысы Никита Хрущев 41 миң ашуун кишини жоопкерчиликке тартууну сунуш кылганын сталинчилер таап чыгышты. Чын-чынына келгенде, репрессия Сталиндин жеке бийлигин, эңгезер өлкөнү “темир чеңгел” менен бекем кармап, оюндагыдай башкаруусу үчүн керек болчу.

Совет бийлигин башынан аягына дейре коштогон кандуу жазалоолор, токтолбогон куугунтуктар бир адамдын бийлигин күчөтүү, миллиондорду жогортон түшчү буйрук, тапшырмаларды кадиксиз аткарган “бурама” катары көрүп, мындай крепосттук мамиле 70 жыл ашуун созулуп келди. Ал кезде коммунисттик террордун курмандыктары тууралуу ачык айтылбай, жабылып калгандыктан кыргын-сүргүндүн масштабы ушу азырга чейин табышмак.

Жок кылуу планы

Кийинки ачылган архивдик материалдар бу кандуу иш пландуу жүргөнүн, ар бир аймакка, союздук республикаларга чоң борбордон канча кишини атуу, канчасын түрмөгө тыгып, сүргүнгө айдоо тапшырмасы берилип, анын ишке ашырылышы “темир кол” комиссар Николай Ежовдун тушунда так текшерилип турган. Казактын улуу акыны Жамбыл Жабаев даңктап ырга кошкон “Баатыр Ежовдун” колу коюлган буйрукка ылайык Кыргызстанга 1-категорияга кирчү 250, экинчи категорияга кошулчу 500 кишини камакка алуу планы 1937-жылы келген. Республиканын коопсуздук менен ички иштерин жетектеген эл комиссар Лоцмановдун аракети менен бул сан үч эсе көбөйтүлүп ашыгы менен аткарылган. 1-категорияга киргендер жазанын эң ооруна – атууга кетчүлөр. Экинчи категориясы узак мөөнөткө абакка кесилчүлөр, сүргүнгө айдалчулар. Бул мезгилде кулакка тартылгандар саны 3 миңге жакынды түзгөн. Миллион ашуун калкы бар республика үчүн бул канабайрам аябай эле оорго турган.

А бирок репрессия чалгысы оголе көп киши өмүрүн кайсап ийгенинен чочулаган коопсуздук кызматынын өзү бир топ иштерди кайра карап, абакта жаткандардын айрымдарын актап, кыйла иштерди токтотууга жандалбас жасаган. Никита Хрущевдун ХХ курултайдагы айтылуу баяндамасынан кийин бул иш кыйла жанданып жүз миңдеген адамдар акталышкан, жабык жайларда, эмгек лагерлеринде, абактарда жаткандардын көбү боштондукка чыккан. Никита Хрущевге жазган катында ошол кездеги прокуратура, коопсуздук кызмат жетекчилери “үчилтик”, “өзгөчө кеңешме” тарабынан 4 миллионго жакын адам соттолгонун, анын 643 миңи атууга кеткенин, 2,5 миллионго жакыны узак мөөнөткө түрмөгө камалганын, миллионго жакын адам эркинен ажыратылганын билдирген.

Өкүнүчкө Никита Хрущев тушунда башталган иш кийин бийлик алмашылып, “дымыгуу заманы” келгенде акырындап токтолгон. Коммунисттик бийликтин бетине көө жапкан кылмыш тууралуу кеп болбой, өлкө кайрадан баштагы кейпине түшкөн. Кантсе да бул ирет бийликтин жаалы бираз кайтып, мурдагыдай саясий оппоненттерин атып же өмүр бою түрмөгө тыкпай, жарандыктан чыгарып, чет өлкөгө чыгарып ийүү, психикалык жабыркагандар жатчу ооруканаларга жөнөтүү сындуу сырты жумшак, ичи катуу жазанын түрүнө өткөн.

Коммунисттик системанын ышпалдасын чыгарып, анын адамга каршы табиятын жашырбай ачык жарыялоо горбачевдук “кайра куруу” заманында күч алды. Мурда жабылып-жашырылып келген сырдын көбү ачыкка чыгып, тарых таразасына түшкөн жасалма коммунисттик “пирлердин” абийири кетип, макталган системанын чыныгы жүзү аңырайып ачылып калды. “Кайра куруунун” тушунда саясий куугунтуктардан жабыр тарткандардын текши баары иликтенип, КПСС БК катчысы Александр Яковлевдин жетекчилиги алдында абройлуу комиссия түзүлүп, жашырылып-жабылып келген иштер ачыкка чыгарылды. Коммунисттик империя урап түшкөндөн кийин Яковлев атындагы фонд мурда башталган ишти улантып, ушу тапта архивдик маалыматтарды интернет айдыңына чыгарууда. Бир өкүнткөн жагдай, бул иштер кыйла кеч, керектүү маалыматтардын көбү жок болгондон кийин башталды.

Куугунтук мурда эле башталган

Репрессия машинасына туш келген миллиондордун так санын аныктоо, алардын башына түшкөн мүшкүлдү, дегеле катаал жылдардагы кандуу окуялардын тарых-таржымалын так аныктап берүү илимпоздордун иши. Репрессия машинасы катуулаганда мурда камалып, бирок боштондукка чыккан инсандар дагы камакка алынган. Мисалы, ошондой тагдырга Дүйшөналы Бабаханов менен Рахманалы Кудайкулов туш келген. Кыргыз автоном облусу Казакстан курамында болобу же РСФСР карамагында болгону жакшыбы суроосу ортого калкып чыгып, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахмановдор 1924-жылы Орусия карамагында болорун, Бабаханов менен Кудайкулов Казакстан курамында калышын жактап, Кыргыз тоолуу автоном облусун түзүүгө арналган курултайда Орусияны тандагандардын мөрөйү үстөм чыгып, экинчи тараптын сунушу четке кагылган. Эки топтун тең башчылары кийин камакка алынып, андан бошогондон кийин Бабаханов менен Кудайкулов 37-жылдын катаал учуруна дагы туш келип атышпайбы. Мындай мисалдар толтура.

Сталиндик бийликтин катаал репрессиясы 2-дүйнөлүк согуштан кийин да уланды. Кезектеги жүрүш 1945-жылдан 1953-жылга чейин созулду. Бул ирет катаал жазанын жебеси маданият, адабият ишмерлерине көбүрөөк ооп, батышчыл, буржуазиячыл делген көз караштар куугунтукка кабылды. ВКП(б) катчысы Андрей Ждановдун 1946-жылдын августундагы белгилүү баяндамасынан кийин күчөгөн “ждановчулук” өнөктүгү кыргыздын белгилүу окумуштуулары Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчинди 10 жылга камакка кесилиши менен улантылды. Маселен, Тазабек Саманчинге Молдо Кылычтын чыгармачылыгын көкөлөтүп, анысы менен демократ акын Токтогулдун баркын төмөн түшүргөн, деген кине коюлган. Ташым Байжиев Карагандыдагы КарЛаг түрмөсүндө каза болуп, Сталиндин көзү өткөндөн кийин эркиндикке чыккан Зияш Бектенов менен Тазабек Саманчин өмүр бою бийлик кысымынан кутула албай, илимий эмгектери жарыкка чыкпай келди.

1949-жылдын апрелинде Кыргызстан жазуучулар союзунун кезектеги пленумунда Аалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” ыр менен жазылган романы, Кубанычбек Маликовдун “Балбай”поэмасы катаал сынга туш келип, эки акындын идеологиялык каталары, лениндик линияга каршы “бирдиктүү агым” теориясына азгырылып кетишкени айтылып, алар пантүркчүл, панисламчыл көз караштагы адамдар экени белгиленген.

Ушул эле жылы “Манас” эпосуна каршы чабуул кайра күчөгөн. Аны орус тилине которгон, изилдеген окумуштууларды сындоо, аларга саясий айып тагуу башталган. Бул иште өзгөчө активдүүлүктү сталинчил сынчылар Ж. Самаганов, П. Балтин, Г. Нуров көрсөтүшкөн. Улуу эпостун айланасындагы талаш 1952-жылга чейин созулуп, анын жыйынтыгы “Манас” эпосуна арналган бүткүл союздук илимий конференциянын чакырылышын шарттаган. Конференциянын жыйынтыгы менен эпостун бириктирилген вариантын чыгаруу чечими кабыл алынып, 4 томдук кошмо вариант жарык көргөн.

Идеялык айып тагуунун азгырыгы аны менен эле токтолбой, совет бийлиги тарыхый аренадан кулап түшкөнчө жашап келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG