Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ак жүрөк башкарманын арманы


Карабек Жайчыбеков.
Карабек Жайчыбеков.

Карабек Жайчыбеков сталиндик абакка эки сыйра түшүп, ал жерден көргөн азап-тозогун өмүрү өткөнчө жашырып айтпай келген. Адамдын жаны темир эмес. Абактан алган оор илдетинен айыга албай, ал 1969-жылы 61 жашында кайтыш болгон.

Карабек Жайчыбеков (1908-1969) төрт класстык билими менен эки ирет колхоз башкармасы болуп, 1948-жылы экинчи ирет соттолуп, Сталин өлгөндөн кийин 1953-жылы абактан бошонуп келген. Анын элге кызмат кылар күлгүн курагы сталиндик абакта, адам каны суудай аккан кан майданда, аскердик ооруканаларда өткөн.

Бийликке ишенген улан

Карабек Жайчыбеков каргадай бала кезинде 1916-жылкы Үркүндүн оор азап-тозогун көргөн. Өлүм менен өмүрдүн баасын боконосу ката электе сезип, жашоонун барк-баасын эртелеп аңдап, адамгерчиликти баарынан бийик туткан. Мына ушул сезим анын өмүр жолунда багыттоочу, кыйналып турганда башына жөлөк болуп, азап-тозокко баш ийбей жашоосуна жарыгын чачкан. Кеңеш бийлигине өзгөчө үмүт артып, анын келечегине ишенгендиктен колуна курал алып, жаңы бийликти жактырбагандарга каршы күрөшкөн.

1920-жылдары баары жаңыдан башталып, Кеңеш бийлигине ишеним арткандардын үмүт-тилеги жакшы болчу. Каруусун казык кылып иштеп аткандар эртеңки күнү өздөрү “эл душманы”, жакындары “жат элементтер” катары куугунтукка алына элек жайыл заман эле.

Атуу, алыска сүргүнгө айдоо, зордук менен башка жерлерге көчүрүп ийүү кийин башталат. Ага чейин жаңы экономикалык саясаттын ооматы жүрүп, бекер жерге ээ болгон дыйкандардын мээнеткечтери жашоо-турмушун оңдоп, жаңы бийликке ишеничи артып турган.

1930-жылдары колхоздоштуруу күчөп, анын артынан кулакка тартуу, бай-манаптарды камап-соттоп, алыс жактарга күчтөп көчүрүп жиберүү сындуу тополоңдор башталган.

Карабек Жайчыбеков Ысык-Көл кылаасында Түптүн Корумду айылындагы “Большевик” колхозунун башкармасы болуп татаал учурда иштеген. Элдин колундагы малын ортого алып, баарысын кедей дыйканга айланткан Кеңеш бийлигинин айыл чарбасындагы саясатынын залакасынан элди ачарчылык каптап, жашоо-турмуш кыйынга турат. Бийлик жагдайды жакшы жагына оодаруунун жолун издөөнүн ордуна “эл душмандарын” таап, аёосуз жазалоо өнөктүгүн баштайт.

Карабек Жайчыбековдун биринчи абагы 1937-жылы башталат.

Бир жылдан ашуун созулган сурак, уруп-согуп кыйноо аягына чыгып, ден соолугунан ажырап, жарым жан болуп калган башкарма 1938-жылы күзгө жуук боштондукка чыккан. Айыл үрпөйүп, душман издөө бардык жерге жайылып, кара жанды сактап калуу каадалуу ишке айланып калган чак эле. Партия катарынан чыгып, кызматынан алынып, абакта адам чыдагыс тозоктон аман калган Карабек Жайчыбеков айылына келип күндөлүк тирилигин уланткан.

Тапшырылган ишти аткарып, колхоздун кара жумушун иштеп жүрүп, ал Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аскерге чакырылган. Кан майдандан катуу жарадар болуп, бир жылга жакын аскердик ооруканаларда жатып, ал 1942-жылы айылына кайтып келген.

Согуш кезиндеги айыл турмушу аябай эле оор эле. Аскерден кайтып келген Карабек Жайчыбековду кайрадан колхоз башкармасы кызматына көтөрүшөт. Акыбал кыйын, колхоздун колунда эч нерсе жок.

Ачарчылыктан элди кантип сактап калуунун аргасын издеген башкарма колхоздун кой-эчкисин айылдыктарга таратып берген. Колунда жок үй-бүлөлөрдү ошол кой-эчкинин сүтү сактап, күздөгү бышыкчылыкка чейин жетишет.

Атасынын кыйналган калкты кантип сактап калганын уулу, белгилүү сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков минтип эскерет:

- Менин эсимде көп нерселер калбаптыр. Кийин эс тартканда айылдагылар атамды аябай ардактап сыйлашарын угуп сыймыктанып жүрдүм. Атам жакшы үй-бүлөдөн экен. Үч бир тууган, ата-энесинен эрте ажырап жетимдиктин азабын тартып, совет бийлиги келгенде байлардын көбү аткезчилик кылып Кытайга кача баштаганда, отряд уюштуруп, аларга каршы турган экен. Кийин колхоздошуу башталганда коммунисттик чарбанын биринчи башкармасы болгон. Жайлоого көчүп, жакага отуруп, бир орунда жашабаган элди отурукташтырып, айыл түзүп, биздин ошол Корумду айылыбыздын түптөлүшүнө атам салым кошуптур.

Сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков.
Сүрөтчү Бекбосун Жайчыбеков.

Атамдын биринчи жолу түрмөгө түшүш себебин билбейм. Атамдын биринчи сулуу казак аялы болгон деп айтышат. Атам түрмөгө түшкөндө анысын төркүндөрү келип алып кетишкен экен. Кийин атам комузун кыңгыратып ырдап калар эле:

Биздин айыл Корумду этегинде,

Эрте шыксак аулга жетеминбе, - деп.

Абактан кандай келгенин билбейм. Андан кийин Каркыра жактан энем менен таанышып, ага үйлөнүп алып отурбайбы.

Кааламай

Энеми он беш жашында бир күйөөгө беришсе, агалары урушуп, "сууга салып ийебиз" дешсе да көгөрүп болбой, күйөөсүнө барбай коюптур. Анан он алты жашында атам менен таанышып атпайбы.

1935-жылы эң улуу эжебиз төрөлүптүр. Андан кийинки агам 1937-жылкы. Ошондо атам репрессияга туш келип, абакта отурган экен.

Энем айтып калаар эле, турмуш кыйын болгонун. Биздин айылдан 3-4 киши репрессияланган экен. Сейдакмат деген кишини бөлүп кеткен экен, ал кайтпай калыптыр, калгандары келишиптир. Акталып келген болуш керек.

Атамдын төрт класс билими бар эле, гезитти эжелеп окучу. Абактан келгенден кийин иши жок жүрүп калат. Анан согуш башталат, согушка агасы экөөнү алат, агасы кайтпай калды. Атам кышында токойдо турушканын, немистин үндөру угулуп турганын, бирок атканга уруксат бербей коюшканын жолдошторуна айтып отурганын кийин угуп калдым. Москванын жаныбы деп ойлойм.

Ошол согушта катуу жарадар болуп бир жылга жакын Орусияда госпиталдарда жүрүптүр. Анан айылга келген экен. Сол чыкыйынын сөөгү жок болчу. Сол колу тырык.

Келгенден кийин да башкарма болуп иштеп калат. Бегалы деген аксакалдын айтуусунда, эл шишип, ачарчылык башталганда атам “Качанга чейин коркуп жүрөм? Эми атса атып жиберсин!” деп колхоздун эчки-койлорун элге таратып бериптир, "саап ичкиле" деп.

Кийин колхоз ирденип, алдыга чыгат.

Сталин өлгөндө биздин айылда радио бар эле. Агам ыйлап, аны көрүп биз ыйлап... Ал кезде айылда бала бакча бар эле. Түшкү тамак учурунда бизди арабага салып барып, эмиздирип, кайра алып келишчү. Колхозчулар машинеге түшүп жумушка ырдап барышчу.

Айылда биринчи электр станциясы курулган. Атамдын мандаты бар эле, кийин анысы жоголуп кетти.

Согуштан кийин “Большевик” колхозу кыйла ирденип, элдин жашоо-турмушу кадыресе оңоло баштаган. Москвадагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө колхоздун атынан катышкандар, чарбанын ийгиликтери арбып, жашоо-турмуш оңоло баштаган чакта Карабек Жайчыбеков дагы бир жалаага кабылат.

Ал 1948-жылы жалган жалаа менен дагы камакка алынып, он жылга кесилет.

1953-жылы улуу өкүмдар Сталин каза болуп, Карабек Жайчыбеков беш жылдан кийин абактан бошонуп чыгат.

Атасы түрмөдөн чыгып келген кезин Бекбосун Жайчыбеков эсинен чыгара элек. Атасы деген чоочун кишиден качып, жатыркоо сезими аны атасы өлгөнчө коштой жүргөнүн өкүнүч менен эскерет.

- Анан 1948-жылы мен алты айлык апамдын боюнда калган кезимде атам дагы түрмөгө түшөт. Чоң-Таштан бир киши “мына мобу башкарманыкы” деп көрсөтүп берген дешет. Ал кишинин аты-жөнүн билбейм, бирок энем ал киши көп узабай каза болуп калганын, жалаа коё бербестигин айтып калчу. Анан атамды он жылга кесип жиберишет.

Атам беш жылдан кийин келди. Мен бешке чыгып калгам. Уктап атсам, айылдагы келиндердин бири көтөрүп чыкса, атамдан чочуркап, барбай качканым эсимде. Атама боор бербей калдым, ошонума эмдигиче өкүнөм.

Кийин Алматыда окуп калганымда биринчи курсту бүткөндөн кийин атам дүйнөдөн өтүп кетти. Окууга кетеримде “бекем бол, бөлөк элде жүрөсүң” деп бетимден өөп узатты. Ошол акыркы жолугушуубуз экен. Кийин телеграмма алдым.

Кайрандарды эскере жүрүш - парыз

Карабек Жайчыбеков 1950-жылдардын аягында акталып, анын иш-аракетинде эч кандай кылмыш элементи болбогону ырасталган.

Бирок да анын кантип жана кандайча репрессияга туш келгени, эмнеликтен анын экинчи ирет камакка алынып, он жылга кесилишинин чоо-жайы айтылбай, белгисиз бойдон калып кетти. Аны билген, абактагы азап-тозогун угуп калгандардын дээрлик баарынын көзү өтүп кетти.

Ошондон эки ирет советтик абактын азап-тозогуна туш келген улуу инсандын өмүр жолундагы катаал учурлар унутта калып кетти.

Бекбосун Жайчыбеков 2010-жылы атасынын согуштагы эрдигин баяндаган эстелик китеп чыгарды.

Анда Карабек Жайчыбековдун 1941-жылдын августунда аскерге чакырылып, №349 аткычтар полкунда кызмат кылып, кан майданда оор жарадар болуп, бир жылдан ашуун дарыланып, аскерден бошотулганы баяндалган.

- Өтүп кеткенден кийин баркын билесиң, ичиңди өйүйт. "Жашым деле келип калды" деп эскерүү жаза баштагам. Арадан иним өтүп кетип, ал иш да токтоп калды. Кийин кан майданга катышкандарды эскерүү акциясы башталганда мен “Кут аалам” басмасында иштечүмүн. Ошол жерден китеп чыгаруу жагынан демилге көтөрүп, чогулган материалдарды тандап, эскерүү китебин түздүм. Беш бөлүктөн турган “Жеңиш” китеби чыкты. Бул эми кайрандар тууралуу эстелик болуп калды. Китепке энем тууралуу эскерүүнү да коштум. Согуш маалында катуу иштеп, стахановчу болуп, Москвага эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө барарда төрөп калып барбай калган.

Биздин айылдын башында Капа-Булак деген жер бар. Ушу азыркыга чейин инилерим "мынча сөөк таап көөмп койдук" деп айтышат. Казак-орустар бир айыл элди ошол жерде кырып койгон экен. Кайсы жактан келаткан эл экенин билбейбиз, Чүйдөнбү, башка жактанбы. Казак-орустар толугу менен кырып салган. Ошолордун сөөгү калып калган. Капа-Булак деп аталып калган. Ушуну айттым эле, "ошол жерге бир эстелик орнотуп алалычы. Булар биздин элибиз, айылы менен кырылгандар эстелбей деле калды". Макул болушкан, бирок ал азырынча чечиле элек.

Экинчи ирет абактан бошонуп келгенден кийин Карабек Жайчыбеков айылдагы карыларды чогултуп, өзүнчө бригада уюштуруп, Корумду айылынын жанындагы алма багын отургузушкан. А бирок алышкан оору жанын койбой, дем алууга аба жетпей көгөрүп, туттугуп калып, абактагы адам чыдагыс кыйноодон калган айыккыс дарт акыры дүйнөгө жаркын жүз менен караган улуу инсанды 61 жашында алып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG